Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 7-мартындагы № 98
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11, 2021-жылдын 6-августундагы № 116, 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259, 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 , 2024-жылдын 12-февралындагы № 53
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги (мындан ары - Министрлик) суу ресурстары, анын ичинде суу фонду, ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу, жерлерди мелиорациялоо, ирригациялык жана мелиоративдик инфраструктура, агроөнөр жай комплекси, анын ичинде мал чарбачылыгы, ветеринария, балык өстүрүү (аквакультура), өсүмдүк өстүрүү, өсүмдүктөрдүн карантини, айыл чарба багытындагы жерлер (айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду жана жайыттар), тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы (этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылууну кошпогондо), жер жана суу мыйзамдарын колдонууда жана сактоодо бир түрдүүлүктү камсыз кылуу, ошондой эле ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук жаатында мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо жана Кыргыз Республикасынын жер жана суу мыйзамдарын сактоо, ошондой эле жашыл жана органикалык айыл чарба, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу айыл чарбадагы адаптациялык жана митигациялык чаралар чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда бекитилген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин укуктук мураскери болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Министрлик өзүнүн ишин аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, ишканалар жана мекемелер менен өз ара байланышта жүргүзөт.
5. Министрлик юридикалык статуска ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, ошондой эле казыналык системасында эсептери болот. Министрлик өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилелерди түзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамиленин тарабы болуп чыгууга укуктуу.
Министрликтин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 "А".
6. Министрликтин толук аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги";
расмий тилде: "Министерство водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Министрликтин максаты
7. Министрликтин максаты азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, айыл чарба өндүрүшүнүн, тамак-аш өндүрүшүнүн атаандашууга жөндөмдүүлүгүн, класстердик өндүрүштүн негизинде кошумча нарктын чынжырчасын өнүктүрүү, ветеринардык, фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо, айыл чарба, жер, суу, токой чарбасын өнүктүрүү, ошондой эле жер мыйзамдарынын, суу пайдалануунун, суу объектилерин жана суу чарба инфратүзүмдөрүн күтүүнүн, суу ресурстарын пайдалануу эрежелеринин талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11, 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Министрликтин милдеттери
8. Министрликтин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- айыл, суу, токой чарба, этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуудан тышкары, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы, ирригациялык жана мелиорациялык системалардагы жер ресурстарын, суу ресурстарын натыйжалуу жана туура пайдалануу жаатында, ошондой эле ветеринардык, фитосанитардык коопсуздукту, пестициддерди, агрохимикаттарды, ветеринардык дары-дармек каражаттарын колдонуунун коопсуздугун камсыздоо жана жер жана суу мыйзамдарынын, суу пайдалануунун, суу объектилерин жана суу чарба инфратүзүмдөрүнүн эрежелеринин талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- токой чарбасын башкаруу, токойлорду сактоо, кайра өстүрүү жана пайдалануу чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруу жана жөнгө салуу, ошондой эле токой ресурстарын, анын ичинде токой-аңчылыгын жайгаштырууну эсепке алуу, алардын абалын баалоо;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- мамлекеттин айыл чарба продукцияларына болгон ички муктаждыктарын камсыздоо жана айыл чарба өндүрүшү чөйрөсүндө өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу;
- айыл чарба өндүрүшү жаатында инновациялык технологияларды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жана стратегияларын аныктоо, илимдин жана техниканын жетишкендиктерин өндүрүштүк тажрыйбага киргизүүгө көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында калыптанган суу ресурстарын мамлекеттер аралык бөлүштүрүүнү пландоо жана республиканын мамлекеттик органдары менен бирдикте мамлекеттер аралык суу мамилелерин белгиленген тартипте жөнгө салуу;
- Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин жана жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүү;
- органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагын жаныбарлардын жугуштуу ооруларын алып кирүүдөн жана/же анын аймагына жайылтуудан коргоо;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11, 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259, 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Министрликтин функциялары
9. Министрлик төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) Тармактык саясаттын функциялары:
- Министрликтин компетенциясына тиешелүү ченемдик укуктук актыларды жана программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат, айыл чарба тармагындагы илимий изилдөөлөрдүн артыкчылыктуу багыттарын аныктайт;
- айыл, токой, балык чарбасы, этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуудан тышкары, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы, ирригация жана мелиорация чөйрөсүндөгү жер ресурстарын, суу ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу, ирригациялык жана мелиорациялык объекттердин кадастры, ошондой эле ветеринардык, фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу, жер жана суу мамилелери жаатындагы ченемдик укуктук актылардын, техникалык регламенттердин талаптарын сактоо чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- Министрликтин ишинин артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий-өндүрүштүк, илимий-изилдөөчүлүк жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди аткарууга мамлекеттик буйрутманы ишке ашырат;
