Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САНАРИПТИК ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2023-жылдын 07-сентябрындагы № 4-д
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин атынан Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө (улуттук номерлөө ресурсун бөлүп берүү; байланыш жабдууларына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө, ошондой эле радиожыштык нурланууну берүүчү же жогорку жыштыктагы электрмагниттик толкундардын булагы болуп саналган башка техникалык каражаттарга шайкештик сетификатын берүү; бөлүп берүүгө жеткиликтүү болгон радиожыштыктарды тандоо боюнча маалымат берүү)
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин атынан Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берүү жөнүндө” токтомунун (1-тиркемесинин) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2-пунктуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин атынан Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын стандарттары 1-3 тиркемелерге ылайык бекитилсин:
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы:
- ушул буйрук менен бекитилген мамлекеттик кызматтардын стандарттарын сактоону камсыздасын;
- мамлекеттик кызматтардын стандарттарын өздөрүнүн веб-сайтына жана маалымат такталарына жайгаштырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы ушул буйрук катталган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин расмий сайтына жайгаштырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Электр байланышын өнүктүрүү башкармалыгы ушул буйрук расмий сайтка жайгаштырылган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде:
- ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
- ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине маалымат үчүн жиберсин.
5. Ушул буйрук Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин веб-сайтына анын расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары З.К. Кожомуратовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин digital.gov.kg расмий сайтында 2023-жылдын 11-сентябрында жарыяланды.
Министр | Т.О.Иманов |