Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2023-жылдын 23-августа № 3
Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын Тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу токтомунун 3-пунктун аткаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесин ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:
1. Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратынын кызматтарынын жана бөлүктөрүнүн, түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүктөрүнүн, ошондой эле “Унаа” мамлекеттик мекемесинин жетекчилерине (башчыларына):
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлсүн;
- коррупцияга каршы укуктук аң-сезимди жогорулатуу боюнча кызматкерлер жана жумушчулар арасында, кимдин иши жогоруда аталган Тизмеге байланышкан болсо, түшүндүрүү иштери туруктуу негизде жүргүзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Катчылыгынын министрдин коррупциянын алдын алуу боюнча кеңешчиси милициянын полковниги А.А.Мамыров:
- ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык, “Эркин Тоо” газетасында расмий жарыялоону камсыз кылсын;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүгө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктардын мамлекеттик жана расмий тилдердеги эки нускадагы көчүрмөлөрүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.
5. Буйруктун талаптарын тийиштүү түрдө аткаруу жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын ИИМдин Катчылыгынын министрдин коррупциянын алдын алуу боюнча кеңешчиси милициянын полковниги А. А. Мамыровго жана ушул буйруктун 2-пунктунда көрсөтүлгөн жетекчилерге (башчыларга) жүктөлсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышына көзөмөл Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басарына жана кураторлук багыттары боюнча орун басарларына жүктөлсүн.
7. Буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 25-августундагы № 68 (3517) саны менен жарыяланды.
Министр милициянын генерал-лейтенанты |
У.О.Ниязбеков |