Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын ЭКОНОМИКА ЖАНА КОММЕРЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
буйруК
2023-жылдын 24-июлу № 01
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө
Коррупциянын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси (мындан ары - Тизме) ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана аймактар аралык башкармалыгынын жетекчилери:
1) Тизмеге ылайык коррупциялык тобокелдиктерди жоюу/минимизациялоо максатында тобокелдиктерди эффективдүү башкаруу боюнча иштерди төмөнкүлөр аркылуу туруктуу негизде жүргүзсүн:
- административдик процедураларды так регмнттөө;
- автоматташтырууну максималдуу түрдө камсыз кылуу жана кызмат адамдарынын жарандар жана уюмдар менен жеке өз ара аракеттенүүсүнүн зарылдыгын жоюу;
- коррупциялык тобокелдикке дуушар болгон бөлүмдөрдүн ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- кызматкерлердин коррупцияга каршы укуктук аң-сезимин жогорулатуу.
2) Министрликтин тутумундагы кызмат адамдарынын коррупциялык укук бузууларды жасоосуна жол бербөө максатында, ички контролду уюштуруу боюнча чараларды төмөнкүлөр аркылуу туруктуу негизде жүргүзсүн:
-кирешелер, мүлк жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелер жөнүндө маалыматтардын аныктыгын жана толуктугун текшерүү;
- жарандардан жана уюмдардан келип түшкөн даттануулардын жана кайрылуулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарыялоолордун негизинде;
- жарандарды жана уюмдардын өкүлдөрүн кабыл алган жерлерде видеобайкоо жана аудио жазуу каражаттарын колдонуу;
- коррупциялык жүрүм-турум мүмкүнчүлүктөрүн азайтуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
3. Кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана коррупциянын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында персонал менен иштөө боюнча бөлүмү эки жылда бир жолудан көп эмес мамлекеттик кызматчыларды ротациялоонун планын түзсүн.
4. Министрдин орун басарлары бул буйруктун тескөөгө алынган түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан аткарылышын контролдоону колго алышсын.
5. Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу:
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- буйруктун көчүрмөсүн күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
6. Иш кагаздарын жүргүзүү жана аткарылышын контролдоо жана бөлүмү бул буйрукту министрдин орун басарларына, борбордук аппаратынын түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрүнүн, аймактар аралык башкармалыгынын жетекчилерине жана коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктууга жеткирсин.
7. “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тутумунда коррупциялык тобокелдиктердин жана коррупциялашкан кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2018-жылдын 9-октябрындагы №133 буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
9. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Министр | Д.Дж. Амангельдиев | |
|
|
|
|
|