Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Экономика
жана коммерция министрлигинин
2023-жылдын 24-июлундагы № 01
буйругуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде коррупциянын келип
чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын
ТИЗМЕСИ
№ | Мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциясы (ыйгарым укугу) | Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар | Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык | Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орто, жогорку) | Түзүмдүк бөлүмдүн (борбордук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин) аталышы | Коррупциялык тобокелдикке кабылган кызмат орундары |
|
Жөнгө салуучу функциялары | |||||||
1 | Өзгөчө товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо/импорттоо/ транзиттөө үчүн уруксат берүүчү документти (лицензия/уруксат/кору- тунду) берүү же уруксат берүүчү документти берүүдөн баш тартуу | Түздөн-түз байланышууда сүйлөшүп алуу мүмкүнчүлүгү; документтерди берүүнүн толуктугуна жана мөөнөттөрүнө карата арыз ээлерине “катуу” жана “жумшак” талаптарды колдонуу мүмкүнчүлүгү; документтерди кароону жана чечимди даярдоону “тездетүү” же “создуктуруу” мүмкүнчүлүгү | Кырдаалдык | Орто | Соода саясаты башкармалыгынын Түшүндүрүү жана товарларды лицензиялоо сектору
| Башкармалыктын начальниги; Сектор башчысы; жетектөөчү адис. | Бул тобокелдиктер лицензияларды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
2 | Экспорттук контролдоо жаатындагы чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | Экспорттук контролдоо чараларын иштеп чыгууда ашыкча талаптарды белгилөө; конкреттүү субъекттерге талаптарды иштеп чыгуу | Кырдаалдык | Орто | Соода саясаты башкармалыгынын тарифтик, тарифтик эмес жөнгө салуу жана экспорттук контролдоо бөлүмү | Башкармалыктын начальниги; Бөлүм башчысы; Башкы адис. | Бул тобокелдиктер лицензияларды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
3 | Товарлардын айрым түрлөрүнө, анын ичинде өнөр жай чөйрөсүндөгү атайын продукцияларга ташып келүүгө жана ташып чыгууга (импорт, экспорт) эксперттик корутунду берүү | Түздөн-түз байланышууда сүйлөшүп алуу мүмкүнчүлүгү; документтерди берүүнүн толуктугуна жана мөөнөттөрүнө карата арыз ээлерине “катуу” жана “жумшак” талаптарды колдонуу мүмкүнчүлүгү; документтерди кароону жана корутунду даярдоону “тездетүү” же “создуктуруу” мүмкүнчүлүгү | Кырдаалдык | Орто | Соода саясаты башкармалыгынын Түшүндүрүү жана товарларды лицензиялоо сектору; Өнөр жай башкармалыгынын ВТС сектору; Жеңил өнөр жай башкармалыгынынЖеңил өнөр жайын өнүктүрүү сектору, Фармацевтика, кагаз, зергерлик жана эмерек өнөр жайын өнүктүрүү сектору | Башкармалыктын начальниги; Сектор башчысы; Жетектөөчү адис.
Сектор башчысы; Жетектөөчү адис.
Башкармалыктын начальниги; Сектор башчысы; Башкы адис. | Бул тобокелдиктер корутунду берүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн
|
4 | Өнөр жай тармагында товарларды кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндө корутунду берүү (тамак-аш өнөр жайын кошпогондо) | Түздөн-түз байланышууда сүйлөшүп алуу ыктымалдыгы; арыз ээси тарабынан берилген документтерде анык эмес маалыматтарды жашыруу мүмкүнчүлүгү | Кырдаалдык | Орто | Жеңил өнөр жай башкармалыгынынЖеңил өнөр жайын өнүктүрүү сектору | Башкармалыктын начальниги; Сектор башчысы; Башкы адис; Жетектөөчү адис. | Бул тобокелдиктер корутунду берүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
5 | Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоого (ЖСТТ) экспертиза жүргүзүү | Оң/терс корутунду берүү аркылуу жеке маселелерди чечүү үчүн иштеп чыгуучу менен байланышуу мүмкүнчүлүгү
| Потенциалдуу
