Загрузка документа…
| Тиркеме |
| Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2023-жылдын 14-июлундагы № 01-13/146 буйругу менен бекитилген |
Чыңалуусу 1000 Вольттон жогору электр тармактарын коргоо эрежелери
1. Ушул эрежелер чыңалуусу 1000 вольттон жогору электр тармактарын сактоону камсыздоо, ушул тармактарды пайдалануунун коопсуз шарттарын түзүү жана кырсыктарды алдын алуу максаттарында жана чыңалуусу 1000 Вольттон жогору электр тармактарын долбоорлоодо, курууда жана эксплуатациялоодо, ошондой эле электр тармактарына жакын жерлерде иштерди жана башка ишмердикти аткарууда колдонулат.
Чыңалуусу 1000 Вольттон жогору электр тармактары алдында (мындан ары - электр тармактары) ушул эрежелердин максаттары үчүн көмөкчордондору, бөлүштүрүүчү түзмөктөр, агын өткөргүч зымдар, аба электр чубалгылары, жер алдындагы жана суу алдындагы электр кабелдик чубалгылары жана аларга тиешелүү курулмалар түшүндүрүлөт.
Электр тармактарын коргоо аларды карап турган ишканалардын (уюмдардын) тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Электр тармактарынын сактоосун камсыздоо, аларды пайдалануунун коопсуз шарттарын түзүү жана кырсык окуялардын алдын алуу үчүн жер участору бөлүнүп берилет, коргоо зоналары, электр тармактарынан имараттарга, курулмаларга, жер жана суу беттерине чейинки минималдуу жол бериле турган аралыктар белгиленет, токой массивдеринде жана жашыл өсүмдүктөрдө тилкелер салынат.
3. Электр тармактарын куруу жана пайдалануу мезгилине карата жер тилкелери белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык бөлүнүп берилет.
4. Коопсуздук жана кырсыксыз тейлөө үчүн электр линияларын боюнда төмөнкүлөр коюлат:
1) электр аба чубалгыларынын боюндагы коопсуздук зоналары жер участогу жана аба мейкиндиги түрүндөгү линиянын эки тарабында жайгашкан эң четки зымдардан вертикалдуу тегиздиктер менен чектелген, алардын абалы бир бурчта четтетилбеген аралыкта:
- чыңалуусу 1-20 киловольт линиялары үчүн - 10 метр;
- чыңалуусу 35 киловольт линиялары үчүн - 15 метр;
- чыңалуусу 110 киловольт линиялары үчүн - 20 метр;
- чыңалуусу 220 киловольт линиялары үчүн - 25 метр;
- чыңалуусу 500 киловольт линиялары үчүн - 30 метр;
- чыңалуусу 1 Вольттон жогору 1 м ден эң сырткы кабелдердин ар бир тарабында.
2) калктуу конуштарда электр аба чубалгыларынын четки зымдарынан эң чоң четтөө менен өндүрүштүк, кампа, административдик-тиричилик жана коомдук имараттардын жана курулмалардын жакынкы бөлүктөрүнө чейин горизонталдык аралыктар төмөнкүдөн кем болбошу керек:
- 20 киловольт аба чубалгысына чейин - 2 метр;
- 35-110 киловольт аба чубалгысы үчүн - 4 метр;
- 220 киловольт аба чубалгысы үчүн - 6 метр;
- 500 киловольт аба чубалгысы үчүн - 10 метр;
3) өндүрүштүк, кампалык, административдик- тиричилик жана коомдук имараттардын жана курулмалардын жакынкы бөлүктөрүнө (электр станцияларынан жана көмөкчордондордон тышкары) зымдардын кыймылсыз абалында 500 киловольт аба чубалгысы үчүн - 30 метр.