- айыл, суу, токой жана балык чарбасынын, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын, продукцияларды экспорттоо-импорттоонун экономикалык абалына системалуу талдоо жүргүзөт жана анын негизинде аларды өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктайт;
- айыл, токой, балык чарбасынын, суу пайдалануу, жер пайдалануу, жайыт пайдалануу, тамак-аш, кайра иштетүү өнөр жай тармактарын өнүктүрүүнүн, айыл чарба рынокторун жөнгө салуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктайт, ички жана тышкы инвестицияларды тартат;
- суу ресурстарын мамлекеттер аралык бөлүштүрүүнү пландаштырат жана уюштурат;
- суу ресурстарын комплекстүү пайдалануу жана коргоо пландарынын долбоорун иштеп чыгат жана аны Суу боюнча улуттук кеңештин бекитип берүүсүнө киргизет;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- артыкчылыктуу багыттарды өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоонун системасын иштеп чыгат жана өндүрүшкө киргизет;
- ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык тобокелдиктерди белгиленген тартипте аныктайт, баалайт жана башкарат;
- агроөнөр жай комплексинин жана айрым ишканалардын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын ишканаларын реструктуризациялоонун программасын иштеп чыгат жана ишкердик субъекттери менен биргеликте ишке ашырат;
- айыл чарба продукцияларын, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өндүрүүнүн перспективдүү, кыска мөөнөттүү экономикалык болжолдуу көрсөткүчтөрүн иштеп чыгат;
- эл аралык тажрыйбада кабыл алынган жол-жоболордун жана эрежелердин алкагында Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча инвестициялык программаларды жана долбоорлорду даярдайт жана ишке ашырат;
- үрөнчүлүк тармагын өнүктүрүү, жаңы жогорку өндүрүмдүү жана жогорку сапаттагы сортторду жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн гибриддерин жайылтуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат, алардын уруктарын жана отургузуучу материалдарын өндүрүүнү уюштурат;
- генетикалык ресурстарды эсепке алуунун механизмдерин өнүктүрүү жана аларга жетишүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
- асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү, мал чарбасын жүргүзүүнүн натыйжалуу методдорун жайылтуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
- жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн оорулары менен күрөшүү боюнча стратегиялык документтерди иштеп чыгат, аларга талдоо жана болжолдоо жүргүзөт;
- токой, балык чарбаларын жана министрликтин карамагындагы мамлекеттик ишканаларды өнүктүрүү иштерин уюштурат;
- өсүмдүктөрдүн үлгүлөрүнө анализ жүргүзөт;
- жайыттарды пайдаланууну башкаруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын программаларын жана мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат;
- органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча чараларды иштеп чыгат;
- органикалык өндүрүштү ыктыярдуу сертификациялоо системасын иштеп чыгат жана жайылтат;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өтө коркунучтуу зыянкечтери, оорулары жана отоо чөптөрүнүн пайда болушунун, таркалышынын алдын алуу жана алар менен күрөшүү, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жер кыртышынын күрдүүлүгүн жана түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана сактоо боюнча мамлекеттик программаларды жана иш-чараларды ишке ашырат;
- өсүмдүктөрдү коргоонун интеграцияланган системасын жайылтат жана илгерилетет;
- жайыттардын абалына жана сапатына мониторинг жүргүзүүнү баалоонун мамлекеттик стандарттарын жана методдорун аныктайт;
- техникалык регламенттерди колдонуунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзөт жана аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизет, кабыл алынган өзгөртүүлөр боюнча өндүрүүчүлөрдү маалымдайт;
- айыл, суу, жер, токой жана балык чарбасынын субъекттери үчүн, кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу саясатын иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- балык корун кайра өндүрүү жана коргоо боюнча программаларды жана болжолдорду иштеп чыгат;
- консультациялык жана маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн, прикладдык окутуунун жана аны каржылоонун механизмдерин иштеп чыгат;
- айыл чарбасынын сервистик кызмат көрсөтүүлөрүн жана машина-трактордук станцияларды (МТС) түзүү боюнча саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- ар бир тармактын өндүрүш чөйрөсүндөгү абалга талдоо жүргүзөт жана ишти жакшыртуу жана аны өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- тамак-аш жана кайра иштетүү тармагынын (анын ичинде ишканаларды бөлүп караганда) кыска мөөнөттүк перспективада анын иштөөсү жана зарыл болгон учурда аларды жандандыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана киргизет;
- тышкы соода ишин жакшыртуу, өнүктүрүү жана алынган продукциялардын экспорттук потенциалын өнүктүрүү жана түрткү берүү боюнча чараларды иштеп чыгат;
- айыл, суу чарбаларын өнүктүрүүнү агрардык илимий-инновациялык жана консультациялык камсыздоо жаатында ишти жүзөгө ашырат;
- айыл чарбасын механизациялаштыруу жаатында техникалык регламенттерди иштеп чыгууга жана жайылтууга катышат жана айыл чарба машиналарын куруу өндүрүшүн уюштурууга көмөктөшөт;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга жана даярдоого катышат;
- тейлеген тармактары боюнча укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды өткөрөт;
- жаныбарлардын ооруларынын алдын алуу жана жоюу боюнча профилактикалык жана эпизоотикага каршы иш-чаралардын мамлекеттик программаларын бекитет жана ишке ашырат, алардын пландарынын ишке ашуусун контролдойт;