| Орто | Бизнес-чөйрө саясаты башкармалыгынын ишкердикти өнүктүрүү жана жөнгө салуу таасирдүү талдоо бөлүмү | Башкармалыктын начальниги; Бөлүм башчысы; Башкы адис; Жетектөөчү адис. | Бул тобокелдик ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна жөнгө салуучу таасирин талдоону (ЖСТТ) иштеп чыгуучу бардык мамлекеттик органдарга жана адамдарга тиешелүү болушу мүмкүн |
6 | Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү | Товардык рыноктогу атаандаштыктын абалына талдоо жүргүзүүдө жана субъекттин бул рыноктогу үлүшүн аныктоодо субъект менен түздөн-түз байланышууда сүйлөшүп алуу мүмкүнчүлүгү; субъекттердин үлүштөрүн эсептөөдө ар кандай маанилерди (көлөмдөрдү) колдонуу | Кырдаалдык | Төмөн | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияла каршы жөнгө салуу кызматынын Талдоо, отчеттуулук жана ЕЭК менен өз ара аракеттенүү башкармалыгы | Төрага; Төраганын орун басары; Башкармалыктынначальниги. | Бул тобокелдиктер субъекттин ишинин көрсөткүчтөрүн берүүчү мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
7 | Табигый монополия субъекттеринин ишин мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруу, анын ичинде эсепке алуу саясатын, табигый монополия субъектинин жөнгө салынуучу товарларын (жумуштарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн) жеткирүүгө (сатып алууга) контракттардын формаларын, негизги каражаттарын кайра баалоону жүргүзүүдө жана табигый монополия субъекттеринин жөнгө салынуучу товарларынын (жумуштарынын, кызмат көрсөтүүлөрүнүн) түрлөрү боюнча кирешелердин, чыгымдардын жана тартылган активдердин өзүнчө эсебин жүргүзүү методикасын макулдашууда, ошондой эле бүтүмдөрдү жасоого өтүнмөлөрдү кароодо | Табигый монополия субъектинин пайдасына чечим чыгаруу жана мүмкүн болгон сүйлөшүп алуу; мыйзамдардын ченемдерин жана табигый монополия субъекттеринин жана товарларын, жумуштарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарынын балансын бузуу | Кырдаалдык | Орто | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияла каршы жөнгө салуу кызматынын: Жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын Табигый монополияларды жана үстөмдүк кылган структуралардын рынокторун жөнгө салуу бөлүмү; Аймактык бөлүмдөр | Төрага; Төраганын орун басары;
Башкармалыктынначальниги; Бөлүм башчысы;
Бөлүм башчысы. | Бул тобокелдиктер тармактык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн
|
8 | Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнөн тышкары, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү, уюмдар, мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга (жумуштарга) тарифтерди (бааларды) белгиленген тартипте макулдашуу, ошондой эле аткаруу бийлигинин органдары жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан берилүүчү уруксат берүүчү документтер-дин наркын белгиленген тартипте макулдашуу | Тарифтерди (бааларды) жогорулатуу аркылуу жеке кызыкчылыктарды алуу максатында мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен байланышуу мүмкүнчүлүгү | Кырдаалдык | Орто | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияла каршы жөнгө салуу кызматынын: Жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгы; Акы төлөнүүчү кызматтарды жөнгө салуу сектору; Аймактык бөлүмдөр. | Төрага; Төраганын орун басары;
Башкармалыктынначальниги;
Сектор башчысы;
Бөлүм башчысы. | Бул тобокелдиктер акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүчү жана уруксат берүүчү бардык мамлекеттик органдарга тиешелүү болушу мүмкүн. |
9 | Банктык эмес финансылык рынокто ишти жүргүзүүгө лицензияны жана/же уруксатты берүү же уруксат берүүчү документтерди берүүдөн баш тартуу | Түздөн-түз байланышууда сүйлөшүп алуу мүмкүнчүлүгү; документтерди кароону жана чечимди даярдоону “тездетүү” же “создуктуруу” мүмкүнчүлүгү | Кырдаалдык | Орто | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын Лицензиялоо жана уруксат берүүчү иш-аракеттер бөлүмү | Төрага; Төраганын орун басары; Бөлүм башчысы; Башкы адис; Жетектөөчү адис; Адис.
