Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2026-жылдын 26-майы № 5-д буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлигинин
2023-жылдын 30-мартындагы
№1 буйругуна тиркеме
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин форма кийимин кийип жүрүү тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин форма кийимин, айырмалоочу белгилерин кийип жүрүү эрежелерин белгилейт (мындан ары – Эреже).
2. Ыйгарылган атайын наамга ылайык форма кийимин кийип жүрүү укугуна жазык-аткаруу тутумунун (мындан ары – ЖАТ) органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөп жаткан кызматкерлер, ошондой эле форма кийимин кийүү укугу бар запастагы же отставкадагы кызматкерлер ээ.
3. Форма кийими ушул Эрежеге ылайык кийилет. Форма кийиминин предметтери белгиленген сыпаттамага ылайык келип, кылдаттык менен чакталган, таза жана тыкан болушу керек.
4. Кызмат убактысында ЖАТтын бардык жетекчи жана катардагы курамы, ыкчам жана кызматтык иштердин кызыкчылыгы үчүн жарандык кийим кийүүгө жетекчилик тарабынан уруксат берилген кызматкерлерди кошпогондо, белгиленген форма кийимин кийүүгө милдеттүү.
5. ЖАТтын кызматкерлеринин форма кийими параддык-салтанаттык (генералдар үчүн), параддык, күнүмдүк, талаа жана атайын болуп, мезгилдерге ылайык – жайкы жана кышкы болуп бөлүнөт.
6. Форма кийими белгиленет:
– параддык – параддарга катышууда, ордендерди жана медалдарды тапшырууда, өкмөттүк жана ведомстволук сыйлыктарды алууда, кызматка дайындалганда, ант бергенде, атайын наам ыйгарылганда, ЖАТтын майрам күндөрүндө, салтанаттуу чогулуштарга катышууда жана катарга турганда. Ошол учурда формалар параддык погондор, параддык кемер, аксельбант, ак кол кап, ордендер жана медалдар менен жабдылат (орден планкалары жана кемери жок);
– күнүмдүк – башкармалыктардагы, мекемелердеги кызмат убагында, суткалык наряддын курамында кызмат өтөөдө, кызматтык кеңешмелерде жана окуу борборлорундагы окууларда, ошондой эле ЖАТтын бөлүктөрүндө жана мекемелеринде кызматтык милдеттерин аткарууда;
– талаа – окууларда, маневр кылууда, талаага чыгууда, сабактарда, машыгуу аянтчаларында, суткалык наряддын курамында кызмат өтөө учурунда, нөөмөттө, тинтүү иш-чараларында, тескөөчүлүк текшерүү иш сапарларында, мекемелерге барганда жана башка кызматтык милдеттерди аткарууга байланышкан учурларда, күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөө учурларында. «Айгай» сигналы жарыяланганда, ошондой эле ЖАТтын бөлүмдөрүндө жана мекемелеринде кызматтык милдеттерин аткарууда.
Мындан тышкары, атайын жана спорттук форма кийимдери кошумча белгиленет:
– атайын кийимдерди жана бут кийимдерди ЖАТтын кызматкерлери кызматтык милдеттерин өзгөчө шарттарда жана атайын тапшырмаларды аткарып жатканда (Атайын багыттагы отрядга тийиштүү), ошондой эле кызматтык иттерди тейлөө учурунда кийишет;
– спорттук кийимдерди ЖАТтын кызматкерлери спорттук иш-чаралар өткөрүлгөн учурда кийишет.
7. Жайкы жана кышкы форма кийимин кийүүгө өтүү, жазгы мезгилде кийүүнүн башталышы жана күзгү мезгилде кийүүнүн токтотулушу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын (мындан ары – ЖАК) буйругу менен белгиленет.
8. Салтанаттуу иш-чаралар, саптык кароо, тизилүү жана кызматтык чогулуштар үчүн форма кийими ушул иш-чараларды өткөрүүчү адамдар тарабынан жарыяланат.
9. ЖАТтын кызматкерлеринин талаа формасынын түсүн ЖАКтын төрагасы аныктайт.
10. ЖАТтын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдары жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызматчыларын кийим мүлкү менен камсыз кылуу ченемдеринде көрсөтүлгөн форма кийимин кийүүгө уруксат берилет.
