Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агентигинин 2023-жылдын 24-январындагы № 41/П буйругу менен бекитилген |
«КРАЭ-15. Учууларды аэронавигациялык камсыздоо»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АВИАЦИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ
МАЗМУНУ
Киришүү |
| 2 |
Бөлүм I | Жалпы жоболор | 3 |
Глава 1 | Аныктамалар | 3 |
Бөлүм II | Аэронавигация максатында эсептөө системалары | 14 |
Глава 2 | Эсептөө системаларына болгон талаптар | 14 |
§1 | Тик тегиздикте эсептөө системасы | 14 |
§2 | Убакытты эсептөө системасы | 15 |
§3 | Ар кандай талаптар | 16 |
Бөлүм III | Жоопкерчилик жана функциялар | 16 |
Глава 3 | Аэронавигациялык кызмат көрсөтүүчүнүн жоопкерчилиги | 16 |
§4 | АМКнын жоопкерчилиги жана функциялары | 17 |
§5 | Аэронавигациялык берилмелер жана аэронавигациялык маалымат менен алмашуу | 18 |
§6 | Автордук укуктар | 19 |
§7 | Чыгымдардын ордун толтуруу | 19 |
Бөлүм IV | Аэронавигациялык маалыматты башкаруу | 20 |
Глава 4 | Маалыматты башкарууга болгон талаптар | 20 |
§8 | Берилмелердин сапатына болгон талаптар | 20 |
§9 | Берилмелердин бүтүндүгү | 20 |
§10 | Аэронавигациялык берилмелердин жана аэронавигациялык маалыматтардын валидациясы жана верификациясы | 21 |
§11 | Берилмелердеги каталарды табуу | 22 |
§12 | Автоматташтыруу каражаттарын колдонуу | 22 |
§13 | Сапатты башкаруу системасы | 22 |
§14 | Адамдык фактордун аспектилерин эске алуу | 23 |
Бөлүм V | Аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды колдонуу жааты | 24 |
Глава 5 | Аэронавигациялык берилмелерди жана маалыматтарды колдонуу | 24 |
§15 | Метаберилмелер | 24 |
Бөлүм VI | Аэронавигациялык маалымат чөйрөсүндөгү өнүмдөр жана кызматтар | 24 |
Глава 6 | Жалпы жоболор | 24 |
§16 | Аэронавигациялык маалымат түшүнүгүнүн стандартташтырылган форматы | 25 |
§ 17 | Санариптик берилмелердин массивдери | 27 |
§ 18 | Туш-тушка жиберүү кызматы | 32 |
§19 | Учуу алдындагы маалыматтык тейлөө | 32 |
§ 20 | Учуудан кийинки маалыматтык тейлөө | 33 |
Бөлүм VII | Аэронавигациялык маалыматты жаңыртуу | 33 |
Глава 7 | Жалпы талаптар | 33 |
§ 21 | Аэронавигациялык маалыматты регламентациялоо жана көзөмөлдөө (AIRAC) | 33 |
§ 22 | Аэронавигациялык маалыматтын өнүмдөрүн жаңыртуу | 35 |
КИРИШҮҮ
Ушул "Учууларды аэронавигациялык камсыздоо" 15-Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын аймагында аэронавигациялык маалыматтар менен камсыздоону уюштурууну жөнгө салат жана аэронавигациялык берилмелерге тиешелүү талаптарды белгилейт.
Ушул Эрежелер жарандык авиация уюмдарына, ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга байланыштуу болгон авиация персоналына колдонулат.
Ушул Эрежелер ИКАОнун төмөнкү документтери менен бирге колдонулат:
а) ИКАОнун кыскартуулары жана коддору - PANS-ABC, Doc 8400.
б) Аэронавигациялык маалыматты башкаруу PANS-AIM, ИКАО Doc 10066.
в) Аэронавигациялык маалымат кызматтары боюнча колдонмо ИКАО Doc 8126).
БӨЛҮМ I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
ГЛАВА 1. АНЫКТАМАЛАР
1. Ушул Эрежелерде Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдары менен аныкталган терминдер, ошондой эле тиешелүү аныктамалар менен төмөнкүдөй терминдер колдонулат.
Туташуу дареги Берилмелерди берүү линиясын АКБ органына туташтыруу үчүн колдонулган аныкталган код.
Авиациялык бекилген кызмат (AFS). Белгиленген бекилген пункттардын ортосундагы электр байланыш кызматы, биринчи кезекте, аэронавигациянын коопсуздугун жана аба катташуулардын үзгүлтүксүздүгүн, натыйжалуулугун жана үнөмдүүлүгүн камсыз кылат.
КРАЭ Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелери.
Адам факторунун аспектилери Авиациядагы долбоорлоо, сертификаттоо, кадрларды даярдооо процесстерине, эксплуатациялоо иштерине жана техникалык тейлөөгө карата колдонулуучу жана адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен адамдардын жана системанын башка компоненттеринин коопсуз өз ара аракетин камсыз кылууга багытталган принциптер.
Элемент атрибуту Элементтин мүнөздөмөсү.
Эскертүү. Элемент атрибуту маалыматтын аталышын, түрүн жана ага байланышкан маанилердин көлөмүн камтыйт.
Аэродром. Аба учагынын келиши, учушу жана кыймылдашы үчүн толугу менен же жарым-жартылай арналган жердин же суу бетинин (анын ичинде ар кандай имараттардын, курулмалардын жана шаймандардын) белгилүү бир аянты.
Аэронавигациялык маалымат Аэронавигациялык берилмелерди топтоонун, талдоонун жана форматтоонун натыйжасында алынган маалымат.
Аэронавигациялык карта Аэронавигация үчүн атайын иштелип чыккан, жер бетинин бир бөлүгүнүн, анын рельефинин жана жасалма курулуштарынын шарттуу сүрөтү.
Аэронавигациялык берилмелер Аэронавигациялык факт боюнча берилмелерди, концепцияны же көрсөтмөнү формалдаштырылган тартипте байланышуу, чечмелөө же иштеп чыгуу үчүн ылайыкташтырылган билдирүү.
Негиз. Башка чоңдуктар үчүн баштапкы чекит же эсептөө негизи катары кызмат кыла турган кандайдыр бир чоңдук же чоңдуктар тутуму.
Учууга чейинки маалымат бюллетени (РIВ) Чоң эксплуатациялык мааниге ээ болгон, учуу алдында даярдалган учурдагы NОТАМ маалыматы.
Валидация Конкреттүү болжолгон колдонууга карата талаптар ISO 9000* сериясындагы стандарттарды колдонуу менен аткарылгандыгын объективдүү далилдерди келтирүү менен тастыктоо.
Верификация Белгиленген талаптар ISO 9000* сериясындагы стандарттарды колдонуу менен аткарылгандыгын объективдүү далилдерди келтирүү менен тастыктоо.
Эскертүү. "Верификацияланган" термини тийиштүү статусту аныктоо үчүн колдонулат.
Вертодром Аэродром же ушул бетке тик учактардын келишине, учушуна жана кыймылына толугу менен же жарым-жартылай арналган, курулманын үстүңкү бетинин көрсөтүлгөн аянты.
Элементтердин өз ара байланышы Бир түрдөгү же башка түрдөгү элементтердин ортосундагы байланыш, ISO 19101* сериясындагы стандарт.
Геоид толкундары Математикалык жактан аныкталган референц-эллипсоиддин бети менен геоиддин бетинин ортосундагы аралык (оң мааниси же терс мааниси).
Эскертүү. Дүйнөлүк геодезиялык тутумда аныкталган эллипсоид үчүн - 1984 (WGS-84), WGS-84 эллипсоидине жана геоиддин ортометриялык бийиктигине карата бийиктиктин айырмасы геоид толкуну болуп саналат.
Эллипсоидге карата бийиктик (геодезиялык бийиктик) Каралып жаткан чекит аркылуу жүргүзүлгөн эллипсоидге нормальды бойлой ченелген, референц-эллипсоиддин бетине карата бийиктик.
Геодезиялык аралык Математикалык түрдө аныкталган эллипсоиддик беттеги каалаган эки чекиттин ортосундагы аралык.
Геоид Жердин тартылуу талаасындагы козголбогон орто деңиз деңгээлине (MSL) жана анын материктердин астында уланышы менен дал келген эквипотенциалдуу бет.
Эскертүү. Геоид жергиликтүү гравитациялык козголуулардан (шамалдын кескин көтөрүлүшү, туздуулук, агымдар ж. б.) улам бир калыпта эмес формада болот жана тартылуу күчүнүн багыты геоид бетине карай каалаган чекиттеги перпендикулярды элестетет.
Жылаңач Жер Жердин Бети, анын ичинде суунун, түбөлүк муздун жана кардын толушу, өсүмдүктөрдөн жана жасалма курулмалардан тышкары.
Григориан календары, Жылды аныктоого аналган календарь.
Эскертүү. Григориан календарында 365 күндөн турган туруктуу жылдар жана 366 күндөн турган тоук жылдар катары менен он эки айга бөлүнөт.
Элементтин аракети ISO 19110* сериясынын тийиштүү түрдөгү ар бир элементи аткара ала турган аракет.
Эскертүү. «Плотина» түрүндөгү элемент менен байланышкан аракет плотинаны көтөрүүдө турат. Бул аракеттин натыйжасы болуп көлмөдөгү суунун деңгээлин көтөрүү саналат.
Ишенимдүү деңгээл Параметрдин чыныгы мааниси анын баалоочу маанисинин айланасындагы белгилүү бир аралыктын чегинде болушунун божомолу.
Эскертүү. Мындай аралык адатынча баалоо тактыгы деп аталат.
АIР’ге кошумча АIР’те камтылган маалыматка киргизилүүчү жана өзүнчө беттерде көрсөтүлүүчү убактылуу өзгөрүүлөр.
Тыюу салынган аймак Анын чегинде аба кемелеринин учушуна тыюу салынган өлкөнүн аймагынын же аймактык сууларынын үстүндөгү белгиленген көлөмдөрдөгү аба мейкиндиги.
Аймактык навигация (RNAV) Учактарга жер үстүндөгү же спутниктик навигациянын жардамы менен, же автономдуу мүмкүнчүлүктөрдүн чегинде же экөөнүн тең айкалышында каалаган траектория боюнча учууга мүмкүндүк берген навигация ыкмасы.
Эскертүү. Аймактык навигация мүнөздөмөлөргө негизделген навигацияны, ошондой эле мүнөздөмөлөргө негизделген навигациянын аныктамасына кирбеген операциялардын башка түрлөрүн камтыйт.
Учууларды чектөө аймагы Анын чегинде аба кемелеринин учушу белгилүү шарттар менен чектелген өлкөнүн аймагынын же аймактык сууларынын үстүндөгү белгиленген көлөмдөрдөгү аба мейкиндиги.
Аэронавигациялык маалымат кызматынын милдети Учуулардын коопсуздугун, үзгүлтүксүздүгүн жана натыйжалуулугун камсыздоо үчүн зарыл болгон маалымат (берилмелер) агымын камсыздоодо турат.
Сүрөт Адамдарга маалыматты көрсөтүү, ISO 19117*.
Посттордун ортосундагы аралык Эки коңшу бийик белгилердин ортосундагы бурчтук же тилкелик аралык.
Маалымат өнүмү Маалымат өнүмүнүн ISO 19131* спецификациясына жооп берген берилмелер массиви же берилмелер массивинин топтому.
ИКАО Эл аралык жарандык авиация уюму, бириккен Улуттар Уюмунун адистештирилген мекемеси, аба каттамынын коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыздоо үчүн зарыл болгон эл аралык нормаларды жана стандарттарды белгилейт.
Календарь Дискреттик убакыт эсептөө системасы, бир күндүк чыгаруу жөндөмү менен убакыт учурун аныктоонун негизин камсыздайт ISO 19108*.
Аэродромдун картографиялык берилмелер базасы (AMDB) Түзүлүштүү берилмелердин жыйындысы түрүндө систематизацияланган жана көрсөтүлгөн аэродромдун картографиялык берилмелеринин тандалмасы.
Аэродромдун картографиялык берилмелери (AMD) Аэродромдук картографиялык маалыматты түзүү максатында чогултулган берилмелер.
Эскертүү. Аэродромдун картографиялык берилмелерин чогултуу максаты өзүнө колдонуучулардын жагдай боюнча маалымдалышын жакшыртууну, жер үстүндөгү навигацияны камсыздоону, окутууну, карта түзүүнү жана пландоону камтыйт.
Сапат. Өз мүнөздөмөлөрдүн жыйындысы ISO 9000* талаптарын аткарган даража.
Берилмелердин сапаты Берилген берилмелер тактыгы, чечилиши, бүтүндүгү (же эквиваленттүү кепилдиктин деңгээли), байкалаарлыгы, өз убагында болушу, толуктугу жана форматы боюнча берилмелерди колдонуучунун талаптарына жооп берүү божомолунун деңгээли же даражасы.
Бүтүндүк классификациясы (аэронавигациялык берилмелер) Бурмаланган берилмелерди колдонуунун потенциалдуу тобокелине негизделген классификация.
Аэронавигациялык берилмелердин төмөнкү классификациясы колдонулат.
1) кадимки берилмелер: бурмаланган кадимки берилмелерди колдонууда коопсуз учууну улантуу жана аба кемесин кондуруу чоӊ тобокел жана катастрофанын келип чыгуу мүмкүндүгү менен байланыштуу болушунун абдан кичинекей божомолу бар;
2) маанилүү берилмелер: бурмаланган маанилүү берилмелерди колдонууда коопсуз учууну улантуу жана аба кемесин кондуруу чоӊ тобокел жана катастрофанын келип чыгуу мүмкүндүгү менен байланыштуу болушунун кичинекей божомолу бар;
3) кескин берилмелер: бурмаланган кескин берилмелерди колдонууда коопсуз учууну улантуу жана аба кемесин кондуруу чоӊ тобокел жана катастрофанын келип чыгуу мүмкүндүгү менен байланыштуу болушунун чоӊ божомолу бар;
4) Берилмелер массивинин топтому. ISO 19115*өнүмдүн бирдей спецификациясына ылайык келген берилмелер массивинин топтому.
Компоновкалоо Көптөгөн булактардан алынган берилмелерди берилмелер базасына бириктирүү жана кийинки иштеп чыгуу үчүн негиз түзүү процесси.
