Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2023-жылдын «31» июлундагы № 556 буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын ТИЗМЕГИ
№ | Мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциясы (ыйгарым укуктары) | Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар | Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системдүү (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык | Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орто, жогорку) | Түзүмдүк бөлүмдүн (борбордук аппаратынын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин аталышы) | Коррупциялык тобокелдикке кабылган кызмат орундар | Башка мамлекеттик органдарда/ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктин пайда болушу мүмкүнбү (мүмкүн болсо, кайсы экенин көрсөтүңүз) |
Контролдоо жана көзөмөлдөө функциясы | |||||||
1 | Кыргыз Республикасынын музей фондунун, ошондой эле тарыхый-маданий мурастар объекттерине кирген китепкана фонддорунун абалын жана сактоо шарттарын эсепке алуу жана контролдоо | Материалдык баалуулуктарды каттоо эсебине өз убагында койбоо | Кырдаалдык | Орто | Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгы | Башкармалыктын начальниги; Башкы адис; Жетектөөчү адис | Бул тобокелдик бир ыйгарым укуктуу органдын ишмердигине тиешелүү |
2 | Лицензиялык-уруксат берүү тутуму, жалпыга маалымдоо каражаттары, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын телерадио уюмдары жана телерадиоберүү операторлору тарабынан сакталышын контролдоо | Арыз ээси менен түздөн-түз байланышта сүйлөшүп алуу мүмкүндүгү; Документтерди карап чыгууну жана чечим даярдоону “тездетүү” же “кечеңдетүү” мүмкүндүгү | Кырдаалдык | Орто | Маалыматтык саясат башкармалыгы;
Лицензиялоо бөлүмү (башкармалыкта) | Башкармалыктын начальниги;
Бөлүм башчысы; Башкы адис; Жетектөөчү адис | Бул тобокелдик бир ыйгарым укуктуу органдын ишмердигине тиешелүү |
Колдоо функциясы | |||||||
3 | Өздүк көркөм чыгармачылык жамааттарына “Элдик” (үлгүлүү) наамын берүү | Өздүк көркөм чыгармачылыктын белгилүү жамаатын “Элдик” (үлгүлүү) наамын ыйгарууга илгерилетүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү/кызматкерлер менен сүйлөшүп алуу мүмкүндүгү | Кырдаалдык | Орто | Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгы | Башкармалыктын начальниги; Жетектөөчү адис | Бул тобокелдик бир ыйгарым укуктуу органдын ишмердигине тиешелүү |
4 | Республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурастардын кыймылсыз объекттеринин корголуучу зоналарынын долбоорлорун бекитүү | Оң/терс корутунду берүү аркылуу жеке маселелерди чечүү үчүн иштеп чыгуучу менен байланышуу мүмкүндүгү | Кырдаалдык | Жогорку | Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгы;
“Кыргызреставрация” илимий-изилдөө долбоорлоо институту;
Тарых жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча Республикалык инспекция | Башкармалыктын начальниги; Жетектөөчү адис;
“Кыргызреставрация” илимий-изилдөө долбоорлоо институтунун директору;
Тарых жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча Республикалык инспекциясынын директору | Бул тобокелдик бир ыйгарым укуктуу органдын ишмердигине тиешелүү |
5 | Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өзүнүн аймагындагы бардык категориядагы эстеликтерди аныктоо, изилдөө, сактоо боюнча иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуучу шаарларды жана башка калктуу конуштарды пландоо, куруу, реконструкциялоо долбоорлорун иштеп чыгууда жана бекитүүдө тарыхый-курулуштун негизги пландарын жана карта-схемаларын макулдашууну ишке ашыруу | Түздөн-түз байланыш аркылуу сүйлөшүп алуу мүмкүндүгү; Документтерди берүүнүн толуктугуна жана мөөнөттөрүнө карата арыз ээлерине “катуу” жана “жумшак” талаптарды колдонуу мүмкүндүгү; Документтерди кароону жана корутунду даярдоону “тездетүү” же “кечеңдетүү” мүмкүндүгү | Кырдаалдык | Жогорку | Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгы;
“Кыргызреставрация” илимий-изилдөө долбоорлоо институту;
Тарых жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча Республикалык инспекция | Башкармалыктын начальниги; Жетектөөчү адис;
“Кыргызреставрация” илимий-изилдөө долбоорлоо институтунун директору;
Тарых жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча Республикалык инспекциясынын директору | Бул тобокелдик бир ыйгарым укуктуу органдын ишмердигине тиешелүү |
6 | Юридикалык жана жеке жактарга жаңы искусство чыгармаларын (театрдык, музыкалык, хореографиялык, көркөм сүрөт, монументалдык, декоративдик-колдонмо, кинематографиялык, архитектуралык, адабий, концерттик программалар ж.б.) жаратууга жана маданий кызмат көрсөтүүгө максаттуу чыгармачыл тапшырыктарды (анын ичинде конкурстук негизде) жайгаштыруу | Кызыкчылыктардын кагылышуусу (аффилирленгендик); Адекваттуу муктаждыктарды баалоонун жоктугу; Эки ача кабылдоого шарт түзгөн бүдөмүк, так эмес мүнөздөмөлөр же бир аткаруучунун өнүмүн сүрөттөгөн мүнөздөмө түзүү ж. б. | Кырдаалдык | Жогорку | Искусствону өнүктүрүү башкармалыгы;
Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгы;
Финансы жана мамлекеттик сатып алуулар башкармалыгы;
Кесиптик билим берүү бөлүмү;