11. Тыюу салынат:
– ведомстволук форма кийиминин өзгөртүлгөн же белгисиз үлгүдөгү предметтерин, жабдууларын жана айырмалоочу белгилерин тагынууга;
– ЖАТтын төрагасынын тиешелүү буйруктарында аныкталбаган учурларда аксельбантты тагынууга;
– ведомстволук форма кийиминин предметтерин, ошондой эле ведомстволук кийимдерди жарандык кийим менен аралаштырып кийүүгө;
– күнүмдүк форма кийими учурунда талаа формасын кийүүгө;
– ЖАТтын кызматкерлери эмес адамдардын ведомстволук форма кийимдерин кийүүсүнө жана айырмалоочу белгилерди тагынуусуна.
2. Форма кийиминин айрым предметтерин кийип жүрүү
12. Пилотка жана берет оң жакка бир аз ийилип кийилет, ал эми кулакчындуу тумак, күнүмдүк фуражка, талаа фуражкасы (кепка) – түз, ийилбей кийилет, күнүмдүк фуражка менен талаа фуражкасынын маңдай кыры каштын деңгээлинде, ал эми кулакчындуу тумактын, береттин жана пилотканын төмөнкү кыры – каштан 2–4 см жогору кийилет.
13. Жогорку офицердик курамдагылар киет:
– каракүлдөн алтын түстөгү металл кокардасы менен кулакчындуу тумак жана чечилүүчү жака;
– алтын түстөгү белгиленген кокардасы менен параддык жана күнүмдүк фуражка. Алтын түстөгү саймаланган белгиленген кокарданын ордуна, фуражканын алкагына – алтын түстөгү металл кокарданы, фуражканын кебине – саймаланган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин тагууга уруксат берилет.
14. ЖАТтын кызматкерлери киет:
– алтын түстөгү металл кокардасы менен кулакчындуу тумак;
– белгиленген үлгүдөгү кокарда менен фуражка («полковник» атайын наамындагы кызматкерлер үчүн фуражканын кеби – саймаланган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби);
– алтын түстөгү кокарда менен пилотка;
– коргоо түстөгү кокарда менен талаа фуражкасы (кепка).
«Полковник» атайын наамындагы кызматкерлерге каракүлдөн алтын түстөгү металл кокардасы менен кулакчындуу тумак жана чечилүүчү жака кийүүгө уруксат берилет.
15. Кокарданын жана символиканын борбору мурундун кайкысынын үстүндө болот.
16. Кулакчындуу тумактын кулакчынын түшүрүп кийүүгө абанын температурасы – 10дан төмөн болгондо уруксат берилет. Катарда турганда тумактын кулакчыны жетекчинин көрсөтмөсү боюнча түшүрүлөт. Тумактын кулакчыны түшүрүлгөндө сызманын учтары ээк астына байланат, тумактын кулакчынын көтөргөндө сызманын учтары кулакчындын астына салынат. Чарба жумуштарында жана башка учурларда ведомство жетекчилигинин көрсөтмөсү боюнча кулакчындардын сызмасын аркасына байлоого уруксат берилет.
17. Чечилген баш кийим ылдый эркин түшүрүлгөн сол колго кармалат: кулакчындуу тумактагы, фуражкадагы, пилоткадагы жана береттеги кокарда астын карап турушу керек; фуражканын, кулакчындуу тумактын жана береттин төмөнкү жээги кызматкердин бутуна, ал эми пилотканыкы – төмөн карашы керек.
18. Кышкы пальто алды жагынан оң жакка толук топчуланат (аялдар сол жакка). Боюна жараша, пальтонун этеги жерден 35–40 см жогору болууга тийиш. Кышкы пальтону бети менен тыкан бүктөп, сол колдо алып жүрүүгө уруксат берилет.
19. Жазгы-күзгү плащ асты жагынан оң жакка кымтылып топчуланат (аялдар үчүн – сол жакка). Жайкы плащтын куру илмекке курланат. Боюна жараша, плащтын этеги жерден 35–40 см жогору болууга тийиш. Жазгы –күзгү плащты бети менен тыкан бүктөп, сол колдо алып жүрүүгө уруксат берилет.
20. Китель оң жакка бардык топчуларга топчуланат.
21. Жакет сол жакка бардык топчуларга топчуланат.
22. Формалык күрмө кокетканын деңгээлинде сыдырылат. Жүн кездемеден тигилген сыдырмалуу зайтун түстөгү күрмөнү күнүмдүк формада күнүмдүк кийилүүчү кителдин ордуна кийүүгө, ошондой эле күнүмдүк формада көйнөктүн ордуна жүн кездемеден тигилген сыдырмалуу күрмө менен коргоо же зайтун түстөгү футболка кийүүгө уруксат берилет.