- ветеринардык контролдогу (көзөмөлдөгү) объекттерге коюлуучу Бирдиктүү ветеринардык (ветеринардык-санитардык) талаптарды камсыздайт;
- жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо, идентификацияланган жаныбарларды жылдыруунун эсебиндеги чарбаларды каттоо боюнча чаралардын комплексин уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чараларды ишке ашырат жана Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- ветеринардык контролдогу (көзөмөлдөгү) продуктуларды (чийки заттарды) өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо, ташуу жана сатуу боюнча иштеген адамдарды мамлекеттик каттоодон (эсепке алуу) өткөрөт жана бирдиктүү реестрин жүргүзөт;
- ветеринардык багыт үчүн, анын ичинде шашылыш сатып алуу үчүн биологиялык дары-дармектердин резервдик фондун түзөт;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- мамлекеттик статистика чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга катышат, анын ичинде анын компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча мамлекеттик статистиканын көрсөткүчтөрүнүн методдорун, формаларын жана курамын өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоону жүргүзөт;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- токой, балык чарбасын башкаруу жаатында инвестицияларды тартуу боюнча сунуштарды киргизет;
- токой экосистемасын өнүктүрүү чөйрөсүндө эл аралык глобалдык конвенциялар жана келишимдер боюнча республиканын милдеттенмелерин (анын ичинде башка кызыкдар министрликтер жана административдик ведомстволор менен биргеликте) жетекчиликке алат жана аткарат, ошондой эле донорлордун (финансылык, техникалык) жана эл аралык уюмдардын колдоосу астында долбоорлорду, программаларды ишке ашырат;
- токой чарбасынын субъекттеринин ишин уюштурат, токой экосистемасынын тармагын өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизет;
- кызыкдар министрликтер жана административдик ведомстволор менен бирдикте токой ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун жана коргоонун экономикалык механизмдерин иштеп чыгат;
- токой чарбасын жүргүзүүнүн, токой, мергенчилик ресурстарын коргоонун, пайдалануунун жана кайра өндүрүүнүн, токойду өрттөн коргоонун, өзүм билемдик менен токой кыюунун, токойго зыян келтирүүчү зыянкечтерден, оорулардан жана башка аракеттерден коргоонун бирдиктүү саясатын ишке ашырат;
2) жөнгө салуу функциялары:
- карантин киргизүү жөнүндө сунуш киргизет, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте карантиндик жана карантиндик эмес жөнгө салынуучу өсүмдүктөрдүн зыяндуу организмдеринин таркалып кетүүсүнө бөгөт коёт жана жоюуну уюштурат;
- пестициддер менен агрохимикаттарга өндүрүштүк сыноолорду уюштурат, мамлекеттик каттоодон өткөрөт, Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген Пестициддердин жана агрохимикаттардын мамлекеттик каталогун жүргүзөт;
- товарлардын айрым түрлөрүн ташып кирүүгө жана ташып чыгууга (импорт, экспорт) эксперттик корутундуну берет;
- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин алып коюуга уруксат берүүнү жүзөгө ашырат, ошондой эле атайын уруксат боюнча токойду пайдалануу укугун тариздейт (токой кыюу билети, жыгачты аз-аздан берүүгө ордер, токой билети);
- ветеринардык багыттагы дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашырат жана мамлекеттик реестрди жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте колдонууга жол берилген үрөндөрдү жана отургузуучу материалдарды, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун жана гибриддерин республиканын аймагына ташып келүү үчүн тийиштүү документтерди берет;
- Министрликтин компетенциясына кирген иштердин түрлөрүн лицензиялоону ишке ашырат, лицензиялык шарттардын жана эрежелердин аткарылышы үчүн мониторинг жүргүзөт жана контролдойт;
- "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте Товардык кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде товардык кампаларды каттоону ишке ашырат;
- Товардык кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталгандыгы тууралуу күбөлүктү берет, "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте аны колдонууну токтотот, токтото турат жана жаңыртат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тизмеге ылайык товарларды (жүктөрдү) экспорттоого, импорттоого, реэкспорттоого жана эл аралык транзитке тийиштүү ветеринардык коштоочу документтерди берүүнү ишке ашырат;
- бажы жол-жоболорунан өткөнгө чейин ветеринардык уруксат берүүчү документтерди берүү менен ветеринардык контролдоочу пункттарда, убактылуу сактоочу кампаларда жана бажылык тариздөө жайларында товарларды (жүктөрдү) бажылык тариздөөдөн өткөнгө чейин кароону жана текшерүүнү ишке ашырат;
- ветеринардык-санитардык экспертизаны уюштурууну жана өткөрүүнү ишке ашырат;
- эпизоотияны жоюу боюнча зарыл болгон учурларда экспедицияларды уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө (аймагынан тышкары ташып чыгууга), ошондой эле көзөмөлдөгү продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзитке жазуу жүзүндөгү уруксатты берет;
- Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарында каралган тартипте, ветеринардык талаптарга шайкештиги жөнүндө корутунду берүү менен объекттерди курууга, долбоорлоого, реконструкциялоого жер участокторун бөлүп берүү боюнча архитектура органдарынын суроо талаптарын карайт;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- токой чарбасын башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашырат;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- мамлекеттик органдар, илимий мекемелер менен биргеликте жаратылыш компоненттерин жана ресурстарын эсепке алат жана алардын абалын баалайт;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- токой чарбаларынын аймагына кирүүчү жерлерде посттордун ишин белгиленген тартипте жөнгө салат;
