Загрузка документа…
| Тиркеме 1 |
| (Кыргыз республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 6-Б буйругуна ылайык) |
“Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 11-июлундагы №2-Б
“Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү
боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” буйругунун долбооруна
ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ТАБЛИЦАСЫ
№ | Мамлекеттик органдын аталышы | Макулдашуунун натыйжалары | Эске алуу/сын-пикирди эске албоонун негиздемеси |
1 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | Сын-пикир жок | - |
2 | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги | Сын-пикир жок | - |
3 | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги | Сын-пикир жок | - |
4 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | Сын-пикир жок | - |
5 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | Сунуш менен “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы аркылуу дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алууга келишимдин суммасынан 100 пайызга чейин аванстык төлөмдөр каралышы мүмкүн. | Эске алынды |
6 | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | Сын-пикир жок | - |
7 | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | Сын-пикир жок | - |
8 | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги | Сын-пикир жок | - |
9 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдалдаар министрлиги | Сын-пикир жок | - |
10 | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги | Сын-пикир жок | - |
11 | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | Сын-пикир жок | - |
12 | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети | Сын-пикир жок | - |
13 | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги | Сын-пикир жок | - |
14 | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | Кайрадан иштеп чыгуу талап кылынат 2. Атайын бөлүгү. 1. Сунушталган долбоор менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 11-июлундагы 2-Б буйругу менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча Жобонун 312-пунктуна берүүчү (подрядчы) тарабынан аванстык төлөмдүн суммасына банктык кепилдикти берүүнү алып салуу бөлүгүндө өзгөртүү киргизилет. Мында Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” 50-беренесине ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда сатып алуучу уюм/Агент берүүчүдөн контрактты аткарууну кепилдик камсыздоону сурап алат. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген кепилдикти камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган банктык аккредитивдер, банктык кепилдиктер, акча каражаттары, казыналык облигациялар, жеке адамдар же юридикалык жактар тарабынан берилген, кепилдиктерди, күрөөлүк камсыздоону көрсөтүүчүгө депозиттик сертификат түрүндө же камсыз кылынган баалуу кагаздар формасында берүүчүлөр тарабынан берилиши мүмкүн. 2. Ошондуктан, сунушталган долбоор тарабынан сунушталган өзгөртүүлөрдү кошумча талдоо жана көрсөтүлгөн Мыйзамга ылайык келүү предметине толуктап иштеп чыгуу зарыл. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” ченемдик укуктук актыларды күчүнө киргизүүнүн жана мамлекеттик органдарга тапшырма берүүнүн тартиби корутунду жоболор түрүндө берилет. Ушуга байланыштуу, бул буйруктун күчүнө кириши жөнүндө пункт корутунду жоболор каралышы керек. 3. Ошондой эле буйруктун долбоорун жана ага тиркелген документтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы 31-майындагы №313 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча Нускамасынын 76, 82 жана 86-пункттарына ылайык келтирүү зарылдыгын белгилейбиз. | Жарым-жартылай эске алынды Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык сатып алуучу уюм жеткирүүчүдөн контракттын аткарылышын кепилдик камсыз кылууну сурайт. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 11-июлундагы 2-Б буйругу менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча Жобонун 312-пункту аванстык төлөмдөрдү жөнгө салат. Ушуга байланыштуу бул пункт Кыргыз Республикасынын Мыйзамына “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” карама-каршы келбейт. |
Кыргыз Республикасынын Финансы министри |
А.К.Бакетаев |
| Тиркеме 2 |
| (Кыргыз республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 6-Б буйругуна ылайык) |
“Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 11-июлундагы №2-Б
“Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү
боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” буйругунун долбооруна
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
Колдонуудагы редакция | Сунушталган редакция |