Эскертүү. Компоновкалоо этабында берилмелерди текшерүү аткарылып, табылган каталарды оӊдоо жана аныкталган боштуктарды четтетүү камсыздалат.
Контракттык автоматтык көз каранды байкоо (ADS-С) Анын жардамы менен жер үстүндөгү система менен аба кемесинин ортосунда ADS-C билдирмеси жана бул билдирмеде камтылган берилмелерди өткөрүү демилгеленген шарттарды көрсөтүү менен берилмелерди өткөрүү линиясы аркылуу ADS-C макулдашуусунун шарттары жөнүндө маалымат алмашуу жүргүзүлө турган байкоо түрү.
Эскертүү. Кыскартылган "контракттык ADS" термини адатынча үзгүлтүксүз эмес контракттык ADS’ти, сурам боюнча контракттык ADS режимин, мезгилдүү контракттык ADS режимин же шашылыш режимди белгилөө үчүн колдонулат.
Сапат көзөмөлү Сапатка болгон ISO 9000* талаптарын аткарууга багытталган сапат менеджментинин бир бөлүгү.
Кайталанма ашыкча кодду колдонуу менен көзөмөлдөө (CRC) Берилмелердин санариптик маанисине карата колдонулуучу математикалык алгоритм, ал белгилүү бир деӊгээлде берилмелерди жоготуудан жана өзгөртүүдөн коргоону камсыздайт.
Берилмелер массиви ISO 19101*берилмелердин белгилүү бир топтому.
Эл аралык аэропорт Эл аралык аба ташууларды аткарган аэропорт, анда бажы, чек ара, санитардык-карантиндик көзөмөл жана башка жүргүнчүлөрдүн, багаждын, жүктүн жана почтанын кыймылын көзөмөлдөө камсыздалат.
Сапат менеджменти ISO 9000* сапатына колдонулуучу уюмду жетектөө жана башкаруу боюнча координацияланган иш.
Түз транзит боюнча иш-чаралар Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан бекитилген, анын натыйжасында мамлекеттин аймагы аркылуу транзит менен жүрүп баратканда кыска мөөнөткө токтогон аба кемеси (жана аларды жүктөө) ушул органдардын түздөн-түз көзөмөлүндө болушу мүмкүн.
Жер Тоолор, адырлар, тоо кыркалары, өрөөндөр, суунун, түбөлүк муздун жана кардын топтолушу сыяктуу табигый элементтери бар Жердин бети, тоскоолдуктарды эске албаганда.
Эскертүү. Практикалык максаттарда, берилмелерди алуу ыкмасына жараша, жер - бул жылаңач Жерди, "биринчи чагылтуу бети" деп да аталган чатырдын чокусун же алардын ортосундагы нерселерди аралап өткөн үзгүлтүксүз бет.
Орун алган жери (географиялык) Жер бетиндеги чекиттин ордун аныктаган математикалык аныкталган референц-эллипсоидге байланган координаттар (кеңдик жана узундук).
Метаберилмелер ISO19115* берилмелери жөнүндө берилмелер.
Эскертүү. Берилмелердин мазмунун, сапатын, абалын же башка мүнөздөмөлөрүн структуралап баяндоо.
Каттам боюнча учуунун минималдуу абсолюттук бийиктиги (МЕА) Тиешелүү навигация каражаттарынан жана АКТнын байланыш каражаттарынан сигналдарды жетиштүү деңгээлде кабыл алууну камсыз кылган каттам бөлүгүндөгү учуунун абсолюттук бийиктиги аба мейкиндигинин түзүмүнө дал келет жана тоскоолдуктардан учуп өтүү үчүн зарыл болгон бийиктикти камсыз кылат.
Тоскоолдуктардан учуп өтүүнүн минималдуу абсолюттук бийиктиги (МОСА) Тоскоолдуктардын үстүндө зарыл болгон бийиктикти камсыздаган белгилүү бир участоктон учуунун минималдуу абсолюттук бийиктиги.
Мүнөздөмөлөргө негизделген байкоо (PBS) Аба кыймылын тейлөөдө колдонулган талаптарга жана мүнөздөмөлөргө негизделген байкоо.
Эскертүү. Талап кылынган байкоо мүнөздөмөлөрү (RSP) өзүнө байкоо жүргүзүү жана берилмелерди шайкеш жеткирүү убактысы, үзгүлтүксүздүк, даярдык, бүтүндүк, байкоо берилмелеринин тактыгы, коопсуздугу жана аба мейкиндигинин конкреттүү концепциясынын контекстинде сунуш кылынган операцияны аткаруу үчүн зарыл болгон функционалдуулук жагынан тутумдун компоненттерине таандык байкоо мүнөздөмөлөрүнө болгон талаптарды камтыйт.
Навигациялык спецификация Белгиленген аба мейкиндигинин чектеринде мүнөздөмөлөргө негизделген навигация шарттарында учууну камсыздоо үчүн талап кылынган аба кемесине жана учуу экипажына коюлган талаптардын жыйындысы. Навигациялык спецификациянын эки түрү бар.
Талап кылынгын навигациялык мүнөздөмөлөрдүн спецификациясы (RNP) Аймактык навигацияга негизделген навигациялык спецификация, ал өзүнө RNP префикси менен белгиленген, мисалы RNP 4, RNP АРСН, мүнөздөмөлөрдү сактабоо жөнүндө эскертүүлөрдү кармоону көзөмөлдөөгө жана берүүгө болгон талаптарды камтыйт.
Аймактык навигациянын спецификациясы (RNAV) Аймактык навигацияга негизделген навигациялык спецификация, ал өзүнө RNАV префикси менен белгиленген, мисалы RNAV 5, RNAV 1, мүнөздөмөлөрдү сактабоо жөнүндө эскертүүлөрдү кармоону көзөмөлдөөгө жана берүүгө болгон талаптарды камтыбайт.
Эскертүү 1. Навигациялык спецификациялар боюнча көрсөтмөлүк материал ИКАОнун Doc 9613 документинин II томунда камтылган.
Эскертүү 2. RNР термини бир гана навигациялык спецификациялардын контекстинде колдонулат, алар өзүнө мүнөздөмөлөрдү сактабоо жөнүндө эскертүүлөрдү кармоону көзөмөлдөөгө жана берүүгө болгон талаптарды камтыйт.
Мүнөздөмөлөргө негизделген навигация (PBN) АКТ каттамы боюнча, приборлор боюнча конуу схемасы боюнча учкан аба кемелеринин мүнөздөмөлөрүнө болгон талаптарга негизделген аймактык навигация же аныкталган аба мейкиндигинде учуу.
Эскертүү. Мүнөздөмөлөргө болгон талаптар навигациялык спецификацияларда (RNAV спецификациясы, RNP спецификациясы) конкреттүү аба мейкиндигинин контекстинде пландаштырылган учууну жүзөгө ашыруу үчүн талап кылынган тактык, бүтүндүк, үзгүлтүксүздүк, жеткиликтүүлүк жана иштөө мүмкүнчүлүктөрү боюнча аныкталат.
Сапатты камсыздоо Кызматтардын, өнүмдөрдүн сапатына болгон талаптарды аткарууга кепилдик берген сапат менеджментинин системасы ISO 9000*.
Байкоо негизинде АКТны тейлөө АКТ байкоо системасынын жардамы менен түздөн түз камсыздалган тейлөөнүн бир түрү.
Кооптуу аймак Анын алкагында белгилүү бир убактарда аба кемелеринин учуусу үчүн кооптуулукту жараткан аракеттер аткарылышы мүмкүн болгон, белгиленген өлчөмдөгү аба мейкиндиги.
АЧК таануу аймагы (ADIZ) Белгиленген өлчөмдөгү аба мейкиндигинин атайын белгиленген бөлүгү, анын чегинде аба кемеси аба кыймылын тейлөөгө байланыштуу аткарылгандардан тышкары атайын таануу жана / же билдирме берүү жол-жоболорун аткарышы керек.
Эл аралык NОТАМ органы (NОF) NОТАМ билдирүүлөрү менен эл аралык алмашуу үчүн мамлекет тарабынан түзүлгөн орган.
Аба кыймылын уюштуруу (АКУ) Бардык тараптар менен кызматташтыкта каражаттарды жана үзгүлтүксүз кызматтарды көрсөтүү жана борттук, жер үстүндөгү функцияларды колдонуу аркылуу, коопсуз, үнөмдүү жана эффективдүү түрдө жүзөгө ашырылуучу аба кыймылын, аба мейкиндигин, анын ичинде аба кыймылын тейлөөнү, аба мейкиндигин уюштурууну жана аба кыймылынын агындарын уюштурууну инамикалуу жана интеграциялуу уюштуруу.
Ортометрикалык бийиктик, Адатынча, MSL үстүнөн ашууну элестеткен геоид үстүндөгү чекиттин бийиктиги.
Салыштырмалуу бийиктик Белгиленген базадан чекит катары кабыл алынган деңгээлге, чекитке же объектке чейинки тик аралык.
Аэронавигациялык маалымат менен камсыздоо Аэронавигациялык маалыматты кабыл алууну, иштеп чыгууну, форматтоону, жарыялоону, сактоону жана жайылтууну камтыйт.
Аэронавигациялык кызмат көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын аймагында структурасы, персоналы, техникалык каражаттары жана аба кыймылына кызмат көрсөтүүгө күбөлүгү бар юридикалык жак;
Манёвр жасоо аянты Аэродромдун перрондорун кошпогондо, аба кемелерин учурууга, кондурууга жана башкарууга арналган бөлүгү.
Жердин тоскоолдуктары жөнүндө берилмелерди эске алуу бети Жердин тоскоолдуктары жөнүндө берилмелерди түзүү максатында колдонулуучу бет.
Жер катмары Өсүмдүктөрдүн салыштырмалуу бийиктиги эске алынган жылаңач Жер.
Берилмелердин толуктугу Болжолдонгон пайдаланууну камсыз кылуу үчүн зарыл болгон бардык берилмелер көрсөтүлгөндүгүнүн мүмкүндүк деңгээли.
АIР’ке оңдоо АIР’те камтылган маалыматка киргизилүүчү туруктуу өзгөрүүлөр.
Аэронавигациялык кызмат көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын аймагында структурасы, персоналы, техникалык каражаттары жана аба кыймылына кызмат көрсөтүүгө күбөлүгү бар юридикалык жак;
Тоскоолдук Бардык кыймылсыз (убактылуу же туруктуу) жана кыймылдуу объекттер же алардын бир бөлүгү, алар
1) аба кемелеринин бет үстүндө жылышына арналган аймакта жайгашкан; же
2) учуу учурунда аба кемесинин коопсуздугун камсыз кылууга арналган белгилүү бир жер үстүнөн көтөрүлүп чыгат; же
3) ушул аныкталган беттерден тышкары жайгашып, аба навигациясы үчүн коркунучтуу деп бааланат.
Тактык Өлчөө учурунда ишенимдүү айырмалана турган кичинекей айырмачылык.
Эскертүү. Геодезиялык сүрөткө тартууда колдонууда, тактык - бул операцияны аткаруудагы сапаттын деңгээли же өлчөө үчүн колдонулган шаймандардын жана ыкмалардын мыктылык деңгээли болуп саналат.
Аэронавигациялык маалыматтын өнүмү Санариптик берилмелердин массивдери түрүндө же басылып чыккан же электрондук маалымат сактоочуларда стандартташтырылган форматта берилген аэронавигациялык берилмелер жана аэронавигациялык маалыматтар. Аэронавигациялык маалымат өнүмдөрү төмөнкүлөрдү камтыйт
1) аэронавигациялык маалыматтардын жыйындысын (AIP), анын ичинде өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду;
2) аэронавигациялык маалымат циркулярларын (AIC);
3) аэронавигациялык карталарды;
4) NOTAM;
5) санариптик берилмелердин массивдерин.
Эскертүү. Аэронавигациялык маалымат өнүмдөрү биринчи кезекте эл аралык аэронавигациялык маалымат алмашуу муктаждыктарын канааттандырууга багытталган.
Байкалуу. Каралып жаткан нерсенин тарыхын, колдонулушун же жайгашкан жерин байкоо мүмкүнчүлүгү (ISO 9000 *).
Эскертүү. Өнүмдү кароодо байкалуу төмөнкүлөргө кириши мүмкүн:
1) материалдардын же комплекттөөчү нерселердин келип чыгышы;
2) иштетүү тарыхы;
3)жеткирилгенден кийин өнүмдөрдү бөлүштүрүү жана жайгаштыруу.
Берилмелердин байкалуусу Системанын же маалымат өнүмүнүн, түпкү колдонуучудан түзүүчүгө чейин аудитордук өтмө текшерүүнү аткарууга мүмкүндүк берүү менен, бул өнүмгө киргизилген өзгөртүүлөрдү жазуу мүмкүнчүлүгүнүн деңгээли.
Жумушчу аянт Манёвр жасоо аянтынан жана перрондон (-дордон) турган аэродромдун аба кемелерин учурууга, кондурууга жана башкарууга арналган бир бөлүгү.
Радио аркылуу берилүүчү автоматтык көз каранды байкоо (ADS-B) Аба кемелери, аэродромдук транспорт каражаттары жана башка объекттер, берилмелерди өткөрүүнүн радио аркылуу берүү режимин колдонуу менен, мындай маалыматты автоматтык түрдө таануу индекси, жайгашкан жери жөнүндө берилмелер жана, зарылчылыг боюнча, кошумча берилмелер катары бере жана / же ала турган көзөмөлдөө түрү.
Радионавигациялык кызмат Аба кемелеринин эффективдүү жана коопсуз учуусу үчүн бир же бир нече радионавигациялык каражаттын жардамы аркылуу көрсөтмөлөрдү берүүчү маалыматтарды же жайгашуу маалыматтарын берүүчү кызмат.
Берилмелердин өлчөмү. Колдонулган өлчөнгөн же эсептелген маанинин тартибин аныктаган бирдиктердин же цифралардын саны.
Аэронавигациялык маалыматтардын жыйындысы (АIР) Аэронавигация үчүн чоң мааниси бар узак мөөнөттүү аэронавигациялык маалыматтарды камтыган мамлекет тарабынан чыгарылган же санкцияланган басылма.
Берилмелердин өз убактылуулугу Берилмелер, алардын божомолдуу колдонулган мезгилине карата колдонулуу мүмкүнчүлүгүнүн деңгээли.
