Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер кабинетине караштуу
жарандык авиация мамлекеттик
агенттигинин
буйругуна тиркеме
2023-ж. «25» апрели № 287/б
Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелери – 23
“ Авиа КММ сапатына контролдукту ишке ашыруучу уюмдарды тастыктамалоо
1-бап. Терминдер жана аныктамалар
1. Бул Эрежелерде төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
Авиациялык күйүүчү-майлоочу материалдар – авиациялык техникада колдонууга арналган авиациялык күйүүчү -майлоочу материалдар жана атайын суюктуктар – күйүүчү май, майлар, майлоолор, суу кристаллдашууга каршы суюктуктар, муз каптоого каршы суюктуктар, жумушчу суюктуктар.
Аба кемеси – жердин же суунун бетинен чагылдырылган аба менен болгон өз ара аракеттен айырмаланган аба менен өз ара аракеттин эсебинен атмосферада кармалып туруучу учуучу аппарат.
Сапат – обьекттин таандык мүнөздөмөлөрүнүн жыйындысынын белгиленген ченемдерге жана талаптарга шайкештигинин даражасы.
Кондициялык авиациялык күйүүчү май – анын ченемдик документтерине шайкештигин кепилдеген макулдашылган технология менен өндүрүлгөн, анын эксплуатациялык касиеттерин начарлатуучу ага мүнөздүү болбогон аралашмаларды камтыбаган, авиациялык техниканын ишенимдүүлүгүн жана ресурсун камсыз кылуучу, анын сапатынын деңгээли сыноолор жана изилдөөлөр менен тастыкталган белгиленген жол-жоболор боюнча колдонууга даярдалган авиа күйүүчү майы.
Авиациялык күйүүчү-майлоочу материалдардын сапатынан контролдук – идентификациялоо, сакталышына контролдук, авиациялык күйүүчү-майлоочу материалдардын аба кемелеринин учуусунун авиа күйүүчү май менен камсыздоонун этаптарында сандык жана (же) сапаттык мүнөздөмөлөрүнө жана касиеттерине шайкештигине КММдын кыймылынын ар бир этабында (даярдоонун, сактоонун) , продуктынын сапатынын көрсөткүчтөрүн физико-химиялык анализдерди жүргүзүү менен аныктоо. Сапатты контролдоонун негизги максаты болуп,күйүүчү-майлоочу материалдарды аба кемесине куйуу үчүн берүүгө жарактуулугун аныктоо эсептелет.
Контролдук талон – аба кемелеринин учуусуна авиаКММ менен камсыздоону ишке ашыруучу авиакүйүүчү май менен камсыздоо боюнча анда көрсөтүлгөн куйулуучу каражат аркылуу аба кемелерине куйуу үчүн маркасы аба кемелеринин эксплуатациялык документациясына киргизилген, белгиленген тартипте даярдалган жана текшерилген, берүүгө жарактуулугу жөнүндө корутундусу менен Сапат паспорту бар авиациялык күйүүчү-майлоочу материалдарды берүүгө руксат кылынгандыгын күбөлөндүргөн уюмдун документи.
Аба кемелеринин учууларын авиациялык күйүүчү -майлоочу материалдар менен камсыз кылуу – бүтүндөй же өз-өзүнчө аткарыла турган, аба кемелерин кондициялуу авиациялык күйүүчү-майлоочу материалдар жана атайын суюктуктар ( кабыл алуу, сактоо, даярдоо, куйуу үчүн берүү, куйуу, аба кемесинин бактарынан авиа күйүүчү майын төгүү) , аба кемелерин авиациялык күйүүчү-майлоочу материалдар жана атайын суюктуктар менен эксплуатациялоону жана тейлөөнү камсыз кылууга багытталган уюштуруу иш чараларынын жана өндүрүштүк ишмердиктин жыйындысы.
Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын органы – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ыйгарым укук берген жарандык авиация жаатындагы жөнгө салуу жана көзөмөл боюнча мамлекеттик орган.
Авиа күйүүчү май менен камсыз кылуучу уюм –тиешелүү жабдуусу, техникалык жабдыктары жана жумуштардын бардык комплексин кандай болсо, ошондой эле алардын бир бөлүгүн гана аткара турган, ишмердик жүргүзүү укугуна тастыктамалоосу, авиа күйүүчү май менен камсыз кылуу боюнча кызматтардын комплексин аткаруу үчүн персоналы бар конкреттүү аэропортто/аэродромдо авиа күйүүчү май менен камсыз кылуу боюнча аэропорттук ишмердикти ишке ашыруучу кандай болбосун уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак.
Аба кемелерине куйулуучу авиациялык күйүүчү-майлоочу материалдардын сапатына контролдукту жүргүзүүчү уюм – адистештирилген түзүмдүк бөлүнүшү – авиациялык күйүүчү-майлоочу материалдардын жана аба кемелеринин учуусун авиациялык күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылуу үчүн күйүүчү – майлоочу материалдардын жана атайын суюктуктардын сапатына контролдукту ишке ашыруучу лабораториясы жана жарандык авиациянын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген тастыктамалоосу бар юридикалык жак.
Иштин технологиясы – негизги маалыматтарды, аба кемелерин жерде тейлөөнүн жалпы эрежелерин жана жол-жоболорун, жерде тейлөөнү ишке ашыруучу персонал тарабынан өз милдеттерин аткаруусун тастыктоочу сапаттык системаны жана башка маалыматты камтыган уюмдун авиа күйүүчү май менен камсыз кылуу боюнча документи.
Иштин технологиясы – аба кемелерин жерде тейлөөнүн негизги маалыматтарын, жалпы эрежелерин жана жол-жоболорун, жерде тейлөөнү ишке ашыруучу персонал тарабынан өз милдеттерин аткаргандыгын тастыктоочу, сапаттын системасын жана башка маалыматты камтыган авиа күйүүчү май менен камсыздоо боюнча уюмдун документи.
Тастыктамалоо –ал аркылуу үчүнчү жак жөнөтүүчүдөн жана алуучудан көз карандысыз продукция, процесс жана кызмат көрсөтүү белгиленген талаптарга жооп бере тургандыгына кат жүзүндө берген жол-жобо.
Штаттык күйүүчү майлар – эксплуатациялоонун процессинде авиациялык техниканын ресурсун камсыз кылууга жана анын учууларынын коопсуздугуна жөндөмдүүлүгүн тастыктаган мурда изилденген күйүүчү майлар боюнча стандарттар менен белгиленген статистикалык көрсөткүчтөрдүн чектерине өзүнүн көрсөткүчтөрү боюнча кирген күйүүчү майлар.
2. Бул Эрежелерде төмөнкү кыскартуулар колдонулат:
АвиаКММ – авиациялык күйүүчү -майлоочу материалдар.
АК – аба кемеси.
КММ – күйүүчү -майлоочу материалдар.
АКМКУ - авиа күйүүчү май менен камсыздоочу уюм.
ККС – кристаллдашууга каршы суюктук.
МККС – муз каптоого каршы суюктуктар.
АС – атайын суюктуктар.
ЖТЖ – жерде тейлөө боюнча жетектеме.
СЭКЩ – сууда эрүүчү кислоталар жана щелочтор.
ТЭК – тетраэтил коргошун.
2-бап. Жалпы жоболор
3. Бул Эрежелерде аба кемелерине куйулуучу авиаКММдын сапатына контролдукту ишке ашыруучу уюмдарга тастыктамалоону жүргүзүүнүн эрежелери жана ошондой эле аларга коюулуучу тастыктамалоолук талаптар баяндалган.