Кинематография департаменти;
Улуттук маданий борбору | Башкармалыктын начальниги; Башкы адис;
Башкармалыктын начальниги; Башкы адис;
Башкармалыктын начальниги; Мамлекеттик сатып алуулар боюнча жооптуу адис;
Бөлүмдүн башчысы; Башкы адис; Жетектөөчү адис;
Кинематография департаментинин директору;
Улуттук маданий борборунун директору | Бул тобокелдик бир ыйгарым укуктуу органдын ишмердигине тиешелүү |
7 | Программаларды, долбоорлорду финансылык колдоо үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартуу, ошондой эле жаштар, дене тарбия жана спорт маселелери боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн мамлекеттик тапшырыкты аткаруу | Түздөн-түз байланышта сүйлөшүү мүмкүндүгү, ошондой эле жаштар, дене тарбия жана спорт маселелери боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн мамлекеттик тапшырыкты аткарууда финансы каражаттарын максатсыз пайдалануу | Кырдаалдык | Орто | Жаштар саясаты башкармалыгы;
Дене тарбия жана спорт департаменти | Башкармалыктын начальниги; Жетектөөчү адис;
Дене тарбия жана спорт департаментинин директору | Бул тобокелдик бир ыйгарым укуктуу органдын ишмердигине тиешелүү |
8 | Мамлекеттик жарандык кызматтын кадрлар резервин түзүү | Жеке кызыкчылыктардын болушу (кызыкчылыктардын кагылышы); Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү/ кызматкерлер/ түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен сүйлөшүп алуу мүмкүндүгү | Кырдаалдык | Төмөн | Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү | Бөлүм башчысы; Башкы адис | Бул тобокелдик бир ыйгарым укуктуу органдын ишмердигине тиешелүү |
9 | Сыйлоого сунуштарды (материалдарды) кароо, кызматкерлерди сыйлоо жана сыйлыктар жөнүндө жетекчиликке сунуштарды киргизүү | Белгилүү бир адамды сыйлоого же сыйлоого илгерилетүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү/кызматкерлер менен сүйлөшүп алуу мүмкүндүгү; Мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүүгө документтерди каттоодон негизсиз баш тартуу ыктымалдыгы | Кырдаалдык | Орто | Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү | Бөлүм башчысы; Башкы адис | Бул тобокелдик бир ыйгарым укуктуу органдын ишмердигине тиешелүү |
10 | Маданият жана искусство кызматкерлерин мезгилдүү аттестациядан өткөрүү | Жеке кызыкчылыктардын болушу (кызыкчылыктардын кагылышы); Аттестациялык комиссиянын мүчөлөрү/ кызматкерлер /түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен сүйлөшүп алуу мүмкүндүгү | Кырдаалдык | Төмөн | Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү;
Искусствону өнүктүрүү башкармалыгы;
Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгы;
Кесиптик билим берүү бөлүмү | Бөлүм башчысы; Башкы адис;
Башкармалыктын начальниги;
Башкармалыктын начальниги;
Бөлүмдүн башчысы | Бул тобокелдик бир ыйгарым укуктуу органдын ишмердигине тиешелүү |
Координациялоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары | |||||||
11 | Материалдык эмес маданий мурастын элементтерине экспертиза жүргүзүү | Оң/терс корутунду берүү аркылуу жеке маселелерди чечүү үчүн арыз ээси менен түздөн-түз байланышта сүйлөшүп алуу мүмкүндүгү | Кырдаалдык | Төмөн | Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгы; | Башкармалыктын начальниги; Башкы адис | Бул тобокелдик бир ыйгарым укуктуу органдын ишмердигине тиешелүү |
12 | Спортто допинг препараттарын колдонууга каршы көзөмөл | Алар терапиялык колдонууга уруксаттын негизинде колдонулган учурларды кошпогондо спортсмендердин спортто тыюу салынган субстанцияларды жана методдорду колдонуусун болтурбоо жана чектөө боюнча чараларды өз убагында кабыл албагандык | Кырдаалдык | Орто | Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы “Улуттук антидопинг борбору” допингге каршы күрɵшүү дирекция | Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы “Улуттук антидопинг борбору” допингге каршы күрɵшүү дирекциясынын директору | Бул тобокелдик бир ыйгарым укуктуу органдын ишмердигине тиешелүү |
Жөнгө салуу функциялары | |||||||
13 | Колдонулган технологияларга карабастан телерадиоканалды аналогдук берүүгө жана (же) санариптик берүү пакетине жайгаштырууга уруксаттарды берүү, кайра тариздөө, баш тартуу, токтото туруу, токтотуу, жокко чыгаруу жана уруксатты калыбына келтирүү жол-жобосун ишке ашыруу | Документтерди кароону жана чечимдерди даярдоону “тездетүү” же “кечеңдетүү” мүмкүндүгү | Кырдаалдык | Орто | Маалыматтык саясат башкармалыгы; Лицензиялоо бөлүмү (башкармалыкта) | Башкармалыктын начальниги; Бөлүм башчысы; Башкы адис; Жетектөөчү адис | Бул тобокелдик бир ыйгарым укуктуу органдын ишмердигине тиешелүү |
14 | Маданий баалуулуктарды убактылуу ташып келүүгө жана ташып чыгууга уруксат берүү жол-жоболорун жүргүзүү | Арыз ээси менен түздөн-түз байланышта сүйлөшүп алуу мүмкүндүгү; Документтерди берүүнүн толуктугуна жана мөөнөттөрүнө карата арыз ээлерине “катуу” жана “жумшак” талаптарды колдонуу мүмкүндүгү; Документтерди кароону жана чечимдерди даярдоону “тездетүү” же “кечеңдетүү” мүмкүндүгү | Кырдаалдык | Жогорку | Искусствону өнүктүрүү башкармалыгы | Башкармалыктын начальниги; Адис | Бул тобокелдик бир ыйгарым укуктуу органдын ишмердигине тиешелүү |