23. Жылуулатылган талаа күрмө толук топчуланат же сыдырылат жана талаа шымынын (жылууланган) багалектерин кончу бийик ботинкага киргизип кийүү керек. Аба-ырайынын начар шарттарында күрмө капюшону менен жакасы көтөрүлүп кийилет. Жогорку жетекчилик курамдагылар жана полковниктер үчүн чечилүүчү каракүл жакалуу кара түстөгү булгаары күрмөгө уруксат берилет. Жайкысын суук аба-ырайында күрмөнү күнүмдүк жана талаа формасына кийүүгө уруксат берилет.
24. Пальтолор, плащтар, күрмөлөр, кителдер, жакеттер тыкан жана белгиленген үлгүлөрдө, таза жана үтүктөлгөн болушу керек.
25. Кителдин, жакеттин жана күрмөнүн капкалдырыктары сыртка карап, айырмалоочу жең жана төш белгилери, тикмелер – туура жана тыкан тигилген (тагылган) болушу керек.
26. Эркектер үчүн шым оң жагына, ал эми аялдар үчүн – сол жагына топчуланат. Шымдын узунунан үтүктөлгөн кыры болушу керек. Башка предметтерде кыр чыгарууга жол берилбейт.
27. Юбка белгиленген үлгүдө, таза жана үтүктөлгөн, кыры жок болушу керек. Тизеден юбканын төмөнкү кырына чейинки аралык – 2–4 см.
28. Көйнөктөр бардык топчуларга оң жагына топчуланып (аялдар үчүн – сол жагына) жана китель (жакет), пуловер, сыдырмалуу күрмө кийгенде погондору жана жагоосу менен кийилет. Көйнөктүн жакасы кителдин (жакеттин) жана күрмөнүн жакасынын арткы кыры менен бирдей деңгээлде же алардан 0,5 см ашык эмес болушу керек.
29. Кийгенге уруксат берилет:
– катарга турбаган учурда күнүмдүк жайкы формада, параддык жана күнүмдүк жеңи узун погону жана жагоосу менен формалык көйнөктү кителсиз (жакетсиз) же күрмөсүз, ал эми кызматтык иш бөлмөсүндө, окуу бөлмөлөрүндө каалаган убакта кийип жүрүүгө;
– параддык жана күнүмдүк жеңи кыска параддык жана күнүмдүк погону менен формалык көйнөктү жогорку биринчи топчусу топчуланбаган абалда, жагоосу жок кителсиз (жакетсиз) же күрмөсүз, күнүмдүк формада жайкы күндүзгү аба-ырайынын температурасы +кийип жүрүүгө;
– погону менен жогорку биринчи топчусу топчуланбаган абалда, галстугу жок кителсиз (жакетсиз) же күрмөсүз, күнүмдүк жайкы формасында поло көйнөгүн кийип жүрүүгө;
30. Катарда туруу үчүн күнүмдүк жайкы формасында жеңи кыска көйнөк менен жогорку жетекчи курам үчүн күнүмдүк фуражка, ал эми жетекчи жана катардагы курам үчүн – фуражка жана пилотка белгиленет.
31. Көйнөктөр белгиленген үлгүдө, тыкан, чакталган жана үтүктөлгөн, погондору туура тагылган болушу керек. Өңү өчкөн жана үтүктөлбөгөн көйнөктөрдү кийүүгө, бырышкан жана кир погондору менен көйнөктөрдү кийүүгө, ошондой эле көйнөктүн жеңдерине жана артына кыр чыгарып үтүктөөгө уруксат берилбейт.
32. Жагоо көйнөк менен кийилет жана ага үчүнчү жана төртүнчү топчулардын ортосуна, белгиленген үлгүдөгү кыпчыгыч кыпчылат. Өңү өчкөн жана эскирген жагоолорго уруксат берилбейт.
33. Футболка талаа жана күнүмдүк форма (формалык күрмө менен) менен кийилет. Жайкы учурда футболка (батник) талаа күрмөсү жок, талаа шымына шымдалган абалда кепка менен кийилет.
34. Кашне жаз-күз мезгилде кийилүүчү пальтонун, күрмөнүн жана плащтын жакасынын ичине киргизилип тыкан кийилет. Кашненин жогорку кыры жаканын астынан 1–2 см чыгып турушу керек. Жайкы учурда кашне жок плащ кийип жүрүүгө болот.
35. Ак түстөгү кол кап салтанат форма кийиминде катарга турууда кийилет. Кышкы кол кап (булгаарыдан, жүндөн, жарым-жартылай жүндөн) кышкысын күнүмдүк, талаа, атайын форма менен кийилет. Аскердик салам бергенде кол кап чечилбейт.