4. Бул Эрежелер аба кемелерине куйулуучу авиациялык күйүүчү майлардын, майлардын, майлоолордун жана атайын суюктуктардын сапатына контролдукту ишке ашыруучу уюмдарга тастыктамалоо жол-жобосун жүргүзүү боюнча негизги документ болуп эсептелет.
5. Бул Эрежелердин талаптары милдеттүү болуп эсептелет жана аба кемелерине куйулуучу авиациялык күйүүчү майлардын, майлардын, майлоолордун жана атайын суюктуктардын сапатына контролдукту ишке ашыруучу уюмдардын жеке курамынын кызматтык нускамаларында чагылдырылышы керек.
6. Аба кемелерине куйулуучу авиациялык күйүүчү майлардын, майлардын, майлоолордун жана атайын суюктуктардын сапатына контролдукту ишке ашыруучу уюмдарды тастыктамалоо Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын эффективдүү ишмердиги үчүн шарттарды түзүү, аба кемелеринин учууларынын коопсуздугунун зарыл болгон деңгээлин камсыз кылуу, учуу жөндөмдүүлүгүн колдоо, жарандардын өмүрүнүн жана саламаттыгынын коопсуздугу максатында жүргүзүлөт.
7. Аба кемелерине куйулуучу авиациялык күйүүчү майлардын, майлардын, майлоолордун жана атайын суюктуктардын сапатына контролдукту ишке ашыруучу уюм жумуштардын төмөнкү түрлөрүн аткарат:
1) Аба ташууларын авиаКММ менен камсыздоонун тиешелүү этаптарында аларды жөнөтүү жана колдонууга даярдоо процессинде авиаКММдын сапатынын көрсөткүчтөрүнүн маанилеринин өзгөрүүлөрүн аныктоо максаттарында, ошондой эле авиаКММды аба кемелерине куйууга жарактуулугун баалоо максатында авиаКММдын сапатына контролдукту жүргүзүү;
2)авиациялык системаларда иштеген авиаКММдын сапатынын анализин жүргүзүү;
3) жарандык аба кемелери менен болгон авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүүгө байланыштуу алынган авиаКММдын сапатын анализдөөнү жүргүзүү.
8. Аба кемелерине куйулуучу авиаКМдын сапатына контролдукту ишке ашыруучу уюм көрсөтүлгөн жумуштардын бардык комплексин кандай болсо, ошондой эле алардын бир бөлүгүн гана аткарышы мүмкүн.
9.Бул Эрежелер АК ларга куйулуучу авиаКММге контролдук жана сапатына анализ жүргүзүүнү каалаган же жүргүзүп жаткан уюмдарга менчигинин формасына жана ведомстволук таандыгына карабастан тиешелүү болот.
10. Тастыктамалоонун аракетинин мөөнөтүн Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын органы берилген документтердин аракет мөөнөтүн, жүргүзүлгөн инспекциялык контролдун натыйжаларын эске алуу менен, бирок үч жылдан ашык эмес белгилейт.
11. Шайкештик тастыктамалоонун аракети токтото турулушу, жокко чыгарылышы мүмкүн, ошондой эле ага ушул Эрежелерде белгиленген тартипте жана негиздерде , ушул документти берген Жарандык авиациянын органы тарабынан өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
12. Аба кемелерине куйулуучу авиаКММдын сапатынан контролдукту жүргүзүүчү уюмдарды тастыктамалоо жана аларга инспекциялык контролдоо ушул Эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.
3-бап. АвиаКММ лабораториясын тастыктамалоону жүргүзүүнүн тартиби.
§ 1. Тастыктамалоонун тартиби
13. Жол-жоболордун ырааттуулугу:
1) авиаКММ лабораториясынын тастыктамалоону жүргүзүүгө өтүнмөнү берүүсү;
2) өтүнмөнүн алдын ала анализи жана баалоосу, кабыл алынган чечимдер;
3) авиаКММ лабораториясын алдын ала текшерүү жана изилдөө;
4) текшерүүнүн жана изилдөөнүн натыйжалары боюнча анализ жана чечим кабыл алуу;
5) шайкештик тастыктамалоону тариздөө жана берүү же аны берүүдөн баш тартуу.
14 Тастыктамалоо өтүнмө келип түшкөн күндөн тартып 45 күнгө созулат. Өтүнмөнү кароонун мөөнөттөрү узарган учурда, Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын органы бул жөнүндө өтүнмөнү кароонун мөөнөттөрүнүн узартылышынын себептерин көрсөтүү менен АКМКУну кабарландырат.
§ 2. Өтүнмөнү берүү
15. Мурда берилген АКМКУнун шайкештик тастыктамалоосунун аракетинин мөөнөтү бүткөнгө чейин 45 күндөн кеч эмес Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын органына КММ лабораториясын тастыктамалоо үчүн АКМКУ өтүнмө берет.
16. Өтүнмөгө АКМКУ төмөнкү документтерди тиркейт:
1) АКМКУнун ишинин технологиясы ( алгачкы тастыктамалоодо);
2) Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин талаптарына жооп берүүсү боюнча авиаКММ сапатын контролдоо боюнча шайкештик тастыктамалоону берүүнүн мүмкүндүгү боюнча аккредиттелген көз каранды эмес уюмдун комплекстүү корутундусу;
3) Уставдын жана уюмдаштыруу документтеринин көчүрмөсү;
4) КММ лабораториясынын паспорту (4-тиркеме);
5) Административдик жана эксплуатациялык персоналдын тизмеси.
17.Лабораторияга паспорт төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Кабарлоо маалыматтары;
-лабораториянын кадрлык курамы;
-авиациялык күйүүчү майлардын номенклатурасы;
-КММ лабораториясы жүргүзүп жаткан сыноолордун түрлөрү;
-КММ лабораториясында колдонулуучу сыноолордун методдорунун, өлчөөлөрдүн каражаттарынын тизмеси;
-КММ лабораториясынын сыноочу жабдуулар менен жабдылышы;
-КММ лабораториясынын стандарттуу үлгүлөр менен жабдылышы;
-Өндүрүш бөлмөлөрүнүн абалы.
§ 3. Өтүнмөнүн алдын ала анализи жана баалоо, кабыл алынган чечимдер
18. Өтүнмөнүн алдын ала анализи жана баалоо тастыктамалоону жүргүзүү үчүн берилген документтердин негизинде аткарылат, алардын аракеттеги ченемдик талаптарга шайкештиги текшерилет:
1) авиаКММдын сапатына контролдукту ишке ашыруучу уюмдун юридикалык статусу, анын статусун тастыктоочу документтердин болуусу;
2) технологиялык жабдылышы;
3) персоналдын саны жана квалификациясы;
4) персоналдын милдеттери жана жоопкерчилиги.
19. Өтүнмөнү анализдөөдө жана баалоодо мурдагы шайкештик тастыктамалоонун аракетинин мөөнөтүндөгү авиаКММдын сапатына контролдукту ишке ашыруучу уюмдун аракеттеги ченемдик талаптарга шайкештиги, ошондой эле анын аракеттеги ченемдик талаптарды сактоо менен тастыктамалоону алышы үчүн билдирген зарыл болгон деңгээлин жана кызматтарынын көлөмүн камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү изилденет.