- токойлордун кадастрын жүргүзөт;
- тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда Кыргыз Республикасына товарлардын айрым түрлөрүн ташып кирүүгө тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрөт;
3) координациялоо, мониторинг, контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары:
- Министрликтин карамагында турган мамлекеттик ишканаларга жалпы жетекчиликти жана координациялоону ишке ашырат;
- айыл, балык чарбасы, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы жаатында инвестициялык программалардын ишин координациялайт, пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды кабыл алуу үчүн аларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзөт;
- өсүмдүк өстүрүүнүн продукцияларын жайгаштыруунун жана өндүрүүнүн оптималдуу түзүмүн болжолдойт, жаңы айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүшкө киргизүүгө көмөк көрсөтөт;
- айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн үрөн жана отургузуучу материалдарынын сорттуулук жана айдоодогу сапатына мамлекеттик контролду ишке ашырат, тийиштүү сертификаттарды тариздейт жана берет;
- чарбалык пайдалуулугун аныктоо максатында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун жана гибриддерди мамлекеттик сыноодон өткөрөт, Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берилген Сорттордун жана гибриддердин мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- карантиндик жана карантиндик эмес жөнгө салынуучу зыяндуу организмдердин пайда болушуна жана жайылышына мониторинг жана болжолдоо жүргүзөт;
- жер иштетүү, ветеринария, мал чарбачылыгы жана жайыт жаатында илимий-инновациялык иштерди координациялайт, агрардык илимдин жетишкендиктерин айыл чарба өндүрүшүнө жайылтууну ишке ашырат;
- жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын пайда болушуна мониторинг жана талдоо жүргүзөт;
- селекциялык-асыл тукум жана айыл чарба жаныбарларынын бардык түрүн көбөйтүүнү координациялайт жана мамлекеттик контролду ишке ашырат, апробациялоону жүргүзөт;
- көлмөлөрдүн чийки заттык базасын иликтейт, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, министрликтер жана ведомстволор менен кызматташып, көлмөлөрдүн ихтифаунасын реконструкциялоо боюнча иштерди жүргүзөт, көлмөлөрдүн санитардык-эпизоотикалык абалына ихтиопатологиялык контролду ишке ашырат;
- балыктардын оорусу менен күрөшүү, балык корун коргоо жана кайра өндүрүү, инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча чараларды ишке ашырат;
- айыл чарба багытындагы жерлердин күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу, аларды максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу боюнча чараларды кабыл алат;
- айыл чара субъекттеринин тракторлорго, өзү жүрүүчү атайын технологиялык машиналарга, тракторлордун чиркегичтерине жана запастык тетиктерге болгон муктаждыктарына мониторинг жүргүзөт;
- тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларынын лабораторияларынын ишине, алардын ишин өркүндөтүүгө методикалык жардамдарды көрсөтүү менен мониторинг жүргүзөт;
- айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана тамак-аш продуктуларын өндүрүү чөйрөсүндө алектенген мамлекеттик ишканалардын, акционердик компаниялардын, корпорациялардын жана коомдордун ишин координациялайт, алардын ишинин жыйынтыктары жөнүндө жалпы түшүндүрмө жазууларды жүргүзөт;
- тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын комплекстүү өнүктүрүү, жаңы индустрияларды өнүктүрүү жаагында мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялайт;
- тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты калыптандыруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин тармактар аралык жана региондор аралык координациялоону ишке ашырат;
- тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын түзүмүн жакшыртуучу чараларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну координациялайт;
- тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүүгө келип түшүүчү техникалык жана гранттык жардамдарды мамлекеттик башка органдар менен биргеликте координациялайт;
- мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенип, тамак-аш өнөр жайындагы техникалык-экономикалык жана белгиленген максаттуу көрсөткүчтөрдүн аткарылышын белгиленген тартипте контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын соода өнөктөштөрү болгон өлкөлөрдүн улуттук уюмдары менен консультацияларды жана маалыматтык алмашууларды жүргүзөт, карантиндик фитосанитардык чараларды, эркин зоналарды, өндүрүш жайларын жана участокторун өз ара таануу жөнүндө протоколдорду иштеп чыгууга катышат;
- карантиндик зыяндуу организмдерди чектөө жана/же жоюу боюнча программаларды жүргүзүүдө мамлекеттик башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүлөрүн камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда коюлган фитосанитардык контролдук посттордо, жүктөрдү бажылык тариздөөчү жайларда, алар багытталган акыркы пункттарда жана фитосанитардык тобокелдиктерди башкаруунун системасына ылайык башка жайларда ташып киргизилүүчү карантиндик продукцияларга карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү жана контролду ишке ашырат;
- консультациялык жана маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзөт;
- тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын жаңы ишканаларын түзүү, колдо болгондорун модернизациялоо жана техникалык кайра жабдуу, Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөрдүн, Дүйнөлүк соода уюмунун жана Европа бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык өндүрүлгөн продукциялардын сапатын жакшыртуу үчүн тышкы жана ички инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтөт;
- айыл чарба продукцияларын сатуу үчүн айыл чарба кооперативдерин, сатуу-сатып алуу уюмдарынын кооперативдерин, дүң базарларын түзүү жана өнүктүрүү боюнча көмөктөшөт жана консультациялык кызматтарды көрсөтөт;