4) көчөлөрдүн боюнда, сейил бактардын жана бакчалардын боюнда жайгашкан электр аба чубалгыларынын зымдарынын сырткы абалга кыйшайган учурда бактарга, ошондой эле жол белгилерине чейинки аралыктар :
- 20 киловольтго чейин -3 метр;
- 35-110 киловольт аба чубалгысы үчүн - 4 метр;
- 220 киловольт аба чубалгысы үчүн - 5 метр;
- 500 киловольт аба чубалгысы үчүн - 6 метр.
Стадиондордун, билим берүү жана балдар мекемелеринин аймактары аркылуу аба чубалгыларынын өтүшүнө жол берилбейт.
5) жер астындагы электр кабелдик чубалгыларынын боюнда, вертикалдуу жалпак беттер менен чектелген, чубалгынын эң четки кабелдеринин эки тарабында тең 1 метр аралыкта турган жер участогу түрүндө;
6) суу алдындагы электр кабелдик чубалгыларын боюнда суунун бетинен түбүнө чейинки, чубалгынын эки тарабы тең боюнча эң четки кабелдеринен 100 метр аралыкта турган вертикалдуу жалпак беттер менен чектелген суу мейкиндиги түрүндө;
7) суулар (көлдөр, каналдар, дарыялар жана башкалар) аркылуу электр аба чубалгыларынын суулардын суу беттеринин үстүндөгү аба мейкиндиги түрүндөгү, вертикалдуу, чубалгынын эки тарабынан тең четки зымдарынын сызыктарынан алардын кеме жүрүүчү суулар үчүн кыймылсыз абалдарынан 100 метр аралыкта турган жалпак беттер менен чектелген кеме өтмөктөрдүн боюнда, кеме жүрбөй турган суулар үчүн, электр аба чубалгыларынын боюнда коргоочу зоналарды орнотуу үчүн караштырылган аралыкта.
5. Электр аба чубалгыларынын коргоочу зоналарындагы талаа айыл чарба иштери жер пайдалануучулар тарабынан ушул чубалгыларды карап турган ишканалардын (уюмдардын) алдын ала жазуу жүзүндөгү эскертүүсү менен жүргүзүлөт.
Эскертмеде иштердин мүнөзү жана болжолдуу мөөнөтү көрсөтүлөт.
Аба электр чубалгыларын таандыгын аныктоо үчүн жер пайдалануучулар отун-энергетикалык комплекси жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды ишке ашыруучу, ошондой эле энергетика чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мамлекеттик контроль жана көзөмөл жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органга суроо-талап жөнөтүшөт.
Отун-энергетикалык комплекси жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды ишке ашыруучу, ошондой эле энергетика чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мамлекеттик контроль жана көзөмөл жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу орган жер пайдалануучуларга суроо-талапты алган учурдан тартып 5 жумушчу күндүн ичинде аба электр чубалгыларынын менчик укугу жөнүндө маалыматтарды жөнөтүүгө милдеттүү.
6. Электр аба чубалгыларынын орнотуу үчүн арналган жерлерди убактылуу суу каптатуу менен байланышкан иштер (гидроэлектростанцияларды, суу сактагычтарды жана ирригациялык системаларды куруу, санитардык суу чыгаруу жана топурактарды жуу, айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу) жер пайдалануучулар жана ушул чубалгыларды карап турган ишканалардын (уюмдардын) ортосундагы макулдашуу менен жүргүзүлөт.
Электр аба чубалгыларынын таандыгы ушул эрежелердин 5-пунктунун учүнчү абзацына ылайык аныкталат.
Иштерди макулдаштыруу үчүн жер пайдалануучу ушул чубалгыларды карап турган ишканага (уюмга) иштердин мүнөзүн жана болжолдуу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү арыз жөнөтөт.
Аба электр чубалгыларды карап турган ишканалар (уюмдар) арыз түшкөн күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде жер пайдалануучуларга ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн иштерди макулдашууну же жүйөлүү баш тартууну жөнөтүүгө милдеттүү.