20. Өтүнмөнү жана авиаКММдынсапатына контролдукту ишке ашыруучу уюмду тастыктамалоо үчүн берилген документацияны кароо түшкөн күндөн тартып 15-күндүк мөөнөткө сощулат.
21. Алдын ала анализдөөнүн жана далилдик документацияны баалоонун жыйынтыктары жөнүндө авиаКММдын сапатына контролдукту ишке ашыруучу уюмду кабарландыруу:
1) Оң натыйжада Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын органы өтүнмөнүн каттоодон өткөндүгү жана бул уюмду тастыктамалоо боюнча мындан аркы иштери жөнүндө кабарлайт;
2) Терс натыйжада , документтердин пакетин толук эмес көрсөткөн учурда баш тартуунун себебин түшүндүрүү менен өтүнмө кайтарылып берилет.
§ 4. АвиаКММ сапатына контролдукту ишке ашыруучу уюмду текшерүү жана изилдөө
22. Текшерүүнү жана изилдөөнү тастыктамалоо боюнча комиссия жүргүзөт.
23. Кыргыз Республикасынын Жарандык авиациясынын органынын жетекчиси тастыктамалоо боюнча эксперттердин тобун жана тастыктамалоону жүргүзүүнүн мөөнөттөрүн дайындайт.
24. Тастыктамалоо боюнча комиссия төмөнкүлөрдү текшерет:
1) Далилдөөчү документацияда жана Комплекстүү корутундуда камтылган КММ лабораториясынын көрсөтүлгөн маалыматтарынын шайкештигин;
2) Персоналдын компетенттүүлүгүн, кесиптик даярдыгын;
3) КММ лабораториясынын ишмердигинин маалыматтык жана документтик камсыздоосу;
4) КММ лабораториясынын техникалык жабдылышы;
5) Сыноолорду өткөрүү жайлары жана шарттары;
6) АвиаКММ сапатына контролдукту жүргүзүүгө талаптар;
7) Эмгекти коргоонун жана өрт коопсуздугун ченемдеринин аткарылышы.
§ 5. Текшерүүнүн жана изилдөөнүн натыйжалары боюнча анализ жана чечимди кабыл алуу
25. Текшерүүнүн жана изилдөөнүн натыйжалары боюнча тастыктамалоо комиссиясы тарабынан натыйжалары, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча эскертүүлөр жана аларды жойуунун мөөнөттөрү көрсөтүлгөн корутунду акт даярдалат.
26. Корутунду актыны Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын органынын жетекчиси бекитет.
§ 6. Шайкештик сертификатын тариздөө жана берүү же аны берүүдөн баш тартуу
27. Шайкештик сертификатын тариздөө жана берүү далилдөө документациясы боюнча оң корутундулардын, инспекциялык текшерүүнүн негизинде аба кемелерине куйулуучу авиациялык күйүүчү майлардын, майлардын жана майлоолордун сапатына контролдукту ишке ашыруучу уюмдун Комплекстүү корутундусу- эксперттик баасынын жана Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин талаптарына шайкештигине Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын органынын комиссиясынын корутунду актысынын негизинде аткарылат.
28. Эксперттик баа берүүнү жүргүзүү үчүн авиаКММдын сапатын контролдоо жаатындагы ISO IEC 17025 эл аралык стандартынын талаптарына шайкештикке аккредиттелген көз карандысыз уюм тартылат.
29. Күйүүчү май куйуучу уюмдардын КММ лабораторияларын тастыктамалоо процесси жарандык авиациянын ыйгарым укуктуу органы тарабынан авиакүйүүчү май камсыздоо жана авиаКММдын сапатын контролдоо жаатында адистешкен техникалык компетенттүү эксперттерди тартуу менен жүргүзүлөт.
30. АвиаКММдын сапатына контролдукту ишке ашыруучу уюмдун шайкештигинин сертификаты белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлөт. Шайкештикти тастыктамалоо Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын органынын жетекчиси кол койгон жана ал каттоодон өткөн күндөн тартып күчүнө кирет.
31. Тастыктамалоонун аракет мөөнөтү Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын органы тарабынан, бирок үч жылдан ашык эмес мөөнөткө белгиленет. Тастыктамалоо анда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин аракетте болот.
32. Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын органынын комиссиясынын корутунду актысынын терс натыйжаларында, авиаКММдын сапатына контролдукту ишке ашыруучу уюмга шайкештиктин тастыктамалоосу берилбейт.
33. Шайкештик тастыктамалоосун берүүдөн баш тартуу учурунда, Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын органы авиаКММдын сапатына контролдукту ишке ашыруучу уюмду баш тартуунун себептери жөнүндө ушундай чечим ( корутунду акт бекитилгенден) кабыл алынгандан кийин 15 күндөн кеч эмес кабарландырат.
4-бап. Инспекциялык контролдук
34. АвиаКММдын сапатына контролдукту ишке ашыруучу тастыктамалоодон өткөн уюмдарга инспекциялык контролдук Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын органы тарабынан жүргүзүлөт.
35. Инспекциялык контролдук жылына бир жолудан кем эмес, шайкештикке тастыктамалоонун аракетинин мөөнөтүнүн бардык учурунда, план боюнча жүргүзүлөт.
36. Пландан тышкаркы текшерүүлөр төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) эксплуатациялоо процессинде аракеттеги тастыктамалоолук талаптарга шайкеш эместиктердин пайда болуусу аныкталганда;
2) АвиаКММдын сапатына контролдукту ишке ашыруучу уюмдун күнөөсү менен учуулардын коопсуздугунун деңгээли төмөндөгөндө.
37. Инспекциялык контролдун натыйжалары тастыктамалоодогу корутунду актыга окшош акт менен таризделет.
38.Инспекциялык текшерүүнүн актысынын негизинде Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын органы тиешелүү чечим кабыл алат.
39. Инспекциялык контролдун тартиби Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын органы тарабынын белгиленет.
5-бап. Тастыктамалоону жүргүзүүгө байланышкан чыгымдар
40. АвиаКММдын сапатына контролдукту ишке ашыруучу уюм тастыктамалоону жүргүзүүгө өтүнмөнү берүү менен, өзүнө төмөнкүлөргө төлөө боюнча милдеттенме алат:
1) тастыктамалоону жүргүзүү;
2) тастыктамалоону жүргүзүү боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн транспорттук чыгымдарын.
6-бап. Шайкешти тастыктамалоону жокко чыгаруу, аракет мөөнөтүн токтото туруу
41. Шайкештиктин тастыктамалоосунун аракетин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын органы тарабынын жүргүзүлөт:
1) шайкештик тастыктамалоодо көрсөтүлгөн шарттарды сактабаган учурда;
2) инспектордук контролдун терс натыйжасында.
42. Шайкештик тастыктамалоосунун аракетин токтото туруу инспектордук контролдун натыйжаларын тоотпогон учурда Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын органы тарабынан жүргүзүлөт.
43. Мурда берилген шайкештик тастыктамалоосунда өзгөртүүлөрдү же кошумчаларды тариздөө зарылдыгы болгондо, Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын органына кошумча өтүнмөнү жана зарыл болгон далилдик документацияны көрсөтөт.
7-бап. АвиаКММдын сапатына контролдукту ишке ашыруучу уюмдун милдеттери
44. АвиаКММдын сапатына контролдукту ишке ашыруучу уюмга шайкештик тастыктамалоосун берүү төмөнкү жоопкерчиликтерди жүктөйт:
1) ченемдик талаптарга шайкештикти сактоо боюнча;
2) тастыктамалоо менен далилденген шарттарды сактоо боюнча.