- машина трактордук парктын ишине мониторинг жүргүзөт, тармакты стратегиялык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун жыйынтыктарына талдоо жүргүзөт;
- илимий изилдөөлөргө инвестиция тартууга, алардын жыйынтыктарын тажрыйбада жайылтууга көмөктөшөт;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган мамлекеттик чек аралардагы өткөрмө пункттарында контролду ишке ашыруу жолу менен Кыргыз Республикасынын аймагына жаныбарлардын, анын ичинде адам жана жаныбарлар үчүн жалпы жугуштуу ылаңдардын козгогучтарынын кирип кетишине жол бербөө боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду ишке ашырат;
- көзөмөлдөгү товарларды (жүктөрдү) ташууда, убактылуу сактоочу кампаларда, эл аралык почта мекемелеринде ветеринардык-санитардык ченемдердин жана талаптардын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду ишке ашырат;
- белгиленген талаптарга ылайык керектөө жана эркин соода жүгүртүү үчүн жараксыз ветеринардык контролдогу продуктуларды (чийки заттарды) жыйноо жана утилдештирүү боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду ишке ашырат;
- жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн продукцияларын жүгүртүүнүн бардык этабында, өндүрүүчүдөн баштап акыркы керектөөчүгө чейинки, менчиктин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарынын аткарылышына мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдү жана контролду ишке ашырат;
- ветеринардык контролдук пункттарда, убактылуу сакталуучу кампаларда жана бажылык тариздөө жайларында көзөмөлдөгү товарларды (жүктөрдү) экспорттоодо, импорттоодо, реэкспорттоодо жана транзиттик ташууда ченемдердин жана регламенттердин сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду ишке ашырат;
- ветеринардык жана фитосанитардык чектөөчү жана карантиндик иш-чаралар жаатында талаптардын аткарылышына мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду ишке ашырат;
- жаныбарларды оорудан коргоонун иммунобиологиялык дары-дармектердин, жабдуулардын, инструментарийлердин, дарылоочу, жугушсуздандыруучу жана башка каражаттардын резервин түзүүдөгү муктаждыктарды аныктоо үчүн мамлекеттик көзөмөлдү ишке ашырат;
- жаныбарлардын жугуштуу оруларынын пайда болушуна жана жайылышына бөгөт коюу боюнча диагностикалык, профилактикалык, ветеринардык-санитардык иш-чараларды жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактардын ишине мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду, ошондой эле аларды жоюу боюнча чараларды ишке ашырат;
- оору козгогучтарды лабораториялык диагностикалоону, жаныбарлардын ооруларынын себептерин жана пайда болушунун мыйзам ченемдүүлүгүн, оорунун жүрүшүн жана таркалышын изилдөөнү ишке ашыргандыгы үчүн ветеринардык лабораториялардын ишине мамлекеттик контролду ишке ашырат;
- жаныбарларды, канаттууларды, тузсуз суудагы балыктарды, аарыларды сатуу жана аларды ташуу менен байланышкан ветеринардык иш-чараларды өткөрүү үчүн мамлекеттик контролду ишке ашырат;
- клиникалык, диагностикалык, дарылоо-профилактикалык, ветеринардык-санитардык, пландуу эпизоотияга каршы иш-чараларды өткөрүүгө, жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продуктуларды өндүрүүдө, сактоодо жана сатууда ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүүнү уюштурууга, ошондой эле соода түйүндөрүндө жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продуктуларга ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүүгө мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү ишке ашырат;
- стратегиялык пландоо негиздерин киргизүү үчүн методологиялык колдоону камсыздайт;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- анын компетенциясына тиешелүү чөйрөлөрдү өнүктүрүү максатында мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коом жана коммерциялык эмес уюмдар, эл аралык уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенет;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- мамлекеттик суу чарба системаларынан берилген жер үстүндөгү жана жер алдындагы сууларды пайдаланууну жөнгө салуу боюнча ишти координациялайт;
- суу объекттерине мониторинг жүргүзүүнү уюштурат/камсыздайт;
- чектеш мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын линияларын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча комиссиянын ишине белгиленген тартипте катышат;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн, анын ичинде баалуу, ошондой эле жок болуп кетүү коркунучунда калган жана Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирген объекттерин коргоо, көбөйтүү жана калыбына келтирүү боюнча чаралардын аткарылышын координациялайт;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин жана алар байырлаган чөйрөнү коргоо, калыбына келтирүү жана сарамжалдуу пайдалануу, жапайы өскөн дары чөптөрдү эсепке алуу процесстерин координациялайт;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын административдик органы катары жок болуп кетүү коркунучундагы жапайы фаунанын жана флоранын түрлөрү менен эл аралык соода жүргүзүү боюнча конвенцияны (CITES) ишке ашырууга мониторинг жүргүзөт;
- кызыкдар мамлекеттик органдар жана илимий мекемелер менен бирдикте суу, жер, токой ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо саясатын ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну уюштурат;
- токойго мониторинг жүргүзөт, токой-аңчылык жайгаштыруу жана токойлорго инвентаризация жүргүзөт;
- жер жана суу мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыздоо үчүн мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүргүзөт;
4) кызмат көрсөтүүлөр боюнча функциялар:
- айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөргө жана кайра иштетүүчүлөргө, ошондой эле тармактык ассоциацияларга жана алардын бирикмелерине консультациялык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтөт;
- агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча көрсөтмө консультациялык жана окутуу материалдарын иштеп чыгат, басып чыгарат жана жайылтат, фермердик чарбалардын жетекчилерин жана адистерин окутууну жүргүзөт;
- айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндө ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоону камсыздоо боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
- чарбакер субъекттерди өндүрүш ресурстарына жана айыл чарба продукцияларына болгон рыноктук баалар, анын ичинде товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоонун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат менен камсыздайт;
- "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык селекционерлердин укуктарын коргоону камсыздоо үчүн коргоо жөндөмдүүлүгүнүн критерийлерине шайкештигине жаңы сортторго сыноо жүргүзөт жана корутунду чыгарат;
- өсүмдүктөргө, жер кыртышына, өсүмдүк өстүрүүнүн продукцияларына кооптуу химиялык элементтер жана алардын кошулмалары менен булганышын аныктоого лабораториялык экспертиза жүргүзөт;
- кайра иштетүү тармагынын субъекттеринин ата мекендик чийки зат ресурстарын кайра иштетүүнү тереңдетүү, технологиялык (экономикалык) кластерлерди уюштуруунун мүмкүндүктөрүн эске алуу менен инновациялык технологияларды, прогрессивдүү жабдууларды тартуу аркылуу продукцияларды импорттоону этабы менен алмаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- чарбакер субъекттерге асыл тукум чарбасы статусун ыйгаруу жөнүндө күбөлүктөрдү берет.
- тракторист-машинисттердин квалификациялык экзамендерине катышат;
(абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) колдоо функциялары:
- айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы, ветеринария чөйрөсүнө инвестициялык программаларды жана долбоорлорду жайылтуу максатында башка мамлекеттик органдар, эл аралык донор уюмдар, эл аралык финансылык уюмдар, өнөктөш өлкөлөр, анын ичинде интеграциялык бирикмелердин алкагында, инвесторлор менен кызматташууну жана ишти координациялоону жүзөгө ашырат, ошондой эле алардын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
- айыл чарба багытындагы жерлерди жана айыл чарбасынын муктаждыктары үчүн жарактуу жерлерди максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздоодо жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтөт;
- которуштуруп айдоонун илимий негизделген системасын жана кыртышты иштетүүнүн технологияларын киргизүүгө көмөк көрсөтөт;
- өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын генетикалык ресурстарын сактоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- мамлекеттик сыноолордун негизинде механизация, энергияны камсыздоо жана жаңы техниканы киргизүү жаатында иш-чараларды өткөрөт;
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдү тейлөө үчүн лизингди өнүктүрүүгө жана техникалык сервистерди жана машина-трактордук станцияларды түзүүгө көмөк көрсөтөт;
- ветеринардык кызмат көрсөтүү боюнча жеке ишкердикти өнүктүрүү жана ветеринардык тейлөө чөйрөсүндө атаандаштыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт;
- тармактык ассоциацияларды түзүүгө көмөктөшөт жана алардын ишин координациялайт;
- айыл чарба продукцияларына соода жүргүзүү үчүн айыл чарба кооперативдерин, сатуу-сатып алуу уюмдарынын кооперативдерин, дүң базарларын түзүү жана өнүктүрүү боюнча көмөк көрсөтөт жана консультациялык кызматтарды көрсөтөт;
- айыл чарба өндүрүшүнүн тажрыйбасына илимий изилдөөлөрдүн жана иштеп чыгуулардын жыйынтыктарын натыйжалуу колдонууга көмөк көрсөтүүчү инновациялык түзүмдү түзөт жана башкарат;
- кол коюлган макулдашуулардын, протоколдордун жана контракттардын алкагында илимий-техникалык жана экономикалык кызматташуу жаатында чет өлкөлүк мекемелер, эл аралык илимий-техникалык уюмдар, коомдор жана алардын өкүлдөрү менен байланыш түзүүгө көмөк көрсөтөт;
- агроөнөр жай комплексинин тармактарында бирдиктүү маалыматтык системаны түзөт жана мониторинг жүргүзүүнү ишке ашырат;
- мамлекеттик органдар менен биргеликте тамак-аш өнөр жайына инвестицияларды, техникалык жана гранттык жардамдарды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү уюштурат;
- ата мекендик айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын башка өлкөлөрдө илгерилетүүгө көмөк көрсөтөт;
- өз компетенциясынын чегинде эл аралык уюмдарда жана чет өлкөлөрдө өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын коргоого катышат;
- үрөндүк жана отургузуучу материалдарды өндүрүп, карантиндик продукцияларды жугушсуздандыруу боюнча кызмат көрсөтүп, тышкы экономикалык иштер менен алектенген ишкердик субъекттерин жана башка субъекттерге өсүмдүктөрдүн карантининин маселелери боюнча консультацияларды берет;
- өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен айыл чарба илимдери жаатындагы артыкчылыктуу багыттарды аныктоо боюнча илимий-техникалык саясатты жүргүзгөн мамлекеттик башкаруу органдарына сунуштарды даярдайт жана киргизет;
- айыл чарба чөйрөсүндө тармактык, тармактар аралык, региондор аралык, мамлекеттик, мамлекеттер аралык деңгээлдеги мамлекеттик илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду, илимий-изилдөө иштерин иштеп чыгууга көмөктөшөт;
- илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт, алардын жетишкендиктерин фермердик, кооперативдик чарбалардын тажрыйбасына жайылтууну уюштурат жана аларга керектүү консультациялык кызматтарды көрсөтөт;
- жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу агрардык илимдин, аймактарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жетишкендиктерин жайылтат жана жарнамалайт;
- илимий жетишкендиктерди практикалык көрсөтүү менен илимий-өндүрүштүк конференцияларды, семинарларды, симпозиумдарды, кеңешмелерди өткөрүүнү уюштурат;
- тамак-аш продуктуларын өндүрүү боюнча технологиялык нускамалардын, жоболордун, ченемдердин жана эрежелердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