Электр тармактарын карап турган ишканалардын (уюмдардын) электр тармактарынын коргоочу зоналарындагы ушул пунктта караштырылган иштерди жүргүзүүгө карата жазуу түрүндөгү макулдугун берүүдөн баш тартуусу, белгиленген тартипте даттанууга мүмкүн болот.
Электр аба чубалгыларды карап турган ишкананын (уюмдун) оң жообу алынгандан кийин макулдашуу аякталды деп эсептелет.
7. Электр тармактарынан имараттарга, курулмаларга жана жыгач-бадалдуу өсүмдүктөргө чейинки минималдуу жол бериле турган аралыктар, ошондой эле электр аба чубалгыларынын зымдарынан жер жана суу беттерине чейинки аралыктар имараттарды жана курулуштарды долбоорлоо жана куруу, дарактарды жана бадалдарды отургузуу, кыюу жана кыскартуу учурундарда милдеттүү түрдө сакталууга тийиш
8. Электр аба чубалгыларын боюнда жана токой массивдеринде жана жашыл өсмүдүктөрдүн арасында жайгашкан көмөк чордондорунун жана бөлүштүрүүчү түзмөктөрдүн периметри боюнча ушул эрежелердин 4-пунктунун 4-пунктчасына ылайык тилкелер салынат.
9. Электр аба чубалгылары өсүп турган токой массивдери аркылуу өткөн учурда, дарактарды кыркуу ушул чубалгыларды карап турган ишканалар (уюмдар) тарабынан жүргүзүлөт. Парктар, бакчалар жана башка көп жылдык өсүмдүктөр аркылуу өткөндө, бак-дарактарды кыркуу электр аба чубалгыларды карап турган ишканалар (уюмдар) тарабынан жүргүзүлөт, ал эми эки тараптуу макулдашуу менен - ушул өсүмдүктөр балансында турган ишканалар, уюмдар жана мекмелер, же бакчаларга жана башка көп жылдык өсүмдүктөргө ээ болгон жарандар тарабынан ушул электр чубалгыларды карап турган ишкана (уюм) тарабынан аныктала турган тартипте жүргүзүлөт.
10. Электр тармактарын карап турган ишканалардын (уюмдардын) жазуу жүзүндөгү макулдугу менен аткарылуучу электр тармактарынын коопсуздук зоналарында иштердин түрлөрү:
1) бардык имараттардын жана курулмалардын куруу, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо же бузуп салуу;
2) ар кандай түрдөгү тоо, жүктөө-түшүрүү, суу түбүн тереңдетүү, жер казуу, жардыруу, мелиорациялык иштери, бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу жана кыркуу, талаа стандарын жайгаштыруу, мал тосулмаларын орнотуу, бакчалар үчүн зымдан тосулмаларын куруу, жүзүм бактары үчүн шпалерлерди орнотуу, ошондой эле айыл чарбачылыгынын өсүмдүктөрүн сугаруу;
3) суу түбүндөгү кармоонун курал-аспаптары менен балык жана башка суу жаныбарлардын жана өсүмдүктөрүн кармоо, мал сугарууну уюштуруу, муз кесип алуу жана даярдоо (суу алдындагы кабелдик чубалгыларынын коргоочу зоналарында);
4) жүгү менен чогуу же жүксүз жолдун бетинен 4,5 метрден ашык жалпы бийиктикке ээ болгон машиналардын жана механизмдердин өтүү (электр аба чубалгыларынын коргоочү зоналарында);
5) 0,3 метрден ашык тереңдикте жер иштери (топурактарды иштеп чыгуу, жылдыруу, төшөө жана ныктоо), ал эми айдала турган жерлерде – 0,45 метрден ашык тереңдикте, ошондой эле топуракты пландаштыруу (жер алдындагы кабелдик чубалгыларынын коргоочү зоналарында).