8-бап. АвиаКММдын сапатына контролдукту ишке ашыруучу уюмдарга коюлуучу тастыктамалоочу талаптар
45. АвиаКММдын сапатына контролдукту ишке ашыруучу уюмдун ишмердигин ишке ашыруу үчүн авиакүйүүчү май камсыздоо боюнча уюм адистештирилген бөлүнүш – КММ лабораториясын түзөт.
46. КММ лабораториясын уюмдун жетекчисине баш ийген, авиаКММдын сапатына контролдукту жана анализди жүргүзүү боюнча жумуштарды уюштурууга жана аткарууга жооп берүүчү жетекчи башкарат.
47. Уюмдагы штаттык түзүм жана функционалдык ыйгарым укуктарынын бөлүштүрүлүшү обьективдүүлүк принциптерин жана аткарылып жаткан изилдөөлөрдүн аныктыгын сактоо максатында лабораториянын жетекчисинин өндүрүштүк маселелерди чечүүдөн көз каранды эместигин камсыз кылышы керек.
48. АвиаКММдын сапатына контролдукту ишке ашыруучу уюм КММ лабораториясында авиаКММдын сапатына контролдук жана анализди ишке ашырууда эмгекти коргоонун жана өрт коопсуздугунун ченемдерин аткаруунун камсыз кылат. Бул максатта авиаКММдын сапатына контролдукту ишке ашыруучу уюм тиешелүү стандарттардын жана ченемдик актылардын болуусун камсыз кылат, ушул талаптарды аткаруу үчүн уюштуруу жана техникалык иш чараларды ишке ашырат.
49. АвиаКММдын сапатына контролдукту ишке ашыруучу уюм Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте персоналды жумушка кабыл алат. КММ лабораториясынын бардык персоналына кызматтык нускамалар иштелип чыгат жана бекитилет.
§ 1. Ишмердикти маалыматтык жана документациялык камсыздоо
50. АвиаКММдын сапатына контролдукту ишке ашыруучу уюм өзүнүн тескөөсүндө төмөнкүлөрдү камтыган ченемдик укуктук жана ченемдик техникалык документацияны камтышы керек:
1) Кыргыз Республикасынын Аба кодексин, Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин жана жарандык авиация жаатындагы ишмердикти жөнгө салуучу башка ченемдик актыларды;
2) Колдонулуп жаткан авиаКММга стандарттарды жана техникалык шарттарын жана аларды сыноолордун методдорун;
3) АвиаКММды колдонуу жана сапатына контролдук маселелери боюнча жарандык авиация жаатындагы ченемдик актылар, методикалык документтер;
4) АКМКУнун иштөө технологиясын, анын ичинде АК га куйуу үчүн берилүүчү авиаКММга сапаттык Паспортту түзүү боюнча келишимдик мамилелери бар башка уюмдар менен.
АвиаКММга ченемдик -техникалык документациянын фонду жана аларды сыноолордун методдору авиаКММ сапатына контролдукту ишке ашыруучу уюмдун ишмердигинин чөйрөсүнө ылайык келиши керек. Документтер актуалдуулук абалда кармалып турушу зарыл.
51. АвиаКММдын сапатына контролдукту ишке ашыруучу уюм КММ лабораториясы үчүн төмөнкүлөрдү камтыган документациянын комплектин иштеп чыгат жана бекитет:
1) КММ лабораториясынын милдеттерин, укуктарын, жоопкерчилигин белгилей турган, ошондой эле КММ лабораториясынын иши уюштуруу жөнүндө маалыматтарды камтуучу КММ лабораториясы жөнүндө жобону;
2) сапат жаатындагы жүргүзүп жаткан саясатты белгилөөчү сапат боюнча жетектемени;
3) АвиаКММдын сынамдарын алуунун тартибин жана жоопкерчиликтүү адамдарды белгилеген сынамдарды алуунун технологиясын;
4) сапаттын паспортун түзүүнүн технологиясын;
5) КММ лабораториясына паспортту;
6) КММ лабораториясынан жетекчисинин жана кызматчыларынын кызматтык нускамаларын;
7) сынамдарды каттоо, берилип жаткан паспорттор жана анализдер, сынамдардын анализдеринин натыйжаларын жазуу үчүн контролдук документацияны.
52. КММ лабораториясына төмөнкү документтер эсепке алынышы жана сакталышы керек:
1) АвиаКММды чыгаруучулардын (тастыктамалоолору) ( эгерде продуктылар которулуп келген болсо, орто аралык мунай базаларынын) сапаттык паспорттору;
2) декларациялоого жаткан продукциянын шайкештиги жөнүндө декларациялар;
3) АвиаКММды чыгаруучулардын (жөнөтүүчүлөрдүн) шайкештик сертификаттары;
4) КММ лабораториясы берген сапаттык паспорттору;
5) КММ лабораториясы берген сапаттын көрсөткүчтөрүнүн анализдери;
6) сынамдарды алуунун актылары;
7) АвиаКММдын кирүүсүнүн контролунун карталары.
Эгерде, АКМКУ авиаКММды камсыздоону ишке ашыруучу уюм катары тастыктамаланган болсо, КММ лабораториясында ар бир АКМКУ менен келишим боюнча КММ лабораториясы авиаКММ дын сапатынын Паспортун түзгөн Иштин Технологиясынын белгиленген тартипте бекитилген нускасы болушу керек.
53. АвиаКММдын сапатына жүргүзүлгөн контролдуктун жана сапаттын анализинин натыйжалары КММ лабораториялары берген сапаттын жана сапаттын көрсөткүчтөрүнүн анализдеринин паспортторунда жана белгиленген формадагы журналдарда чагылдырылат.
54. АвиаКММга жүргүзүлгөн контролдун жана сапатына анализдин натыйжалары текшерилген сапаттын көрсөткүчтөрүнүн фактылык маанилерин камтып жана персоналдаштырылып, аткаруучунун жеке кол тамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек.
§ 2. Техникалык жабдылышына болгон талаптар
55. КММ лабораториясы атайын, өзүнчө турган имаратта (бөлмөлөрү) менен же өндүрүштүк имарат менен блоктоштурулган имаратта жайгашуусу керек.
56. КММ лабораториясынын бардык жаңы жана реконструкциялануучу жайлары аларга жана химиялык лабораторияларга стандарттар, курулуштук ченемдер жана эрежелер, жарандык авиация жаатындагы ченемдик актылар менен коюлуучу талаптарга жооп бериши керек.
57. КММ лабораториясы агып кирүү-соруучу желдеткич, ички суу түтүк жана каналдаштыруу системалары, электрэнергиясы жана байланыш каражаттары ( телефон, факс) менен жабдылып, Интернетке чыгуусу жана электрондук дареги болушу керек.
58. КММ лабораториясынын бөлмөлөрү нымдуулук, жумушчу температура, жарык болушу жана титирөөсү боюнча белгиленген талаптарды канааттандырышы керек.
59. КММ лабораториясы сыноолордун анык натыйжаларын алуу үчүн зарыл болгон сандардагы чыгымдоочу материалдар ( химиялык реактивдер, стандарттуу жана калибрлөөчү үлгүлөр жана заттар ж.б.) менен камсыз болушу керек.
