Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2026-жылдын 26-майы № 5-д буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлигинин
2023-жылдын 30-мартындагы
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кызмактерлеринин буюм мүлкүнүн
сыпаттамасы
1. Жетекчи жана катардагы курамдагылар (эркектер) үчүн:
1) зайтун түстөгү (параддык –ачык-боз түстөгү) кездемеден жасалган күнүмдүк, параддык фуражка (жогорку жетекчи курамдагылар үчүн) сүйрү формадагы төбөдөн, төрт капталдан, милтеден, алкактан, кара тустөгү лакталган мандай кырдан, топчулардан турат.
Эки милтеси бар фуражка: бири - капталдары менен төбөсүнүн кошулган тигилишине киргизилген, экинчиси-алкак менен капталдардын кошулган тигилишине киргизилген (милте темгил түстө).
Фуражканын алкагынын маңдайынын борборунда алтын түстөгү кокарда беитилет, каптал тараптары 3 же 5 пайыздык алтын сыймаланган.
Фуражканын кебинде - 3 же 5 пайыздык алтын сыймаланган саймасы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербининт сүрөтү менен эмблемасы бар. Маңдай кырдын үстүндө 3 же 5 пайыздык алтын сыймаланган трунцалдан жасалган өрүлгөн боо топчуланат, ал эки формалык топчуга топчуланыш үчүн өткөргүчтүн жардамы менен боонун учтары боюнча эки илмекти түзөт. Топчулар Кыргыз Рспубликасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү менен диаметри 14 мм алтын түстө.
Параддык фуражканын маңдай кырынын сырткы четин айланта – лавр бутактары түрүндө 3 же 5 пайыздык алтын сыймаланган милте жана сайма бар, алкак боюнча маңдай кырдын үстүндө саймаланып жасалган 3 же 5 пайыздык алтын сыймаланган өрүлгөн боо топчуланат.
2) күнүмдүк фуражка (улук, ортоңку жетекчи жана катардагы курамдагылар үчүн) сүйрүсүнөн келген төбөдөн, зайтун түстөгү төрт капталдан, зайтун түстөгү алкактан, маңдай кырдан турат. Төбөнүн кырлары жана алкактын кырынын милтеси кочкул кызыл түстө.
Фуражканын алкагынын алды жагында (калган жетекчилик жана катардагы курамдагылар үчүн) – эмблема менен кокарда бар, маңдай кыры лакталган кара түстө.
Фуражканын маңдай кырынын үстүндө алкагында эки формалык топчуга алтын түстүү өрүлгөн жип тагылган. Алтын түстүү топчулардын диаметры 14 мм, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн;
3) кулакчындуу тумак (жогорку жетекчи курамдагылар үчүн) алкактын, калпактан жана кебден турат. Алкагы маңдай кырдан, бозомук накта каракүл менен тышталган кулакчындуу кырбуудан турат.
Калпак төрт кыйыктуу маңдай кырдан жана кулакчындуу кырбуудан турат жана боз ноотудан байлоо үчүн сызмасы бар. Кеби кебез салынып астары менен кабылган бөлүктөн жана тегерек төбөдөн турат. Маңдай кырдын алдынкы ортосуна кокарда бекитилет;
4) кулакчындуу тумак (улук, ортоңку жетекчи жана катардагы курамдагылар үчүн) алкагынан, калпактан жана кебден турат. Алкак маңдай кырдан, табигый же жасалма зайтун (көгүш) түстөгү териден жасалган кырбуудан турат.
Калпак төрт кыйыктуу, маңдай кырдан жана кулакчындуу кырбуудан турат жана боз ноотудан байлоо үчүн сызмасы бар. Кеби кебез салынып астары менен кыбылган бөлүктөн жана тегерек төбөдөн турат. Маңдай кырдын алдыңкы ортосуна кокарда бекитилет;
5) кышкы пальто (жогорку жетекчи курамдагылар жана полковниктер үчүн) зайтун түстөгү драптан жасалган. Эки өңүрлүү, боз түстөгү каракүлдөн жасалган чечилүүчү жакасы бар. Силуэти түз, жагы кымтыланып үч формалык топчуга топчуланат, далы жагында ичилиги жылуулатылган жана этегине чейин астары бар.
Кайырма жакалуу, жакасынын жээгинде (жогорку жетекчи курам үчүн) алтын түстүү милте менен темгил түстүү топчулугу бар. Боз түстөгү каракүлдөн жасалган чечилүүчү жака (жогорку жетекчи курам жана полковниктер үчүн) (боз түстүү жасалма каракүлгө жол берилет).
Сол өңүрүнүн астарынын ички жагында илмекке топчулана турган чөнтөгү бар. Өңүрлөрү дублерин менен бекемделген, каптал тилик бөлүктөрү, сырткы капталдарында тилинип жасалган капкалдырыктуу чөнтөктөрү менен.
Учасындагы тигиш дал ортосунан кетип, бел жагында каршы бүктөмү бар, этек жагы тилик, бел жагында тилке болуп кеткен эки тигиши жана тартылып турган тарткычы бар. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү. Пальтонун этеги үстүңкү кездемеден бүгүлгөн. Погондор тигилүүчү, күнүмдүк;
6) кышкы пальто (улук, ортоңку жетекчи жана катардагы курамдагылар үчүн) зайтун түстөгү кездемеден тигилген. Эки өңүрлүү жылуулатмасы менен, ачык кайырма жакалуу жана лацканы бар. Бычылганы түз, алтын түстөгү 4 формалык топчусу менен өңүрүнүн ортосунда топчулугу бар. Астары үстүңкү кездемеден этегине чейин саржадан, жылуулаткычы батинден.
Сол өңүрүнүн астарынын ички жагында илмекке топчулана турган чөнтөгү бар.
Өңүрлөрү каптал тилик бөлүктүү дублерин менен бекемделген, сырткы капталдарында тилинип жасалган капкалдырыктуу чөнтөктөрү менен. Учасындагы тигиш ортосунан кетип, этеги тилинген.
Кайырма жака табигый же жасалма териден, зайтун же көк түстө. Погондору тигилүүчү, күнүмдүк;
7) зайтун түстөгү кездемеден тигилген жазгы-күзгү плащ, кайырма жакалуу, силуэти жарым-жартылай кыналган, жактары коргоо түстөгү 4-5 топчуга топчуланат. Өңүрүндө фигуралуу кокетка, кесилген каптал бөлүктөрү, кыюусу бар тилинген жан чөнтөктөрү менен. Далы жагында кокеткасы болуп, ортосунан тигиш кетип, этеги тилинген.