Ушул пункттун 1-5 пунктарында көрсөтулгөн иштерди макулдаштыруу үчүн жер пайдалынуучу чубалгыларды карап турган ишканага (уюмга) иштердин мүнөзүн жана болжолдуу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү арыз жөнөтөт.
Электр аба чубалгыларынын таандыгы ушул эрежелердин 5-пунктунун учүнчү абзацына ылайык аныкталат.
Аба электр чубалгыларды карап турган ишканалар (уюмдар) арыз түшкөн күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде жер пайдалануучуларга ушул пункттун 1-5 пунктчаларыда көрсөтүлгөн иштерди макулдашууну же жүйөлүү баш тартууну жөнөтүүгө милдеттүү
Электр аба чубалгыларды карап турган ишкананын (уюмдун) 5 жумушчу күндүн ичинде оң жообу алынгандан кийин макулдашылды деп эсептелет.
Электр тармактарынын коргоочү зоналарында көрсөтүлгөн иштерди жүргүзүүгө жазуу түрүндө макулдуулук алышкан юридикалык жана жеке жактар, ушул тармактардын бүтүндүгүн камсыздоочу шарттарын сактоо менен аткарууга милдеттүү.
Электр тармактарын карап турган ишканалардын (уюмдардын) электр тармактарынын коргоочу зоналарындагы ушул пунктта караштырылган иштерди жүргүзүүгө карата жазуу түрүндөгү макулдугун берүүдөн баш тартуусу, белгиленген тартипте даттанууга мүмкүн болот.
11. Электр чубалгыларынын карап турган ишканалар (уюмдар) ишканаларды, уюмдарды, мекемелерди жана жеке жактарды электр берүү линияларынын коргоо зоналарынын чегинде жумуштарды коопсуз аткаруу боюнча нускамалар менен камсыз кылууга милдеттүү.
12. Электр тармактарынын коргоочу зоналарында электр тармактарынын коопсуз иштөөсүн буза турган жана алардын талкалануусуна же бөөдө кырсыкка алып келиши мүмкүн болгон кандайдыр бир аракеттерди жүргүзүүгө тыюу салынат, анын ичинде:
1) электр тармактарынын коргоочу зоналарында автоунаага май куюу чордондорун жана башка күйүүчү-майлоочу материалдардын сактагычтарын жайгаштырууга;
2) чоочун адамдарга электр тармактарынын аймактарындагы курулмаларында жана имараттарында турууга, электр тармактарынын курулуштарынын эшиктерин жана люктарын ачууга, электр тармактарында электр которуштурууларды жана туташтырууларды жүргүзүүгө;
3) электр тармактарынын объекттерине келүүлөрдү жана кирүүлөрдү тосууга;
4) зымдарга, таянычтарга башка бир буюмдарды ыргытууга жана жакындатууга, ошондой эле таянычтарга чыгууга;
5) ар кандай түрдөгү таштандыларды топтоого (электр тармактарынын коргоочу зоналарында жана аларга жакын жерлерде);
6) жемдерди, жер семирткичтерди, саманды, көңдү, отундарды жана башка материалдарды кампалап чогултууга, от жагууга (электр аба чубалгыларынын коргоочу зоналарында);
7) спорттук аянттарды, оюн аянттарын, стадиондорду, базарларды, коомдук транспорттордун токтоо пункттарын, машиналардын жана механизмдердин бардык түрлөрүнүн токтоочу жайларын уюштурууга, белгиленген тартипте уруксат берилген иштерди аткаруу менен алектенишпеген адамдардын көп топтолушуна байланышкан каалагандай иш-чараларды өткөрүүгө (электр аба чубалгыларынын коргоочу зоналарында);
8) абага учурулуучу оюнчуктарды, учуучу аппараттардын спорттук моделдерин, анын ичинде башкарылбай турган аппараттарды учурууга (электр аба чубалгыларынын коргоочу зоналарында жана аларга жакын жерлерде);
9) темир жол транспортунан башка транспорттун бардык түрлөрүн токтотууга (500 киловольт электр аба чубалгыларынын коргоочу зоналарында);
10) соккулоо механизмдери менен иштерди жүргүзүүгө, 5 тоннадан жогору салмактагы оордуктарды ыргытууга, жегич жана дат бастыруучу заттарды жана күйүүчү-майлоочу материалдарды төгүүгө жана куюштурууга (электр жер астындагы кабелдик чубалгыларынын коргоочу зоналарында жана аларга жакын жерлерде).