60. КММ лабораториялары ишмердиктин билдирилген чөйрөсүндө жумуштарды жүргүзүү үчүн зарыл болгон стандарттардын жана сыноолордун методдоруна техникалык шарттарынын талаптарына жооп берген жана талап кылынган метрологиялык мүнөздөмөлөрүн камсыз кылуучу өлчөөчү каражаттар жана сыноочу жабдуу менен жабдылган болушу керек.
61. КММ лабораториясында авиа КММдын сапатына контролдукту жүргүзүү үчүн колдонулуучу өлчөө каражаттары алардын мамлекеттик стандарттардын милдеттүү талаптарына шайкештигин аныктоо максатында, жана ошондой эле эсеп-кысаптык операциялар үчүн бекитилген түрдө, мамлекеттик реестрге киргизилген жана белгиленген тартипте текшерилген болушу керек.
62. АвиаКММ контролдоо жана сапатын анализдөө үчүн пайдаланылуучу сыноочу жабдуу белгиленген тартипте аттестацияланышы керек.
9-бап. АвиаКММдын сапатын контролдоону жүргүзүү үчүн талаптар
63. Лаборатория авиаКММдын сапатын контролдоонун төмөнкү түрлөрүн ишке ашыра алат:
1) кирүү контролу;
2) кабыл алуу контролу;
3) кампалык контроль;
4) аэродромдук контроль;
64. Кирүү жана аэродромдук контроль КММ лабораториясынын персоналы тарабынан кандай болсо, ошондой эле АКМКУ персоналы тарабынан ишке ашырылышы мүмкүн.
§ 1. Куйулуучу авиаКММ үчүн сапатына контролдук
65. Кирүү контролу авиаКММдын партиясын кампага кабыл алууда натыйжаларын кирүү контролунун Картасына жазуу менен ишке ашырылат. Авиа күйүүчү майлары үчүн келип жаткан авиаКММдын тазалыгынын деңгээлин текшерүү жүргүзүлөт.
66. Авиа күйүүчү майдын кирүү контролу төмөнкү көлөмдө жүргүзүлөт:
1) келип жаткан продуктынын түрүн жана маркасын коштоочу документация боюнча иденфикациялоо, бул учурда келген күйүүчү майга өндүрүүчүнүн кепилдигинин аяктоо мөөнөтү аныкталат;
2) келген күйүүчү майдын температурасын жана тыгыздыгын аныктоо;
3) күйүүчү майдагы механикалык аралашмалардын жана суунун жоктугуна контролдук;
4) продуктынын тышкы көрүнүшүнө баа берүү: түсү, коалесценция, эмульсиялардын болушу, муну менен кошо штаттык продуктыларга таандык болбогон авиаКММдын мүнөздүү эмес көрүнүштөрүнүн жоктугу (болушу) аныкталат;
5) реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн күйүүчү майдагы электр өткөргүчтүк чоңдугун аныктоо (зарыл болгондо);
6) пломбалоолордун жана бекиткич түзүлүштөрдүн бүтүндүгү.
67. Авиакүйүүчү майдын келген партиясынын сапатын тастыктоо жана аны куйуу үчүн берүүгө даярдоо процессине кошуу мүмкүндүгү КММ кампасынын резервуарларына партияны кабыл алгандан кийин, авиа күйүүчү майы бар резервуарды башка партиянын (партиялардын) продуктысы менен толтурулгандан кийин жүргүзүлөт.
68. Реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн күйүүчү майдын кабыл алуу контролу төмөнкү көрсөткүчтөрдөн кем эмес жүргүзүлөт:
1) механикалык аралашмаларды жана сууну камтуусу;
2) тыгыздыгы;
3) фракциялык курамы;
4) кинематикалык илээшчектиги;
5) кислоталуулугу;
6) жабык тиглдеги дүрт от алуусунун температурасы;
7) фактылык чайырларынын концентрациясы;
8) СЭКЩны камтуусу;
9) суу менен өз ара аракети;
10) 200 С дагы үлүштүк электр өткөргөчтүгү;
11) кристаллдаштыруунун башталышынын температурасы;
12) 1500 С да статикалык шарттарда термокычкылдантуучу стабилдүүлүгү (тапшырыкчынын талабы боюнча).
69. Авиабензиндер үчүн:
1) массалык тыгыздыгы;
2) ТЭСтин камтылышы;
3) фракциялык курамы;
4) фактылык чайырлардын камтылышы;
5) СЭКЩнын камтылышы;
6) механикалык аралашмаларды жана сууну камтуусу;
70. Def Stan 91-091 боюнча Джет А-1 күйүүчү майын кабыл алуу сыноолорун жүргүзүүдө сыноолор төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча аткарылат:
1) тышкы көрүнүшү;
2) түсү;
3) фракциялык курамы;
4) дүрт от алуусунун температурасы;
5) 150 С дагы тыгыздыгы;
6) тоңуу температурасы;
7) жез пластинада коорозия-сыноо;
8) фактылык чайырлар;
9) микрсепарометр менен суунун ажыроосунун мүнөздөмөлөрү;
10) электр өткөргүчтүгү.
§ 2. Идиштеги авиаКММ сапатына контролдук.
71. Заводдук идиш менен келген авиаКММды кабыл алууда төмөнкү көлөмдөгү кирүү контролдугу жүргүзүлөт:
1) коштомо документациясынын болушу жана мазмуну;
2) авиаКММды өндүрүүчүнүн кепилдигинин жарактуу мөөнөтү менен паспортунун болушу;
3) идишинин бүтүндүгү жана герметикалуулугу;
4) авиаКММдын минимум катары маркасын жана түрүн көрсөтүүчү идиштеги маркировканын болушу;
5) зарыл болгондо авиаКММдын сапатына, КММ лабораториясы өз бетинче аныктай турган көрсөткүчтөр боюнча ченемдик документтерге шайкештигине текшерүү жүргүзүлөт.
72. Майда идиштер үчүн (50 л. жана андан аз идиш) КММ лабораториясы зарыл болгондо, өз бетинче кабыл алуу контролунун көрсөткүчтөрүнүн тизмесин өз бетинче аныктайт.
73. Ири идиштер үчүн (сыйымдуулугу 50л. ден көп идиш) кабыл алуу контролу минималдуу өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
74. МККС 1тип:
1) тышкы көрүнүшү;
2) сынуунун көрсөткүчү;
3) рН суутектик көрсөткүч.
75. МККС II тип, IV тип:
1) тышкы көрүнүшү;
2) сынуусунун көрсөткүчү;
3) рН суутек көрсөткүчү;
4) динамикалык илээшкектиги.
76. ККС үчүн:
1) тышкы көрүнүшү;
2) 200 С г/см3 температурадагы тыгыздык;
3) d сынуусунун көрсөткүчү;
4) суунун массалык үлүшү,%;
5) эрип кетүүчү булганууларды болушу;
6) механикалык аралашмалардын камтылышы;
7) металлдардын эрип кетүүчү бирикмелеринин камтылышы.
77. Авиа майлар үчүн:
1) массалык тыгыздыгы;
2) тиешелүү температуралардагы илээшкектиги;
3) кислоталык саны;
4) суунун жана механикалык аралашмалардын камтылышы;
5) ачык тигелдеги дүрт от алуусунун температурасы.
78. Сапатка кабыл алуу жана кампалык контролдук КММ нын стационардык лабораториясынын шарттарында гана ишке ашырылат.