- юридикалык жана жеке жактардын өтүнмөлөрү боюнча ветеринария жаатында өндүрүштүк контролдоонун программаларын иштеп чыгууда жана аларды өндүрүштүк ишканаларга жана уюмдарга киргизүүгө консультативдик жана практикалык жардамдарды көрсөтөт;
- адамдын өмүрү жана ден соолугу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү үчүн коркунучтуу массалык ууланууну, эпидемияларды, эпизоотияларды, табигый кырсыктарды, экологиялык катастрофаларды жана башка өзгөчө кырдаалдарды (көзөмөлдөгү объекттер менен байланышкан) жоюуга катышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11, 2021-жылдын 6-августундагы № 116, 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259, 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510, 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын УМББ эскертүүсү: Берилген Жобонун 9-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 9-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.
5. Министрликтин укуктары
10. Министрлик белгиленген иш чөйрөсүндөгү функцияларды жүзөгө ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик башкаруу органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка юридикалык жана жеке жактардан Министрликтин иш чөйрөсүнө кирген маалыматтарды белгиленген тартипте сурап алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында маалымат берүүгө жана башка кызматтарды көрсөтүүгө;
- ведомстволук актыларды кабыл алууга;
- асыл-тукум жана үрөнчүлүк чарбаларына, кайра иштетүү ишканаларына, суу чарба жана балык чарба объекттерине, ошондой эле иши пестициддерди пайдалануу менен байланышкан уюмдарга жана ишканаларга барууга, агрохимиялык, биологиялык жана ветеринардык дары-дармектерди колдонууну текшерүүгө;
- Министрликтин иш чөйрөсүндө координациялык жана кеңешүүчү (кеңештерди, комиссияларды, топторду), анын ичинде ведомстволор аралык органдарды түзүүгө;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык институттардын, комиссиялардын, эксперттик топтордун, атайын жумушчу топтордун, анын ичинде ведомстволор аралык жана жогорку деңгээлдердеги иштерине катышууга;
- мамлекеттер (региондор) аралык уюмдарда Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоого;
- Министрликтин компетенциясына кирген иш-аракеттердин чөйрөсүндө белгиленген тартипте мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донор өлкөлөрдүн техникалык жана гранттык жардамдарын, инвестицияларды тартууга;
- мамлекеттик программаларды, концепцияларды жана башка долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволордун өкүлдөрүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясын, илимий-изилдөөчү жана башка мекемелерди, эксперттерди Министрликтин иш-аракеттеринин чөйрөсүнө тийиштүү багыттар боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн тартууга;
- иштин жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик агроөнөр жай, балык чарба, айыл чарба ишканаларынын, уюмдарынын жана мекемелеринин, ведомстволук бөлүмдөрүнүн, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчилеринин отчетторун угууга;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларды, расмий кулактандырууларды, материалдарды жарыялоо үчүн белгиленген тартипте жалпыга маалымдоо каражаттарын уюштурууга;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте түзүлүүчү башка мамлекеттик, мамлекеттер аралык, ошондой эле коомдук түзүмдөргө мүчө болууга;
- министрликтин тармактарынын кызматкерлерин сыйлоо үчүн белгиленген тартипте ведомстволук сыйлыктарды уюштурууга;
- министрликтин иш-аракеттеринин чөйрөсүнө кирген маселелерди иштеп чыгуу үчүн илимий, долбоордук жана башка уюмдарды тартууга;
- Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана жоопкерчиликке тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотко доо арыз берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды ишке ашырууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Министрликтин ишин уюштуруу
11. Министрликти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри (мындан ары - Министр) жетектейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259, 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. Министрликте министрдин биринчи орун басарынын жана министрдин орун басарларынын кызмат орундары каралган.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259 токтомунун редакциясына ылайык)
13. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
14. Министрдин орун басарлары министрдин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат, алар түздөн-түз министрге баш ийишет жана жүктөлгөн милдеттердин чегинде Министрликтин ишин уюштурушат.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы министрдин сунушу жок министрдин биринчи орун басарын жана министрдин орун басарларын бошотууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116, 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
15. Министр:
- Министрликтин ишин жалпы жетектейт жана Министрликке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен мамилелерде Министрликтин атынан чыгат, өз ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө документтерге белгиленген тартипте кол коёт;
- Министрликте Жарандык коргонууга жетекчиликти ишке ашырат жана кызмат орду боюнча Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо кызматынын начальниги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун Суу коргоо кызматынын начальниги болуп саналат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына министрдин орун басарларын, министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлерди сунуштайт, аларга карата мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- министрдин орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
- Министрликтин борбордук аппаратынын, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн түзүмүн бекитет, аны Министрликтин милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүшүнө байланыштуу гана өзгөртүүгө болот.
