Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2023-жылдын 20-июну № 1-Д
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тынчтык мезгилде буюмдук мүлк менен камсыздоо жана материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздоо (жабдуу) ченемдери жөнүндө (буюм кызматы боюнча) Жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин тынчтык мезгилде материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздоонун (жабдуунун) бирдиктүү ченемдерин (буюм кызматы боюнча) тартипке келтирүү максатында буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тынчтык мезгилде буюмдук мүлк менен камсыздоо жана материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздоо (жабдуу) ченемдери жөнүндө (буюм кызматы боюнча) Жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрүнүн жетекчилери ушул буйрукту жетекчиликке алып, иш үчүн кабыл алышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калк жана массалык маалымат каражаттары менен иштөө башкармалыгынын башчысы ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык аны расмий жарыялоону камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Оорук башкармалыгынын башчысы:
– расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жана электрондук түрдө жарыялоо булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде көчүрмөлөрдү Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2018-жылдын 18-майындагы № 469 “Ведомстволук кийими, атайын коргоочу кийими жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин буюм мүлкү менен камсыздоо жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Оорук башкармалыгынын башчысына жүктөлсүн.
7. Буйрук тиешелүү тараптарга жеткирилсин.
8. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр | Б.Э. Ажикеев |