Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАДАНИЯТ, МААЛЫМАТ, СПОРТ ЖАНА ЖАШТАР САЯСАТЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2023-жылдын 31-июлу № 556
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө
Коррупциянын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобого, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги (мындан ары - Тизме) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери Министрликтин Тизмегине ылайык төмөндөгүлөр боюнча туруктуу негизде иш жүргүзсүн:
- орун алган коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча;
- ишмердиги коррупциялык тобокелдикке дуушар болгон функциялар менен байланышкан кызматкерлердин коррупцияга каршы укуктук аң-сезимин жогорулатуу боюнча.
3. Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча сектор (С.М. Боркеев):
- ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө” токтомуна ылайык “Эркин-Тоо” гезитинде расмий жарыялоону камсыз кылсын;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун эки нускадагы (мамлекеттик жана расмий тилдердеги) көчүрмөлөрүн, расмий жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун эки нускадагы (мамлекеттик жана расмий тилдердеги) көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
4. Басма сөз кызматы бөлүмү (А.А. Асанбаева) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.
5. Ушул буйруктун талаптарын талаптагыдай аткаруу жоопкерчилиги Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча секторго жүктөлсүн (С.М. Боркеев).
6. Документтик камсыздоо жана көзөмөлдөө бөлүмү (А.Турсунбекова) бул буйрукту түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилерине тааныштырсын.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
8. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 25-августундагы № 68 (3517) саны менен жарыяланды
Министри | А.А. Максутов |