Министрди дайындоо Министрликтин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт.
- белгиленген ченемдердин чегинде Министрликтин борбордук аппаратынын, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн штаттык ырааттамасын бекитет;
- Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, аймактык бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду, ошондой эле ведомстволук бөлүмдөрдүн карамагындагы түзүмдүк бөлүмдөр тууралуу жоболорду бекитет;
- Министрликтин коллегиясы жөнүндө жобону жана коллегиянын жеке курамын бекитет;
- борбордук аппараттын кызматкерлерин, аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерин, ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин орун басарларын ээлеген кызмат ордуна дайындайт жана ээлеген кызмат ордунан бошотот, аларга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- Министрликтин системасынын кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
- Министрликтин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
- мыйзамдарда аныкталган чекте Министрликтин каражаттарын тескейт жана мүлкүн башкарат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бүтүмдөрдү түзөт;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жана анын тапшырмасы боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдерге кол коёт;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасы боюнча өз ыйгарым укуктарынын чегинде башка функцияларды аткарат;
- белгиленген тартипте Министрликтин бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана бекитүүгө киргизет;
- борбордук аппараттын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн чыгашалар сметасын бекитет жана аларды аткарууну контролдойт;
- Министрликтин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына үстөктөрдү белгилейт;
- Министрликтин жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин, ошондой эле белгиленген чөйрөдө иш жүргүзгөн башка жеке жана юридикалык жактарды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтөт;
- мыйзамдарга ылайык статс-катчынын сунуштамасы боюнча мамлекеттик кызматчыларга класстык чендерди ыйгарат, ажыратат жана төмөндөтөт;
- ведомстволук бөлүмдөргө тапшырма берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Министрликтин, Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн, эгерде чечимдерди жокко чыгаруунун башкача тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбесе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
- Министрликтин системасынын кызмат адамдары тарабынан ыкчам, уюштуруучулук, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана Министрликтин компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарын белгилейт;
- борбордук аппараттын жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жана кызматкерлеринин функциялык (кызматтык) милдеттерин бекитет;
- мамлекеттик ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерин, алардын орун басарларын, ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кызмат орундарынын номенклатурасына кирген башка адамдарды кызмат ордуна дайындоого жана кызмат ордунан бошотууга сунушту Министрлер Кабинетинин Төрагасына белгиленген тартипте жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116, 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
16. Министрдин орун басарлары министр тарабынан алардын карамагына берилген маселелер боюнча чечимдерди өз алдынча кабыл алынат, тейлеген багыттар боюнча ишти уюштурушат.
Министрликтин административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо, которуу, ротациялоо жана бошотуу мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Министрликте курамында министрдин (төрага), Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлүнүн, министрдин орун басарларынын, Коомдук байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн жана агроөнөр жай комплексинин башка кызматкерлеринин курамында 11 адамдан турган коллегия түзүлөт. Министр, министрдин орун басарлары коллегиянын курамына кызмат орундары боюнча киришет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Министрликтин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында коомдук негизде иштеген консультативдик-байкоочу орган болуп саналган Коомдук кеңеш түзүлөт.
19. Министрликте мамлекеттик кызматчылардын этикасы боюнча комиссия иштейт.
20. Министрликтин борбордук аппаратынын, ведомстволук бөлүмдөрүнүн, мекемелеринин жана уюмдарынын аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ички аудит кызматы жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Министрликтин борбордук аппаратын, ведомстволук жапа аймактык бөлүмдөрүн күтүүгө чыгымдарды каржылоо мамлекеттик бюджетте каралган каражаттардын, атайын каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.
22. Министрликтин чечимдери буйрук, тескеме түрүндө чыгарылат. Буйруктарга жана тескемелерге министр кол коёт, ал жок кезде министрдин биринчи орун басары же министрдин милдетин аткаруу жүктөлгөн министрдин орун басары тарабынан кол коюлат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Министрликти кайра уюштуруу жана ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Министрликтин иши токтотулган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.