| Бул тобокелдиктер лицензияларды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
10 | Баалуу кагаздардын чыгарылышын кароо, каттоо | Түздөн-түз байланышууда сүйлөшүп алуу ыктымалдыгы; документтерди берүүнүн толуктугуна жана мөөнөттөрүнө карата арыз ээлерине карата ар кандай талаптарды колдонуу мүмкүнчүлүгү; документтерди карап чыгууну жана чечимди даярдоону "тездетүү" же "жайлатуу" ыктымалдыгы | Кырдаалдык | Төмөн | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын Лицензиялоо жана уруксат берүүчү иш-аракеттер бөлүмү | Төрага; Төраганын орун басары; Бөлүм башчысы; Башкы адис; Жетектөөчү адис; Адис. | Бул тобокелдиктер лицензияларды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
11 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жазма буйруктарын макулдашуу | Мамлекеттик контролдоочу органдар менен сүйлөшүп алуунун ыктымалдыгы | Кырдаалдык | Орто | Аймактар аралык башкармалыктын соода, ишкердик жана текшерүүлөрдү көзөмөлдөө бөлүмү | Бөлүм башчысы; Башкы адис; Жетектөөчү адис. | Бул тобокелдик фискалдык жана укук коргоо органдардын жазма буйруктарын макулдашууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
Колдоо функциялары | |||||||
12 | Банкроттук процессте администраторлорду дайындоо, четтетүү, бошотуу | Атайын администраторду атайылап тандоо жөнүндө мүмкүн болгон сүйлөшүп алуу | Кырдаалдык | Жогорку | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкрот иштери боюнча департаменти | Директор; Директордун орун басары; Кадрлар менен иштөө жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча башкы адис | Бул тобокелдик банкроттук чөйрөсүндөгү ишке тиешелүү болушу мүмкүн |
13 | Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча иштерди жүргүзүү | Кызыкчылыктардын кагылышуусу (аффилирленүү); муктаждыктарды адекваттуу баалоонун жоктугу; кош мааниде кабыл алууга өбөлгө түзүүчү ачык эмес, так эмес мүнөздөмөлөр же бир компаниянын продуктун сыпаттоочу мүнөздөмөлөрдү түзүү ж.б. | Кырдаалдык | Жогорку | Уюштуруу иштери жана мамлекеттик сатып алуулар сектору | Сектор башчысы; Башкы адис; Жетектөөчү адис. | Бул тобокелдиктер мамлекеттик сатып алуулар маселелерин козгогон ишке тиешелүү болушу мүмкүн |
14 | Бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстарды өткөрүү боюнча иштерди уюштуруу | Жеке кызыкчылыктардын болушу (кызыкчылыктардын кагылышуусу); кызматкерге калыс эмес мамиле жасоо; түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери/ кызматкерлери/конкурстук комиссиянын мүчөлөрү менен мүмкүн болгон сүйлөшүп алуу | Кырдаалдык | Орто | Персонал менен иштөө бөлүмү | Бөлүм башчысы; Башкы адис. | Бул тобокелдиктер персоналды башкаруу боюнча ишке тиешелүү болушу мүмкүн |
15 | Чет өлкөгө такшалмага, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга жиберилүүчү министрликтин кызматкерлерин тандоону жана эсепке алууну жүргүзүү. | Кызматкерлер менен мүмкүн болгон сүйлөшүп алуу. Түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдүн кадр саясатын негизсиз көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү. | Кырдаалдык | Орто | Персонал менен иштөө бөлүмү | Бөлүм башчысы; Башкы адис. | Бул тобокелдиктер персоналды башкаруу боюнча ишке тиешелүү болушу мүмкүн |
16 | Сыйлоо үчүн сунуштар-ды (материалдарды) кароо, кызматкерлерди сыйлоо жана демилге берүү жөнүндө жетекчиликке сунуштарды киргизүү. | Белгилүү бир адамды сыйлоого көрсөтүү боюнча кызматкерлер, комиссия мүчөлөрү менен мүмкүн болгон сүйлөшүп алуу; мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүүгө документтерди каттоодон негизсиз баш тартуу ыктымалдыгы. | Кырдаалдык | Орто | Персонал менен иштөө бөлүмү | Бөлүм башчысы; Башкы адис. | Бул тобокелдиктер сыйлыктар боюнча комиссияларга тиешелүү болушу мүмкүн |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү функциялары | |||||||
17 | Төмөнкүлөр боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү: – шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо; – шайкештикти баалоо боюнча органдын компетенттүүлүгүн ырастаган документти берүү | Документтерди берүүнүн толуктугуна жана мөөнөттөрүнө карата кызмат көрсөтүүнүн арыз ээсине “катуу” жана “жумшак” талаптарды колдонуу мүмкүнчүлүгү; документтерди кароону жана чечимди даярдоону “тездетүү” же “создуктуруу” мүмкүнчүлүгү | Потенциалдуу | Төмөн | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору | Директор; Чечим кабыл алуу боюнча Комиссия; Эксперттик топ (жетектөөчү баалоочу жана техникалык эксперттер).
