Загрузка документа…
КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 25-февралы № 04-13/59 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2022-жылдын 19-сентябры 329-ни
Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фонду үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына жана айыл чарба кооперативдерине берүү тартибин бекитүү тууралуу
“Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтомунун 22-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын жарандарынын көп сандаган кайрылууларына байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 494 токтомунун кабыл алынышына байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жөнүндө 2021-жылдын 9-мартындагы Жобонун 15-пунктуна ылайык буйрук кылам:
1. Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фонду үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына жана айыл чарба кооперативдерине берүү тартиби ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Буйрукту ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Жер саясаты жана инспекция башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Буйруктун аткарылышын контролдоо жагы жер маселелерине тескеген министрдин орун басарына жүктөлсүн.
Министр | А.С.Джаныбеков |