Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2023-жылдын 25-апрели № 287/б
"АвиаКММ сапатын контролдоону аткарган уюмдарды сертификациялоо" 23 Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө
2014-жылдын 15-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 530 токтомуна ылайык жана ошондой эле Жарандык авиация эл аралык уюмунун (ИКАО) Сунушталган практикасы жана Стандарттары менен максималдуу дал келүүсүн камсыздоо максатында буйрук кылам:
1. "АвиаКММ сапатын контролдоону аткарган уюмдарды сертификациялоо" 23 Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери расмий жана мамлекеттик тилдерде тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу жарандык авиация мамлекеттик агенттиги:
- ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жарыялоо булагын көрсөтүп электрондук алып жүрүүчүлөрдө жана кагаз түрүндө, расмий жана мамлекеттик тилдерде жөнөтүлсүн жана ошондой эле маалымат үчүн электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына күчүнө киргенден кийин үч жумушчу күндүн ичинде жөнөтүлсүн;
- ушул буйрук "Эркин-Тоо" газетасына расмий жана мамлекеттик тилдерде катталган күнүнөн тарта үч жумушчу күндүн ичинде жарыялансын;
- ушул буйрук аткарууга кабыл алынсын.
3. Жарандык авиациянын авиакүйүүчү май менен камсыздоочу уюмдары "АвиаКММ сапатын контролдоону аткарган уюмдарды сертификациялоо" 23 Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин аткарууга алышсын.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тарта жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 5-майындагы № 37 (3486) жарыяланды
Директордун муа |
Д.К. Бостонов |