79. Сапатка контролдукту жүргүзүү үчүн КММ лабораториясы төмөнкүлөрдө алынган өкүлчүлүк сынамдарды пайдаланат:
1) аваиКММды транспорттоонун каражаттарынан ( түтүк өткөргүчтөр, темир жол жана автомобиль цистерналары);
2) авиаКММ сактала турган резервуарлардан жана сыйымдуулуктардан;
3) авиа КММды куйунун, чыпкалоонун жана суусун бөлүп алуу каражаттарынан.
Сынамдар жарандык авиация жаатындагы стандарттардын жана ченемдик документтеринин талаптарына, ошондой эле Иштин технологиясынын талаптарына ылайык алынат.
80. Куйууга авиаКММ бериле турган ар бир резервуарга кирүү жана кабыл алуу контролунун оң натыйжасында КММ лабораториясы тиешелүү түрдө идентификацияланган продукт белгиленген талаптарга жооп бере тургандыгын жана АКМКУ нун Иш технологиясы белгилеген тартипте аба кемелерине куйууга берүүгө жарактуулугун кат жүзүндө күбөлөндүрүүчү документти ( сапаттын паспортун) тариздейт.
81. Кампалык контроль сакталып турган авиаКММ нын сапатынын параметрлеринин өзгөрүүсүнүн деңгээлин аныктоо жана авиаКММды мындан ары сактоого же колдонууга мүмкүндүгүн тастыктоо үчүн жүргүзүлөт. Авиа күйүүчү май үчүн кампалык контроль 6 айда бир жолудан кем эмес, ККС үчүн 3 айда 1 жолудан кем эмес жүргүзүлөт. Реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн күйүүчү майлардын кампалык контролунун көрсөткүчтөрүнүн минималдуу саны:
1) сууну жана механикалык аралашмаларды камтуусу;
2) тыгыздыгы;
3) фракциялык курамы;
4) фактылык чайырлардын камтылышы;
5) СЭКЩнын камтылышы;
6) суу менен өз ара аракети;
7) үлүштүк электр өткөргүчтүгү.
82. Def Stan 91-091 боюнча джет А-1 күйүүчү майын кампалык контролун жүргүзүүдө сыноолор төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча аткарылат:
1) 150 С дагы тыгыздыгы
2)тышкы көрүнүшү;
3) түсү;
4) фракциялык курамы;
5) дүрт от алуусунун температурасы;
6) тоңуу температурасы;
7) электр өткөргүчтүгү.
83. Сапаттык паспортту тариздөө үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) авиа КММ дын маркасынын тиешелүү типтердеги аба кемелерин учуудагы эксплуатациясы жана техникалык тейлөө боюнча жетектемелерде болушу жана жаңы, чийки заты, технологиясы жана рецептурасы боюнча модернизацияланган учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы компетенттүү профилдик уюм тарабынан берилген жарандык авиацияда колдонууга сунуштамалары бар авиаКММ;
2) авиаКММды өндүрүүчүнүн аракеттеги кепилдиги менен коштомо документинин болушу (сынамдарды алуунун актылары, чыгаруучу заводдун сапаттык паспорту, шайкештик декларациясы, которуучу базалардын паспорттору).
3) кирүү контролунун алынган оң натыйжалары, анын ичинде мүнөздүү эмес аралашмалардын жана авиаКММдын мүнөздүү эмес көрүнүштөрүнүн жоктугу;
4) авиаКММ дин сынамдарынын лабораториялык сыноолорунун алынган оң натыйжалары;
84. Сапат паспорту анализдерди жүргүзүүчү техник-лаборант тарабынан кол коюлат, КММ лабораториясынын жетекчиси же АКМКУ ыйгарым укук берген жак бекитет жана мөөр басылат.
85. Сапат паспорту 1 жылдан ашык аракет кылбайт.
86. Сапат паспорту резервуарды башка партиянын күйүүчү майы менен толтурганда, резервуарда штаттык эмес жумуштарды жүргүзгөндө, ошондой эле авиаКММдын сапатынын начарлоосуна шек саноо пайда болгон учурда өз аракетин токтотот.
87. Сапат паспорту (анын көчүрмөсү) экипаждын мүчөсүнө же эксплуатанттын өкүлүнө алардын талабы боюнча көрсөтүлөт.
88. Сапат паспорттору жана коштомо документация КММ лабораториясында же Оператор менен келишим боюнча АК жерде тейлөө боюнча ыйгарым укуктуу жактарда сакталат.
89. Аэродромдук контролдук аба кемелерине идиштеги авиаКММ даярдоодо, берүүдө жана куйууда ишке ашырылат. Аэродромдук контролдук учурунда куйууга берилип жаткан авиаКММ дын даярдалгандыгы авиаКММдын тазалыгынын талап кылынган деңгээлине баа берүү, КММдын тастыктамаланган лабораториясы берген сапат паспортунун маалыматтарын анализдөө жолу менен жана ЖТЖ жана контролдук талон менен каралган операциялардын оң натыйжалары менен тастыкталат.
\
§ 3. Авиациялык системаларда жана АК учууларын камсыз кылуунун жердеги системаларында иштеген авиаКММдын сапатына анализди жүргүзүү боюнча талаптар
90. КММ лабораториясы авиациялык системаларда иштеген авиаКММдын сапатына анализди көрсөткүчтөрдүн көлөмүндө жана тапшырыкчы менен макулдашылган көлөмдө аба кемесине ченемдик-техникалык документация белгилеген изилдөөлөрдүн методдору менен жүргүзүлөт.
91. Авиациялык системаларда иштеген авиаКММдын сапатын аналидөөнү жүргүзүү үчүн аба кемесинин конкреттүү тибине ченемдик- техникалык документацияга жана жарандык авиация жаатындагы ченемдик документтердин талаптарына ылайык, күйүүчү май, майлоочу, гидравликалык жана башка системалардан алынган сынамдар колдонулат.
92. АвиаКММдын сынамдарынын анализинин натыйжалары боюнча КММ лабораториясы тапшырыкчыга сапаттын көрсөткүчтөрүнүн анализин – авиаКММдын сапатынын белгилүү көрсөткүчүнүн маанилерин камтыган документти берет.
93.Сапаттын көрсөткүчтөрүнүн анализине анализдерди жүргүзгөн техник -лаборант кол коет, КММ лабораториясынын жетекчиси же АКМКУ ыйгарым укук берген жак бекитип, мөөр басылат.
§ 3. Жарандык аба кемелериндеги авиациялык кырсыктарды же инциденттерди териштирүүгө байланыштуу алынган авиаКММдын сапатын анализди жүргүзүүгө талаптар
94. КММ лабораториясы жарандык аба кемелери менен болгон авиациялык кырсыктарды же инциденттерди териштирүүгө байланыштуу алынган авиаКММдын сапатына анализди авиациялык кырсыкты (инцидентти) териштирүү боюнча комиссиянын техникалык тапшырмасына жараша, өзүнүн ишмердик чөйрөсүнүн алкагында жүргүзөт.
95. Авиациялык кырсык же инцидент окуяларында авиаКММ сынамдарын, тунмаларын жана катмарланууларын алууда “Авиакүйүүчү май менен камсыздоо” КРАЖ га 8-тиркемени, методикалык сунуштамаларды жана Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын органынын документтерин жетекчиликке алуу керек.
