Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин 2023-жылдын 27-февралындагы № 188 буйругуна тиркеме |
Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин аттестациялоо жана каттоо жөнүндө ЖОБО
Ушул Жобо мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин жана саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына кадрлардын резервине киргизилген адамдарды "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларына ылайык аттестациялоонун жана каттоонун тартибин жана шарттарын аныктайт.
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1. Бул Жобонун максаты саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин жана саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервине (мындан ары - кадрлар резерви) кирген адамдардын, коюлган квалификациялык талаптарга, анын ичинде билимине, иш тажрыйбасына, кесиптик билимине жана көндүмдөрүнө, жеке жана ишкердик сапаттарына ылайык келүүсүн камсыз кылуу болуп саналат.
2. Аттестациялоонун негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- "Саламаттык сактоону башкаруу" квалификациясы боюнча кесиптик билимдин, көндүмдөрдүн, жеке жана ишкердик сапаттардын деңгээлин аныктоо, квалификациялык категорияларды ыйгаруу;
- Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин квалификациясын жогорулатуу, жеке кесиптик жана мансаптык өсүүсүнө кошумча түрткү берүү;
- Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин ишмердигинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу;
- Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин жана кадрлар резервине киргизилген адамдардын потенциалдык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу перспективаларын аныктоо.
3. Аттестациялоонун негизги принциптери болуп, төмөнкүлөр эсептелет:
1) Объективдүүлүк - аттестациялануучу адамга жана анын ишмердигине карата калыс мамиле;
2) Бирдейлик - бирдиктүү үлгү боюнча белгиленген аттестациялоону өткөрүүнүн тартиби жана шарттары;
3) Айкындык жана ачыктык - аттестациялоо процесси жана анын натыйжалары ачык болуп саналат, аттестацияга байланыштуу кабыл алынган чечимдердин себептери жана жүйөлөрү боюнча бардык кызыктар тараптарга түшүндүрмө берилиши мүмкүн.
4) Үзгүлтүксүздүк - белгиленген мөөнөттөрдө, аттестацияны мезгил-мезгили менен өткөрүү .
4. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери жана кадрлар резервине киргизилген адамдар аттестациядан өтүүгө тийиш.
5. Бул Жобо саламаттык сактоонун илим-изилдөө жана билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жайылтылбайт.
6. Бул Жободо колдонулган негизги түшүнүктөр:
саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервинде турган адамдардын реестри (мындан ары - Реестри) - кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоо жана аттестациялоо жол-жоболорун автоматташтырууга мүмкүндүк берүүчү программалык-аппараттык каражаттардын жана маалымат базаларынын жыйындысы болгон маалымат системасы;
аттестациялоо - саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин жана кадрлардын резервине киргизилген башка адамдардын кесиптик компетенциясынын деңгээлин баалоо, ошондой эле квалификациялык категорияны жана ээлеген кызматына ылайык келүүсүн аныктоо жол-жоболору;
"саламаттык сактоону башкаруу" квалификациясы боюнча кошумча кесиптик билим алуу - бул "Саламаттык сактоону башкаруу" квалификациясы үчүн кесиптик кайра даярдоону жана саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин компетенцияларынын каталогуна ылайык квалификациясын жогорулатууну өз ичине алган билим алуу;
квалификацияны жогорулатуу - квалификациялык талаптардын жогорулашына жана кесиптик маселелерди чечүүнүн заманбап ыкмаларды өздөштүрүү зарылчылыгына байланыштуу кесиптик билим деңгээлин жогорулатуу, ишкердик көндүмдөрдү өркүндөтүү, ошондой эле теориялык билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү жаңылоо максатында кошумча кесиптик билим алуунун бир түрү;
кесиптик кайра даярдоо - өзүндө болгон кесиптик билимдердин чегинде кесиптик ишмердиктин жаңы түрүн жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон кээ бир окуу сабактарын, техниканын бөлүмдөрүн жана жаңы технологияларды үйрөнүүнү өз ичине алган кошумча билимдерди, көндүмдөрдү жана ыкмаларды өздөштүрүү максатында кошумча кесиптик билим берүүнүн түрү;
саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резерви (мындан ары - кадрлар резерви) - кесиптик компетенциялары, жеке жана ишкердик сапаттары боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине коюлган талаптарга жооп берген квалификациялуу адамдар;
саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин рейтингдик таблицасы - саламаттык сактоо уюмдарынын иштеп жаткан жетекчилеринин жана кадрлар резервине киргизилген адамдардын аттестациялоонун натыйжалары боюнча аныкталуучу компетенттүүлүк деңгээли боюнча алардын ар биринин ордун чагылдырган тизмелеринин таблицалык формасы.
7. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин жана саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрдык резервине кирген адамдарды аттестациялоо саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
8. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин аттестациялоону өткөрүүнү уюштуруу-усулдук колдоо жана техникалык коштоо саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жооптуу мамлекеттик мекемеге ыйгарым укуктарын өткөрүп бериши мүмкүн.
9. Жооптуу мамлекеттик мекеме:
- Аттестациялоонун бардык этаптарын уюштуруусун жана өткөрүүсүн камсыз кылат;
- Аттестациялоо боюнча маалыматтык-аналитикалык жана уюштуруучулук-техникалык иш-чараларды ишке ашырат;
- "Саламаттык сактоону башкаруу" квалификациясы боюнча кесиптик кайра даярдоо программасына ылайык, билим берүү уюмдарынын адистерин тартуу менен тестирлөөгө суроолорду жана тапшырмаларды даярдоо процессин уюштурат;
- Аттестациядан өткөн адамдар боюнча Реестрде маалыматтарды өз убагында жаңыртып турууну камсыз кылат;
- Баштапкы аттестациядан өткөн адамды каттоодон өткөрөт жана каттоонун тиешелүү кодун ыйгарат;
- Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аттестациянын натыйжалары жөнүндө маалыматты берет.
2-бөлүм. Аттестациянын түрлөрү
10. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин жана кадрлар резервине киргизилген башка адамдарды аттестациялоо эки түрдө жүргүзүлөт:
1) Баштапкы аттестация саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациясынын талаптарга ылайык келишин аныктоо максатында кадрлар резервге киргизилген бардык адамдар үчүн жүргүзүлөт.
2) Мезгил-мезгили менен аттестациялоо саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин ээлеген ордуна ылайыктуулугун тастыктоо, ошондой эле алардын квалификациясын максаттуу жана үзгүлтүксүз жогорулатууга кошумча түрткү берүү максатында жүргүзүлөт.
3-бөлүм. Баштапкы аттестацияны өткөрүү тартиби
11. "Саламаттык сактоону башкаруу" квалификациясы боюнча баштапкы аттестация кадрлар резервиндеги бардык адамдар үчүн жүргүзүлөт жана саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчиси кызмат ордуна конкурстук тандоого жана дайындоого катышуу укугун алуу үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.
12. Ушул Жободо каралган учурларды кошпогондо, кадрлар резервиндеги адамдар баштапкы аттестациядан бир жолу өтүшөт.
13. Баштапкы аттестациядан өтүүгө ниеттенген кадрлар резервиндеги адамдар жооптуу мамлекеттик органга "Саламаттык сактоону башкаруу" квалификациясы боюнча баштапкы аттестациядан өтүү үчүн арыз берүүгө милдеттүү.
14. Баштапкы аттестация тестирлөө түрүндө жүргүзүлөт, анын өткөрүү тартиби жана жол-жоболору саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
15. Тестирлөөнүн суроолору жана тапшырмалары "Саламаттык сактоону башкаруу" квалификациясы боюнча кошумча кесиптик билим берүүнүн кайра даярдоо программаларынын негизинде түзүлөт жана саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
16. Жыйынтыктоочу упайы, белгиленген минималдуу упайдын көлөмүнөн (босого маанисинен) ашык болгон адам тестирлөөдөн ийгиликтүү өттү деп эсептелет.
17. Тесттен өтүү үчүн минималдуу упайдын (босого маанисинин) көлөмү "Саламаттык сактоону башкаруу" квалификациясы боюнча кошумча кесиптик билим берүүнүн алкагында кесиптик кайра даярдоо программасы боюнча өздөштүрүүнүн 60%ден кем эмес өлчөмүндө белгиленет.
18. Тестирлөөнүн алкагында алынган жыйынтыктоочу упайлар саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин рейтингдик таблицасында чагылдырылат. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин рейтингдик таблицасын түзүү тартиби саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
19. Аккредитацияланган билим берүү уюмдарында "Саламаттык сактоону башкаруу" квалификациясы боюнча кошумча кесиптик билим берүүнүн алкагында кесиптик кайра даярдоо программасын ийгиликтүү бүтүрүү, баштапкы аттестациядан өтүүгө теңештирилет.
20. "Саламаттык сактоону башкаруу" квалификациясы боюнча кесиптик кайра даярдоо программасы боюнча кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүү тестирлөөнүн жыйынтыгынын протоколу менен ырасталат.