Жеңдери бүктөлүп тигилген, эки тигиштүү, түз жең учтары менен. Сол жаканын ич жагында кыюусу бар тилинген ички чөнтөк бар. Плащтын этеги үстүңкү кездемеден бүгүлгөн.
Погондор тигилүүчү, күнүмдүк;
8) мундир (жогорку жетекчи курамдагылар үчүн) ачык-боз түстөгү кездемеден, эки жакка кымтыланма толук кыналбаган, ачык, кайырма жакалуу, үч формалык топчуга топчулук менен, сол өңүрдө үч кооздоочу топчулар бар. Топчулар алтын түстө, 22 мм диаметринде жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн. Өңүрүнүн капталдарында тилинип жасалган жана капкалдырыктуу чөнтөктөрү бар. Далысында ортосунан тигиш кеткен. Жеңдеринде кош тигиш болуп, кайрылган учтары түз болот. Мундирдин жакасында жана жеңинин учтарында 5 пайыздык алтын сыймаланган лавр бутактары түрүндө тигилген сайма бар. Жаканын жана жеңдердин кайрылган учтарынын кырларында – милте темгил түстө.
Өңүрдүн астарында капкалдырыктуу төш чөнтөктөрү бар.
Погондор тигилүүчү, параддык;
9) күнүмдүк кийилүүчү китель (жогорку жетекчи курамдагылар үчүн) зайтун түстөгү кездемеден, эки жакка кымтыланма, толук кыналбаган, ачык, кайырма жакалуу, үч формалык топчуга топчулук менен, сол өңүрдө үч кооздоочу топчулар бар. Топчулар алтын түстө, 22 мм диаметринде жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн. Өңүрүнүн капталдарында тилинип жасалган жана капкалдырыктуу чөнтөктөрү бар. Далысында ортосунан тигиш кеткен. Жеңдеринде жана жеңинин учтарында 5 пайыздык алтын сыймаланган лавр бутактары түрүндө тигилген сайма бар. Жаканын жана жеңдеринин кайрылган учтарынын кырларында – милте темгил түстө.
Өңүрдүн астарында капкалдырыктуу төш чөнтөктөрү бар.
Погондору тигилүүчү, күнүмдүк.
10) күнүмдүк кийилүүчү китель (улук, ортоңку жетекчи жана катардагы курамдагылар үчүн) зайтун түстөгү кездемеден тигилген. Бир өңүрлүү, силуэти толук кыналып турбаган, төрт формалык топчусу менен өңүрүнүн ортосунда топчулугу бар, ачык, этегине чейин астарланган.
Кайырма жакасынын учтарында эмблемалар бар. Өңүрлөрү тилинген каптал бөлүктөрү менен, алды жагы танаптап тигилген, үстүңкү чөнтөгү планкалуу чапталып тигилген жана фигуралуу капкалдырыктары бар тилинип жасалган каптал чөнтөктөрү болот. Учасынын ортосунан тигиш кетип, этеги тилик. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү. Өңүрдүн астарында төш чөнтөктөр бар. Погондору тигилүүчү, күнүмдүк;
11) параддык китель (улук, ортоңку жетекчи жана катардагы курамдагылар үчүн) зайтун түстөгү кездемеден тигилген. Бир өңүрлүү, силуэти толук кыналып турбаган, төрт формалык топчусу менен өңүрүнүн ортосунда топчулугу бар, ачык, этегине чейин астарланган.
Кайырма жакасынын учтарында эмблемалар бар. Өңүрлөрү тилинген каптал бөлүктөрү менен, алды жагы танаптап тигилген, үстүңкү чөнтөгү планкалуу чапталып тигилген жана фигуралуу капкалдырыктары бар тилинип жасалган каптал чөнтөктөрү болот. Учасынын ортосунан тигиш кетип, этеги тилик. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү. Өңүрдүн астарында төш чөнтөктөр бар. Погондору тигилүүчү, параддык;
12) кара түстөгү булгаары күрмө (жогорку жетекчи курамдагылар жана полковниктер үчүн), силуэти түз, жылуу астары менен ачык-боз түстөгү каракүлдөн кайырма жакалуу, ортосунан жакатары 6-8 бүчүлүккө кымтылып бекитилүүчү сыдырмасы бар. Өңүрү кокетка менен кыюусу бар ылдыйыкы тилик каптал чөнтөктүү. далысы кокетка менен жана ортосунда тигиши бар.
Жеңдери эки тигиштүү, тиликтүү, танаптап тигилген манжет менен. Манжеттер бүчүлүккө беитилет.
Погондорду тагыш үчүн ийин тигишинин өңүрүндө-экиден өткөргүч жана экиден илмек бар.
Погондор чечип алма;
13) зайтун түстөгү кездемеден тигилген сыдырмалуу күрмө, силуэти түз, өңүрүнүн ортосунда сыдырмасы бар, танаптап тигилген бели жана этегине чейин астары болот.
Кайырма жакасы, өңүрүндө кокеткалары болуп, тик рельефтүү, өйдө жагында капкалдырыкттары менен каптама чөнтөктөрү, тилинип жасалган каптал чөнтөктөрү сыдырма менен болот. Далысында кокеткасы бар. Жеңдери танаптап тигилген манжеттери менен, кош тигиштүү. Күрмөнүн этеги тигиштеринде кеткен жылмакай сызма менен тартылган. Чөнтөктөрдүн капкалдырыктары жана жеңдин учу формалык топчулар менен (зайтун түстөгү пластмассадан) топчуланат. Погондор чечип алма, күнүмдүк;
14) зайтун түстөгү кездемеден тигилген шым (жогорку жетекчи курамдагылар үчүн), топчуларга топчуланган бел курчоосу танаптап тигилет. Бел курчоосу өткөргүчү менен.
Шымдын асты жагында тилинген капшыттары менен чөнтөктөрү бар. Шымдын арткы оң жагында капкалдырыгы менен чөнтөгү бар. Капталдагы тигиштеринде темгил түстөгү ноотудан лампастар. Шымдын асты жагы астарланган;
15) зайтун түстөгү кездемеден тигилген шым (улук, ортоңку жетекчи жана катардагы курам үчүн), металл илмектерге топчуланган бел курчоосу танаптап тигилет.