Берилмелерди берүү линиясы боюнча «диспетчер-учкуч» байланышы (CPDLC). Берилмелерди берүү линиясын колдонуу менен АКБ максатында диспетчер менен учкучтун ортосундагы байланыш каражаты.
Мүнөздөмөлөргө негизделген байланыш (PBC) Аба кыймылын тейлөөгө колдонулган талаптарга жана мүнөздөмөлөргө негизделген байланыш.
Эскертүү. Байланыштын талап кылынган көрсөткүчтөрү (RCP) белгилүү бир аба мейкиндигинин концепциясынын контекстинде сунуш кылынган операцияны жүргүзүү үчүн талап кылынган байланыш жана тиешелүү берүү убактысын, үзгүлтүксүздүктү, жеткиликтүүлүктү, бүтүндүктү, коопсуздукту жана функционалдуулукту камсыздоо жагынан системанын компоненттерине кирген байланыш мүнөздөмөлөрүнө болгон талаптарды камтыйт.
Геодезиялык координаттар системасы. Дүйнөлүк эсептөө / координаттар системасына карата жайгашкан жерин аныктоо жана жергиликтүү эсептөө системасын багыттоо үчүн талап кылынган параметрлердин минималдуу жыйындысы.
АКТны көзөмөлдөө тутуму. ADS-B, ПОРЛ, ВОРЛ системаларына же аба кемесин табууга мүмкүндүк берген каалаган башка салыштырыла турган жер системаларына өз-өзүнчө түшүнүк берилген жалпы термин.
Эскертүү. Салыштырмалуу жер системасы – бул салыштырмалуу баалоонун натыйжасында же башка ыкманы колдонуунун жардамы менен, ал камсыз кылган учуунун жана мүнөздөмөлөрдүн коопсуздук деңгээли моноимпульсивдүү ВОРЛдин аналогиялык көрсөткүчүнө ылайык келүүсү же андан ашуусу.
Станциянын ийилүүсү Белгиленген VOR нөлдүк радиалынын VOR станциясын калибрлөө менен аныкталган чыныгы түндүктөн четтөөсү.
Кийинки божомолдонгон колдонуучу Аэронавигациялык маалымат кызматынын аэронавигациялык берилмелерди же маалыматтарды алган уюм.
Аэродромдун аймагында автоматтык түрдө маалымат берүү кызматы (ATIS) Күнү-түнү же күндүн белгилүү бир мезгилинде учуп келүүчү жана учуп кетүүчү аба кемелери үчүн автоматтык түрдө учурдагы белгиленген маалыматты берүү:
Берилмелерди берүү линиясын колдонууга негизделген аэродромдун аймагында автоматтык түрдө маалымат берүү кызматы (D-ATIS) ATIS’ти берилмелерди берүү линиясы боюнча көрсөтүү.
Сүйлөө байланышын колдонууга негизделген аэродромдун аймагында автоматтык түрдө маалымат берүү кызматы (сүйлөө ATIS) ATIS’ти үзгүлтүксүз жана кайталануучу сүйлөөнү радио аркылуу берүү түрүндө көрсөтүү.
Аэронавигациялык маалымат кызматы (АМК) Белгиленген иш чөйрөсүндө түзүлгөн, аба навигациясынын коопсуздугун, үзгүлтүксүздүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды берүү үчүн жооптуу кызмат.
Кыргыз Республикасынын аэронавигациялык маалымат кызматы Түзүлүшү, персоналы, техникалык каражаттары жана Кыргыз Республикасында аэронавигациялык маалымат кызматтарын көрсөтүүгө сертификаты бар аэронавигациялык кызмат көрсөтүүчү.
Түзүүчү (баштапкы аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды) Берилмелерди же маалыматтарды калыптоо үчүн жооптуу жана АМК бирдиги аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды алган уюм.
Түзүү (баштапкы аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды) Жаңы берилмелер жана маалыматтар менен байланышкан параметрлерди калыптоо, же бар берилмелердин же маалыматтардын параметрлерин өзгөртүү.
Маалыматтык өнүмдүн спецификациясы Берилмелер массивин же кошумча маалымат менен бирге берилмелердин массивинин топтомун кеңири баяндоо, ал аларды калыптоого, башка тарапка жеткирүүгө жана башка тарапка аларды колдонууга мүмкүнчүлүк берет ISO 19131*.
Эскертүү. Маалымат өнүмүнүн спецификациясы предметтик чөйрөнүн сүрөттөмөсүн жана берилмелер массивиндеги предметтик чөйрөнүн чагылышуу спецификациясын камсыздайт. Ал маалыматтарды түзүү, сатуу, түпкү колдонуу же башка максаттарда колдонулушу мүмкүн.
Байкоонун талап кылынган мүнөздөмөлөрүнүн спецификациясы (RSP) Аба кыймылын жана ага байланыштуу жердеги жабдууларды, аба кемесинин мүмкүнчүлүктөрүн жана мүнөздөмөлөргө негизделген байкоо жүргүзүү үчүн керектүү операцияларды көрсөтүүгө коюлган талаптардын жыйындысы.
Байланыштын талап кылынган мунөздөмөлөрүнүн спецификациясы (RCP) Аба кыймылын жана ага байланыштуу жердеги жабдууларды, аба кемесинин мүмкүнчүлүктөрүн жана мүнөздөмөлөргө негизделген байланыш үчүн керектүү операцияларды көрсөтүүгө коюлган талаптардын жыйындысы.
Техногендүү чөйрө Жер үстүндөгү бардык жасалма курулмалар, мисалы шаарлар, темир жолдор жана каналдар.
Элементтин түрү ISO 19110* жалпы касиеттери менен реалдуу дүйнөнүн кубулуштарынын классы.
Эскертүү. Элементтердин каталогунда классификациянын негизги деңгээли болуп элементтин түрү саналат.
Берилмелердин тактыгы Эсептелген же өлчөнгөн маанинин чыныгы мааниге дал келүү деңгээли.
Талап. ISO 9000 * аныкталган же милдеттүү болгон муктаждык же күтүү.
Эскертүү 1. Талаптын белгилүү бир түрүн белгилөө үчүн мисалы, өнүмгө болгон талап, сапат системасына болгон талап, кардарлардын талабы сыяктуу сөздөрдү колдонсо болот.
Эскертүү 2. - Белгиленген талап болуп, мисалы, документте көрсөтүлгөн талап эсептелет.
Эскертүү 3. - Талаптар ар кандай кызыкдар тараптар тарабынан коюлушу мүмкүн.
Аэронавигациялык маалыматты башкаруу (АIM) Бардык тараптар менен биргеликте сапаттуу кепилденген санариптик аэронавигациялык маалыматтарды берүү жана алмашуу аркылуу аэронаивгациялык маалыматты динамикалуу, комплекстүү башкаруу.
Берилмелердин форматы Стандарттарга, спецификацияларга же берилмелердин сапатына коюлган талаптарга жооп берүү үчүн уюштурулган берилмелердин элементтеринин, эсеп жазуулардын жана файлдардын түзүмү.
Берилмелердин бүтүндүгү (кепилдиктердин деңгээли) Даярдалгандан же санкциялуу түрдө өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин аэронавигациялык берилмелердин жана анын параметрлеринин жоголборуна же өзгөрүлбөрүнө болгон белгилүү бир кепилдик.
Аэронавигациялык маалыматтын циркуляры (АIС) NOTAM чыгарууну же аны AIP’ке киргизүүнү талап кылбаган, бирок учуу же аэронавигациялык, техникалык, административдик жана укуктук маселелердин коопсуздугуна байланыштуу маалыматтарды камтыган билдирүү.
Чектен ашуунун санариптик модели (DEM) Белгилүү бир торчонун бардык түйүндөрүндө жалпы негизинен өлчөнгөн чектен ашуу чоңдуктарынын үзгүлтүксүз катары түрүндө жердин бетинин чагылдырылышы.
Эскертүү. Жердин санариптик модели (DTM) кээде DEM деп да аталат.
Элемент. Реалдуу дүйнөнүн кубулуштарын билдирген абстракттуу түшүнүк ISO 19101*.
Каттамдын этабы Аралык конуусу жок учуп өтүлгөн каттам (же анын бир бөлүгү).
АIRАС (Аэронавигациялык маалыматты регламентациялоо жана көзөмөлдөө) Жалпы күчүнө кирүү күндөрдүн негизинде иштөө практикасында олуттуу өзгөрүүлөрдү талап кылган жагдайлар жөнүндө алдын ала кабарлоо үчүн иштелип чыккан системаны билдирген кыскартуу.
ASHTAM Аба кемелерин учуруу үчүн маанилүү болгон, вулкан кыймылардын өзгөрүшү, вулкандын атылышы жана / же вулкан күлүнүн булуту жөнүндө атайын форматта берилген маалыматтарды камтыган NOTAM сериясы.
NОТАМ Электр байланыш тарабынан жиберилген, ар кандай аэронавигациялык жабдыктардын, кызматтардын жана эрежелердин ишке киргизилиши, абалы же өзгөрүшү жөнүндө маалыматты, же аба каттамдарын жүргүзүүгө катышкан персонал үчүн өз убагында эскертүү өтө маанилүү болгон маалыматты камтыган билдирүү.
SNОWТАМ Стандарттуу форматта берилүүчү атайын сериядагы NOTAM, ал аэродромдун жумушчу аянтында кардын, муздун, баткактын, кыроонун, туруктуу суунун же кардын, баткактын, муздун же кыроонун эрүүсүнөн пайда болгон суунун эсебинен пайда болгон кооптуу шарттардын бар экендигин же аны токтотууну билдирген УКТнын бетинин абалы жөнүндө билдирмени камтыйт.
VOLMET Учуп жүргөн аба кемелери үчүн метеорологиялык маалымат.
VOLMET берилмелерди берүү линиясы (D-VOLMET) Аэродром боюнча учурдагы үзгүлтүксүз метеорологиялык маалыматтарды (METAR) жана аэродром боюнча атайын метеорологиялык маалыматтарды (SPECI), аэродром боюнча болжолдоолорду (TAF), SIGMET маалыматтарын, борттон келген атайын билдирмелерди жана, эгер бар болсо, берилмелерди берүү линиясы боюнча AIRMET билдирүүлөрүн көрсөтүү.
VOLMET радио аркылуу берүүсү Тийиштүү учурларда учурдагы METAR, SPECI, TAF болжолдоолорун жана SIGMET маалыматын үзгүлтүксүз жана кайталануучу сүйлөө түрүндө радио аркылуу берип көрсөтүү.
БӨЛҮМ II. АЭРОНАВИГАЦИЯ МАКСАТЫНДА ЭСЕПТӨӨ СИСТЕМАЛАРЫ
ГЛАВА 2. ЭСЕПТӨӨ СИСТЕМАЛАРЫНА БОЛГОН ТАЛАПТАР
2. Эл аралык аэронавигация максатында, Дүйнөлүк геодезиялык система - 1984 (WGS-84) горизонталдык тегиздикте эсептөө системасы (геодезиялык) катары колдонулат. Ушуга байланыштуу, жарыяланган аэронавигациялык географиялык координаттар (кеңдикти жана узундукту белгилеген) геодезиялык эсептөө негизине (WGS-84) салыштырмалуу туюнтулат.
Эскертүү. WGS-84 менен байланышкан нускама материалдар ИКАО Doc 9674 ичинде камтылган.
§ 1. Тик тегиздикте эсептөө системасы
3. Эл аралык аэронавигация максатында, тик тегиздикти эсептөө системасы катары негиз катары кабыл алынган деңиздин орточо деңгээли колдонулат.
а) Глобалдык түрдө, геоид MSL’ге туура келет. Ал Жердин тартылуу талаасындагы эквипотенциалдык бет катары аныкталып, козголбогон MSL менен жана анын материктердин астындагы уланышына дал келет.
б) Жердин тартылуу күчүнө көз каранды салыштырмалуу бийиктиктер (чектен ашуулар) ортометриялык бийиктиктер деп аталат, ал эми эллипсоидден жогору чекитке чейинки аралыктар эллипсоидге салыштырмалуу бийиктиктер деп аталат.
4. Эл аралык аэронавигацияда Жердин тартылуу модели - 1996 (EGM-96) глобалдык тартылуу модели катары колдонулат.
5. EGM-96 тактыгы чектен ашуунун жана геоиддик толкундун тактыгына коюлган талаптарга жооп бербеген географиялык пункттарда, EGM 96 маалыматтарынын негизинде регионалдык же жергиликтүү геоиддик моделдер иштелип чыгат жана колдонулат, алар жогорку ченем жөндөмдөрү бар гравитациялык тартылуу жөнүндө маалыматтарын камтыйт (кыска толкундар).
EGM-96 моделинин ордуна башка геоиддик модель колдонулган учурларда, аэронавигациялык системанын жыйындысында (AIP) колдонулган модель, анын ичинде ушул моделден EGM-96га өтүүдө салыштырмалуу бийиктикке өзгөрүү үчүн керектүү параметрлер сүрөттөлөт.
Эскертүү. Аэродромдордогу / вертодромдордогу белгилүү бир позициялар үчүн чектен ашуунун жана геоид толкундарынын маанилерин аныктоого жана билдирүүгө (талааны сүрөткө тартуунун тактыгы жана берилмелердин бүтүндүгү) тиешелүү талаптар ИКАОнун Doc 10066 документинин 1-кошумчасында келтирилген.
§ 2. Убакыт эсептөө системасы
6. Эл аралык жарандык авиациянын максаттары үчүн убакытты эсептөө системасы катары Григориан календары жана дүйнөлүк координацияланган убакыт (UTC) колдонулат.
а) Убакыт мааниси – убакытты эсептөө системасына салыштырмалуу өлчөнгөн убакыт учуру.
б) Дүйнөлүк координацияланган убакыт (UTC) - бул Эл аралык убакыт бюросу (BIH) жана IERS тарабынан берилген убакыт шкаласы болуп саналат, жана стандарттык жыштыктарды жана убакыт сигналдарын координациялап бөлүштүрүүнүн негизин камсыздайт.
в) UTC’ге байланыштуу нускама материал "Абадагы жана жердеги операцияларда колдонулуучу өлчөө бирдиктери" 5-КРАЭде камтылган.