21. "Саламаттык сактоону башкаруу" квалификациясы (адистигине) боюнча баштапкы аттестациядан өткөн адамдарга төмөнкү квалификациялык категориялар ыйгарылат:
1) экинчи квалификациялык категория - баллдардын максималдуу санынын 60тан 74%ке чейинкисин алган жана жетекчилик кызматтарда 3 жылдан кем эмес стажы болгондо;
2) биринчи квалификациялык категория - баллдардын максималдуу санынан 75тен 84 пайызга чейинки алган жана жетекчилик кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш стажы болгондо;
3) жогорку квалификациялык категория - максималдуу баллдын 85тен 100%га чейинкисин алганда жана жетекчилик кызматтарда 10 жылдан кем эмес иш стажы болгондо.
Жетекчилик кызматтарга бөлүм башчылардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин, жетекчинин орун басарларынын жана саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундары, ошондой эле саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилик кызмат орундары кирет.
22. "Саламаттык сактоону башкаруу" квалификациясы боюнча аттестациялоо жөнүндө сертификаты, саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет:
1) "Саламаттык сактоону башкаруу" квалификациясы боюнча кошумча кесиптик билим берүүнүн алкагында кесиптик кайра даярдоо программасы боюнча окуудан өткөн адамдарга, билими жөнүндө документти алган күндөн тартып 10 күндүн ичинде.
2) Тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн адамдарга, тестирлөөнүн натыйжаларынын протоколу түзүлгөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде.
23. Аттестациялоо жөнүндө сертификаттын бланктары коргоо даражасына, эсептик сериясына, каттоо номерине ээ жана катуу отчеттуулуктун документтери болуп саналат. Аттестациялоо жөнүндө сертификат электрондук түрдө берилиши мүмкүн.
24. Баштапкы аттестациядан ийгиликтүү өткөн, бирок баштапкы аттестациядан өткөн күндөн тартып 5 жылдын ичинде саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна дайындалбаган адамдар, кайрадан баштапкы аттестациядан өтүүгө милдеттүү.
25. Баштапкы аттестациядан өтпөй калган адамдар алты айдан кийин баштапкы аттестациядан кайра өтүүгө укуктуу.
4-бөлүм. Мезгил-мезгили менен аттестациялоону өткөрүү тартиби
26. Мезгил-мезгили менен аттестациялоо саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери үчүн өткөрүлөт жана ээлеген кызматына ылайыктуулугун тастыктоо үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.
27. Мезгил-мезгили менен аттестациялоо саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин ишмердигинин көрсөткүчтөрүнүн (индикаторлорунун) негизинде жүргүзүлөт.
28. Мезгил-мезгили менен аттестациялоо саламаттык сактоо уюмунун максаттарына жана милдеттерине ылайык саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси тарабынан кызматтык милдеттерин аткаруусунун натыйжалуулугунун деңгээлин жана даражасын аныктоо болуп саналат.
29. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин мезгил-мезгили менен аттестациялоо саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин кесиптик ишинде жогорку натыйжаларга жетүү үчүн кошумча түрткү берүү аркылуу алардын ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу максатында жүргүзүлөт.
30. Мезгил-мезгили менен аттестациялоонун негизги милдеттери:
- Саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин иш жүзүндөгү кесиптик деңгээлин аныктоо;
- Саламаттык сактоо уюмунун максаттарына жана милдеттерине жетишүүсүнө жетекчинин салымынын даражасын аныктоо;
- Коюлган максаттарга жетүүнүн натыйжаларына баа берүү жана натыйжаларга жетүү процессине түзөтүү киргизүү;
- Жогорку натыйжаларга жетүү үчүн саламаттык сактоо уюмунун жетекчисине кошумча түрткү берүү;
- Саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин кесиптик өнүгүүсүн пландаштыруу;
- Квалификацияны жогорулатуунун алкагында билим алуу активдүүлүгүнүн көзөмөлдөө жана эсепке алуу.
31. Мезгил-мезгили менен аттестациялоо саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин ишмердигин баалоо ыкмасы катары үзгүлтүксүз негизде, беш жылда бир жолу ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгаруу менен жүргүзүлөт. Мезгил-мезгили менен аттестациялоодо, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин ишмердиги үзгүлтүксүз негизде, жыл сайын, календардык жылдын бүтүшү менен бекитилген саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин ишмердигинин натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнө (индикаторлорго) ылайык бааланат.
32. Мезгил-мезгили менен аттестациялоо саламаттык сактоо уюмдарынын төмөнкү жетекчилерине жайылтылбайт:
- Календардык жылдын аягына 11 айга жетпеген убакыт калганда кызматка киришкендерге;
- Саламаттык сактоо уюмунун жетекчисин убактылуу аткаруучуларга (милдетин аткаруучуларга);
- Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө, ошондой эле үч жашка чейин баланы багуу боюнча өргүүдө болгондорго. Саламаттык сактоо уюмдарынын бул жетекчилерин аттестациялоо көрсөтүлгөн өргүүлөрдөн чыккандан кийин 11 айдан эрте эмес өткөрүлүшү мүмкүн.
33. Саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин ишмердигинин натыйжаларын чагылдырган көрсөткүчтөр (индикаторлор) төмөндөгүдөй болушу зарыл:
- Саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин тикелей ишмердигин чагылдыруусу;
- Саламаттык сактоо уюмундагы иштердин чыныгы абалын чагылдыруусу;
- Ишенимдүү маалыматтарды чогултууга жана талдоого негизделиши;
- Квалификацияны жогорулатуу алкагында саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин билим алуу активдүүлүгүн көзөмөлдөөгө жана эсепке алууга мүмкүнчүлүк берүүсү.
34. Көрсөткүчтөргө (индикаторлорго) коюлуучу негизги талаптар:
- Ишенимдүүлүк - баштапкы маалыматты чогултуу жана иштеп чыгуу ыкмасы көз карандысыз мониторингдин жүрүшүндө алынган маалыматтардын аныктыгын текшерүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш;
- Ачык-айкындуулук - көрсөткүчтүн аныктамасы адистер тарабынан да, саламаттык сактоо уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн акыркы керектөөчүлөрүнүн тарабынан да аны чечмелөөнүн бир маанилүүлүгүн камсыз кылууга тийиш;
- Үнөмдүүлүк - отчеттук маалыматтарды алуу мүмкүн болушунча эң аз чыгым менен ишке ашырылууга тийиш. Колдонулган көрсөткүчтөр (индикаторлор) мүмкүн болушунча маалыматтарды чогултуунун колдонуудагы бар ыкмаларына негизделиши керек жана көрсөткүчтөрдүн (индикаторлордун) жалпы саны 20 көрсөткүчтөн (индикатордон) ашпоого тийиш;
- Салыштырууга мүмкүндүк - көрсөткүчтөрдү тандоо жүргүзүү, маалыматтарды чогултууну үзгүлтүксүз топтоо зарылдыгынын негизинде жана аларды динамикада салыштыруу мүмкүндүгүн камсыз кылуу менен жүзөгө ашырылууга тийиш;
- Өз убагында болуучулук жана үзгүлтүксүздүк - отчеттук маалыматтар так аныкталган мезгилдүүлүктө топтолушу керек жана маалыматты чогултуу учуру менен аны пайдалануу мезгилинин ортосундагы мөөнөтү бир аз айырмачылык менен гана алынууга тийиш.
35. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча мезгил-мезгили менен аттестациялоодо саламаттык сактоо уюмдары көрсөткөн кызматтардын сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө керектөөчүлөрдүн канааттануу деңгээлин мүнөздөгөн изилдөөлөрдүн натыйжалары эске алынышы мүмкүн.
36. Саламаттык сактоо уюмунун жетекчисин мезгил-мезгили менен аттестациялоо, Реестрдеги саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин ишмердигинин натыйжаларын чагылдырган көрсөткүчтөр (индикаторлор) боюнча отчеттук маалыматтардын негизинде саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
37. Мезгил-мезгили менен аттестациялоону өткөрүү методологиясы саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
38. Мезгил-мезгили менен аттестациялоонун натыйжалары автоматташтырылган маалыматтык тутумда саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин рейтингинде чагылдырылат.
39. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мезгил-мезгили менен аттестациялоонун натыйжаларынын негизинде төмөнкүдөй башкаруу чечимдери кабыл алынышы мүмкүн:
- Саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин ээлеген кызматына ылайыктуулугун кароо;
- Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин рейтингдик таблицасына ылайык мансаптык өсүштүн алкагында саламаттык сактоо уюмунун жетекчисин кызматка көтөрүү;
- Саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси менен эмгек келишимин узартуу;
- Сыйлыкка көрсөтүү же тартиптик жазаларды колдонуу, мурда берилген тартиптик жазаны алып салуу;
- Кошумча кесиптик билим берүүнүн алкагында саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин квалификациясын жогорулатуу.
5-бөлүм. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин каттоо
40. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери катары каттоодон "Саламаттык сактоону башкаруу" квалификациясы боюнча баштапкы аттестациядан өткөн, кадрлар резервине киргизилген адамдар өтүүгө тийиш.
41. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин каттоону, жооптуу мамлекеттик мекеме, саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым функцияларын өткөрүп берүүсүнүн негизинде жүргүзөт.
42. Каттоо номери медициналык же фармацевтикалык кызматкер катары мурда ыйгарылган номерине карабастан ыйгарылат жана саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин кесиптик ишмердигинин жүрүшүндө өзгөрүүсүз калат. Каттоо номери аттестациялоо жөнүндө сертификатында көрсөтүлөт.