13. Электр тармактарынын үстүндөгү жана аларга жакын аба мейкиндигинде аба кемелеринин жана учкучу жок учуучу аппараттардын учуусу, аба мейкинин башкача түрдө пайдалануу, ошондой эле электр тармактарын долбоорлоштуруу, куруу жана эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууну жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.
14. Электр тармактарынын коргоочу зоналарына жакын жерлерде, алардын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон жардыруу, курулуш жана башка иштерди жүргүзүп жатышкан ишканалар, уюмдар жана мекемелер ушул иштерди аткаруу башталганга чейинки 12 суткадан кечиктирбестен, электр тармактарына жооптуу болгон ишканалар (уюмдар) менен ушул электр тармактарынын сакталып турушун камсыздоочу иштерди өткөрүү шарттарын жана тартибин макулдаштырууга жана тиешелүү чараларды кабыл алууга тийиш.
15. Электр тармактарын кайра өзгөртүп түзүү же аларды бузулуулардан коргоо зарылдыгын пайда кыла турган иштерди аткарып жатышкан ишканалар, уюмдар жана мекемелер, тармактарды кайра өзгөртүп түзүү же коргоо боюнча иштерди өз каражаттарынын эсебинен электр тармактарын карап турган ишканалар (уюмдар) менен макулдаштыруу менен аткарууга милдеттүү.
Электр аба чубалгыларынын мамычаларын башка багыттагы чубалгыларын (байланыштын булалуу-оптикалык чубалгыларын ж. б.) илип коюу үчүн пайдалануу электр тармактарын карап турган ишканалар (уюмдар) менен ижара келишиминин негизинде жүзөгө ашырылат.
16. Сугат сугаруучу жана коллектордук-дренаждык каналдарды, жүзүмзарлар үчүн шпалерди курууда, бакчаларды уюштурууда жана башка иштерди аткарууда электр тармактарына келүүчү жолдор сакталган болууга тийиш.
17. Электр тармактарына жакын жайгашкан курулуштарга, капиталдык оңдоого, имараттарды жана курулмаларды реконструкциялоого карата долбоордук-сметалык документтерде электр тармактарынын сакталышын камсыздоо боюнча иш-чаралар караштырылууга тийиш. Бул иш-чаралар электр тармактарына жооптуу болгон ишканалар (уюмдар) менен макулдашылууга тийиш болушат.
18. Электр тармактарынын булгануусунун же дат басуусунун булагы болушу мүмкүн болгон объекттерди курууга, капиталдык оңдого, реконструкциялоого карата долбоордук-сметалык документтерде электр тармактарынын булгануусун жана дат басуусун чектөөчү же аларды булгануу (дат басуу) зоналарынан алып чыгууну уюштурууну караштыруучу иш-чаралар болууга тийиш.
19. Өндүрүштүк ишмердиги электр тармактарынын булгануусун же дат басуусун пайда кыла турган ишканалар, уюмдар жана мекемелер ушул тармактарды ведомстволук тиешелүүлүгүнө карабастан электр тармактарынын булгануучун жана дат басуусун чектөө боюнча иш-чараларды өткөрүүгө милдеттүү болушат.
20. Белгиленген тартипте таризделген электр чубалгыларынын факт жүзүндөгү жайгашкан жери материалдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу аткаруучу органдарына аларды жер пайдалануунун тиешелүү карталарына киргизүү үчүн өткөрүүгө тийиш.