г) ISO 8601 стандарты маалымат алмашууда Григориан календарынын жана жергиликтүү убакыттын же UTC боюнча 24 сааттык убакыттын колдонулушун аныктайт, ал эми ISO 19108* стандарты Грегориан календарын жана UTC’ти географиялык маалыматка колдонууда убакытты эсептөөнүн негизги системасы катары колдонууну карайт.
§ 3. Ар кандай талаптар
7. Эл аралык жайылтууга арналган, ачык текст менен түзүлгөн аэронавигациялык маалымат өнүмдөрү англис тилинде берилет.
8. Пункттардын аталыштары берилген мамлекеттин тилинде айтылышына ылайык жазылып, зарыл болгон учурда латын алфавитинин ISO-Basic тамгалары менен транслитерацияланат.
9. Аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды даярдоодо, иштеп чыгууда жана жайылтууда колдонулган өлчөө бирдиктери "Абадага жана жердеги операцияларда колдонулуучу өлчөө бирдиктери" 5-КРАЭде камтылган таблицаларды колдонууга карата мамлекеттин чечимине шайкеш келиши керек.
10. ИКАОнун кыскартуулары аэронавигациялык маалымат өнүмдөрүндө, аларды колдонуу негиздүү болгон учурда жана ал аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды жайылтууну жеңилдеткен учурда колдонулат.
БӨЛҮМ III. ЖООПКЕРЧИЛИК ЖАНА ФУНКЦИЯЛАР
ГЛАВА 3. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЭРОНАВИГАЦИЯЛЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЧҮСҮНҮН ЖООПКЕРЧИЛИГИ
11. Кыргыз Республикасынын аэронавигациялык кызмат көрсөтүүчүсүнүн аэронавигациялык тейлөө кызматына (АТК) Кыргыз Республикасынын Аба Кодексинин 5-Главасынын 22-беренесине ылайык аэронавигациялык кызмат көрсөтүү укугу берилди.
12. Кыргыз Республикасынын Аэронавигациялык маалымат кызматы Кыргыз Республикасы аба кыймылын тейлөө үчүн жооптуу болгон Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы үчүн аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды берүүнү камсыздайт.
13. Жарандык авиация органы үчүн жана анын атынан берилген аэронавигациялык берилмелер жана аэронавигациялык маалыматтар, алар ошол органдын санкциясы менен берилгендиги жөнүндө так шилтеме менен коштолот. Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация органы берилген аэронавигациялык берилмелер жана аэронавигациялык маалыматтар үчүн жооптуу.
14. Аэронавигациялык кызмат көрсөтүүчү ушул Эрежелердин §8-на ылайык аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды талаптуу сапатта берүүгө кепилдик берет.
15. Аэронавигациялык кызмат көрсөтүүчү аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды түзүүчү менен аэронавигациялык маалымат кызматынын ортосунда аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды өз убагында жана толук камсыз кылуу боюнча макулдашууларды түзүүнү камсыз кылат.
§4. АМКнын жоопкерчилиги жана функциялары
16. Аэронавигациялык маалымат кызматы аэронавигациянын коопсуздугун, үзгүлтүксүздүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды АКУ коомдоштугу койгон эксплуатациялык талаптаргаа жооп берген формада камсыз кылат, анын ичинде:
1) учуулардын өндүрүшү менен байланышкан персонал, анын ичинде учууларды пландоодо жана пилотаждык машыктыргычтарда учуу экипаждары;
2) учуу-маалымат кызматы үчүн жооптуу аба кыймылын тейлөө бөлүмү жана учуу алдындагы маалымат үчүн жооптуу кызматтар.
17. Аэронавигациялык маалымат кызматы Кыргыз Республикасы аба кыймылын тейлөөгө жооптуу болгон бүтүн аймакка тиешелүү болгон аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды кабыл алат, текшерет же компоновкалайт, оңдойт, форматтайт жана чыгарат/сактайт жана таратат. Аэронавигациялык берилмелер жана аэронавигациялык маалымат аэронавигациялык маалымат өнүмдөрү катары жарыяланат.
Эскертүү. Аэронавигациялык маалымат кызматы түзүүчүнүн функцияларын дагы аткарат.
18. Күнү-түнү тейлөө кызматы камсыздалбаган учурларда, ал аэронавигациялык маалымат кызматы аба кыймылын тейлөө үчүн жоопкерчиликтүү болгон аймакта толук учуу убагында, жана ошондой эле, кеминде, учууга чейин жана андан кийин эки саат бою көрсөтүлөт. Ошондой эле, тейлөө каалаган башка убакта, каалаган авиациялык уюмдун талабы боюнча көрсөтүлөт.
19. Мындан тышкары, аэронавигациялык маалымат кызматы учуу алдындагы маалыматтык тейлөөнү камсыздоого жана учуу учурундагы маалыматтык керектөөлөрдү төмөнкү булактардан канааттандырууга мүмкүндүк берген аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды алат:
1) башка мамлекеттердин авиациялык маалымат кызматтарынан;
2) башка жеткиликтүү булактардан.
20. 19. 1)-пунктта көрсөтүлгөн булактардан алынган аэронавигациялык берилмелер жана аэронавигациялык маалыматтар таратылган учурда, алар алынган жарандык авиация органынын санкциясы менен жарыялангандыгы жөнүндө так шилтеме менен коштолот.
21. 19. 2)-пунктта көрсөтүлгөн булактардан алынган аэронавигациялык берилмелер жана аэронавигациялык маалыматтар таратуу алдында мүмкүнчүлүк боюнча текшерилет; эгер мындай текшерүү жүргүзүлбөсө, бул таратууда так көрсөтүлөт.
22. Аэронавигациялык маалымат кызматы башка мамлекеттердин аэронавигациялык маалымат кызматтарына токтоосуз түрдө, аэронавигациянын коопсуздугун, үзгүлтүксүздүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу жана ушул Эрежелердин 16-пунктунда белгиленген талаптарды аткаруу үчүн, зарыл болгон бардык аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды берет.
§5. Аэронавигациялык берилмелер жана аэронавигациялык маалымат менен алмашуу
23. Аэронавигациялык маалымат кызматы башка мамлекеттер тарабынан берилген авиациялык маалымат өнүмдөрүнүн бардык элементтерин алат.
Аэронавигациялык маалымат кызматы башка мамлекеттерден келип түшкөн аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды сурап алуу маселелерин чечүүгө укуктуу.
24. Мамлекеттин атынан аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык кызматтарды көрсөтүүчү тараптардын жана мындай кызмат көрсөтүүгө тиешелүү алардын колдонуучуларынын ортосунда макулдашуулар түзүлүшү мүмкүн.
25. Аэронавигациялык кызмат көрсөтүүчү тарабынан бир нече эл аралык NOTAM уюму дайындалган учурларда, ар бир органдын жана ал тейлеген аймактын жоопкерчилик деңгээли аныкталат.
26. Зарыл болгон учурда аэронавигациялык маалымат кызматы эксплуатациялык талаптарга жооп берүү үчүн электр байланыштын жардамы менен туш-тушка жиберилген NОТАМ’кдарды чыгарууну жана кабыл алууну уюштурат.
27. Иш жүзүндө мүмкүн болгондо, аэронавигациялык маалымат кызматтарынын ортосунда аэронавигациялык берилмелердин жана аэронавигациялык маалыматтардын эл аралык алмашуусун жеңилдетүү үчүн түз байланыш түзүлөт.
28. ИКАОнун башка мамлекетинин аэронавигациялык маалымат кызматы сураган төмөндө келтирилген аэронавигациялык маалымат өнүмдөрүнүн ар биринин бирден экземпляры (эгер бар болсо), жарыялоого/сактоого жана туш-тушка жиберүүгө ыйгарым укук кандайдыр бир агенттикке же субъектиге өткөрүлүп берилген болсо дагы, өз ара макулдашылган формада (-ларда) акысыз берилет.
29. Аэронавигациялык маалыматтын өнүмдөрүнүн бирден экземпляры жана башка аэронавигациялык документтер, анын ичинде аэронавигацияга байланыштуу мыйзамдарды жана эрежелерди камтыган документтер менен алмашуу мамлекеттер менен уюмдардын ортосундагы макулдашууларга ылайык жүзөгө ашырылат.
30. Эгерде аэронавигациялык берилмелер жана аэронавигациялык маалыматтар аэронавигациялык маалымат кызматы тарабынан пайдаланылышы үчүн санариптик берилмелердин массивдери түрүндө берилсе, анда алар мамлекеттердин ортосундагы макулдашуулардын негизинде берилет.
Эскертүү. Мунун мазмуну мамлекеттердин, ушул Эрежелердин 19-пунктунда көрсөтүлгөн максаттар үчүн, маалыматтарга жеткилик алуусунда жатат.
31. Келишим түзүүчү эмес мамлекеттер жана башка уюмдар тарабынан аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды, анын ичинде аэронавигациялык маалымат өнүмдөрүнүн элементтерин жана башка аэронавигациялык документтерди, анын ичинде аэронавигацияга байланыштуу мыйзам чыгаруучу актыларды жана эрежелерди камтыган документтерди алуу катышкан мамлекеттер менен уюмдардын ортосундагы өзүнчө макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат. катышкан мамлекеттер менен уюмдардын ортосунда.
32. Берилмелердин массивин көрсөтүү үчүн, глобалдык функционалык шайкештикти камсыздаган аэронавигациялык берилмелер жана аэронавигациялык маалыматтар менен алмашуу моделдери колдонулат.
1) Глобалдык функционалык шайкештикти камсыздаган аэронавигациялык берилмелер жана аэронавигациялык маалыматтар менен алмашуу моделдерине карата техникалык талаптар ИКАОнун Doc 10066 документине камтылган.
2) Глобалдык функционалык шайкештикти камсыздаган аэронавигациялык берилмелер жана аэронавигациялык маалыматтар менен алмашуу моделдерине карата нускама материал ИКАОнун Doc 8126 документине камтылган.
§ 6. Автордук укуктар
33. Аэронавигациялык кызмат көрсөтүүчү тарабынан автордук укук менен корголгон жана §5-ка ылайык башка аэронавигациялык маалымат кызматына өткөрүлүп берилген АМК өнүмү үчүнчү жакка, ошол үчүнчү жак өнүмдүн автордук укук менен корголгону жөнүндө маалымдалган жана анын Кыргыз Республикасынын АМКсы тарабынан автордук укук менен корголгондугу жөнүндө жазуу болгон шарттарда берилет.
§ 7. Чыгымдардын ордун толтуруу
34. Аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды чогултуу жана жыйноо менен байланышкан кошумча чыгымдар ИКАОнун Doc 9082 документине киргизилген аэропорттук жыйымдарга жана аэронавигациялык кызматтар үчүн жыйымдарга карата ИКАОнун саясатында камтылган принциптерге ылайык нарк негизине киргизилиши керек.
АМКнын аэронавигациялык маалыматтын конкреттүү өнүмүн көрсөтүү үчүн жеке керектөөчүдөн алынган төлөмдүн өлчөмү кагаз көчүрмөлөрүн басып чыгарууга же электрондук маалымат сактоочуларына чыгарууга жана аларды жайылтууга кеткен чыгымдарга негизделиши мүмкүн.
БӨЛҮМ IV. АЭРОНАВИГАЦИЯЛЫК МААЛЫМАТТЫ БАШКАРУУ
ГЛАВА 4. МААЛЫМАТТЫ БАШКАРУУГА БОЛГОН ТАЛАПТАР
36. Аэронавигациялык маалымат кызматы тарабынан аныкталган маалыматтык башкаруу ресурстары жана процесстери аба кыймылын башкаруу системасынын чектеринде кепилденген сапаттагы аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды өз убагында чогултууну, иштеп чыгууну, сактоону, интеграциялоону, алмашууну жана жеткирүүнү камсыз кылуу үчүн жетиштүү болуп саналат.
§ 8. Берилмелердин сапатына болгон талаптар
37. Берилмелердин тактыгы
Аэронавигациялык маалыматтардын тактык даражасы анын болжолдолгон пайдаланылышы менен аныкталат.
Эскертүү. Аэронавигациялык берилмелердин тактыгынын тартибине (анын ичинде ыктымалдуулук деңгээлине) тиешелүү мүнөздөмөлөр ИКАОнун Doc 10066 документинин 1-кошумчасында келтирилген.
38. Берилмелердин өлчөмү
Аэронавигациялык берилмелердин өлчөмү маалыматтардын чыныгы тактыгына шайкеш келет.
1) Аэронавигациялык берилмелердин өлчөмүнө тиешелүү техникалык мүнөздөмөлөр ИКАОнун Doc 10066 документинин 1-кошумчасында келтирилген.
2) Берилмелер базасында камтылган берилмелердин өлчөмү жарыяланган берилмелердин өлчөмү менен бирдей же андан жогору болушу мүмкүн.
§ 9. Берилмелердин бүтүндүгү
39. Аэронавигациялык берилмелердин бүтүндүгү, ал түзүлгөн учурдан баштап, кийинки болжолдолгон колдонуучуга чейин, бардык маалымат тутумунда сакталат.
1) Аэронавигациялык берилмелер үчүн бүтүндүктү классификациялоого тиешелүү техникалык талаптар ИКАОнун Doc 10066 документинин 1-кошумчасында келтирилген.
40. Колдонулуп жаткан бүтүндүктүн классификациясына жараша, валидация жана верификация процедуралары киргизилет жана алар:
1) кадимки берилмелерге карата: берилмелерди иштеп чыгуу баскычында бурмалоонун алдын алат;
2) маанилүү берилмелерге карата: бурмалоо процесстин эч бир баскычында болбошуна кепилдик берет жана зарыл болгон учурда, бул баскычта берилмелердин бүтүндүгүнө кошумча кепилдиктерди алуу максатында, системанын жалпы архитектурасында мүмкүн болгон тобокелдиктерди жоюу үчүн кошумча процесстерди камсыз кылышы мүмкүн;
3) кескин берилмелерге карата: бурмалоо процесстин эч бир баскычында болбошуна кепилдик берет жана берилмелердин бүтүндүгүнүн мүмкүн болгон тобокелдиктери катары, системанын жалпы архитектурасын кылдат талдоонун натыйжасында аныкталган кемчиликтердин кесепеттерин толук жоюу үчүн, бүтүндүктү кепилдөөнүн кошумча процедураларын камсыздайт.