10-бап. Персоналдын кесиптик даярдыгына талаптар
96. АКМКУ КММ лабораториясында квалификациялуу адистердин зарыл болгон санына ээ болушу керек. КММ лабораториясынын штаттык саны натыйжалардын аныктыгын жана алмашууну, учуулардын аракеттеги ырааттамасын жана ташуулардын көлөмүн эске алуу менен жумуштардын зарыл болгон көлөмүн аткарууну камсыз кылышы керек.
97. КММ лабораториясынан адистери ушул Эрежелерге ылайык келиши керек, белгиленген тартипте жумушка жиберилген, тиешелүү документтер менен тастыкталган бул багыттагы атайын даярдыгы жана /же иш тажрыйбасы болушу жана 3 жылда 1 жолудан кем эмес квалификациясын жогорулатуудан өтүүсү керек.
98. КММ лабораториясынын персоналы квалификациясын жогорулатуу курстарынан же авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүүнүн жүрүшүндө авиаКММдын сынамдарын изилдөө жаатындагы квалификацияга ээ болгон жарандык авиациянын профилдик илим-изилдөө уюмунан такшалтмадан өтүү жолу менен өз квалификациясын кармап туруусу керек.
99. АКМКУ персоналдын милдеттүү аттестациялоодон өтүүсүн уюштурат. КММ лабораториясынын персоналы ушул Эрежелерге шайкеш келген билимдердин көлөмүнө ээ болушу керек.
100. КММ лабораториясынын жетекчиси төмөнкү билимдерге ээ болуусу керек:
1) аба ташууларын авиаКММ менен камсыз кылуу маселелери боюнча жетектөөчү жана ченемдик-техникалык документтерди;
2) колдонулуп жаткан авиаКММдын стандарттарын жана техникалык шарттарын жана алардын өз ара алмашуусунун шарттарын;
3) КММ лабораториясында жана аэродромдук шарттарда (зарылдыгына жараша) авиаКММдын сапатына анализдерди жүргүзүүнүн методикаларын;
4) аба кемелерине куйууга авиаКММды даярдоонун технологияларын;
5) сактоодо, ташууда, куйууда жана аба кемелеринин системаларында эксплуатациялоо процессинде авиаКММдын көрүнүштөрүнүн жана сапатынын өзгөрүү процесстеринин физикалык маңызын;
6) КММ лабораториясында жүргүзүлүүчү авиаКММ сапатынын сыноолорунун ишенимдүүлүктү жана аныктыкты баалоонун методикаларын, өлчөөчү каражаттардын жана сыноо жабдууларынын оң экендигин баалоо методикаларын;
7) авиаКММдын өкүлчүлүк сынамдарын алуунун жана тариздөөнүн тартибин;
8) КММ лабораториясында контролдук документацияны жүргүзүүнүн тартибин;
101. Техник-лаборант төмөнкү билимдерге ээ болушу керек:
1) колдонулуп жаткан авиаКММдарга стандарттарды жана техникалык шарттарды;
2) авиаКММдын сапатынын көрсөткүчтөрүнүн анализдерин жүргүзүүнүн методикаларын ченемдик актылар, стандарттар же техникалык шарттар менен белгиленген көлөмдө;
3) өлчөө каражаттарын, лабораториялык жабдууларды эксплуатациялоо боюнча эрежелерди жана алардын оң абалын баалоонун методикаларын;
4)авиаКММдын өкүлчүлүк сынамдарын алуунун жана тариздөөнүн тартибин;
5) КММ лабораториясында контролдук документацияны жүргүзүүнүн тартибин.
“АвиаКММ сапатына
контролдукту ишке ашыруучу
уюмдарды тастыктамалоо"
Кыргыз Республикасынын
авиациялык эрежелерине-23
1-тиркеме
ӨТҮНМӨ
авиаКММ сапатына контролдукту ишке ашыруучу уюмга тастыктамалоону жүргүзүүгө
Уюмдун (юридикалык жактын) аталышы: ______________________________
ОКПО коду же каттоо документинин номуру:___________________________
Дареги:____________________________________________________________
Телефон/факс_______________________________________________________
Мүлктүк комплекске ээ болууга карата күчкө ээ болгон укуктар жөнүндө маалыматтар:_______________________________________________________
АКМКУ _______________ техникалык жана тастыктамалоочу талаптарга жооп бере тургандыгын билдирет жана тастыктамалоо талаптарына шайкештигине тастыктамалоону жүргүзүүнү өтүнөт.
2. АКМКУ милдеттенет:
-тастыктамалоонун бардык шарттарын аткарууга;
-тастыктамалоону жүргүзүү үчүн бардык зарыл болгон документацияны көрсөтүүнү жана тастыктамалоо боюнча комиссиянын КММ лабораториясына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга;
-ага шайкештикке тастыктамалоо жүргүзүлгөн ченемдик документтердин талаптарына КММ лабораториясынын шайкештигин камсыз кылууга;
-ченемдик документтердин талаптарынын четтөөлөргө жол бербөө боюнча чараларды кабыл алууга;
-тастыктамалоону жана инспекциялык контролдукту жүргүзүү боюнча бардык чыгымдарды төлөөгө.
3. Ээси тууралуу маалыматтар ( эгерде өтүнмө берүүчү КММ лабораториясынын ээси болбогон учурда толтурулат):
Уюмдун ( юридикалык жактын) аталышы__________________________
Дареги:_______________________________________________________
Телефон/факс__________________________________________________
Жетекчисинин аты-жөнү КММ лабораториясынын мүлктүк комплексине ээ болууга карата күчкө ээ болгон укуктар жөнүндө маалыматтар:_______________________________________________________
КММ лабораториясын өтүнмө берүүчүнүн пайдалануусуна ээсинин кат жүзүндөгү тастыктамасы
___________________________________________________________________
4. Кошумча маалыматтар ___________________________________________________________
Уюмдун жетекчиси колу М.О.
“АвиаКММ сапатына
контролдукту ишке
ашыруучу уюмдарды
тастыктамалоо
”Кыргыз Республикасынын
авиациялык эрежелерине-23
2-тиркеме
Өтүнмө берүүчү тарабынан жарандык авиация органына көрсөтө турган документациянын тизмеси
1. Коштомо кат жана өткөрүлүп берүүчү документтердин тизмеси.
2. Тастыктамалоону жүргүзүүгө өтүнмө.
3. Ишкананын уставынын жана (же) өтүнмө берүүчүнүн башка уюмдаштыруу документтеринин көчүрмөсү.
4. Менчик укугун же жайларга, жабдууларга, техникалык каражаттарга же башка материалдык ресурстарга ээлик кылууну жана (же) башка мыйзамдуу негизде пайдаланууну караган документтер.
5. Лабораториянын ишмердигинин билдирилген чөйрөсү
6. Сапат жаатындагы жүргүзүлүп жаткан саясатты белгилеген сапат боюнча жетектеме.
7. Төмөнкүлөрдү камтыган лабораторияга паспорт:
1) Реквизиттери ( күбөлүк, почто дареги, электрондук дареги, телефон), лабораториянын турган дареги;
2) Лабораториянын кадрдык курамы;
3) Авиациялык күйүүчү майлардын, майлардын, майлоолордун жана атайын суюктуктардын номенклатурасы;
4) Лаборатория жүргүзүп жаткан сыноолордун түрлөрү;
5) Лабораторияда пайдаланылуучу сыноолордун методдору жана өлчөө каражаттары;
6) Лабораториянын сыноочу жабдуулар менен жабдылышы;
7) Лабораториянын стандарттуу үлгүлөр менен жабдылышы;
8) КММ лабораториясынын өндүрүш жайларынын абалы.