36. Форма кийимин кийгенде бут кийим кара түстө жана белгиленген үлгүдө, абалы жакшы, ар дайым таза болушу керек. Кончу айрылган, такасы желген бут кийимдерди кийүүгө тыюу салынат. Ботинка, кончу кыска ботинка жана туфли тыкан боолонуп турушу керек. Аял кызматкерлердин туфлисинин жана кончу кыска өтүгү үн такасынын бийиктиги – 5 см ашык болбошу керек.
37. Талаа формалык кийиминде (атайын багыттагы отряддын кызматкерлерин кошпогондо) кончу бийик ботинканын ордуна кончу кыска бут кийим (туфли) кийүүгө жол берилет.
38. Байпак кара түстө болушу керек.
39. Байпактар жана колготкилер кышкы форма үчүн кара түстө, жайкы форма үчүн дене түсүндө болушу керек. Байпактарды жана колготкилерди белгиленген үлгүдөн жана өңдөн башкасын кийүүгө тыюу салынат.
40. Алтын түстөгү параддык кемер жогорку офицердик курамдын кителиндеги жогору жагынан экинчи топчунун катарына, улук, кенже офицерлердин жана кенже башкаруучу курамдын кителинин – жогору жагынан үчүнчү топчуга такалышы керек. Параддык кемерди тагынуу кышкы пальтонун жогору жагынан үчүнчү топчуга такалышы керек. Курдун тогоосу алды жакта тең ортодо болушу керек.
41. Аксельбант өзгөчө көрсөтмө боюнча тагылат. Жогорку жана улук офицердик курамдын аксельбанты алтын түстө, эки учтуу. Ортонку жана кенже жетекчилик курамдыкы – алтын түстө, бир учтуу.
42. ЖАТтын жең белгиси форма кийиминин сол жеңинин жогору жагына (көйнөк жана пуловерден башка) жеңдин жогорку чекитинен 8 см төмөн тигилген болушу керек.
43. Талаа кийиминде жең белги (камуфляж) коргоо түстө болуп, талаа күрмөсүнүн сол жеңинин жогорку чекитинен 8 см төмөн тигилген болушу керек.
44. Кандын тобун көрсөтүүчү көкүрөк кыйык талаа формалык кийиминин көкүрөгүнүн сол жагындагы төш чөнтөк капкалдырыктын тигишинен 2 мм жогору аралыкта тигилет.
45. «КЫРГЫЗСТАН» деген жазуусу бар көкүрөк кыйык талаа формалык кийиминин көкүрөгүнүн оң жагындагы төш чөнтөк капкалдырыктын тигишинен 2 мм жогору аралыкта тигилет.
46. Эмблемалар жайгаштырылат:
– кителдин жана жакеттин жакасында – анын бурчунан 15 мм аралыкта, мында эмблема жаканын жазысына параллель болушу керек;
– тигилүүчү, чечилме, параддык жана күнүмдүк погондордо – погондун узунунан турган ортоңку сызыгында, топчунун төмөнкү кырынан эмблеманын жогорку кырына чейин 5 мм аралыкта;
– талаа жайкы күрмөлөрдүн жакаларында, коргоо түстөгү эмблемалары – биссектрисаны бойлой, жаканын бурчунан эмблеманын борборуна чейин 3-5 мм аралыкта, мында эмблеманын симметриясынын тик огу жаканын жазысына параллель болушу керек.
47. Погондордогу топчулар топчунун үстүңкү кыры погондордун милте менен тегеректелген жогорку кырынын ички тарабынын ортосунда жайгашат.
3. Ордендерди, медалдарды, планкалардагы ордендик тасмаларды, медаль тасмаларын жана айырмалоочу белгилерди форма кийимине тагынуу
48. ЖАТтын кызматкерлерине ордендерди, медалдарды же планкалардагы ордендик тасмаларды жана медалга тасмаларын жана төш белгилерди (кителде жана жакетте) тагынуу милдеттүү болуп саналат.
49. Форма кийиминде ордендер, медалдар, планкалардагы ордендик тасмалар, медалга тасмалары жана айырмалоочу белгилер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жаңы белгиленген сыйлыктары тиешелүү мамлекеттик органдардын чечимдеринде белгиленген тартипте форма кийиминде жайгаштырылат.