Бел курчоосунда кур үчүн өткөргүчтөрү бар. Шымдын арткы оң жагында капкалдырыгы менен чөнтөгү бар. Капталдагы тигиштеринде чөнтөктөр жана милте бар. Милте темгил түстөгү ноотудан. Шымдын асты жагы астарланган;
16) жарым-жартылай жүндөн жасалган, жеңи узун, зайтун түстөгү, V түрүндөгү кесик жакасы менен, же болбосо жакасы тегерек кесик, пахта кездемеден пуловер.
Ийин жагында жана чыканак тушунда кездемеден сыртынан капталып тигилген, төш чөнтөгү (чөнтөктөрү) бар. Ийиндеги тигиштин өңүрүндө үч бурчтуу тик кырдуу погондор танаптап тигилген, ал илгич менен топчуланат (чечип алма погондорго өткөргүчтөр уруксат);
17) камуфляж же зайтун түстөгү жылуулатылган күрмө камуфляж, же зайтун түстөгү кездемеден тигилген, этегине чейин астарланаган, териден жакасы жана чечип алма капюшону болот, силуэти түз, өңүрүнүн ички жагында ортосунан кеткен сыдырмасы, бир ачык топчулуу ички бүчүлүгү бар. Өңүрүндө белинен кеткен ички кулисасында үстүндө капкалдырыктуу чөнтөктөр, төмөндө тилинип жасалган капкалдырыктуу чөнтөктөрү бар.
Жакасы кайырма накта (жасалма) териден зайтун (көк) түстө. Далысы туюк бычылган. Жеңдери эки тигиштүү, танаптап тигилген. Жеңдердин төмөн жагы туюк кесилип бүгүлгөн тигиш менен иштелип чыккан. Погондор тигилүүчү, топчуга топчуланат;
18) камуфляж түстөгү талаа костюму. Комплект кепкадан, күрмөдөн жана шымдан турат.
Талаа кепкасы камуфляж түстөгү кездемеден тигилет, сүйрү тегерек формасындагы төбөдөн, эки курамдагы алкактан, маңдай кырдан жана кайырма желке жапкычтан турат (жетектөөчү курам үчүн - маңдай кырдын үстүндө, алкактын алдыңкы төмөн бөлүгүндө кездемеден өрүлгөн жип тигилет). Кепканын алкагынын астына камуфляж түстөгү кокарда бекитилет.
Күрмө камуфляж түстөгү кездемеден тигилген, жакасы кайырма, планкасы жана топчулануучу фигуралуу капкалдырыгы менен чөнтөктөрү, капталында тилинип жасалган чөнтөктөрү бар. Бели туюк бычылып капталдарындагы тигиштеринде жылмакай сызма менен үч катар тартылган. Сыдырма ортодо, этегине чейин. Далысында кокеткасы бар, жеңдери манжеттер менен, топчуга топчуланат. Ийиндеги тигиштин өңүрүндө кездемеден топчуга топчулана турган погондор тигилген, кийгизме погондор кийгизилген. Жакасында коргоо түстөгү эмблема бекитилет.
Шым камуфляж түстөгү кездемеден, бели танаптап тигилген, топчуга топчуланат, кур үчүн өткөргүчү бар. Сыдырма тагылган. Шымдын арткы оң жагында фигуралуу капкалдырыгы менен чөнтөгү бар;
19) жеңи узун формалык көйнөк зайтун (ак) түстөгү кездемеден тигилген, бели туюк бычылып, каптал тигиши жагында чоюлчаак сызма менен тартылат, өңүрүндө этегине чейин 6-8 топчу, тик жакасында – бир топчу, белинде – эки топчусу бар. Жакасы кайырма, жака каптамы тилик, кооздоочу тигиши менен болот. Өңүрүндө бир топчуга топчулануучу фигуралуу капкалдырыктары менн сыртынан чапталып тигилген чөнтөктөрү бар, анын узунунан бүктөмдөр тигилет. Далысы туюк бычылып тигилген. Жеңи узун манжет менен.
Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар.
Погондор чечилүүчү, күнүмдүк (параддык).
Чолок жеңдүү формалык көйнөк зайтун (ак) түстөгү кездемеден тигилген, бели туюк бычылып, каптал тигиши жагында чоюлчаак сызма менен тартылат, өңүрүндө этегине чейин 6-8 топчу, тик жакасында – бир топчу, белинде – эки топчусу бар. Жакасы кайырма, жака каптамы тилик, кооздоочу тигиши менен болот. Өңүрүндө бир топчуга топчулануучу фигуралуу капкалдырыктары менн сыртынан чапталып тигилген чөнтөктөрү бар, анын узунунан бүктөмдөр тигилет. Далысы туюк бычылып тигилген. Чолок жеңдүү, манжет менен.
Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар.
Погондор чечилүүчү, күнүмдүк (параддык).
20) коргоо (хаки) же күрөң түстөгү жеңил кездемеден тигилген жайкы күрмө жана шым, силуэти түз, бели туюк бычылып, каптал тигиши жагында серпилме сызма менен тартылат, өңүрүндө этегине чейин 8-9 топчу бар.
Жакасы кайырма, жака каптамы тилик. Өңүрүндө топчулануучу капкалдырыктары менен сыртынан чапталып тигилген чөнтөктөрү бар. Далысы кокеткалуу. Жеңдери кыска, манжеттери менен. Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө ичке тарткычтары бар. Погондору чечип алма, күнүмдүк. Шым коргоо (хаки) же күрөң түстөгү жеңил кездемеден тигилген, бели танаптап тигилген, сыдырма жана топчуга шымдалат. Бели ичке кур үчүн өткөргүчтөрү менен. Шымдын арткы оң жагында капкалдырыгы менен чөнтөк бар. Каптал тигиши жагында чөнтөктөр жана милте. Милте темгил түстө;
21) токулган кездемеден поло көйнөк, классикалык түрдө, жеңи кыска, бир өңдүү зайтун же коргоо түстө. Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө ичке тарткычтар бар;
22) коргоо түстөгү пахтадан жасалган кездемеден футболка токулган, классикалык түрдө, түз бычылган, жеңи узун же кыска, зайтун, камуфляж же коргоо түстө болот;
23) параддык жагоо кара түстөгү кездемеден Кыргыз Республикасынын Гербинин сүрөтү түшүрүлүп тигилген, созулган трапеция түрүндө, учу тар бурчтуу болгон негизги бөлүктөн, «Регат» аттуу туруктуу түйүндөн жана формалык көйнөктүн жакасынын алды жагынан өткөрүп тагынуу үчүн илмектен турат;
24) күнүмдүк жагоо зайтун түстөгү кездемеден, созулган трапеция түрүндө, учу тар бурчтуу болгон негизги бөлүктөн, Регат аттуу туруктуу түйүндөн жана формалык көйнөктүн жакасынын алды жагынан өткөрүп тагынуу үчүн илмектен турат;
25) кашне зайтун түстөгү (параддык ак түстө) тор кездемеден, өлчөмү 120*20 см, кыска жактарында чачыктары бар болот;
26) кыш жана жаз-күз кийилүүчү булгаары ботинка (кыска өтүк) тумшугунан, кончтон, тилинен, апкыттан, улдан турат (апкыттан жана такадан). Кончтун ички бети сыдырылат. Астыңкы калыбы катуу.