21. Курулуп жаткан же иштеп жаткан электр кабелдик чубалгыларын карап турган ишканалар (уюмдар) көрсөтүлгөн чубалгыларды адашуучу ток агындарынан коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга тийиш.
22. Электр чубалгылардын коргоочу зоналарынын темир жол же автоунаа жолдорунун тилкеси, түтүк өткөргүчтөрдүн коргоочу зоналары, байланыш чубалгылары, башка электр чубалгылары жана ушул объекттерди эксплуатациялоо менен байланышкан иштерди жүргүзүү менен дал келген учурунда, иштерди жүргүзүү дал келген аймактардын участокторунда кызыкчылыгы бар ишканалар, уюмдар жана мекемелер ортосундагы макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
23. Электр тармактарына жооптуу болгон ишканалардын (уюмдардын) жумушчуларына белгиленген тартипте башка ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин аймактарында жайгашкан тармактын объекттерине тоскоолдуксуз кирүү укугу, аларды оңдоо жана техникалык тейлөө үчүн берилет.
24. Электр тармактарына жооптуу болгон ишканалар (уюмдар) токой массивдери аркылуу өтө турган электр тармактарына байланыштуу төмөнкүлөргө милдеттүү болушат:
1) токой жолдорун өрттөн коопсуз абалда кармап турууга;
2) токой жолдорунун туурасын, электр тармактарын куруунун долбоорлору менен караштырылган өлчөмдөрдө, ал токой жолдорунда бак-дарактарды (бадалдарды) кыюу жана башка ыкмалар менен сактап турууга;
3) белгиленген тартипте токой жолдорунан тышкары өсүшкөн жана кулап калуусу менен зымдарга жана электр мамыларга коркунуч туудурган дарактарды кыюуга;
4) бактарды жана бадалдарды өстүрүү үчүн пайдаланылуучу токой жолдорунда алардын бийиктиги 4 метрден ашып турган дарактарды кыркууга жана кыюуга.
25. Электр чубалгыларындагы кырсыктарын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу үчүн ушул чубалгыларга жооптуу болгон ишканалар (уюмдар) токой массивдериндеги жана ушул чубалгылардын трассаларына жакын жайгашкан токой коргоо тилкелериндеги айрым дарактарды кыюуга токой фондусунун участокторунун же токой коргоо тилкелеринин менчик ээсинен токой кыюу билетин алууга милдеттүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте токой фондуна келтирилген зыяндын ордун толтурат.
26. Электр чубалгыларын карап турган ишканаларга (уюмдарга) ушул чубалгылардын коргоочу зоналарында электр чубалгыларын оңдоо үчүн зарыл болгон жер иштерин (топурактарды иштеп чыгуу, жылдыруу, төшөө жана ныктоо) жана башка иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет.
Айыл чарбачылык жерлери боюнча өтө турган электр чубалгыларын оңдоо жана реконструкциялоо боюнча пландаштырылган иштер жер пайдалануучулар менен макулдаштыруу боюнча, эреже катары ушул жерлер айыл чарба өсүмдүктөрү менен ээленбеген учурда же, качан ушул өсүмдүктөрдүн сакталып турушун камсыздоо мүмкүн болгон учурда жүргүзүлөт.
Электр чубалгыларындагы кырсыктардан алдын алуу же алардын кесепеттерин жоюу боюнча иштер жылдын кандай убагында болбосун жер пайдалануучу менен макулдашуусуз, бирок ага өткөрүлө турган иштер жөнүндө билдирүү менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
Көрсөтүлгөн иштерди аткаруудан кийин электр чубалгыларын карап турган ишканалар (уюмдар), жерлерди максаттуу дайындалышы боюнча пайдаланууга жарактуу абалга алып келүүгө тийиш, ошондой эле жер пайдалануучуларга иштерди аткаруу учурунда келтирилген зыян тартууларынын ордун толтурушу керек. Жер пайдалануучулардын зыяндары белгиленген тартипте аныкталышат жана орду толтурулушат.
