Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2021-жылдын 15-ноябры № 247
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 300, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 662, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 , 2025-жылдын 14-июлундагы № 410 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтомду ишке ашыруу бекитилген штаттык сандын жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги бул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин башкаруу
cхемасы
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-июлундагы № 410 токтомунун редакцияларына ылайык)