Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү министрлигинин
2024-жылдын 19 сентябрындагы № 5-д
буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САНАРИПТИК ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2023-жылдын 23-июну № 1-д
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү калкты каттоо жана архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы № 215 ПЖ “Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын 9-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 1-тиркемесинин 2-пунктун аткаруу максатында буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү калкты каттоо жана архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтардын тиркелген стандарттары бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти жана Архив кызматы:
- ушул буйрук менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын тийиштүү сактоону камсыздашсын;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын веб-сайттарга жана маалымат такталарга жайгаштырышсын.
3. Басма сөз кызматы ушул буйрукту катталган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.
4. Калкты документтештирүү жана архив иши башкармалыгы:
- ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ушул буйруктун көчүрмөсүн жиберсин.
- күчүнө кирген күндөн тартып үч иш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн жиберсин.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Ж.И. Кийизбаевага жүктөлсүн.
Министрдин м.у.а. | Р.К. Айтымбетов |