312. Аванстык төлөмдөрдүн (алдын-ала төлөө) суммалары жабдып берүүчү (подрядчы) тарабынан аванстык төлөмдүн суммасына банктык кепилдик берилген шартта, келишимдин жалпы суммасынын 10 пайызынан ашпоого тийиш. Банктык кепилдик аванстык төлөм толук тындырылганга чейин күчүндө калат. Мамлекеттик сырды коргоо, өзгөчө кырдаалдарга, улуттук коопсуздук жана коргоо, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр) аркылуу дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар, билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдары түздөн-түз байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу келишимдерин түзүүдө келишимдин суммасынын 10 пайызынан көп аванстык төлөмдөр (алдын ала төлөө) каралышы мүмкүн. | 312. Контрактты (келишимди) түзүүдө: - жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө авансалык төлөмдөрдүн өлчөмү контракттын (келишимдин) суммасынан 10 пайызга чейин белгиленет; - товарларды берүүгө, чийки заттарды жана материалдарды сатып алууга байланышкан жумуштарды аткарууга, Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр) аркылуу дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды, ошондой эле билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын сатып алууга аванстык төлөмдүн өлчөмү контракт (келишим) түзүүдө тараптар тарабынан белгиленет; - “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы аркылуу дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алууга келишимдин суммасынан 100 пайызга чейин аванстык төлөмдөр каралышы мүмкүн; - мамлекеттик жашыруундуулукту коргоо, өзгөчө кырдаалдар, улуттук коопсуздук жана коргонуу менен түздөн-түз байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга аванстык төлөмгө карата талап коюлбайт. |
Кыргыз Республикасынын Финансы министри |
А.К.Бакетаев |
| Тиркеме 3 |
| (Кыргыз республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 6-Б буйругуна ылайык) |
“Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
2023-жылдын 11-июлундагы №2-Б “Мамлекеттик башкаруу
секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык
отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө”
буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” буйругунун
долбооруна
НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ
1. Максаты жана милдети
“Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 11-июлундагы №2-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин буйругунун долбоору бюджеттик мекеме тарабынан жүрүгүзүлүүчү аванстык төлөмдөрдү төлөөнүн шарттарын тартипке келтирүү максатында иштелип чыккан.
2. Баяндоочу бөлүк
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 11-июлундагы №2-Б буйругу менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобонун 312-пунктунда берүүчү (подрядчы) тарабынан аванстык төлөмдүн суммасына банктык кепилдик берүүнү алып салуу бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан өзгөртүү киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин катына ылайык (22.08.23-ж. № 08-6/5847 чыг.), автомобиль жолдорун оңдоону ишке ашырууда банктык кепилдиктерди берүү шартында авансалык төлөмдөрдү жүргүзүүдө кыйынчылыктар жаралат. Натыйжада автомобиль жолдорун капиталдык оңдоо иштеринин мөөнөттөрү үзгүлтүккө учурайт.
Ошондой эле, “Учкун” ААКнын 2023-жылдын 19-июнундагы №1-443 кайрылуусуна ылайык алдыга коюлган милдеттерди ыкчам чечүүгө алдын ала төлөмдөр өз таасирин тийгизет.
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык ченемдик укуктук актынын колдонулушу, ал күчүнө киргенге чейин келип чыккан мамилелерге жайылтылбайт. Ченемдик укуктук актынын же анын айрым түзүмдүк элементинин артка кайтарым күчү алардын өзүндө же ченемдик укуктук актыны колдонууга киргизүү жөнүндө актыда каралган, ошондой эле мурда каралган укук бузуулар үчүн жоопкерчилик четтетилген же жеңилдетилген учурларда ушул эрежеден алып салуу учурлары кездешет.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан буйруктун долбоору министрликтерге жана ведомстволорго макулдашууга жөнөтүлдү (05.09.2023-ж. № 24-2/11020 каты менен):
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги сын-пикирлер жана сунуштар жок;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги кайрадан иштеп чыгуу талап кылынат;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги сын-пикирлер жана сунуштар жок;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги сын-пикирлер жана сунуштар жок;
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги сын-пикирлер жана сунуштар жок;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети сын-пикирлер жана сунуштар жок;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги сын-пикирлер жана сунуштар жок;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги сын-пикирлер жана сунуштар жок;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги сын-пикирлер жана сунуштар жок;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги сын-пикирлер жана сунуштар жок;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги сунуштар менен;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги сын-пикирлер жана сунуштар жок;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги сын-пикирлер жана сунуштар жок;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сын-пикирлер жана сунуштар жок;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сын-пикирлер жана сунуштар жок;
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги сын-пикирлер жана сунуштар жок;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан (14.09.2023-ж. 03-3/9499 каты менен) тарабынан төмөндөгү сын-пикирлер жана сунуштар берилген.
