Загрузка документа…
КР КМ
2023-ж. 16-июнундагы
№ 1 буйругуна тиркеме
“Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик санаторийиндеги санатордук-курорттук дарылоо” мамлекеттик
кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтому менен бекитилген аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүкчөлөрү жана ведомствонун алдындагы мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтчүүлөрдүн Бирдиктүү реестринин (тизмеси) 2-главасынын 42-пункту).
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин (мындан ары - КР КМ) аскердик санаторийи тарабынан көрсөтүлөт.
2. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүкчөлөрү жана ведомствонун алдындагы мекемелер тарабынан жеке жана юридикалык адамдарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтому бекитилген менен тийиштүү стандарттын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: 3 күндөн 12 күнгө чейин, медициналык көрсөткүчтөргө ылайык мөөнөт 10 күнгө чейин узартылышы мүмкүн.
(2) Көрсөтүлүүчү кызматка ээ болуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:
а) паспорт;
б) инсандын күбөлүгү, аскердик билет;
в) медициналык китепче;
г) амбулатордук карта (амбулатордук картадан көчүрмө);
(3) Кызмат көрсөтүүнүн баасы керебет-орду үчүн суткасына 1300 сомдон 3050 сомго чейин.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: кызмат көрсөтүүнү алгандыгы жөнүндө белгиленген формадагы маалымкаттын берилиши.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеси
Кызмат көрсөтүү төмөнкү жол-жоболордун тобун какмтыйт:
№1 таблица
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн керектүү документтерди кабыл алуу жана каттоо |
|
2 | Кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу
|
|
3 | Мамлекеттик кызматты керектөөчүлөргө (медициналык текшерүү, дарылоо) берүү |
|
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын белгиленген формадагы маалымкат түрүндө тариздөө |
|
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок – схемасы
Кызмат көрсөтүүдө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн:
4. Жол-жоболорду жана алардын мүнөздөмөлөрү
№2 таблица
Жол-жобонун жана аракеттин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Аракеттин узактыгы | Аракеттин жыйынтыгы | Аракетти жөнгө салуучу документтер | |
1-жол-жобо: Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн керектүү документтерди кабыл алуу | |||||
1.1 – аракети. Кызматты керектөөчүнүн инсандыгын аныктоо, документтердин толуктугун кызмат көрсөтүүнүн стандартына ылайык текшерүү | Кабыл алуу бөлүмчөсүнүн жетекчиси | 5 мүнөт | Берилген документтердин толуктугу аныкталды | Кабыл алуу бөлүмчөсүнүн жетекчисинин функционалдык милдеттери. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты | |
1.2 – аракети. Каттоо журналына жазуу, электрондук каттоого маалыматты киргизүү | Кабыл алуу бөлүмчөсүнүн жетекчиси | 5 мүнөт | Катто журналына жазылды | Кабыл алуу бөлүмчөсүнүн жетекчисинин функционалдык милдеттери. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты | |
1.3 – аракети. Керектөөчүнү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн тартиби менен таныштыруу. Санатордук китепчени, тамактануу жана жашоо үчүн талонду тариздөө | Кабыл алуу бөлүмчөсүнүн жетекчис | 10 мүнөт | Керектөөчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн тартиби менен танышты. Санатордук китепче таризделди | Кабыл алуу бөлүмчөсүнүн жетекчисинин функционалдык милдеттери. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты | |
1.4 – аракети. Керектөөчүнү текшерилүүнү, дарыланууну алуу үчүн медициналык бөлүмдүн жетечисине багыттоо | Кабыл алуу бөлүмчөсүнүн жетекчиси | 10 мүнөт | Медициналык б ө лүмгө келүүсү | Кабыл алуу бөлүмчөсүнүн жетекчисинин функционалдык милдеттери. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты | |
1-жол-жобонун жыйынтыгы: Таризделген санатордук китепченин, тамактануу жана жашоо үчүн талондун болушу | |||||
1-жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөттөн ашык эмес | |||||
1-жол-жобонун тиби: Административдик | |||||
2-жол-жобо: Кызмат көрсөтүүгө төлөм кабыл алуу | |||||
2.1 – аракети. Керектөөчүгө берилген санатордук китепченин, тамактануу жана жашоо талонунун болушун текшерүү
| Бухгалтер-кассир | 3 мүнөт | Акыны төлөөгө уруксаттын болушу | Бухгалтер-кассирдин, функционалдык милдеттери. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты | |
2.2 – аракети. Баанын бекитилген прейскурантына ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн акыны кабыл алуу
| Бухгалтер-кассир | 10 мүнөт | Кызмат көрсөтүү үчүн акы алынды | Бухгалтер-кассирдин, функционалдык милдеттери. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты | |
2.3 – аракети. Керектөөчүгө акы төлөнгөндүгү тууралу квитанцияны берүү жана керектүү бухгалтердик документтерди тариздөө | Бухгалтер-кассир | 5 мүнөт | Керектөөчүгө квитанция берилди | Бухгалтер-кассирдин, функционалдык милдеттери. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты | |
2.4 – аракети. Бухгалтериянын кириштөө ордерлерин каттоо китебине белгилөө | Бухгалтер-кассир | 3 мүнөт | Бухгалтердик документтерге жазылды | Бухгалтер-кассирдин, функционалдык милдеттери. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты | |
2 – жол-жобонун жыйынтыгы: Акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциянын болушу | |||||
2 – жол-жобонун узактыгы: 20 мүнөттөн ашык эмес | |||||
2 – жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруучу | |||||
3 – жол-жобо: Мамлекеттик кызматты керектөөчүлөргө (медициналык текшерүү, дарылоо) берүү | |||||