Ботинканын (кыска ботинканын) ичинин астары пахтадан жасалган кездемеден (накта же жасалма териден). Таманы желимге чапталат;
27) кончу бийик кара ботинка тумшугунан, кончтон, тилинен, апкыттан, улдан турат. Арткы жана алдыңкы калыбы катуу.
Кончтун алды жагында боо өткөрө турган көзөнөкчөлөрү бар. Астары пахтадан жасалган кездемеден (накта же жасалма териден) же астарсыз. Боо менен байланат. Таманы жана такасы резинадан болот. Улу ранта-желимге чапталган (желимге чаптоого, желимдеп тигүүгө жол берилет). Ичинде – накта териден салынуучу батектер;
28) булгаарыдан жасалган кыска ботинкалар же туфли тумшугунан, кончтон, тилинен жана улдан турат.
Кончтун алды жагында боо (боосу жок, каптал резинкасы менен уруксат) өткөрө турган көзөнөкчөлөрү бар. Тумшугунун астары пахтадан жасалган кездемеден, кончтун түбү астарлык кайыштан. Батеги, апкыты, тамандык кайыштан. Тумшугунун учу кайыш же гранитолдон. Такасы формалаган резина таш тамандуу, кайыштан болот. Жасалма жана синтетикалык материалдан такасы бар, улу желимге чапталат;
29) ак түстөгү кол каптар ак токулган кездемеден, кол каптын сырткы жагында кооз быдыр (жасалгалуу) тигиш бар. Манжет жагы чоюлчаак сызма менен тартылатже бөрккө бүчүлүнөт;
30) булгаарыдан, жүндөн жасалган кол каптар кара тустөгү булгаарыдан, ичи тери менен жылууланган, жарым жүндүү астары бар же анысы жок беш салалуу. Кол каптын манжетинин ич жагы чоюлчаак сызма менен тартылат.
Жүндөн жасалган беш салалуу кол каптар кара түстө билек боосу менен;
31) булгаары кара (коргоо) түстөгү кемер, эни 20-25 мм, темир өрүмү жана жылдырма байлагычтары менен;
32) параддык кемер токулган, жибек, алтын (сары) түстө болот. Курга сүйрү тоголок металл таралга бекитилет, анын ички жагында күндүн түндүк жайгаштырылган тоголок дискинин сүрөтү бар.
Курдун астары пахта сызмадан. Таралга сүйрү тоголок латундан жасалат. Курдун жазылыгы – 45-50 мм. Узундугу астарына тигилген эки илмек жана илгич менен жөнгө салынат;
33) алтын түстөгү аксельбант алтын (сары) түстөгү капрон жиптен турат. Учу латундан.
Аксельбант алтын түстөгү өзгөчө өрүлгөн негизги боодон жана жардамчы боолордон турат. Жардамчы боолордун учуна учтуу алтын түстөгү металл уч тагылат. Металл учтун узундугу 80 мм;
34) кызматтык иттерди үйрөтүүчүлөр үчүн кебез күрмө – коргоо түстөгү кендирден, эки өңүрлүү, капюшону бар, түз, төрт топчуга топчуланат, астары кебез менен шырылган. Жакасы кайырма. Жеңи эки тигиштүү. Далы туштан жогору жана жеңдеринин учун бойлой кендирден кебездүү жумуру жаздыктар бар.
Шымы, коргоо түстөгү кендир жана пахта кездемеден аралаш тигилген, астары кебез менен шырылган, бели танаптап тигилген, боолору менен. Бели кур өткөргүчтөрү менен;
35) кызматтык иттерди үйрөтүүчүлөр үчүн коргоо түстөгү кендирден жең, «реглан» түрүндө, же кол кап сымал узун учтары туюк. Эки бөлүктөн турат: кебезден шырылган тула бою жана ийин бөлүгү.
2. Жетекчи жана катардагы курамдагылар үчүн (аялдар):
36) формалык пилотка эки бөлүктөн: сүйрү төбөсүнөн, эки капталдан жана эки кырдан турат.
Зайтун түстөгү кырлардын үстүнөн темгил түстөгү милтелер тигилген. Астында кокарда бар;
37) кулакчындуу тумак.
Жетекчи жана катардагы курамдагылар (эркектер) үчүн сыпаттамага ылайык келет;
38) кышкы пальто зайтун түстөгү драптан тигилген. Эки өңүрлүү (бир өңүрлүү), ичилиги жылуулатылган, ачык жакасы кайырма жана лацкандар менен. Түз бычылган, өңүрүнүн ортосунда алтын түстөгү 3 формалык топчуга топчулануучу бүчүлүгү бар.
Кайырма жакалуу, жакасынын жээгинде (жогорку жетекчи курам үчүн) алтын түстүү милте менен темгил түстүү илмеги бар. Боз түстөгү каракүлдөн (боз түстүү жасалма каракүлгө жол берилет) жасалган чечилүүчү жака (жогорку жетекчи курам жана полковниктер үчүн). Калган жетекчи курам жана катардагы курамдагылар үчүн – жакасы накта же жасалма териден тигилген зайтун (көк) түстө. Астары үстүңкү кездемеден этегине чейин саржадан, жылуулаткычы батинден. Сол өңүрүнүн астарынын ички жагында илмекке топчулана турган чөнтөгү бар. Өңүрлөрү дублерин менен бекемделген каптал тилик бөлүктөрү, сырткы капталдарында тилинип жасалган кыюусу менен чөнтөктөрү бар. Учасындагы тигиш дал ортосунан кетип, этек жагы тилик. Погондор тигилүүчү, зайтун түстө;
39) жазгы-күзгү плащ зайтун түстөгү кездемеден тигилген, силуэти жарым-жартылай кыналган, кайырма жакалуу, жактары коргоо түсүндөгү 4-5 топчуга топчуланат. Өңүрлөрү фигуралуу кокетка менен, каптал бөлүктөрү кесилген, кыюусу менен тилик каптал чөнтөктөрү бар. Далысынын ортосундагы тигиште кокеткасы бар.
Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү. Ички сол жагында-кыюусу менен тилик ички чөнтөк бар. Плащтын этеги үстүңкү кездемеден бүгүлүп тигилген.
Погондору тигилүүчү, күнүмдүк (параддык);
40) сыдармалуу күрмө.
Жетекчи жана катардагы курамдагылар (эркектер) үчүн сыпаттамага ылайык келет;
41) зайтун түстөгү кездемеден тигилген шым, танаптап тигилген бели менен сыдырмага жана топчуга бүчүлүнмөсү менен.
Белинде кур үчүн өткөргүчтөрү бар. Каптал тигиштеринде чөнтөктөрү жана милтеси бар. Милтеси темгил түстөгү ноотудан. Шымдын алдыңкы жарымы астарланган;
42) күнүмдүк жакет зайтун түстөгү кездемеден тигилет. Бир өңүрлүү, силуэти толук кыналып турбаган, өңүрлөрү ортосунан үч формалык топчуга топчуланат.
Жакасы кайырма учтарында эмблема бар. Өңүрлөрү капталынан танапталган, капкалдырыктары бар тилинип жасалган каптал чөнтөктөрү менен. Далынын ортосунда тигиши болот. Жеңдери танаптап тигилген, эки тигиштүү. Өңүрдүн астарында төш чөнтөктөрү бар. Погондору тигилүүчү, күнүмдүк;
43) юбка зайтун түстөгү кездемеден тигилет.
Астарланган, силуэти түз, бели танаптап тигилген, топчуга жана сыдырмага бүчүлөнмө. Алдыңкы жагындагы кездеме рельефтүү, тилиги менен. Арткы жагындагы кездеме танаптап тигилген эки тигиш жана орто тигишинде тилиги менен;
44) пуловер.
Жетекчи жана катардагы курамдагылар (эркектер) үчүн сыпаттамага ылайык келет;
45) камуфляж же зайтун түстөгү жылуулатылган күрмө.
Жетекчи жана катардагы курамдагылар (эркектер) үчүн сыпаттамага ылайык келет;
46) камуфляж түстөгү талаа костюму.
Жетекчи жана катардагы курамдагылар (эркектер) үчүн сыпаттамага ылайык келет;
47) зайтун (ак) түстөгү узун жана кыска жеңдүү формалык көйнөк.
Жетекчи жана катардагы курамдагылар (эркектер) үчүн сыпаттамага ылайык келет;
48) поло көйнөк.
Жетекчи жана катардагы курамдагылар (эркектер) үчүн сыпаттамага ылайык келет;
49) жайкы (кышкы) көйнөк. Жайкысы зайтун түстө жеңил кездемеден, кышкысы –зайтун түстөгү кездемеден тигилген, белинен кеткен тилиги, бел курчоосу, кайырма жакасы жана капкалдырыктары менен сыртынан чапталып тигилген чөнтөктөрү бар. Көйнөктүн өңүрү жана чөнтөк капкалдырыктары топчуга топчуланат. Жеңдери кыска (узун). Юбкасы эки тигиштүү, астынан бүркөмү менен. Погондор чечилүүчү, күнүмдүк;
50) футболка.
Жетекчи жана катардагы курамдагылар (эркектер) үчүн сыпаттамага ылайык келет;
51) зайтун түстөгү күнүмдүк жагоо.
Жетекчи жана катардагы курамдагылар (эркектер) үчүн сыпаттамага ылайык келет;
52) жагоо-бант зайтун түстөгү кездемеден тилимдери бири-биринин үстүнө коюлуучу банттан турат, алар 45 градус бурчу боюнча кайчылашат жана жагоо-бантты көйнөктүн жакасынын астына тагуу үчүн илмеги бар. Параддык кара түстө болот;
53) кашне.
Жетекчи жана катардагы курамдагылар (эркектер) үчүн сыпаттамага ылайык келет;
54) кара түстөгү кышкы өтүк, тумшугунан, кончтон жана улдан турат. Кончу «сыдырмага» бүчүлөнөт. Астары териден, кийизден, ноотудан болот. Таманына синтетикалык же жасалма материалдан резинага желим ыкмасы менен чапталат;
55) кончу бийик ботинка.
Жетекчи жана катардагы курамдагылар (эркектер) үчүн сыпаттамага ылайык келет;
56) булгаары туфлилер кара түстө, бүтүн тумшуктан, апкыттан жана улдан (тамандан жана такадан) турат, желим менен чапталып бекитилет. Таканын бийиктиги 5 см ашпайт;
57) ак кол каптар.
Жетекчи жана катардагы курамдагылар (эркектер) үчүн сыпаттамага ылайык келет;
58) булгаары, жүн кол каптар.
Жетекчи жана катардагы курамдагылар (эркектер) үчүн сыпаттамага ылайык келет;
59) параддык кемер.
Жетекчи жана катардагы курамдагылар (эркектер) үчүн сыпаттамага ылайык келет;
60) булгаары кемер.
Жетекчи жана катардагы курамдагылар (эркектер) үчүн сыпаттамага ылайык келет;
61) аксельбант.
Жетекчи жана катардагы курамдагылар (эркектер) үчүн сыпаттамага ылайык келет.
3. «Омега» атайын багыттагы отрядынын кызматкерлери үчүн:
62) кара түстөгү берет төбөдөн, алдыңкы капталдан жана бир же эки арткы капталдан турат.
Береттин алдыңкы жагында кокарда менен эмблеманын бекиткичин жашырыш үчүн жасалган жасалма булгаарыдан капкалдырык бар. Капталдын төмөн жагы булгаары милтенин тасмасы менен иштелип чыккан, ага боо өткөрүлгөн. Каптал тигилиштерде көзөнөкчөлөр бар. Береттин маңдайкы жагына «Омеганын» кокардасы же эмблемасы жайгаштырылат;
63) кепка бир өңчөй кара же камуфляж түстөгү кездемеден жасалат. Беш же алты кыйыктуу формада болуп, сүйрү төбөдөн, алкактан, маңдай кырдан турат, өлчөмү боюнча жөнгө салынат. Кепканын алкагынын маңдайкы жагына «Омеганын» кокардасы же эмблемасы жайгаштырылат;
64) кышкы топу жүн, жарым-жартылай жүндөн токулган кара түстөгү кездемеден жасалып, жогору жагына кошуп тигилген астарынан турат;
65) маска кара түстөгү пахта кездемеден (токулган) жасалган, жогору жагына кошуп тигилген астарынан, алды жагында көз, мурун жана ооз үчүн көзөнөкчөлөрү бар;
66) бир түстүү чабуул костюму кара түстөгү күрмөдөн жана шымдан турат.