41. Берилмелердин байкалуусу
Аэронавигациялык берилмелердин байкалуусу бул берилмелер колдонулуп жаткан мезгилде толук камсыздалып, сакталат.
42. Берилмелердин өз убактылуулугу
Берилмелердин өз убактылуулугу берилмелердин элементтеринин иштөө мөөнөтүн чектөө жолу менен камсыздалат.
1) чектелген мөөнөттөр берилелердин өзүнчө элемепнттерине жана берилмелердин массивине тиешелүү.
2) эгерде иштөө мөөнөтү берилмелер массиви үчүн аныкталган болсо, анда ал берилмелердин бардык жеке элементтеринин иштөө мөөнөттөрүн эске алат.
43. Берилмелердин толуктугу
Аэронавигациялык берилмелердин толуктугу алардын болжолдолгон колдонуусун колдоо максатында камсыздалат.
43.Берилмелердин форматы
Көрсөтүлгөн аэронавигациялык берилмелердин форматы, алардын сунушталган колдонуусуна ылайык келген түрдө интерпретациялоо үчүн, адекваттуу болуп саналат.
§ 10. Аэронавигациялык берилмелердин жана аэронавигациялык маалыматтардын валидациясы жана верификациясы
44. Аэронавигациялык маалымат кызматына сунушталаардан мурун, аэронавигациялык маалымат өнүмүнүн бир бөлүгү катары киргизилген, чыгарылуучу материал, анын бардык керектүү маалыматтарды камтыгандыгына жана анын ар бир деталы туура экенине ынануу үчүн кылдаттык менен текшерилет.
45. Аэронавигациялык маалымат кызматы алынган аэронавигациялык берилмелердин жана аэронавигациялык маалыматтардын сапатына коюлган талаптарын сактоону камсыздоо үчүн верификация жана валидация процедурасын белгилейт.
§ 11. Берилмелердеги каталарды табуу
46. Аэронавигациялык берилмелерди жана санариптик берилмелердин массивдерин берүүдө жана сактоодо каталарды аныктоо ыкмалары колдонулат.
47. Санариптик берилмелердин каталарын аныктоо ыкмалары ушул Эрежелердин §9-та көрсөтүлгөндөй, берилмелердин бүтүндүгүнүн бардык деңгээлдеринде колдонулат.
Эскертүү. Санариптик берилмелердеги каталарды аныктоо ыкмалары боюнча толук техникалык талаптар ИКАОнун Doc 10066 документинде камтылган.
§ 12. Автоматташтыруу каражаттарын колдонуу
48. Автоматташтыруу каражаттары аэронавигациялык маалымат кызматтарынын ыкчамдыгын, сапатын, натыйжалуулугун жана рентабелдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн колдонулат.
Эскертүү. Берилмелер базаларын иштеп чыгуу жана берилмелер менен алмашуу кызматын түзүү боюнча нускама материал ИКАОнун Doc 8126 документинде камтылган.
49. Автоматташтыруу каражаттарын киргизүүдө берилмелердин жана маалыматтардын бүтүндүгүнө тийиштүү көңүл бурулат жана тобокелдик факторлору аныкталган учурда, аларды четтетүү чаралары көрүлөт.
1) Автоматташтырууну киргизүү учурунда система күтүлбөгөн жерден үзгүлтүккө учурап калса, берилмелердин жана маалыматтын бүтүндүгүн бузуу коркунучу пайда болушу мүмкүн.
50. Берилмелердин сапатына коюлган талаптарды сактоо үчүн, автоматташтыруу каражаттары:
1) берилмелерди иштеп чыгуу тутумуна катышкан тараптардын ортосунда аэронавигациялык берилмелер менен алмашууга мүмкүндүк берет;
2) глобалдык өз ара иштешүүгө арналган аэронавигациялык маалымат алмашуу моделдерин жана берилмелер менен алмашуу моделдерин колдонот.
§ 13. Сапатты башкаруу системасы
51. §4-та көрсөтүлгөн аэронавигациялык маалымат кызматынын бардык функцияларын камтыган сапатты башкаруу системаларынын түзүлүшү жана иштешин колдоо камсыз кылынат. Ар бир функционалдык кадам үчүн сапатты башкаруунун мындай системаларын колдонуу ыкмалары көрсөтүлөт.
52. Сапатты башкаруу маалыматтарды даярдоодон баштап, кийинки божомолдолгон колдонуучуга жиберүүгө чейинки маалыматтардын пландалган колдонулушун эске алуу менен, аэронавигациялык берилмелердин бардык тутумунда колдонулушу керек.
53. 59-пунктка ылайык уюштурулган сапатты башкаруу системасы ISO 9000 сериясындагы сапатка кепилдик берүү стандарттарынын талаптарына шайкеш келип, аккредитацияланган сертификаттоо боюнча орган тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек.
54. Түзүлгөн сапатты башкаруу системасынын алкагында ар бир функцияны аткаруу үчүн зарыл болгон компетенциялар жана алар менен байланышкан билим, билгичтик жана жөндөмдөр аныкталат, ал эми ушул функцияларды аткарууга дайындалган персонал тийиштүү деңгээлдеги даярдыкка ээ. Персоналдын, ага жүктөлгөн конкреттүү функцияларды аткарууга керектүү компетенттүүлүккө ээ болушун камсыздоо үчүн процесстер киргизилет. Персоналдын квалификациясын тастыктоого мүмкүнчүлүк берген тийиштүү учет жүргүзүлөт. Баштапкы жана мезгил-мезгили менен жүргүзүлүүчү текшерүүлөр уюштурулуп, алардын жүрүшүндө персонал талап кылынган компетенттүүлүккө ээ экендигин көрсөтүшү керек. Персоналды мезгил-мезгили менен текшерип туруу алардын билиминдеги, билгичтигиндеги жана жөндөмүндөгү кемчиликтерди аныктоо жана оңдоо каражаты катары колдонулат.
55. Ар бир сапатты башкаруу системсы керектүү саясатты, процесстерди жана процедураларды, анын ичинде метаберилмелерди колдонууну камтыйт, жана ошону менен, колдонууда табылган бардык аномалиялардын же каталардын негизги себептери боюнча идентификациялоо, аларды оңдоо жана алар жөнүндө тийиштүү колдонуучуларды маалымдоо максатында, аэронавигациялык маалымат берилмелеринин толук тутуму боюнча аэронавигациялык берилмелердин байкалуусун камсыздоого жана текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет.
56. Түзүлгөн сапатты башкаруу системасынын жардамы менен колдонуучулар керектүү кепилдиктерди алышат жана жайылтылган аэронавигациялык берилмелер жана аэронавигациялык маалыматтар аэронавигациялык берилмелердин сапатына коюлган талаптарга жооп берет деп ишенишет.
57. Сапатты башкаруунун учурдагы системасынын сакталышын көзөмөлдөө үчүн бардык чаралар көрүлөт.
58. Сапатты башкаруу системасынын коюлган талаптарга шайкештигин тастыктоо ревизия аркылуу жүргүзүлөт. Эгерде ылайык келбестиктер аныкталса, анын себеби аныкталат жана мындай ылайык келбестиктерди ашыкча кечиктирбестен четтетүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт. Ревизиянын жана кемчиликтерди жоюу аракеттеринин жыйынтыгы боюнча бардык корутундулар фактылар менен тастыкталып, тийиштүү түрдө документтештирилет.
§ 14. Адамдык фактордун аспектилерин эске алуу
59. Аэронавигациялык маалыматтык кызматтарды уюштурууда, ошондой эле аэронавигациялык берилмелерди жана аэронавигациялык маалыматтарды түзүүдө, алардын мазмунун аныктоодо, иштеп чыгууда жана жайылтууда, аларды оптималдуу пайдаланууга өбөлгө түзгөн адамдык фактордун аспекти эске алынат.
60. Маалыматтын бүтүндүгү адамдардын өз ара аракеттенүүсү талап кылынган учурларда жетиштүү деңгээлде эске алынат жана тобокелдик факторлору аныкталганда, аларды жоюу боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт.
1) Бул системаны, эксплуатациялык процедураларды конструктивдүү иштеп чыгуунун же эксплуатациялык шарттарды жакшыртуунун эсебинен ишке ашат.
БӨЛҮМ V. АЭРОНАВИГАЦИЯЛЫК БЕРИЛМЕЛЕРДИ ЖАНА АЭРОНАВИГАЦИЯЛЫК МААЛЫМАТТАРДЫ КОЛДОНУУ ЖААТЫ
ГЛАВА 5. АЭРОНАВИГАЦИЯЛЫК БЕРИЛМЕЛЕРДИ ЖАНА АЭРОНАВИГАЦИЯЛЫК МААЛЫМАТТАРДЫ КОЛДОНУУ
61. Аэронавигациялык маалымат кызматы тарабынан алынуучу жана башкарылуучу аэронавигациялык берилмелер жана аэронавигациялык маалыматтар, эң азында, төмөнкү ички тармактарды камтыйт:
1) улуттук ченемдер, эрежелер жана процедуралар.
2) аэродромдор жана вертодромдор.
3) аба мейкиндиги.
4) аба кыймылын тейлөө каттамдары.
5) приборлор боюнча учуу схемалары.
6) радионавигациялык каражаттар / системалар.
7) тоскоолдуктар.
8) жер.
9) географиялык маалымат.
Эскертүү 1. Техникалык талаптар ИКАОнун Doc 10066 документинин 1-кошумчасына камтылган.
Эскертүү 2. Ар бир ички тармактагы субаймактагы аэронавигациялык берилмелер жана аэронавигациялык маалыматтар бир нече уюмдар же органдар тарабынан түзүлүшү мүмкүн.
62. Аэронавигациялык берилмелерди аныктоо жана берүү аэронавигациялык берилмелердин түпкү колдонуучусунун муктаждыктарын канааттандыруу үчүн талап кылынган тактыкты жана бүтүндүктү классификациялоого ылайык аткарылат.
Эскертүү. Аэронавигациялык берилмелерге колдонулуучу тактыкты жана бүтүндүктү классификациялоонун техникалык талаптары ИКАОнун Doc 10066 документинин 1-кошумчасында келтирилген.
§ 15. Метаберилмелер
63. Метаберилмелерди топтоо аэронавигациялык берилмелерди иштеп чыгуу процесстери жана алмашуу пункттары үчүн жүргүзүлөт.
64. Метаберилмелерди топтоо, берилмелер түзүлгөн учурдан баштап, кийинки божомолдолгон колдонуучуга жиберилгенге чейин, аэронавигациялык маалыматтын бүтүн тутумунда колдонулат.
1) Метаберилмелерге тиешелүү техникалык талаптар ИКАОнун Doc 10066 документинде камтылган.
БӨЛҮМ VI. АЭРОНАВИГАЦИЯЛЫК МААЛЫМАТ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ӨНҮМДӨР ЖАНА КЫЗМАТТАР
ГЛАВА 6. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
65. Аэронавигациялык маалымат аэронавигациялык маалымат өнүмдөрү жана ага байланыштуу кызматтар түрүндө берилет.
1) Ар бир аэронавигациялык маалымат өнүмү үчүн берилген аэронавигациялык берилмелердин өлчөмүнүн даражасына байланыштуу техникалык талаптар ИКАОнун Doc 10066 документинин 1-кошумчасында келтирилген.
66. Аэронавигациялык берилмелер жана аэронавигациялык маалыматтар ар кандай форматтарда берилген учурларда, ар кандай форматтагы берилмелердин жана маалыматтардын ырааттуулугун камсыз кылуучу процесстер киргизилет.
§16. Аэронавигациялык маалымат түшүнүгүнүн стандартташтырылган форматы
67. Стандартташтырылган форматта берилген аэронавигациялык маалыматтар Аэронавигациялык маалымат жыйындыларын (AIP), AIP түзөтүүлөрүн, AIP кошумчаларын, AIC, NOTAM жана аэронавигациялык карталарды камтыйт.
1) AIP’ге, AIP түзөтүүлөрүнө, AIP кошумчаларына, AIC жана NOTAM’га тиешелүү техникалык талаптар ИКАОнун Doc 10066 документинде камтылган.
2) Санариптик берилмелердин массивдери көрүнүштүн стандартташтырылган форматынын тийиштүү элементтерин алмаштыра ала турган жагдайлар ИКАОнун Doc 10066 документинде каралат.
3) AIP, AIP түзөтүүлөрү, AIP жана AIC кошумчалары басма жана / же электрондук документ түрүндө берилет.
4) Электрондук документ (eAIP) түрүндө берилген AIP, AIP түзөтүүлөрү, AIP жана AIC кошумчаларымаалыматтын электрондук шаймандарда көрсөтүлүшүн да, басылып чыккан көчүрмөлөрүн даярдоону да камсыз кылышы керек.
68. Аэронавигациялык маалымат жыйындысы
1) AIP биринчи кезекте аэронавигацияны камсыздоо үчүн зарыл болгон узак мөөнөттүү аэронавигациялык маалымат алмашуунун эл аралык муктаждыгын канааттандырууга багытталган.
2) AIP үзгүлтүксүз маалыматтын жана узак мөөнөттүү мүнөздөгү убактылуу өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтын негизги булагы болуп саналат.
Аэронавигациялык маалыматтардын жыйындысы төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) AIP’де маалыматтар камтылган аэронавигациялык каражаттар, тейлөө же процедуралар үчүн жоопкерчиликтүү компетенттүү органдын аталышы;
2) эл аралык колдонуу үчүн кызматтарды же каражаттарды сунуштоонун жалпы шарттары;
3) колдонуучуга мамлекеттин талаптары менен ИКАОнун тийиштүү талаптарынын ортосундагы айырмачылыкты тез аныктоого мүмкүнчүлүк берген формада улуттук эрежелердин жана мамлекеттин практикасынын жана тийиштүү ИКАОнун Стандарттары, Сунушталган тажрыйбасы жана Эрежелеринин ортосундагы чоң айырмалардын тизмеси;
4) ИКАОнун Стандарттары, Сунушталган тажрыйбасы жана Эрежелеринде альтернативдүү аракеттердин варианты каралган ар бир маанилүү учурда, мамлекеттин тандоосун көрсөтүү.
69. AIP’ге кошумча
AIP’ге болгон өз күчүндөгү кошумчалардын көзөмөлдөлгөн тизмеси үзгүлтүксүз түрдө берилип турат.