8. КММ лабораториясынын милдеттерин, укуктарын, жоопкерчилигин белгилеген лаборатория жөнүндө жобо.
9. Сапат паспортун түзүүнүн технологиясы.
10. авиаКММ сынамдарын алуунун тартибин, жана жооптуу адамдарды белгилеген сынамдарды алуунун технологиясы.
11. Лабораториянын персоналынын кызматтык нускамаларынын көчүрмөсү.
12. Контролдук сынам жөнүндө корутунду.
Контролдук сынам же ГСО боюнча анализдин натыйжаларынын калыбына келтирүүчүлүгүн баалоону жүргүзүү комиссиянын катышуусунда инспекциялык текшерүү учурунда мүмкүн.
13. Сапат паспортун жана АКга куйу үчүн берүүгө жарактуулугун баалоону тариздөө максатында сапатын контролдоо үчүн КММ лабораториясына келип жаткан авиаКММларды жөнөтүүчүлөрдүн жана даярдоочулардын (юридикалык жактардын) реестри.
14. Тастыктамалоочу талаптарга шайкештигинин предметине текшерүүнүн натыйжасы боюнча далилдөөчү документациясына карата корутундуну тиркөө менен авиа КММдын сапатын контролдоо боюнча көз карандысыз, аккредиттелген уюм тарабынан берилген комплекстүү корутунду.
“АвиаКММ сапатына
контролдукту ишке ашыруучу
уюмдарды тастыктамалоо
”Кыргыз Республикасынын
авиациялык эрежелерине-23
3-тиркеме
ИШМЕРДИК ЧӨЙРӨСҮ
_________________________________________________________
(юридикалык жактын аталышы)
Жумуштардын (кызматтардын) аталышы | Ага шайкештигине карата тастыктамалоо жүргүзүлүп жаткан ченемдик документация |
1. Авиа күйүүчү май менен камсыздоонун тиешелүү этаптарында авиаКММ дын сапатына контролдукту жүргүзүү | |
2. АК нын авиациялык системаларында иштеген же АК тейлөөнүн регламенттик формаларын жүргүзүүдө алынган авиаКММдын сапатын контролдоо боюнча лабораториялык анализдерди жүргүзүү | |
3.Жарандык АК менен болгон авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүүгө байланыштуу алынган авиаКММдын сапатына контролдук боюнча лабораториялык анализдерди жүргүзүү | |
4. Кирүү контролун жүргүзүү |
_______________________ ________________
(уюмдун жетекчисинин А.А.А ) ( колу)
М.О.
“АвиаКММ сапатына
контролдукту ишке ашыруучу
уюмдарды тастыктамалоо
”Кыргыз Республикасынын
авиациялык эрежелерине-23
4-тиркеме
1. КММ ЛАБОРАТОРИЯСЫНА ПАСПОРТ
_______________________________________________________________
(юридикалык жактын аталышы)
катталды_______________________________________________
(каттоону жүргүзгөн органдын аталышы)
күбөлүк N ______________________ _____________________ ж.
Почтолук дареги: _________________________________________________
Лабораториянын фактылык дареги:____________________________________
Лабораториянын электрондук дареги:__________________________________
Жетекчи _______________, тел. __________, факс ______________
(А.А.А.)
КММ лабораториясынын жетекчиси _________, тел. ________, факс _____
(А.А.А.)
2. КММ лабораториясынын кадрдык курамы:
А.А.А. | Кызматы | Аткаруучу иштеринин түрлөрү | Базалык билими | Акыркы кайра даярдоосу | Жалпы стажы/адистиги боюнча |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3. Авиациялык күйүүчү майлардын, майлардын, майлоолордун жана атайын суюктуктардын номенклатурасы:
Продуктынын аталышы | Продуктынын маркасы | Ченемдик документ (ГОСТ, ОСТ, ТУ) | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
4. КММ лабораториясы жүргүзүүчү сыноолордун түрлөрү:
Сыноолордун түрүнүн аталышы | Сыноонун методуна ченемдик документ | Эскертүү |
|
|
|
5. КММ лабораториясында колдонулуучу сыноолордун методдорунун, өлчөө каражаттарынын тизмеси:
N | Сапаттын аныкталуучу көрсөткүчү | Методко НД | Методго НД боюнча өлчөө каражаттары | Өлчөөнүн фактылык колдонулуучу каражаттары | ||||
аталышы | чоңдугу | НД боюнча аталышы | Өлчөөлөрдүн диапазону | Тактыгынын классы (каталык) | НД боюнча аталышы | каталык | ||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
6. КММ лабораториясынын сыноочу жабдуу менен жабдылышы:
N | Сыноодон өтүп жаткан продукциянын аталышы | Продукциянын аныкталуучу мүнөздөмөлөрү деляемые характеристики продукции | Сыноочу жабдуунун аталышы ,тиби, маркасы, чыгарылган жылы , заводдук номуру | Даярдоочу, өлкө (фирма), чыгарылган жылы выпуска | Негизги техникалык мүнөздөмөлөрү | Эксплуатацияга киргизилген жылы | Аттетстациялоо жөнүндө документтин күнү жана номуру , мезгилдүүлүгү | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
7. КММ лабораториясынын стандарттуу үлгүлөр менен жабдылышы:
№ | Колдонулуучу СО аталышы | СО номуру же колдонууга жиберүү боюнча маалымат | Даярдоочу | Чыгарылган күнү | Сактоо шарттары | Метрологиялык мүнөздөмөлөрү | |
ГСОнун аттестацияланган мүнөздөмөсү | Жол берилүүчү каталыкты көрсөтүү менен ГСОнун аттестацияланган мааниси | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
8. КММ лабораториясынын өндүрүштүк жайларынын абалы:
Жайдын арналышы | Атайынбы же ылайыкташтырылганбы | Аянты (кв. м) | Нымдуулугу (%) | Температура (°С) | Жарык берүүсү (ЛК) | Добуштун, титирөөнүн деңгээли | Газга булгануусунун деңгээли | Инженердик-техникалык жабдылышы | ||
желдетүү | электричество | суу | ||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
_______________________ ________________
(КММ лабораториясынын жетекчисинин А.А.А. (колу)
“АвиаКММ
сапатына контролдукту
ишке ашыруучу уюмдарды
тастыктамалоо”
Кыргыз Республикасынын
авиациялык эрежелерине-23
5-тиркеме
КАЙРА ӨНДҮРҮҮЧҮЛҮКТҮ САЛЫШТЫРЫП ТЕКШЕРҮҮ БОЮНЧА КОРУТУНДУ
Контролдук сынамдагы же ГСОдогу авиаКММ сапатынын көрсөткүчтөрүнүн аталышы | Контролдук сынамдагы же ГСОдогу авиаКММ сапатынын көрсөткүчтөрүнүн мааниси | Фактылык алынган маанилер | НДга ылайык сыноонун методуна же ГСО паспортуна карата кайра өндүрүүчүлүк | Кайра өндүрүүчүлүктү салыштырып текшерүүнүн натыйжасы (+/-) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
__________________________ ________________
(Тартылган уюмдун КММ лабораториясынын
жетекчисинин А.А.А) (колу)
__________________________ ________________
(Өтүнмө берген КММ лабораториясынын
жетекчисинин А.А.А.) ( колу)