Резина чүпүрөк сызма менен жөндөлгөн бели жазы кыска күрмө, төшүндө жашыруун топчулана турган капкалдырыктуу тилинип жасалган эки төш, эки жең жана нымдан коргоочу документтер үчүн бир ички чөнтөктөрү бар. Жакасы кайырма, тик топчуланат. Жеңдеринин чыканактары бекемделип жасалган жана билегинде үч топчуга топчуланган жөнгө салгычы бар. Шымдары бош тигилет, тизе жагы бекемделип жасалган, леясы бар.
Чөнтөктөрү: артында – эки чөнтөк: сол жактагысы сыртынан чапталып тигилген, оң жактагысы тилинип тигилген; алдында эки сан чөнтөк; оң капталында – бычак алып жүрүү үчүн атайын чөнтөк, 2 бөрккө бүчүлүнөт жана бычакты бекитүү үчүн боосу бар. Бардык чөнтөктөр жабык топчуланма капкалдырыктуу. Шымдын төмөнкү ичине жөнгө салынуучу фартук-чаңдоочтор тигилген;
67) камуфляж түстөгү күрмө камуфляж (коргоо) түстөгү кепкадан, күрмөдөн жана шымдан турат.
Кепкасы сүйрү төбөдөн, алкактан, маңдай кырдан жана кайырма желке жапкычтан турат. Кепканын алкагынын маңдайкы жагына «Омеганын» кокардасы же эмблемасы жайгаштырылат.
Күрмө силуэти түз, ортосунан жактары кымтылып сыдырылат, капкалдырыктары жабышкакка бүчүлүнөт. Жакасы тик, жабышкакка бүчүлүнөт. Төшүндө эки кыйшык төш жана жабышкакка бүчүлөнүүчү капкалдырыктуу эки жең чөнтөктөрү бар. Тигилүүчү погондору топчуланма. Жеңдери танаптап тигилген, бир тигиштүү (эки тигиштүү), манжети жабышкагы менен. Жеңдеринин чыканактары бекемделип жасалган. Жеңдин сол жагында калем сап үчүн чөнтөк.
Шым бели танаптап тигилген, топчуланма, курга эки түрлүү өткөргүчү 6,5 см чейин. Белинде жана багалегинде тартылат. Шымда 8 чөнтөк болот. Шымдын капталдарында эки тилинип салынган жана төрт капкалдырыгы бар сыртына чапталып тигилген чөнтөктөрү бар. Шымдын артында капкалдырыгы менен эки тилинип жасалган чөнтөк бар. Шым тизесинде бекемделип жасалган. Шымдын багалегинде кичерейтип-чоңойтуучу сызма бар;
68) кышкы камуфляж түстөгү күрмө жана шым. Жылуулатылган күрмө суу өткөрбөөчү кездемеден тигилген, этегине чейин асталанган, чечип алма капюшону болот, силуэти түз, ортосунан жактары кымтылып бүчүлүнөт, бир ачык топчусу бар.
Өңүрүндө белинен кеткен ички кулисасында жогорку жана төмөнкү капкалдырыктуу сыртынан чапталып тигилүүчү чөнтөктөрү бар. Жакасы тик флис менен жылууланган. Далысы туюк бычылган, белинен кеткен ички кулисасы бар. Жеңдери танаптап тигилген, бир тигиштүү. Жеңдердин учтары туюк кесилип бүгүлгөн тигиш менен иштелип чыккан, жабышкак менен жөнгө салынат. Погондор тигилүүчү, топчуга топчуланат.
Шым камуфляж түстөгү суу өткөрбөөчү кездемеден. Бир катмар синтепон жана батин менен жылуулатылган. Бел куру танапталган, бөрккө же топчуга бүчүлөнөт. Эндүү курга өткөргүчтөрү менен. Шымдын алдыңкы жагында капталы тилик жана капкалдырыктуу сыртынан чапталып тигилген каптал чөнтөктөрү бар. Шымдын артында – капкалдырыктуу тилик чөнтөктөр бар. Чапталып тигилген жана тилик чөнтөктөрдүн капкалдырыктары бөрккө же топчуга бүчүлөнөт;
69) кышкы кара түстөгү кыска күрмө, плащ кездемеден, силуэти түз, ортосунан кымтылып бекитилүүчү сыдырмасы бар, бели танаптап тигилген, жылуулатылган ичилиги менен этегине чейин астарланган.
Жакасы кайырма. Өңүрлөрү кокеткасы менен, капталдарында тилинип салынган чөнтөктөрү тасма-сыдырмага сыдырылат. Далысы кокеткасы менен. Жеңдери танапталган, манжет менен, темир (желим) форма топчуга бүчүлөнөт. Сол жеңинде жең белгиси жайгашкан. Күрмөнүн төмөн жак капталы чоюлма тасма менен тартылган. Ийининде погондору кездемеден жасалып тигилген, топчуланма, кара түстөгү погондор кийгизилет;
70) тельняшка (футболка) пахта, токулган кездемеден, классика түрдө, түз бычылган, жеңдери узун, же кыска, кара, камуфляж, коргоочу түстө;
71) кончу бийик ботинка кара (боз) түстө, тумшугунан, кончтон, жартылай жабык капкалдырыктан, чоңойтуп-кичирейте турган жеңил курлардан, жумшак манжеттен жана арткы курлардан, улдан (таман, така) турат. Кончтун алды жагында боо өткөрө турган көзөнөкчөлөрү бар. Арткы жана алдыңкы калыбы катуу. Ботинканын астары пахтадан жасалган кездемеден (накта же жасалма териден) же астары жок. Салына турчу батеги накта териден. Улу ранта-желимге чапталган (таманы резинадан), желимдеп тигилген.
Мезгили боюнча – кышкы жана жайкы;
72) курал жарактарды салып жүрүүчү жилет кийимдин үстүнөн кийилет жана көтөрүп жүргөн курал-жарактардын жана ок-дарылардын түрүнө жараша баштыкчалардын бекитилген орундардын вариациясын камсыздайт.
Жилеттин алдында: радиостанция үчүн баштыкча, төрт универсалдуу баштыкча, автоматтын магазиндерин салуу үчүн төрт негизги баштыкча бар. Далысында аба өткөрүүчү токулган кездеме салынган, жантыгынан кеткен каркастуу курлар менен бекемделген. Далысынын моюн кесилишинде кур-боо жайгашкан.