27. Кабелдик чубалгыларын оңдоо жана реконструкциялоо боюнча жол каптоосун бузууга алып келе турган пландык иштер аларды өткөрүү шарттарын Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын бөлүмдөрү жана автоунаа жолдоруна жооптуу болгон ишканалар, уюмдар жана мекемелер менен, ал эми шаарлардын жана башка калктуу пункттардын чектеринде – ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу аткаруучу органдарына менен алдын ала макулдаштыруудан кийин гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Иштерди өткөрүү шарттары иштер башталганга чейинки үч суткадан кечиктирбестен макулдашууга тийиш.
Кийнкиге калтырууга болбой турган учурларда, кабелдик чубалгыларын жол каптоосун бузууга алып келе турган оңдоо боюнча иштерди алдын ала макулдашбастан, бирок ички иштер огандарынын бөлүмдөрүнө жана көрсөтүлгөн жолдорго жооптуу болгон ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге, ал эми шаарлардын жана башка калктуу пункттардын чектеринде – ошондой эле бийликтин жергиликтүү органдарына билдирүүдөн кийин жүргүзүүгө уруксат берилет.
Көрсөтүлгөн иштерди аткарып жаткан ишканалар (уюмдар) иштерди өндүрүү жерлеринен айланып өтүүлөрдү жана тосулмаларды орнотууга жана тиешелүү жол белгилерин жайгаштырууга, ал эми иштер аяктагандан кийин топуракты түздөөгө жана жол каптоолорун калыбына келтирүүгө тийиш болушат.
Автоунаа жолдоруна жооптуу болгон ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин макулдугу менен жолдорго келтирилген бузууларды четтетүү боюнча иштерди аткаруу ушул ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан кабелдик чубалгыларын карап турган ишканалардын (уюмдардын) каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн.
28. Жер иштерин (топурактарды иштетүү, жылдыруу, төшөө жана ныктоо) жүргүзүп жаткан ишканалар, уюмдар жана мекемелер, иштерди өндүрүүгө карата техникалык документтерде көрсөтүлбөгөн кабель табылганда, ошол замат бул иштерди токтотуп, кабелдин сакталып турушун камсыздоо чараларын кабыл алууга жана бул туурауу электр тармактарына жооптуу болгон жакынкы ишканага (уюмга), башка энергетикалык ишканага же өз алдынча башкаруу органдарын маалымдоого милдеттүү.
29. Электр тармактарынын коргоочу зоналарында жана аларга жакын жерлерде ишканалар, уюмдар, мекемелер жана жарандар электр тармактарын карап турган ишканалардын (уюмдардын) кызматкерлеринин электр тармактарын сактоону камсыздоочу жана бөөдө кырсыктын алдын алуучу талаптарын аткарууга милдеттүү болушат. Ушул эрежелердин талаптары бузулган учурда электр тармактарын карап турган ишканалар (уюмдар) ушул тармактардын коргоочу зоналарында башка ишканалар, уюмдар, мекемелер жана жарандар тарабынан аткарылуучу иштерди токтотууга укуктуу болушат.
30. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу аткаруучу органдары, ошондой эле ички иштер органдары электр тармактарына жооптуу болгон ишканаларга (уюмдарга) электр тармактарындагы авариялардан алдын алууга жана алардын кесепеттерин жоюуга, ошондой эле бардык ишканалар, уюмдар, мекемелер жана жарандар тарабынан ушул эрежелердин талаптарын аткарууну камсыздоого көмөк көрсөтүүгө милдеттүү болушат.
31. Ушул эрежелердин талаптарын бузууга күнөөлүү болушкан кызматчылар жана жарандар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси ылайык жоопкерчиликке тартылышат.