| Бул тобокелдиктер аккредитациялоо органдарынын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
18 | Эл аралык талаптарга ылайык өлчөө каражаттарын калибрлөө боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү | Өлчөө каражаттарын кабыл алуу жана берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүнү тездетүү же создуктуруу мүмкүнчүлүгү жана эсеп-фактураларды көчүрүү | Потенциалдуу | Төмөн | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун № 1 жана № 2 эталон бөлүмдөрү | Бөлүм башчысы; Башкы адис; Башкы инженер; Жетектөөчү инженер. | Бул тобокелдиктер стандартташтыруу органдарынын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
19 | Лабораториялык сыноолорду жүргүзүү; продукцияны сертификациялоону жүргүзүү | Сынамдарды кабыл алууда продукцияны сертификациялоо үчүн арыз ээлери менен түздөн-түз байланышууда өз кызыкчылыгын көздөгөн аракеттердин болуу мүмкүнчүлүгү: лабораториялык сыноолорго багыттарды берүү жана көрсөтүү, продукцияны сертификациялоо схемасын тандоо | Потенциалдуу | Орто | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун: Аймактык борборлорунун сыноо лабораториялары; Аймактык борборлорун сертификациялоо бөлүмдөрү. | Лаборатория башчысы; Башкы адис (инженер); Жетектөөчү адис (инженер); Адис (инженер). Бөлүм башчысы; Башкы адис (инженер); Жетектөөчү адис (инженер); Адис (инженер). | Бул тобокелдиктер стандартташтыруу органдарынын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
20 | Өлчөө каражаттарынын тибин текшерүү, калибрлөө, бекитүү, өлчөөлөрдү аткаруу методикаларын аттестациялоо боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттерге метрологиялык кызматтарды көрсөтүү | Аткарылган кызматтар үчүн накталай төлөмдү алуу менен өлчөө каражаттарын көчмө текшерүүдө метрологиялык кызмат көрсөтүүлөрдүн арыз ээлери менен аткаруучулар түздөн-түз байланышууда өз кызыкчылыгын көздөгөн аракеттердин болуу мүмкүнчүлүгү | Потенциалдуу | Орто | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун: Метрологиялык иштер бөлүмү; № 1 жана № 2 эталон бөлүмдөрү. | Бөлүм башчысы; Башкы адис; Жетектөөчү адис; Адис.
Бөлүм башчысы; Башкы адис; Башкы инженер; Жетектөөчү инженер. | Бул тобокелдиктер стандартташтыруу органдарынын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
Координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары | |||||||
21 | Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, жарнама жөнүндө, мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча, ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъекттердин, мамлекеттик органдардын жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, мекемелердин бааларды (тарифтерди) түзүүсүнүн жана колдонуусунун тууралыгына белгиленген тартипте текшерүүлөрдү жүргүзүү | Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, жарнама жөнүндө мыйзамдардын ченемдеринин аткарылышын, ошондой эле субъекттер тарабынан да, мамлекеттик органдар тарабынан да бааларды (тарифтерди) түзүүнүн жана колдонуунун тууралыгын аныктоо максатында финансылык документтерди талдоону атайы талаптагыдай эмес контролдоо
| Кырдаалдык | Орто | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияла каршы жөнгө салуу кызматы: Териштирүүлөр, монополияга каршы мыйзамдарды сактоону жана жарнаманы контролдоо башкармалыгы; Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана ак ниет эме атаандаштык бөлүмү; Аймактык бөлүмдөр. | Төрага; Төраганын орун басары;
Башкармалыктынначальниги;
Бөлүм башчысы;
Бөлүм башчысы.
| Бул тобокелдиктер бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн
|
22 | Ишкердик субъекттерин банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сакташы боюнча текшерүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынуучу субъекттерге текшерүү жүргүзүү, анын ичинде алардын финансылык жана чарбалык ишин текшерүү | Түздөн-түз байланышууда сүйлөшүп алуу мүмкүнчүлүгү; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүү боюнча пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөр жүргүзүлүп жаткан субъекттерге карата ар кандай санкцияларды колдонуу мүмкүнчүлүгү | Кырдаалдык | Орто | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын Финансы рыногун көзөмөлдөө бөлүмү
| Бөлүм башчысы; Башкы адис; Жетектөөчү адис; Адис. | Бул тобокелдиктер пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн
|
23 | Банктык эмес финансылык рыноктун субъекттери тарабынан берилген отчетторго мониторинг жана талдоо жүргүзүү | Түздөн-түз байланышууда сүйлөшүп алуу мүмкүнчүлүгү; банктык эмес финансылык рыноктун субъекттерине отчетторду берүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн, отчетторду бербегендиги үчүн, ошондой эле берилген отчеттордун толук эместиги үчүн ар кандай санкцияларды колдонуу мүмкүнчүлүгү | Кырдаалдык | Орто | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын Финансы рыногундагы отчеттуулук жана мониторинг бөлүмү | Бөлүм башчысы; Башкы адис; Жетектөөчү адис; Адис. | Бул тобокелдиктер банктык эмес финансылык рыноктун субъекттеринин отчетторун кабыл алууга жана берилген отчетторду талдоого жана жалпылоого ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
24 | Кош жана аскердик багыттагы товарлардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо | Түздөн-түз байланышууда сүйлөшүп алуу ыктымалдыгы; импорттоочулардын контролдонуучу продукцияны пайдалануудагы аныкталган бузууларды жашыруу мүмкүнчүлүгү | Кырдаалдык | Орто | Соода саясаты башкармалыгынын тарифтик, тарифтик эмес жөнгө салуу жана экспорттук контролдоо бөлүмү | Башкармалыктын начальниги; Бөлүм башчысы; Башкы адис. | Бул тобокелдиктер лицензияларды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |