Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОРГОО МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2023-жылдын 16-июну № 1
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик санаторийи тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат
көрсөтүүнүн административдик регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптимизациялоо тартиби жөнүндө жобого жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү” жөнүндө 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомуна ылайык, Коргоо министрлигинин аскердик санаторийи тарабынан берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча тапшырмаларды ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:
1. Тиркелген “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик санаторийинде санатордук-курорттук дарылоо” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик-медициналык башкармалыгынын башчысы:
- ушул буйрукту “Эркин Тоо” гезитине расмий басып чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин веб-сайтына жайгаштыруу;
- басылып чыккандан баштап үч күндүн ичинде, буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагазда жана электрондук алып жүрүүчүдө, укуктук актты басып чыгарган булагын көрсөтүү менен мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана күчүнө киргенден баштап үч күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберүү;
-мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча иштерди жогоруда көрсөтүлгөн административдик регламентке милдеттүү түрдө ылайык уюштуруу;
-аталган кызмат көрсөтүүнү оптимизациялоо жана андан ары сапатын жогорулатуу боюнча чараларды кабыл алсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басарына (материалдык-техникалык жана экономикалык камсыздоо боюнча) жүктөлсүн.
4. Ушул буйрук расмий басылып чыккандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Буйрук тиешелүү адамдарга чейин жеткирилсин.
Коргоо министринин милдетин убактылуу аткаруучу полковник |
А. О. Карасартов |