1) AIP’ге болгон өз күчүндөгү кошумчаларды берүүнүн жыштыгына байланыштуу техникалык талаптар ИКАОнун Doc 10066 документинде камтылган.
70. Аэронавигациялык маалыматтын циркулярлары
1) AIC төмөндө келтирилген маалыматтарды берүү үчүн колдонулат:
а) мыйзамдардагы, жазма буйруктардагы, эрежелердеги же каражаттардагы олуттуу өзгөрүүлөргө байланыштуу узак мөөнөттүү божомол.
б) учуу коопсуздугуна таасир этиши мүмкүн болгон, жөн гана түшүндүрүүчү же кеңеш берүүчү мүнөздөгү маалыматтар.
в) техникалык, мыйзам чыгаруу же административдик маселелер боюнча түшүндүрмө же кеңеш берүү мүнөзүндөгү маалымат же кабарлоо.
2) AIC AIP’ке же NOTAM’га киргизүү критерийлерине жооп берген маалыматты жайылтуу үчүн колдонулбайт.
3) Учурда колдонулуп жаткан AIC’нин, актуалдуулугу, кеминде, жылына бир жолу каралат.
4) Учурдагы колдонулуп жаткан AIC’нин көзөмөлдөлгөн тизмеси үзгүлтүксүз түрдө берилип турат.
5) Учурдагы колдонулуп жаткан AIC’нин көзөмөлдөлгөн тизмесин берүүнүн жыштыгына тиешелүү техникалык талаптар ИКАОнун Doc 10066 документинде камтылган.
71. Аэронавигациялык карталар
Эскертүү. 4-КРАЭде картанын ар бир түрүн берүү боюнча талаптар камтылган.
Төмөндө тизмеленген аэронавигациялык карталар (ИКАО), эгерде белгиленген эл аралык аэродромдор / вертодромдор үчүн мындайлар бар болсо, AIP’нин курамына кирет же AIP’нин алуучуларына өзүнчө берилет:
1) аэродромдун / вертодромдун картасы;
2) жер үстүндөгү аэродромдук кыймылдын картасы;
3) аэродромдук тоскоолдуктардын картасы, А түрү;
4) аэродромдук тоскоолдуктардын картасы, В түрү;
5) аэродром аймагындагы жердин жана тоскоолдуктардын картасы (электрондук);
6) аба кемесинин токтоочу жайынын / аны токтоочу жайга коюунун картасы;
7) аймактын картасы;
8) AКБнын минималдык абсолюттук бийиктиктеринин жалпы картасы;
10) приборлор боюнча конууга кирүү картасы;
11) тактык менен конууга кирүү үчүн жердин картасы;
12) приборлор боюнча стандарттуу келүү картасы (STAR);
14) приборлор боюнча стандарттуу учуу картасы (SID);
15) конууга визуалдуу түрдө кирүү картасы.
Эскертүү. AIP’деги ички чөнтөктү аэродромдун аймагындагы жердин жана тоскоолдуктардын картасын (электрондук) тийиштүү электрондук маалымат сактоочуга жайгаштыруу үчүн колдонууга болот.
72. "Каттам картасы (ИКАО)", эгер ал болсо, AIP’нин курамына кирет же AIP’ни алуучуларга өзүнчө берилет.
73. Төмөндө тизмеленген аэронавигациялык карталар (ИКАО), эгер алар болсо, аэронавигациялык маалымат өнүмдөрүнүн түрүндө берилет:
1) 1:1 000 000 масштабындагы дүйнөнүн аэронавигациялык картасы;
2) 1:500 000 масштабындагы дүйнөнүн аэронавигациялык картасы;
3) майда масштабдагы аэронавигациялык карта;
4) багыт салуу үчүн карта.
74. Санариптик берилмелердин базаларына жана географиялык маалыматтык системаларын колдонууга негизделген электрондук аэронавигациялык карталарды берүү керек.
75. Картадагы аэронавигациялык берилмелердин өлчөмүнүн даражасы белгилүү бир картада каралган даражага дал келет.
1) Картадагы аэронавигациялык берилмелердин өлчөмүнүн даражасына тиешелүү техникалык талаптар ИКАОнун Doc 10066 документинин 1-кошумчасында келтирилген.
76. NOTAM
1) NOTAM’га тиешелүү техникалык талаптар, анын ичинде SNOWTAM жана ASHTAM форматтары, ИКАOнун Doc 10066 документинде камтылган. Колдонуудагы NOTAM’дардын көзөмөлдөлгөн тизмеси үзгүлтүксүз түрдө берилип турат.
2) Колдонуудагы NOTAM’дардын көзөмөлдөлгөн тизмесин берүү жыштыгына тиешелүү техникалык талаптар ИКАОнун Doc 10066 документинде каралган.
§ 17. Санариптик берилмелердин массивдери
77. Жалпы жоболор
1) Төмөнкү санариптик берилмелердин массивдери түрүндө берилген, уюштурулган санариптик берилмелер:
а) AIP берилмелеринин массиви;
б) жер жөнүндө берилмелердин массиви;
в) тоскоолдуктар жөнүндө берилмелердин массивдери;
г) аэродромдн картографиялык берилмелеринин массивдери;
д) приборлор боюнча учуу схемалары жөнүндө массивдер.
Эскертүү. Санариптик берилмелердин массивдеринин мазмндарына тиешелүү техникалык талаптар ИКАОнун Doc 10066 документтеринде камтылган.
2) Ар бир берилмелердин массиви кийинки болжолдолгон колдонуучуга, жок дегенде, байкалууну камсыз кылган минималдуу метаберилмелердин массиви менен кошо берилет.
Эскертүү. Метаберилмелерге тийиштүү техникалык талаптар ИКАОнун Doc 10066 документинде камтылган.
3) Колдонуудагы берилмелер массивинин көзөмөлдөлгөн тизмеси үзгүлтүксүз негизде берилет.
78. AIP берилмелер массиви
1) AIP’де камтылган маалыматтын бардык көлөмүн камтыган AIP берилмелеринин массивин берүү керек;
2) AIP берилмелер массивин толук берүү мүмкүн болбогон учурларда, колдогу берилмелер массивдерин берүүгө жол берилет;
3) AIP берилмелер массиви аэронавигациялык максаттар үчүн маанилүү болгон үзгүлтүксүз мүнөздөгү аэронавигациялык маалыматтардын санариптик чагылдырылышын (туруктуу маалыматты жана үзгүлтүксүз мүнөздөгү убактылуу өзгөрүүлөрдү) камтыйт.
79. Жер жана тоскоолдуктар жөнүндө берилмелер массиви
Эскертүү 1. – Жер жана тоскоолдуктар жөнүндө берилмелер массиви үчүн санариптик маалыматка болгон талаптар ИКАОнун Doc 10066 документинин 1 жана 8-кошумчаларында камтылган.
Эскертүү 2. - Жер жана тоскоолдуктар жөнүндө берилмелерди топтоонун беттерине тиешелүү талаптар ИКАОнун Doc 10066 документинин 8-кошумчасында келтирилген.
1) Жер жана тоскоолдуктар жөнүндө берилмелердин массивдери үчүн камтылган аймактар төмөнкүдөй аныкталат:
а) 1-аймак: мамлекеттин бардык аймагы;
б) 2-аймак: аэродромдун айланасында төмөндө көрсөтүлгөндөй бөлүнөт;
в) 2а аймагы: УКТнын айланасындагы тик бурчтуу аймак, ага учуу тилкеси жана тоскоолдуктары жок башка каалаган тилке кирет, 14-КРАЭде учуу тилкелеринин өлчөмү боюнча талаптар камтылган;
г) 2b аймагы: ар бир тарапка 15% айырма менен 10 км аралыкка учуу багытында 2а аймагынын аягынан созулган зона.
д) 2c аймагы: 2a жана 2b аймагынын сырткы тарабынан 2a аймагынын чек арасынан 10 км ашык эмес аралыкка чейин созулган зона.
е) 2d аймагы: 2а, 2b жана 2c аймактарынын сырткы тарабынан, жакындыгына жараша, аэродромдун көзөмөлдүк чекитинен 45 кмге чейинки аралыкка же учурдагы ТМА чегине чейин созулган зона.
ж) 3-аймак: аэродромдун жумушчу аянтына чектеш зона, ал горизонталдуу багытта УКТнын чет жээгинен УКТнын октук сызыгынан 90 м аралыкка жана аэродромдун жумушчу аянтынын калган бардык бөлүктөрүнүн чет жээгинен 50 м аралыкка созулат.
з) 4-аймак: II же III категория боюнча конууга кирүүнү так аткаруу үчүн жабдылган УКТга конууга кирүү багытында, УКТнын босогосунан 900 м аралыкка чейин жана УКТнын узартылган октук сызыгынын ар тарабынан 60 м аралыкка чейин созулган зона.
2) Эгерде УКТнын босогосунан 900 метрден (3000 фут) ашык аралыктагы жер тоолуу же башкача түшүнүктөр боюнча өзгөчө болсо, 4-аймактын узундугун УКТнын босогосунан 2000 метрден (6500 фут) ашпаган аралыкка көбөйтүү керек.
80. Жер жөнүндө берилмелердин массивдери
1) жер жөнүндө берилмелердин массивдери белгилүү бир тордун бардык түйүндөрүндө (чекиттеринде) жалпы базадан эсептелген чектен ашуунун чоңдуктарынын үзгүлтүксүз катар түрүндө жердин бети жөнүндө маалыматтын санариптик чагылдырылышын камтыйт;
2) жер жөнүндө берилмелер 1-аймак үчүн берилет;
3) Эл аралык жарандык авиация тарабынан үзгүлтүксүз колдонулган аэродромдордо жер жөнүндө берилмелер төмөнкүлөр үчүн берилет:
а) 2а аймагы.
б) учуу траекториясынын зоналары.
в) аэродромдун тоскоолдуктарды чектөө беттеринин каптал чектериндеги зоналар.
81. Эл аралык жарандык авиация тарабынан үзгүлтүксүз колдонулган аэродромдор үчүн 2-аймактын жери жөнүндө төмөндө көрсөтүлгөндөй кошумча берилмелерди берүү керек:
1) ARP’ден 10 км радиуска созулган зонада;
2) 10 км радиустуу тегерек менен ТМА чегиндеги же 45 км радиустуу тегеректин ичиндеги зонанын чегинде (кайсынысы азыраак болгонуна жараша), анда жер УКТнын эң аз чектен ашуусунан 120 метрге жогору жайгашкан жер онүндө берилмелерди эске алуунун горизонталдуу бетинин чегинен чыгат.
82. Бир жер жөнүндө берилмелер туура болуусун камсыз кылуу үчүн, тийиштүү камтуу зоналарын коюуда, чектешкен аэродромдор үчүн жер жөнүндө берилмелерди берүү координациясына тиешелүү макулдашууларды түзүү зарыл.
83. Аймактык чектерге жакын жайгашкан аэродромдор үчүн жер жөнүндө берилмелерди биргеликте колдонуу максатында, макулдашууларды тийиштүү мамлекеттердин ортосунда түзүү керек.
84. Эл аралык жарандык авиация тарабынан үзгүлтүксүз колдонулган аэродромдор үчүн, жер жөнүндө берилмелерди 3-аймак үчүн берүү керек.
85. Эл аралык жарандык авиация тарабынан үзгүлтүксүз колдонулган аэродромдор үчүн, II категория боюнча конууга так кирүүлөр аткарылган же аларга карата эксплуатанттарга, алар радио бийиктик ченегичтерди колдонууда чечим кабыл алуу бийиктигин аныктоого жердин тийгизген таасирин баалоого мүмкүндүк берген, жер жөнүндө кеңири маалымат талап кылынган бардык УКТ үчүн 4-аймак боюнча жер жөнүндө берилмелер көрсөтүлөт.
86. Башка авиациялык талаптарды канааттандыруу максатында, жер жөнүндө кошумча маалыматтар түзүлүп жаткан учурда, жер жөнүндө берилмелердин массивдерин, бул кошумча берилмелерди кошуу максатында кеңейтүү зарыл.
87. Тоскоолдуктар жөнүндө берилмелердин массиви
1) тоскоолдуктар жөнүндө берилмелердин массивдери тоскоолдуктардын вертикалдык жана горизонталдык өлчөмдөрүнүн санариптик көрсөтмөлөрүн камтыйт;
2) тоскоолдуктар жөнүндө берилмелер жер жөнүндө берилмелердин массивине кирбейт;
3) тоскоолдуктар жөнүндө берилмелер 1-аймактагы жерден 100 м же андан ашык бийиктиктеги тоскоолдуктарга карата берилет;
4) эл аралык жарандык авиация тарабынан үзгүлтүксүз колдонулган аэродромдор үчүн, 2-аймактын ичинде жайгашкан, баалоого ылайык, аэронавигацияга коркунуч туудурган бардык тоскоолдуктарга карата тоскоолдуктар жөнүндө маалыматтар берилет.
88. Эл аралык жарандык авиация тарабынан үзгүлтүксүз колдонулган аэродромдор үчүн тоскоолдуктар жөнүндө маалыматтар төмөнкүлөр үчүн берилет:
1) УКТнын айланасында тик бурчтуу зонаны элестеткен, жайкы тилкени жана тоскоолдуктары жок дагы бир каалаган башка тилкени камтыган, тоскоолдуктар жөнүндө берилмелерди эске алуунун бетинен ашып өткөн тоскоолдуктарга карата 2a аймагы. 2а аймагынын тоскоолдуктарды эске алуунун бети, УКТнын октук сызыгы боюнча ченелген, жакынкы УКТнын үстүндө 3 м бийиктикте жайгашат, ал эми тилкеге тиешелүү, тоскоолдуктары жок зоналарда, эгер ал болсо, УКТнын жакынкы аягынын чегинен ашууга ылайык келүүчү деңгээлде жайгашат.
2) 1,2% эңкейишке ээ болгон жана учуу траекториясынын зонасы менен жалпы башталышка ээ болгон тегиз беттин үстүндөгү учуу траекториясынын зонасындагы объектилер;
3) аэродромдун тоскоолдуктарынын чектөө беттеринин чегинен чыккан тоскоолдуктар.
Эскертүү. Учуу траекториясынын зоналары 4-КРАЭ тарабынан аныкталат. Аэродромдун аймагындагы тоскоолдуктарды чектөө беттери 14-КРАЭде аныкталган.
