Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2023-жылдын 27-февралы № 188
Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин аттестациялоо жана каттоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" жана "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун негизинде саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин квалификациясын сактоо, аларды даярдоо деңгээлин жана кесиптик жоопкерчилигин жогорулатуу максатында
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин аттестациялоо жана каттоо жөнүндө Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2021-жылдын 8-июнундагы № 755 "Медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерди аттестациялоо жана каттоо жөнүндө, медициналык, фармацевтикалык жана жогорку биологиялык билими бар адамдарга медициналык жана фармацевтикалык ишмерликке уруксат берүү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" буйругуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерди каттоо тартиби жөнүндө Жобонун 1-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасында медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерди каттоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан (мындан ары - Саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик орган) саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин кошпогондо, медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерди каттоо тартибин жана шарттарын аныктайт".
- аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасында медициналык фармацевтикалык кызматкерлерди аттестациялоо жөнүндө Жобонун 1-пунктунда "фармацевтикалык кызматкерлерди" сөздөрүнөн кийин "саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин кошпогондо" сөздөрү менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук уюмдары бир айлык мөөнөттө:
1) ушул буйруктан келип чыккан чараларды көрсүн;
2) саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин аттестациялоо жана каттоо маселелери боюнча чечимдерди ушул буйрукка ылайык келтирсин;
3) ушул буйрукту расмий жарыялоо, анын көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүү жана аны Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жол-жоболорун жүргүзсүн.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- ушул буйрук күчүнө киргенге чейин аттестациядан өткөн адамдардын ыйгарылган квалификациялык категориялары ыйгарылган мөөнөткө сакталсын;
- саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин мезгилдүү аттестациялоо саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжаларынын көрсөткүчтөрү (индикаторлору) бекитилгенден кийин жүргүзүлсүн;
- мезгилдүү аттестациядан өткөнгө чейин саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоо үчүн, анын ичинде квалификациялык категорияларды ыйгаруу үчүн баштапкы аттестациянын натыйжалары колдонулсун. Баштапкы аттестациянын жыйынтыгы боюнча төмөн балл алган учурларда, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин мурда берилген квалификациялык категориялары сакталат.
5. Мамлекеттик менчикте турган саламаттык сактоо уюмдары:
1) медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерин ушул буйрук менен белгиленген тартипте жазуу жүзүндө тааныштырсын;
2) бекитилген Жобого ылайык саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин өз убагында аттестациялоо жана каттоо боюнча чараларды көрсүн.
6. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2006-жылдын 21-ноябрындагы № 624 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин саламаттык сактоо уюмдарынын жана ММК фондунун жетекчилерин кызмат орундарына ылайык келүүсүнө аттестациялоону өткөрүү жөнүндө" буйругу;
2) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2007-жылдын 16-февралындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2006-жылдын 21-ноябрындагы № 624 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин саламаттык сактоо уюмдарынын жана ММК фондунун жетекчилерин кызмат орундарына ылайык келүүсүнө аттестациялоону өткөрүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" буйругу.
7. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин орун басарларына, алардын карамагындагы тармактар боюнча жүктөлсүн.
Министр | Г.М. Баатырова |