Жилет ортосунан сыдырылат. Жилетти өлчөмү боюнча жөндөө жилеттин каптал жактарында жайгашкан жана тез жылдырма элементтердин жардамы менен аткарылат, кайыш-курлар менен боюна жараша жөндөлөт, ошондой эле өңүрдүн курларында жана далыда тигилген бүчүлөмөлөрдө жайгашкан курдун жана жөндөгүчтөрдүн жардамы менен аткарылат. Жилеттин кездемесинин түсү – кара;
73) уктоочу мүшөк. Уктоочу мүшөктүн ичилиги жана кабы бар.
Уктоочу мүшөк тик бурчтуу, танапталган капюшону менен. Мүшөктүн оюгу эки асылма капкалдырык менен, сыртынан – киперлүү тасмадан алты илмек менен иштелген, алты топчуга бүчүлүнөт. Мүшөктүн капюшону үч бөлүктөн турат. Капюшондун алдыңкы кырында боо тарткыч жайгаштырылат.
Жылуулагыч материал катары синтепон колдонулган, анын эки катмары мүшөктүн астары туура кеткен саптар менен бириккен. Ичилигин бекемдеш үчүн астары жактан тигиштердин бурчтарында төрт байлагыч боо бар. Ичилигинин формасы тик бурчтуу. Жылуулагычка ичилигин бекитүү үчүн жогорку жана төмөнкү бурчтарына байлоочу боо коюлган. Кабынын формасы цилиндр түрүндө, кырларында бүйүрүү үчүн байлагычтары бар. Кабында булгаары кармооч бекитилген. Мүшөктүн кездемесинин өңү – зайтун түстө;
74) буюм мүшөгү (рюкзак) – тик бурчтуу, кара, камуфляж, коргоо түстөгү бышык полиэстр, суу өткөрбөй турган кездемеден тигилет. Алдыңкы бөлүгүнүн, ортосунда капкалдырыгы менен чөнтөгү сыдырмага сыдырылат. Негизги чөнтөгү сыдырмалуу, 1 кабаттуу, 2 сыдырмалуу чөнтөк. Буюм мүшөгү (рюкзак) чоң сыйымдуулукта болот, жөнгө салынуучу куру менен, желдеткич тутумдуу көзөнөктөрү менен болот. Мүшөктүн каптал жактарына буюм мүшөгүн (рюкзактын) төмөн жакка бекитүү үчүн экиден сызма тигилген;
75) булгаары ыкчам жабдык (кап) тыш (кобура) калыңдыгы 3– 3,5 мм кур булгаарыдан жасалган. Каптын түзүлүшү андан куралды тез алып чыгууга мүмкүндүк берет. Каптын бекиткичи толук булгаарыдан жасалган. Каптын кошумча бекитмеси белдеги куралды тез чыгарып алууга ыңгайлуу. Каптын бекиткич түзүлүшү куралдын денеге тыгыз жакындыгын жана адамдын жеке дене түзүлүшүнө ылайыктап оңдоп тууралоону камсыздайт. Бекитмесинен чыгаруу мүмкүнчүлүгү да каралган. Капты белдин оң жана сол жагына тагынууга болот;
76) кол кап кара (коргоочу) түстөгү жеңил, бышык, дем алуучу синтетикалык, нымдуулукту өткөрбөй турган кездемеден жасалат. Анатомияга ылайык туура бычылган. Муштум сөөктөрү соккуда туруштук бере турган желимдер менен корголгон. Манжалардын фалангдары кездемеден жасалган жана муундардагы демпферлери бекемделип тигилген. Манжалардын дисталдык фалангдары катмарланып иштелип бекемделген. Алаканы текстиль замштуу, куралды, аспапты жана башка курал-жаракты бекем кармоого ыңгайлуу. Билегинде жабышкакка бүчүлүнөт;
77) Чатыр-плащ зайтун түстөгү сууну, нымдуулукту өткөрбөй турган резина менен ичтелген кездемеден тигилет, казыкчалар жана өткөргүч тутуму бар кенен кездемеден. Ага кошо тигилген кенен капюшону бар, форма кийиминин үстүнөн кийүүгө болот.
4. Ички кызматтын атайын наамдары бар жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жетекчи жана катардагы курамдагы адамдарынын форма кийимдеринин предметтерине жайгаштырыла турган кокарданын, эмблемалуу кокарданын, эмблемалардын, төш жана жеңге тагылган белгилердин, саймалардын жана фурнитуранын сыпаттамасы:
78) кокарда металлдан (желимден) алтын түстөгү лавр бутактары менен гүлчамбар түрүндө курчалган. Жазык-аткаруу тутумунун жетекчи жана катардагы курамдагы кызматкерлери үчүн фуражкага жана кулакчындуу тумакка тагылат, бекитүү үчүн металлдан жасалган илмек же сайлуу бурамасы болот.
Эмблема менен кокарда алтын түстөгү металлдан (желимден) томпок сүйрү розетка түрүндө жасалып, алтын түстөгү 32 нурдан турат, борборунда кызыл эмаль менен сырдалаган сүйрү томпок, анын ичинде алтын түстөгү канаты жайылган шумкар, арткы көрүнүшүндө Ала-Тоонун чокулары, түндүк жана жазык аткаруу тутумунун мекемелерин символдоштурган 17 күн нуру жайгашкан. Кокарданын тескери жагында баш кийимге тагуу үчүн бекиткич бар. Фуражкага, кулакчындуу тумакка, талаа фуражкасына (кепкага) жана пилоткага тагылат.
Талаа фуражкасына (кепкага) коргоо түстөгү кокарда бекитилет, кокарданын борбору мурундун кайкысынын үстүндө болушу керек.
«Омега» атайын багыттагы отряды үчүн беретканын жана кепканын борборуна 3х3 см эмблемалуу кокарда тигилет, эмблеманын сыпаттамасы атайын багыттагы отряддын жең эмблемасына ылайык келет;
79) погондогу эмблемалар диаметри 2,2 см болгон эки жарым тегеректен турат, лавр жалбырагы түрүндө жасалган оозу ачык, төмөн жагы тасма менен бекитилет, ал эми жогорку жагында эки жарым тегеректин ортосунда боштук бар – 3 мм. Лавр тегерегинин борборунда түз сызыктуу тилкелер менен оролгон калкан жайгаштырылган, калкандын капталдарында учу төмөн караган кайчылашкан эки кылычтын фонунда 8 тегерек дого бар, эмблеманын тескери жагында бекиткичи бар.
Параддык жана күнүмдүк погондорго, узунунан турган борбордук сызыгынан, топчудан 5 мм аралыкта тагылат;
80) жазык-аткаруу тутумунун каруудагы белгиси тегерек формада, бийиктиги 90 мм, эни 80 мм болот. Каруудагы белги кызыл түстөгү кездемеден жасалган. Каруудагы белгинин борборунда Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун символикалык белгисинин сүрөтү жайгаштырылган.
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун символикалык белгиси өзүнө аныктоочу жана мүнөздөөчү элементтерди жана символдорду камтыйт. Сырты стилдештирилген кочкул-боз түстөгү калкан ички элементтерден жана алардын компоновкасынан турган формага ээ. Эмблеманын борбордук бөлүгүндө тегерек калкандын фонунда кылыч чагылдырылган, бул мыйзамды бузганда сөзсүз жазаланаарын билдирет. Калкан тегерек формада жана улуттук оюунун элементтерин камтыйт. «УИС», «ЖАТ» (УГОЛОВНО-ИСПОЛНИТЕЛЬНАЯ СИСТЕМА, ЖАЗЫК-АТКАРУУ ТУТУМУ) аббревиатуралары кызыл ийилген тасмада жайгашып, кылычтын ортосун жаап турат. Эмблеманын жогорку бөлүгүндө жазы кызыл тасмада мамлекетке таандыкты аныктаган: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ» деген жазуусу бар. Каршы тарабындагы кызыл тасмада аббревиатурага ылайык: «ЖАЗЫК – АТКАРУУ ТУТУМУ» деп толук жазылган. Тасмалардын баардык жазуулары жана кырлары ачык сары түстө. Эмблеманын төмөнкү борборундагы эки лавр бутагынын ортосунда жайгашкан кызыл жылдыз мамлекетке кызмат кылуудагы даңкты, эрдикти жана ар-намысты символдоштурат.
Каруудагы белги кышкы жана жаз-күз мезгилдик пальтонун, жаз-күз мезгилдик күрмөнүн, жүн жана жарым-жартылай жүн, синтетика кездемеден тигилген күрмөнүн, зайтун түстөгү кителдин (жакеттин), синтетика жана суу өткөзбөй турган кездемеден тигилген кышкы күрмөнүн сол ийининин жогорку чекитинен 80 мм төмөн аралыкта жайгаштырылат.
Каруудагы белги форма кийимине айырмалоочу белгинин ажырагыс атрибуту катары берилет;
81) «Омега» атайын багыттагы отрядынын каруудагы белгиси тегерек, бийиктиги 105 мм, эни 92 мм болот. Каруудагы белги кара түстөгү калың кездемеден жасалат.
Эмблемадагы тегеректин ичинде, гарда тушта беш жылдызы менен учу ылдый караган кылыч жайгаштырылган, эмен жалбырактарынан гүлчамбар жана кайчылашкан чагылгандар бар. Борборунда латын алфавитинин (Ω) «омега» тамгасы бар.
Эмблеманын жогорку бөлүгүндө атайын багыттын таандыгын аныктаган «ЖАКтын атайын багыттагы отряды» деп жазылган. Алдыңкы бөлүгүндө атайын багыттагы отряддын урааны кыргыз жана орус тилдеринде жайгаштырылган: «Акыркы далил». «Последний довод».
Каруудагы белги кышкы жана жаз-күз пальтонун, жаз-күз күрмөнүн, жүн жана жарым-жартылай жүн, синтетикалык кездемеден тигилген күрмөнүн, зайтун түстөгү кителдин (жакеттин), синтетикадан жана суу өткөрбөй турган кездемеден тигилген кышкы күрмөнүн оң жеңинин тыш тарабында жогорку чекитинен 80 мм төмөн аралыкта жайгаштырылат.
Атайын багыттагы отряддын «Спецназ» жең белгиси дого түрүндө, өлчөмү 13,5 х 9,5 см, сол жеңдин тыш тарабында жогорку чекитинен 8 см төмөн аралыкта тигилет;
82) кандын тобу көрсөтүлгөн көкүрөк кыйык: камуфляж түстөгү тик бурчтуктан турат, 13 см (узуну) жана 3 см (эни) өлчөмүндө, жээгинде – коргоо түстөгү милте. Көкүрөк кыйыктын ортосунда коргоо түстөгү латын алфавитиндеги тамгалар жана цифралар менен төмөнкүдөй жазуулар бар: биринчи оң – «О (I) Rh +»; биринчи терс – «О (I) Rh –»; экинчи оң – «А (II) Rh +»; экинчи терс – «А (II) Rh –»; үчүнчү оң – «В (III) Rh +»; үчүнчү терс – «В (III) Rh –»; төртүнчү оң – «АВ (IV) Rh +»; төртүнчү терс – «АВ (IV) Rh –». Тамгалардын жана цифралардын бийиктиги - 17 мм. Талаа жайкы күрмөнүн сол төш чөнтөк капкалдырык тигишинен 2 мм аралыкта тигилет.
«КЫРГЫЗСТАН» жазуусу менен көкүрөк кыйыгы төрт бурчтук, камуфляж түстөгү кездемеден тигилген, жээгинде коргоочу түстөгү милте бар. Көкүрөк кыйыгынын ортосунда орус алфавити менен коргоочу түстө «КЫРГЫЗСТАН» деп жазылган. Талаа кийим формасынын чөнтөгүнүн капкалдырык тигишинен 2 мм аралыкта тигилет. Тамгалардын бийиктиги – 17 мм;
83) «ОМЕГА» атайын багыттагы отрядынын көкүрөк кыйыгы, төрт бурчтуу, кара түстө 10х3,2 см өлчөмүндөгү калың токулган кездемеден, форма кийиминин чөнтөгүнүн капкалдырыгынын үстүнө тигилет.
«СПЕЦНАЗ» атайын багыттагы отрядынын көкүрөк кыйыгы, төрт бурчтуу, кара түстө 10х3,2 см өлчөмүндөгү калың токулган кездемеден, форма кийиминин чөнтөгүнүн капкалдырыгынын үстүнө тигилет;
84) жагоо үчүн бекиткич алтын түстөгү металлдан, эмблемасы бар ийилген пластинкадан турат. Бекиткичтин сырты ийилген, жагоонун көйнөккө кыналып турушун камсыз кылат;
85) металлдан, аноддолгон, алтын түстүү топчулар; чөйчөктөн, түптөн, кулакчадан, клямерден турат. Сырткы бети томпок, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин рельефтик сүрөтү чагылдырылган.