Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2023-жылдын 12-апрели № 01-13/97
Кыргыз Республикасынын электр энергиясынын (кубаттуулуктун) рыногунда электр энергиясын эсепке алуу каражаттарын орнотуу, алмаштыруу жана эксплуатациялоо эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-марты № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын электр энергиясынын (кубаттуулуктун) рыногунда электр энергиясын эсепке алуу каражаттарын орнотуу, алмаштыруу жана эксплуатациялоо Эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Электр энергетикадагы мамлекеттик саясат башкармалыгы:
- ушул буйрук катталгандан кийин үч жумушчу күн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 30 (3479) жарыяланды
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Электр энергетикадагы мамлекеттик саясат башкармалыгына жүктөлсүн.
Министрдин м.а., министрдин орун басары |
М. М. Жакыпов |