89. Эл аралык аэродромдор үчүн тоскоолдуктар жөнүндө берилмелерди эске алуунун тийиштүү бетинин чегинен чыккан тоскоолдуктар үчүн 2b, 2c жана 2d аймактары боюнча тоскоолдуктар жөнүндө маалыматтар төмөндө көрсөтүлгөндөй берилет:
1) 2b аймагы: 2a аймагынын аягынан учуу багытында ар бир багытта 15% четтөө менен 10 км аралыкка созулган аймак. 2b аймагынын тоскоолдуктарды эсепке алуу бети 1,2%га чейин эңкейишке ээ жана УКТнын аягынын чегинен ашуу деңгээлинде 2a аянтынын аягынан баштап, ар тарапка 15% айырмачылык менен 10 км аралыкка созулат;
2) 2c аймагы: 2a жана 2b аймагынын сырткы тарабынан 2а аймагынын чегинен 10 километрден ашык эмес аралыкка чейин созулган зона. 2c аймагынын тоскоолдуктарды эске алуу бети 1,2% эңкейишке ээ болот жана 2а жана 2b аймагынын сырткы тарабынан 2а аймагынын чегинен 10 километрден ашпаган аралыкка чейин созулат. 2c аймагынын баштапкы чектен ашуусу ал башталган 2a аймагынын чектен ашуу чекитине дал келет;
3) 2d аймагы: жакындыгына жараша, аэродромдун көзөмөлдүү чекитинен же азыркы ТМА чегине чейин 45 километрге чейин созулган 2а, 2b жана 2c аймактарынын сырткы тарабындагы аймак. 2d аймагынын тоскоолдуктарды эске алуу бети жерден 100 м бийикте жайгашкан;
Ошол эле учурда, 2b аймагында 3 м бийиктиктен төмөн жана 2c аймагында жер үстүнөн 15 м бийиктикке жетпеген тоскоолдуктар жөнүндө берилмелерди эске алуунун зарылчылыгы жок.
90. Бир эле тоскооолдуктар жөнүндө берилмелердин туура болушун камсыздоо үчүн, тийиштүү камтуу зоналарын коюуда коңшу аэродромдор үчүн тоскоолдуктар жөнүндө берилмелерди берүү координациясына карата макулдашууларды түзүү зарыл.
91. Аймактык чектерге жакын жайгашкан аэродромдор үчүн тоскоолдуктар жөнүндө берилмелерди биргеликте колдонуу максатында, макулдашууларды тийиштүү мамлекеттердин ортосунда түзүү керек.
92. Эл аралык жарандык авиация тарабынан үзгүлтүксүз колдонулган аэродромдор үчүн, тоскоолдуктар жөнүндө берилмелерди 3-аймак үчүн, аэродромдун жумушчу аянтындагы жакынкы чекит аркылуу өткөн горизонталдуу тегиздиктин үстүнөн жарым метр (0,5 м) бийиктикте жайгашкан тоскоолдуктар жөнүндө тийиштүү берилмелерди эске алуу бетинин чегинен чыккан тоскоолдуктарга карата берүү керек.
93. Эл аралык жарандык авиация тарабынан үзгүлтүксүз колдонулган аэродромдор үчүн, II же III категория боюнча конууга так кирүүлөр аткарылган УКТ үчүн 4-аймак боюнча тоскоолдуктар жөнүндө берилмелер көрсөтүлөт.
94. Кошумча тоскоолдуктар жөнүндө маалыматтар башка авиациялык керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн түзүлгөн учурда, тоскоолдуктар жөнүндө берилмелердин массивдерин ушул кошумча берилмелерди кошуу максатында кеңейтүү керек.
95. Аэродромдук картографиялык берилмелеринин массивдери
1) аэродромдун картографиялык берилмелеринин массивдери аэродромдун элементтеринин санариптик чагылдырылышын камтыйт, аэродромдун элементтери чекиттер, сызыктар же көп бурчтуктар катары мүнөздөлгөн атрибуттардан жана геометриядан турат.
2) Аэродромдук картографиялык берилмелердин массивдерин эл аралык аэродромдорго берүү керек.
96. Приборлор боюнча учуу схемалары жөнүндө берилмелердин массивдери
1) Приборлор боюнча учуу схемалары жөнүндө берилмелердин массивдери
Приборлор боюнча учуу схемаларынын санариптик чагылдырылышын камтыйт.
2) Приборлор боюнча учуу схемалары жөнүндө берилмелердин массивдерин эл аралык аэродромдорго берүү керек.
§ 18. Туш-тушка жиберүү кызматы
97. Аэронавигациялык маалымат өнүмдөрү аларды сураган колдонуучуларга жиберилет.
98. AIP, AIP түзөтүүлөрү, AIP жана AIC кошумчалары тез жеткирүү каражаты аркылуу жиберилет.
99. Мүмкүн болсо, аэронавигациялык маалымат өнүмдөрүн берүү үчүн, Интернет сыяктуу глобалдык байланыш тармактары колдонулушу керек.
100. NOTAM жиберүү
1) NОТАМ сурам боюнча жиберилет;
2) NОТАМ ИКАОнун байланыш эрежелерине тиешелүү жоболоруна ылайык даярдалат;
3) NОТАМ’ды жиберүү үчүн, мүмкүнчүлүк боюнча авиациялык белгиленген кызматтын тармагы колдонулат;
4) NОТАМ AFS тармагы аркылуу эмес, башка ыкма менен берилген учурларда, тексттин алдына NОТАМ’дын түзүлгөн күнүн жана убактысын көрсөткөн алты орундуу топ жана түзүүчүнүн шарттуу белгилери коюлат. NОТАМ чыгаруучу мамлекет эл аралык туш-тушка жиберүүгө тийиш болгон NОТАМ’ды тандайт;
5) NОТАМ менен эл аралык алмашуу тийиштүү эл аралык NОТАМ органдарынын ортосундагы жана ошондой эле NOTAM органдары менен көп улуттуу NOTAM иштеп чыгуу борборлорунун ортосундагы өз ара макулдашуу боюнча гана аткарылат;
6) NOTAM чыгаруучу мамлекет сурам боюнча, эл аралык туш-тушка жиберүүгө тийиш болгондордон айрымаланган NOTAM серияларын туш-тушка жиберүүгө уруксат берет;
7) мүмкүн болгон учурларда, туш-тушка жиберүүнүн тандалма тизмелери колдонулат.
Эскертүү. Туш-тушка жиберүүнүн тандалма тизмеси ИКАОнун Doc 8126 документинде камылган.
§ 19. Учуу алдындагы маалыматтык тейлөө
101. Эл аралык учуулар үчүн колдонулган бардык аэродромдордо / вертодромдорго, учуу өндүрүшү менен байланышкан персонал, анын ичинде учуу экипаждары жана учуу алдындагы маалыматка жоопкерчиликтүү болгон кызматтар берилген аэродромдон/вертодромдон башталган каттамдын этаптарына тиешелүү аэронавигациялык маалымат менен камсыз кылынат.
102. Учуу алдындагы пландаштыруу максатында берилген аэронавигациялык маалымат аэронавигациялык маалымат өнүмдөрүнүн элементтеринен турган эксплуатациялык маанидеги маалыматтарды камтыйт.
1) Аэронавигациялык маалымат өнүмдөрүнүн элементтери ушул мамлекеттин басылмалары менен жана, мүмкүн болгон учурларда, коңшу мамлекеттердин басылмалары менен чектелиши мүмкүн, мындай учурда алар толук аэронавигациялык маалыматтарды камтыган борбордук китепкананын бар экендиги жана ушул китепкана менен түздөн-түз байланыш каражаттары берилгендиги менен шартталат.
2) Учуу экипажынын мүчөлөрүнө эксплуатациялык маанидеги жарактуу NOTAM’дардын кыскача аннотациясы жана башка уччу алдандагы маалыматтын бюллетендеринин (PIB) ачык тексти менен түзүлгөн шашылыш маалыматтар берилиши мүмкүн. PIB’ни даярдоо жөнүндө маалымат ИКАОнун Doc 8126 документинде камтылган.
§ 20. Учуудан кийинки маалыматтык тейлөө
103. Эл аралык учуулар үчүн колдонулган бардык аэродромдор / вертодромдор үчүн, учуу экипажынын мүчөлөрүнөн аэронавигациялык каражаттардын же кызматтардын абалы жана иштеши жөнүндө маалымат алуу үчүн чаралар көрүлөт.
104. 103-пунктта көрсөтүлгөн чаралар берилген маалыматты аэронавигациялык маалымат кызматына, кийинчерээк талапка ылайык туш-тушка жиберүү үчүн берүүнү камсыз кылат.
105. Эл аралык учуулар үчүн колдонулган бардык аэродромдор / вертодромдор үчүн, учуу экипажынын мүчөлөрүнөн жапайы жаныбарлар жараткан коркунучтун бар экендиги жөнүндө маалымат алуу үчүн чаралар көрүлөт.
106. Жапайы жаныбарлар тарабынан келтирилген коркунучутун бар экендиги жөнүндө маалымат аэронавигациялык маалымат кызматына аны кийинчерээк туш-тушка жиберүү үчүн берилет, 14-КРАЭде камтылган.
БӨЛҮМ VII. АЭРОНАВИГАЦИЯЛЫК МААЛЫМАТТЫ ЖАҢЫРТУУ
ГЛАВА 7. ЖАЛПЫ ТАЛАПТЫР
§ 21. Аэронавигациялык маалыматты регламентациялоо жана көзөмөлдөө (AIRAC)
107. Аэронавигациялык берилмелер жана аэронавигациялык маалыматтар мезгил-мезгили менен жаңыланып турат.
108. Төмөнкү жагдайлар жөнүндө маалымат жөнгө салуу системасына (AIRAC) ылайык таркатылат, ага ылайык белгилөө, жокко чыгаруу же олуттуу өзгөрүүлөр 28 күндүн аралыгында бирдей күчүнө кирүү датасы принцибине негизделген:
1) төмөнкүлөргө карата колдонулуучу чектер (горизонталдык жана вертикалдык), жазма буйруктар жана эрежелер:
а) учуу маалымат аймактары.
б) диспетчердик аймактар.
в) диспетчердик зоналар.
г) консультативдик зоналар.
д) аба кыймылын тейлөө каттамдары.
е)туруктуу кооптуу, учууга тыюу салынган жана учуу чектелген зоналар (белгилүү болгондо иштин түрүн жана мезгилин кошкондо) жана АЧКнын таануу зоналары (ADIZ).
ж) кармоого мүмкүнчүлүк бар туруктуу зоналар же каттамдар, же алардын бөлүктөрү.
2) Радионавигациялык каражаттардын, байланыш жана байкоо каражаттарынын жайгашкан жери, жыштыктары, чакыруу сигналдары, идентификаторлору, белгилүү четтөөлөрү, техникалык тейлөө мезгилдери.
3) Күтүү зонасындагы учуу, конууга кирүү, учуп келүү жана учуп кетүү, шуулдоону басуу схемалары жана башка АКУга тиешелүү эрежелер.
4) Өтүү эшелондору, өтүүнүн абсолюттук бийиктиктери жана сектордогу абсолюттук минималдуу бийиктиктер.
5) Метеорологиялык каражаттар (анын ичинде радиоберүүлөр) жана эрежелер.
6) УКТ жана аяккы токтоо тилкелери.
7) РЖ жана перрондор.
8) Аэродромдогу жерде иштөө процедуралары (начар көрүнүүдөгү процедураларды кошо алганда).
9) Жакындоо жана УКТ зонасынын жарык-сигна жабдуусу.
10) Аэродромдун эксплуатациялык минимуму, эгерде мамлекет жарыялаган болсо.
109. AIRAC системасы аркылуу берилген маалымат, көрсөтүлгөн жагдайлар убактылуу мүнөзгө ээ болгон жана бүткүл мезгил бою сакталбаган учурлардан тышкары, күчүндө болгон күндөн кийин, жок дегенде кийинки 28 күн ичинде өзгөрбөйт.
110. AIRAC системасы тарабынан берилген маалымат аэронавигациялык маалымат кызматынын (АМК) органы тарабынан алуучуларга күчүнө кирген күндөн кеминде 28 күн мурун жеткидей түрдө берилет.
Эскертүү. AIRAC маалыматы AIRAC системасы боюнча күчүнө киргенден кеминде 42 күн мурун, ал күчүнө киргенден 28 күн мурун алуучуларга жеткидей АМК органы тарабынан жиберилет.
111. AIRAC системасы боюнча дата жөнүндө маалымат берилбеген учурларда, NIL билдирүүсү AIRAC системасы боюнча тийиштүү күчүнө кирген күнгө чейин бир циклден кечиктирилбестен жөнөтүлөт.
112. AIRAC системасы боюнча күчүнө кирген күндөрүнөн айрымаланган күндөр картографиялык ишти талап кылган алдын-ала пландаштырылган, эксплуатация үчүн маанилүү өзгөрүүлөрдү киргизүү жана / же навигациялык берилмелердин базасын жаңыртуу үчүн колдонулбайт.
113. Жөнгө салуу системасы (АIRАС) төмөндө келтирилген жагдайлардын белгиленишине, жокко чыгарылышына же пландаштырылган олуттуу өзгөрүүлөрүнө тиешелүү маалыматты камсыз кылуу үчүн колдонулушу керек:
1) навигациянын тоскоолдуктарынын жайгашкан жери, бийиктиги жана аларды жарыктандыруу;
2) аэродромдордун, каражаттардын жана кызматтардын иштөө убактылары;
3) бажы, иммиграция жана санитардык кызматтар;
4) убактылуу кооптуу, учууга тыюу салынган жана чектелген учуу зоналары, ошондой эле навигация, аскердик машыгуулар жана аба кемелеринин массалык учуулары үчүн кооптуу шарттар;
5) кармоо мүмкүнчүлүгү бар убакыт алкактары же каттамдар же алардын бөлүктөрү.