3.1 – аракети. Керектөөчүнүн ден-соолугунун абалын сурамжылоо, кароо жана баалоо, текшерилүүгө, дарылоого дайындоо | Медициналык бөлүмдүн дарыгери | 15 мүнөт | Текшерилүүгө, дарылоого дайындоо таризделди | Медициналык бөлүмдүн дарыгеринин функционалдык милдеттери. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты | |
3.2 – аракети. Кандын, зааранын жалпы анализин тапшыруу | Дарыгер лаборант | 20 мүнөт | Анализдер тапшырылды, жыйынтыгы берилди | Медициналык бөлүмдүн дарыгеринин функционалдык милдеттери. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты | |
3.3 – аракети. Дайындоого ылайык дарылоо процедураларын алуу | Дарылоо корпусунун медициналык персоналы | 12 күнгө чейин | Дарылоо, айыктыруу боюнча курс алынды | Медициналык бөлүмдүн дарыгеринин функционалдык милдеттери. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты | |
3 – жол-жобонун жыйынтыгы: Толук көлөмдө дарылоо боюнча бардык дайындалган процедуралар алынды | |||||
3-жол-жобонун узактыгы: 12 күндөн ашык эмес | |||||
3 – жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруучу | |||||
4 – жол-жобо Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын белгиленген формада маалымкат түрүндө берүү | |||||
4.1 – аракети. Каттоо журналына керектөөчүнүн маалыматтарын киргизүү | Кабыл алуу бөлүмчөсүнүн жетекчиси | 5 мүнөт | Каттоо журналына жазылды | Кабыл алуу бөлүмчөсүнүн жетекчисинин функционалдык милдеттери. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты | |
4.2 – аракети. Кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымкатты берилген формада тариздөө | Кабыл алуу бөлүмчөсүнүн жетекчиси | 5 мүнөт | Таризделген маалымкат | Кабыл алуу бөлүмчөсүнүн жетекчисинин функционалдык милдеттери. Мамлекеттик стандарты | |
4.3 – аракети. Кол жана мөөр коюу үчүн маалымкат мекеменин башчысына киргизүү | Кабыл алуу бөлүмчөсүнүн жетекчиси | 5 мүнөт | Башчынын колу жана мөөрдүн болуусу | Кабыл алуу бөлүмчөсүнүн жетекчисинин функционалдык милдеттери. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты | |
4.4 – аракети. Керектөөчүгө маалымкатты берүү | Кабыл алуу бөлүмчөсүнүн жетекчиси | 3 мүнөт | Керектөөчүдө маалымкат турүндө кызматтардын акыркы жыйынтыгынын болуусу | Кабыл алуу бөлүмчөсүнүн жетекчисинин функционалдык милдеттери. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты | |
4 – жол-жобонун жыйынтыгы: Кызмат алуу жөнүндө маалымкатты берилген формада тариздөө | |||||
4 – жол-жобонун узактыгы: 20 мүнөттөн ашык эмес | |||||
4– жол-жобонун тиби: Административдик | |||||
5. Жол-жоболордун аткарылышынын схемалары (алгоритмдери)
1 – жол-жобо
Керектөөчүнүн документтеринин
толуктугун текшерүү
2-жол-жобо
3-жол-жобо
4-жол-жобо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын
көзөмөлдөө
Ушул администратвдик регламенттин талаптарын аткарууда ички (учурдагы) жана сырткы контролдоо жүргүзүлөт.
1. Ички контролдоону мекеменин башчысы иш жүзүнө ашырат.
1) Ички контролдоо ушул административдик регламенттин жоболорун кызматкерлер (кызмат адамдары) тарабынан сакталышы жана аткарылышы, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлрдүн процессинде кабыл алынган чечимдерди регулярдуу текшерүү жолу менен иш жүзүнө ашырылат.
2) Ар кварталдык жыйынтыктарды чыгаруу менен текшерүүлөр дайыма иш жүзүнө ашырылат. Пландан тышкары текшерүүлөр мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
3) Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча ушул администратвдик регламенттин талаптарынын аныкталган бузууларын жоюу үчүн токтоосуздан чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын административдик жана эмгек мыйзамына ылайык күнөөкөр адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
2. Ушул административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына КР Коргоо министринин орун басарынын чечими менен түзүлүүчү комиссия тарабынан сырткы контролдоо жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалымкат түрүндө таризделет, анда табылган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу сунуштары белгиленет. Анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессин ылайыкташтыруу максатында ушул административдик регламентти озгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Бул маалымкат кол коюлган учурдан тартып 3 жумуш күн ичинде мекеменин жетекчисине жөнөтүлөт, ал маалымкат түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө табылган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чара көрөт.
Сырткы контролдоонун жыйынтыгы боюнча аныкталган бузуулар жана кемчиликтер, аскердик санаторийдин жетекчиси мекеменин кызматкерлерине -мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аткаруучуларына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык тиешелүү тартиптик жана административдик чара көрүшү мүмкүн.
3) Ушул административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын сырттан контролдоо жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
1. Ушул административдик регламенттин талаптарын бузган мекеменин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын административдик жана эмгек мыйзамдарына ылайык жооп беришет.
2. Жеке жана /же юридикалык жактарга кызмат көрсөтүү же анын бир бөлүгү аткарууга аутосорсингге өткөрүлүп берилген учурда, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын аткарылышы ушул кызматтарды көрсөтүүчү жооптуу мекемеге тиешелүү болот.
8. Корутунду жоболор
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуу зарыл болгон учурда, ушул административдик регламент дагы бир эле убакытта кайра каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
1. КК кызматчысы Н.У. Асыпбаев, КР КМ аскердик-медициналык башкармалыгынын башкы адиси.
2. КК кызматчысы Ч. Калкаманова, КР КМ аскердик санаторийинин башкы бухгалтери.