Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2023-жылдын 22-марты № 01-13/69
Курулуп бүткөн 0,38-10 кВ чыңалуудагы бөлүштүрүүчү электр тармактарындагы объектилерин пайдаланууга кабыл алуу Эрежелерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябры № 247 «Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Курулуп бүткөн 0,38-10 кВ чыңалуудагы бөлүштүрүүчү электр тармактарындагы объектилерин пайдаланууга кабыл алуу Эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Электр энергетикадагы мамлекеттик саясат башкармалыгы:
- ушул буйрук катталгандан кийин үч күн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестине киргизүү үчүн жөнөтсүн.
- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жибберсин.
3. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 21(3470) жарыяланды
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Электр энергетикадагы мамлекеттик саясат башкармалыгына жүктөлсүн.
Министр | Т.Ө. Ибраев |