114. Эгерде олуттуу өзгөрүүлөр пландаштырылып жаткан болсо жана алдын ала кабарлоо максатка ылайыктуу жана мүмкүн болсо, анда АМК органы алуучуларга күчүнө кирген күндөн кеминде 56 күн мурун жеткидей маалымат бериши керек. Бул жобону төмөндө келтирилген жагдайлар пайда болгон жана аларда пландаштырылган олуттуу өзгөрүүлөр болгон учурда жана, эгер зарыл болсо, башка олуттуу өзгөрүүлөргө карата, колдонуу зарыл:
1) эл аралык учууларды приборлор боюнча учуу эрежелери (ПУЭ) боюнча аткарууга багытталган жаңы аэродромдор;
2) эл аралык аэродромдордо ПУЭ боюнча учууларды аткарууга арналган жаңы УКТлар;
3) АКУ каттамдар тармагынын схемасы жана түзүмү;
4) аэродромдук схемалардын топтомунун курамы жана түзүмү (анын ичинде магниттик кыйшаюунун өзгөрүшүнө байланыштуу схемалардагы пеленгдин өзгөрүшү);
5) 108-пунктта келтирилген жагдайлар, эгерде толугу менен мамлекетке же анын кандайдыр бир олуттуу бөлүгүнө таасир этсе же трансчекаралык координация талап кылынса.
Эскертүү. Олуттуу өзгөрүү болуп саналган нерсе жөнүндө маалымат ИКАОнун Doc 8126 документине киргизилген.
§ 22. Аэронавигациялык маалыматтын өнүмдөрүн жаңыртуу
115. AIP’ни жаңыртуусу
1) аэронавигациялык маалымат жыйындылары аларды жаңыртуу үчүн зарыл болгон үзгүлтүксүз убакыт аралыктары менен өзгөртүлөт же чыгарылат;
2) аэронавигациялык маалымат жыйындысына болгон туруктуу өзгөрүүлөр AIP’ге түзөтүүлөр түрүндө жарыяланат;
3) узак мөөнөттүү мүнөздөгү убактылуу өзгөрүүлөр (3 ай же андан көп) жана кеңири текстти жана / же графикалык материалды камтыган кыска мөөнөттүү мүнөздөгү маалыматтар AIP’ге кошумча катары жарыяланат.
116. NOTAM
1) AIRAC эрежелерине ылайык AIP оңдоолору же толуктоолору жарыяланганда, "триггердик" NOTAM түзүлөт. "Триггердик" NOTAM үчүн техникалык талаптар ИКАОнун Doc 10066 документинде камтылган.
2) NOTAM жайылтылуучу маалымат убактылуу жана кыска мөөнөттүү мүнөзгө ээ болгон учурларда, же оперативдүү көз караштан алганда өтө маанилүү болгон туруктуу өзгөрүүлөр же узак мөөнөттүү мүнөздөгү убактылуу өзгөрүүлөр киргизилген учурларда, кеңири тексттик жана / же графикалык материалдарды эске албай түзүлүп, жарыяланат.
117. NОТАМ төмөндө көрсөтүлгөн маалыматка карата түзүлүп, чыгарылат:
1) аэродромдорду, вертодромдорду эксплуатациялоону баштоо, токтотуу же алардын иштөө режимин олуттуу өзгөртүү;
2) аэронавигациялык кызматтардын иштөөсүнүн башталышы, токтотулушу (аэродромдор, АМК, АКУ, байланыш, навигация жана байкоо, метеорологиялык кызматтар, издөө жана куткаруу ж.б.) же алардын иштөө режиминин олуттуу өзгөрүшү;
3) радионавигациялык кызматтардын жана «аба-жер» байланыш кызматтарынын иштешинин башталышы, токтотулушу же алардын иштөө режиминин олуттуу өзгөрүшү, ага төмөнкүлөр кирет:
а) иштин убактылуу токтотулушу же калыбына келтирилиши.
б) жыштыктардын, жарыяланган иштөө убактысынын, таануу сигналынын өзгөрүшү;
в) багыттуулугу (багытталган каражаттардын), жайгашуусу, кубаттуулуктун 50% га же андан көпкө көбөйүшү же азайышы;
4) радиоберүүлөрдүн ырааттамасынын же мазмунунун өзгөрүшү;
5) ар кандай радионавигациялык кызматтардын жана «аба-жер» байланыш кызматтарынын иштешинин үзгүлтүккө учурашы же ишенимсиздиги;
6) ретрансляцияляык станциялардын иштешиндеги чектөөлөр, анын ичинде тейлөөгө, жыштыкка жана аймакка таасир эткен эксплуатациялык кесепеттер;
7) түздөн-түз эксплуатациялык кесепеттери бар резервдик жана көмөкчү системалардын жоктугу;
8) көрсөтмө куралдарды колдонуунун башталышы, токтотулушу же алардын олуттуу өзгөрүшү;
9) аэродромдун жарык берүүчү техникалык жабдуулар системасынын негизги компоненттерин убактылуу токтотуу же эксплуатациялоону калыбына келтирүү;
10) аэронавигациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн эрежелерин киргизүү, жокко чыгаруу же олуттуу өзгөртүү;
11) манёвр жасоо аймагындагы олуттуу бузулуулардын же тоскоолдуктардын пайда болушу же жоюлушу;
12) күйүүчү майдын, майдын жана кычкылтектин жеткиликтүүлүгүнө байланыштуу өзгөрүүлөр жана чектөөлөр;
13) издөө жана куткаруу каражаттарына жана кызматтарына байланыштуу олуттуу өзгөрүүлөр;
14) аэронавигация үчүн тоскоолдуктарды белгилеген тосмо жарык маяктардын иштешинин башталышы, токтотулушу же иштөөсүнүн калыбына келтирилиши;
15) издөө жана куткаруу иштерине байланыштуу тыюу салуу зоналарын киргизүү сыяктуу токтоосуз чараларды көрүүнү талап кылган эрежелердеги өзгөртүүлөр;
16) башкача билдирилбеген аэронавигация үчүн коркунуч булактарынын болушу (анын ичинде тоскоолдуктар, аскердик машыгуулар жана операциялар, атайылап жана байкоосуз радиожыштык кийлигишүүсү, ракета учуруу, демонстрациялык учуулар, фейерверктер, учуучу асман чырактары, ракета калдыктары, аба жарыштары жана парашют менен массалык секирүүлөр);
17) аэронавигацияга таасир этүүчү чыр-чатак зоналары (чыр-чатактын келип чыгуучу коркунучтарынын мүнөзү жана көлөмү жана анын жарандык авиацияга тийгизген кесепеттери жөнүндө мүмкүн болушунча конкреттүү маалыматтарды камтуу үчүн). Чыр-чатак чыккан зоаналар боюнча маалымдама материалы Doc 10084 документинде камтылган;
18) пландаштырылган лазердик нурлануу, лазердик демонстрациялар жана прожекторлук жарык, эгерде бул учкучтардын түнкү көрүнүшүн начарлатса;
19) учуу / бийиктикке чыгуу, экинчи айланууга кетүү, конууга кирүү зоналарында жана учуу тилкесинде аэронавигация үчүн тоскоолдуктарды орнотуу, алып салуу же өзгөртүү;
20) тыюу салынган зоналарды, кооптуу зоналарды же учууга чек коюлган зоналарды аныктоо же жоюу (анын ичинде тиешелүү ишти баштоону же токтотууну) же ушул зоналардын статусун өзгөртүү;
21) кармоо мүмкүнчүлүгү бар жана 121,5 МГц жыштыктагы авариялык АЖЖларды туруктуу тыңшоо талап кылынган зоналарды же каттамдарды же алардын бөлүктөрүн аныктоо же жоюу;
22) жайгашкан жердин индекстерин берүү, жоюу же өзгөртүү;
23) куткаруу жана өрткө каршы күрөшүү чөйрөсүндө аэродром / вертодром үчүн белгиленген категориядагы өзгөрүүлөр 14-КРАЭде камтылган;
24) жумушчу аянтта кар, баткак, муз, радиоактивдүү материал, уулуу химикаттар, жанар тоо күлүнүн катмарлары же суу менен байланышкан кооптуу шарттардын болушу, жоюлушу же олуттуу өзгөрүшү;
25) эмдөөгө же карантиндик чараларга карата мурда жарыяланган талаптарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыккан эпидемиялардын башталышы;
26) космостук аба ырайы кубулуштарын байкоолор же болжолдоолор, алардын пайда болгон күнү жана убактысы, учуу эшелондору (эгер мындай маалыматтар бар болсо) жана ушул көрүнүштөр таасир этиши мүмкүн болгон аба мейкиндигинин бөлүктөр;
27) эксплуатациялык көз караштан маанилүү болгон, атылууга чейинки вулкан аракетинин өзгөрүшү, вулкан атылган күн жана убакыт жана / же вулкан күл булутунун горизонталдык жана вертикалдык өлчөмдөрүнү, анын ичинде кыймылдын багыты, учуунун эшелондору жана бул булут таасирин тийгизүүсү мүмкүн болгон каттамдар же каттамдардын бөлүктөрү;
28) ядролук же химиялык окуя болгондон кийин атмосферага радиоактивдүү материалдарды же уулуу химиялык заттарды чыгаруу, бул окуянын орду, датасы жана убактысы, учуунун эшелондору жана анын таасири тийиши мүмкүн болгон каттамдар же каттамдардын бөлүктөрү жана кыймыл багыты;
29) Мисалы, Бириккен Улуттар Уюму аркылуу аэронавигацияга таасир этүүчү процедураларды жана / же чектөөлөрдү көрсөтүү менен гуманитардык жардам берүү боюнча миссия иштери;
30) АКУнун жана тийиштүү көмөкчү тейлөөнүн бузулушуна же жарым-жартылай бузулушуна байланыштуу өзгөчө кырдаал учурунда кыска мөөнөттүү иш-чараларды ишке ашыруу 11-КРАЭге киргизилген.
118. Маалымат NOTAM’га киргизилбейт:
1) аба кемелеринин коопсуз кыймылына таасирин тийгизбеген перрондордо жана РЖларда жүргүзүлүп жаткан техникалык тейлөө иштери;
2) УКТларды белгилөө иштери, эгерде аба кемелери учурдагы башка УКТларды коопсуз колдоно алса же мындай жумуш үчүн колдонулган шаймандар зарыл болгон учурда алынып салынса;
3) аэродромдордун / вертодромдордун айланасындагы, аба кемелеринин учууларынын коопсуздуган таасирин тийгизбеген убактылуу тоскоолдуктар;
4) аэродромдун / вертодромдун жарык берүүчү техникалык жабдуулар системасынын жарым-жартылай иштен чыгышы, эгерде бул аба кемелеринин учууларына түздөн-түз таасир этпесе;
5) эгерде тийиштүү запастагы жыштыктар бар экендиги жана колдонулушу мүмкүн экендиги белгилүү болсо, «аба-жер» байланыш каражаттарынын жарым-жартылай убактылуу иштен чыгышы;
6) перрондорду жана жолдордогу кыймылды жөнгө салууну диспетчердик тейлөө менен камсыздоонун жетишсиздиги;
7) аэродромдун жумушчу аянтындагы абалды жана багытты көрсөткөн белгилердин, ошондой эле башка багыттоочу белгилердин жараксыздыгы;
8) VFRде көзөмөлдөлбөгөн аба мейкиндигинде (117-пунктту караңыз), ошондой эле жарыяланган жерлерде же көзөмөлдөнүүчү аба мейкиндигинин кооптуу же чектелген зоналарында парашют менен секирүү;
9) жер бөлүмдөрүнүн окуу ишмердүүлүгү;
10) резервдик жана көмөкчү системалардын жоктугу, эгерде ал эксплуатациялык кесепеттерге алып келбесе;
11) эч кандай эксплуатациялык кесепеттери жок аэронавигациялык каражаттарды же жалпы кызматтарды чектелиши;
12) жалпы багыттагы авиацияга тийиштүү эмес авиациялык нормалар;
13) эч кандай эксплуатациялык кесепеттери жок мүмкүн болгон / потенциалдуу чектөөлөр жөнүндө жарыялар же эскертүүлөр;
14) буга чейин жарыяланган маалымат жөнүндө жалпы эскертүүлөр;
15) аба мейкиндигин жана каражаттарын пайдалануучулар үчүн иштөө эксплуатациялык кесепеттерин көрсөтпөстөн, жер бөлүмдөрүүчүн жабдуулардын болушу;
16) учууну аткаруунун минималдуу бийиктигинен төмөн эксплуатациялык кесепеттери жок лазердик нурлануу жана фейерверктер жөнүндө маалыматтар;
17) жергиликтүү деңгээлде макулдашылган, бир саатка жетпеген пландаштырылган иштерге байланыштуу манёвр жасоочу зонанын участокторун жабуу;
18) аэродромдорду/вертодромдорду жабуу же колдонуу мүмкүнсүздүгү, же аларды аэродромдордун/вертодромдордун иштөө убактысынан тышкары колдонуудагы өзгөрүүлөр;
19) ушул сыяктуу убактылуу мүнөздөгү эксплуатациялык эмес башка маалыматтар;
Эскертүү. Аэродромго жана анын айланасына тиешелүү жана анын эксплуатациялык статусуна таасирин тийгизбеген маалыматтар учуу алдындагы же учуу учурунда инструктаждардын учурунда же учуу экипажынын мүчөлөрү менен башка жергиликтүү байланыштын жүрүшүндө берилиши мүмкүн.
119. Берилмелердин массивдерин жаңыртуу
1) берилмелердин массивдери алардын актуалдуулугун сактоо үчүн зарыл болгон туруктуу аралыкта менен өзгөртүлөт же кайрадан чыгарылат;
2) санариптик маалыматтар түрүндө берилген туруктуу өзгөрүүлөр жана узак мөөнөттүү мүнөздөгү убактылуу өзгөрүүлөр (үч ай же андан ашык) жөнүндө маалыматтар берилмелердин толук массиви же ички массиви түрүндө чыгарылат жана анда буга чейин чыгарылган берилмелердин толук массивинен айрымачылыктары гана камтылат;
3) мурда чыгарылган берилмелердин толук массивинин айрымачылыгы жөнүндө маалымат толугу менен кайра чыгарылган берилмелердин массиви түрүндө берилген учурларда, бул көрсөтүлөт;
4) кыска мөөнөттүү мүнөздөгү убактылуу өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтар санариптик берилмелер (санариптик NOTAM) түрүндө берилген учурларда, берилмелердин толук массивиндеги эле аэронавигациялык маалыматтын моделин колдонуу зарыл;
5) приборлор боюнча учуулардын схемалары жөнүнө AIP жаңыртууларын, AIP берилмелеринин массивдерин чыгаруу синхрондоштурулат.