Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2026-жылдын 26-майы № 5-д буйругуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ

БУЙРУК

2023-жылдын 30-марты № 1

Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин буюм мүлкүнүн, атайын наамдар боюнча айырмалоочу белгилеринин сыпатталыштарын жана форма кийимин кийип жүрүү тартибин бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесине жана Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын Тизмесинин 1-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021 -жылдын 5-мартындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 10-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:

 

1. Бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кызмактерлеринин буюм мүлкүнүн сыпаттамасы 1- тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин атайын наамдар боюнча айырмалоочу белгилеринин сыпаттамасы 2-тиркемеге ылайык;

3) Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин форма кийимин кийип жүрүү тартиби 3-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы ушул буйруктан келип чыккан чараларды көрсүн.

3. Укуктук маалымат башкармалыгы бул буйрукту Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизсин.

4. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасына жүктөлсүн. 

 

 

Министрдин м.а.

З.А. Аскарова