50. Тасмаларга тагылган ордендер көкүрөктүн сол жагына, илмексиз тагылуучу ордендер көкүрөктүн оң жагына жайгаштырылат. Бардык медалдар көкүрөктүн сол жагына тагылат.
51. Ордендер жана медалдар көкүрөктүн сол жагына горизонталдуу түрдө көкүрөктүн борборунан четин көздөй жайгаштырылат. Бир катарга батпаган ордендер жана медалдар биринчи орундан ылдыйкы экинчи жана кийинки катарларга жайгаштырылат.
52. Ордендер жана медалдар көкүрөктүн оң жагына горизонталдуу түрдө көкүрөктүн борборунан кырын көздөй жайгаштырылат. Бир катарга батпаган ордендер, экинчи катарга которулат. Акыркы катардагы ордендер (медалдар) симметриялуу болушу зарыл, ал эми катардагы ордендердин шарттуу борборлору бирдей деңгээлде болушу керек. Ордендердин катарынын аралыгы – 10 мм, ордендер менен медалдардын аралыгы – 5-10 мм.
53. Планкалардагы ордендик тасмалар жана медалга тасмалар көкүрөктүн сол жагына горизонталдуу, көкүрөктүн борборунан кырын карай симметриялуу жайгаштырылат. Бир катарда 4төн ашык тасма болбошу керек. Бир катарга батпаган тасмалар экинчи, үчүнчү же төртүнчү катарларга которулуп жайгаштырылат. Эгерде 16дан ашык орден жана медалдар болсо, анда эң жогорку даражадагы орден жана медалдардын тасмалары гана тагылат. Ордендер менен медалдарга тасмалар тагылган планканын бийиктиги – 8 мм.
54. Ардак наам төш белгилери оң жак жакадан 10 мм аралыкта жайгаштырылат, төш белгинин илмегинин төмөнкү кыры жаканын бурчунун деңгээлинде болсо, ал эми ордендер (медалдар) болгондо – алардын үстүндө болот.
55. Форма кийимине тагынууга уруксат берилген төш белгилер, оң жагына көкүрөктүн борборунан четин көздөй горизонталдуу жайгаштырылат.
56. Бир катарга батпаган төш белгилер экинчи жана кийинки катарга 10 мм катар аралыктар менен которулат.
57. Жогорку окуу жайын аяктагандыгы тууралуу төш белгини тагынуу милдеттүү. Жогорку окуу жайын (университетти, институтту) аяктагандыгы тууралуу төш белгисин жогорку аскердик окуу жайын аяктагандыгы тууралуу төш белгиси болгон учурда дагы тагынууга уруксат берилет. Жогорку окуу жайларын аяктаган белгилери катары менен ырааттуу жайгаштырылса, ал эми аскердик же Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин атайын окуу жайларын аяктаган белгилери сол жагында бир деңгээлде жайгашат.
58. Чет мамлекеттердин ордендери жана медалдары Кыргыз Республикасынын ордендеринен жана медалдарынан төмөн тагылат. Тасмага тагылган ордендер жана медалдар көкүрөк сол жагына, ал эми тасмасы жоктору – көкүрөктүн оң жагына жайгаштырылат.
59. Чет өлкөлүк ордендерге жана медалдарга тасмалар Кыргыз Республикасынын ордендүү тасмаларынын жана медалдарынын тасмаларынын астына өзүнчө планкага тагылат.
60. Жайкы параддык (көйнөктөн), жайкы күнүмдүк (сыдырмалуу күрмө, пуловер, көйнөк) жана талаа формасынан башка бардык форма кийимдерине төмөнкүлөр тагылып кийилет:
1) ведомстволук төш белги;
2) аскердик окуу жайын аяктагандыгы жөнүндө төш белги;
3) жарандык жогорку окуу жайын аяктагандыгы жөнүндө төш белги;
4) башка ведомстволордун буйруктары менен белгиленген башка айырмалоочу белгилер.
61. Тагынууга уруксат берилет:
– спорттук белгилерди жана медалдарды;
–Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору тарабынан белгиленген башка айырмалоочу белгилерди.
62. Башка министрликтердин жана ведомтсовлордун медалдары ЖАКтын медалдарынан кийин тагылат.
63. Сол жак көкүрөккө тагыла турган ведомстволук медалдар төмөндө көрсөтүлгөн тартипте жайгашат:
1) эки даражадагы «Кайрат» медалы;
2) «Мыкты айым» медалы;
3) үч даражадагы «Чоро» медалы;
4) «Устат» медалы;
5) «Кадырман» медалы;
6) «Ардагер» медалы;
7) «Кадыр» медалы.