1. Эске алынган жок.
Мында Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” 50-беренесине ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда сатып алуучу уюм/Агент берүүчүдөн контрактты аткарууну кепилдик камсыздоону сурап алат.
Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген кепилдикти камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган банктык аккредитивдер, банктык кепилдиктер, акча каражаттары, казыналык облигациялар, жеке адамдар же юридикалык жактар тарабынан берилген, кепилдиктерди, күрөөлүк камсыздоону көрсөтүүчүгө депозиттик сертификат түрүндө же камсыз кылынган баалуу кагаздар формасында берүүчүлөр тарабынан берилиши мүмкүн.
Ошондуктан, сунушталган долбоор тарабынан сунушталган өзгөртүүлөрдү кошумча талдоо жана көрсөтүлгөн Мыйзамга ылайык келүү предметине толуктап иштеп чыгуу зарыл.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык сатып алуучу уюм жеткирүүчүдөн контракттын аткарылышын кепилдик камсыз кылууну сурайт.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 11-июлундагы 2-Б буйругу менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча Жобонун 312-пункту аванстык төлөмдөрдү жөнгө салат.
Ушуга байланыштуу бул пункт Кыргыз Республикасынын Мыйзамына “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” карама-каршы келбейт.
2. Эске алынды.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” ченемдик укуктук актыларды күчүнө киргизүүнүн жана мамлекеттик органдарга тапшырма берүүнүн тартиби корутунду жоболор түрүндө берилет.
Ушуга байланыштуу, бул буйруктун күчүнө кириши жөнүндө пункт корутунду жоболор каралышы керек.
Жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү, жарандарга, юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөгөн же алардын абалын начарлатуучу ченемдик укуктук актылардын күчү артка кайтарылбайт.
Ошондой эле, ушул Мыйзамдын 30-беренесине ылайык, эгерде ченемдик укуктук актынын өзүндө башкача каралбаса, ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Бул долбоор жоопкерчиликти белгилебейт жана күчөтпөйт, жарандарга, юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөбөйт, алардын абалын начарлатпайт.
Буга байланыштуу долбоордо буйруктун 2023-жылдын 5-сентябрынан тартып күчүнө кириши боюнча ченем каралган.
3. Эске алынды.
Ошондой эле буйруктун долбоорун жана ага тиркелген документтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы 31-майындагы №313 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча Нускамасынын 76, 82 жана 86-пункттарына ылайык келтирүү зарылдыгын белгилейбиз.
4. Эске алынды.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан (01.10.2023-ж. 06-2/10963 каты менен) тарабынан төмөндөгү сунуш берилген.
“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы аркылуу дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алууга келишимдин суммасынан 100 пайызга чейин аванстык төлөмдөр каралышы мүмкүн.
Баяндалганды эске алуу менен долбоор жыйынтыкталды.
3. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолдору
Ушул буйруктун долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
4. Коомдук талкуулоонун жыйынтыктары жөнүндө маалымат
Бул буйруктун долбоору коомдук талкуулоого тийиш эмес, аткени жарандардын кызыкчылыктарын козгобойт.
5. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келүүсүнө талдоо жүргүзүү
Сунушталган буйруктун долбоору колдонуудагы мыйзам ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге карама-каршы келбейт.
6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат
Бул буйруктун долбоорун ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.
7. Жөнгө салуу таасирин талдоо жөнүндө маалымат
Бул буйруктун долбоору жөнгө салуу таасирине талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт, анткени ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган эмес.
Кыргыз Республикасынын Финансы министри |
А.К.Бакетаев |