Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Ички иштер министрлигинин
2023-жылдын “23” августундагы № 3
буйругу менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде коррупциянын келип чыгуу
тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын
тизмеси
№ | Мамлекеттик органдын (ыйгарым укуктары) милдеттери | Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар | Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу кырдаалдык | Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орто, жогорку) | Түзүмдүк бөлүктүн аталышы (борбордук аппарат, аймактык же ведомстволук бөлүмчөнүн, мекеменин) | Коррупция тобокелдигине кабылган кызмат орундары | Коррупциялык тобокелдик бир гана органдын ишине киреби же анын көрүнүшү бир нече мамлекеттик органдардын ишин камтышы мүмкүнбү |
1 | Транспорт каражаттарын каттоо/кайра каттоо | Мекеменин кызматкерлери жана үчүнчү жактар менен түздөн-түз байланыш учурунда сүйлөшүп алуу мүмкүнчүлүгү | Кырдаалдык | Төмөн | ММ «Унаа» | бөлүм жана сектор башчылары, аймактык каттоо бөлүмдөрүнүн жана секторлорунун адистери жана башкы адистери | Бул тобокелдиктер транспорт каражаттарын каттоо/кайра каттоо чөйрөсүндөгү ишке тиешелүү болушу мүмкүн |
2 | Квалификациялык (теория/практика) экзамендерди кабыл алуу | Кызмат адамдары жана үчүнчү жактар менен түздөн-түз байланыш учурунда сүйлөшүп алуу мүмкүнчүлүгү | Кырдаалдык | Орточо | ММ «Унаа» | бөлүм жана сектор башчылары, аймактык каттоо бөлүмдөрүнүн жана секторлорунун адистери жана башкы адистери | Бул тобокелдиктер квалификациялык (теория/практика) экзамендерди кабыл алуу боюнча ишке тиешелүү болушу мүмкүн |
3 | Келишимдерде белгиленген талаптарга ылайык келбеген товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алууну ишке ашыруу | Талаптарга жооп бербеген товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу боюнча жеткирүүчүлөр менен түздөн-түз байланыш учурунда сүйлөшүп алуу мүмкүнчүлүгү | Кырдаалдык | Төмөн | Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү | башчы, тескөөчүлөр | Бул тобокелдиктер мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ишке тиешелүү болушу мүмкүн |
4 | Уруксат берүүчү документти (лицензия/уруксат/корутунду) берүү же уруксат берүүчү документти берүүдөн баш тартуу ж.б.
| Документтерди берүүнүн толуктугуна жана мөөнөттөрүнө карата катуу жана жумшак талаптарды коюу жолу менен арыз ээлери менен түздөн-түз байланыш учурунда сүйлөшүп алуу мүмкүнчүлүгү Документтерди карап чыгууну жана чечимди даярдоону тездетүү же жайлатуу мүмкүндүгү | Кырдаалдык
| Төмөн
| Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы
Коомдук коопсуздук кызматы | лицензиялык-уруксат берүү ишин берүү боюнча жетектөөчү курам
башчы, тескөөчүлөр | Бул тобокелдиктер лицензияларды жана башка уруксат документтерин берүү башка ишке тиешелүү болушу мүмкүн
|
5 | Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу | Жол кыймылынын эрежелерин одоно бузууну анча одоно эмес деп алмаштыруу же болбосо ар кандай жагдайлардан улам жол кыймылынын эрежелерин бузууну этибарга албоо жолу менен тартип бузуучулар менен түздөн-түз байланышта сүйлөшүү мүмкүндүгү
| Кырдаалдык
| Орточо | Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы | жол кыймылына көзөмөл жүргүзүүчү саптык бөлүктөрдүн кызматкерлери | Бул тобокелдиктер жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуучу органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
6 | Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин алкагында тергөө аракеттерин жүзөгө ашыруу | Тергөө жана изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүдө кабыл алынган чечимдин натыйжаларын жана кылмыштардын бетин ачуу, дайынсыз жоголгон адамдарды жана дайынсыз жоголгон мүлктү табуу боюнча көрүлүп жаткан чараларга чагылдырылуучу жарандар же болбосо үчүнчү жактар менен сүйлөшүп алуу мүмкүнчүлүгү, мында кызматкерлердин кызыкдар адамдар менен түздөн-түз байланышында сүйлөшүп алуу мүмкүнчүлүгү бар | Кырдаалдык | Төмөн | Тергөө бөлүктөрү
| жетекчилер, тергөөчү | Бул тобокелдиктер Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин алкагында, ишти жүзөгө ашыруучу органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
Кыргыз Республикасынын ИИМи