Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ
буйруК
2023-жылдын 27-сентябры № 5-Б
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун алкагында, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы:
1) ушул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяласын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйрукту эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, аны жарыялоонун булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин;
3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсү эки нускамада, мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилсин.
3. Күчүн жоготту деп табылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 161-Б “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүү тууралуу” буйругу;
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 122-Б “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” буйругу;
3) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2019-жылдын 28-августундагы № 91-Б “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” буйругу;
4) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2019-жылдын 5-сентябрындагы № 99-Б “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 161-Б “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүү тууралуу” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” буйругу;
5) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2019-жылдын 9-декабрындагы № 136-Б “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 161-Б “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүү тууралуу” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” буйругу;
6) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2020-жылдын 30-ноябрындагы № 122-Б “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 161-Б “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүү тууралуу” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” буйругу;
7) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2020-жылдын 7-декабрындагы № 127-Б “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 161-Б “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүү тууралуу” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” буйругу;
8) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2021-жылдын 27-декабрындагы № 23-Б “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 161-Б “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүү тууралуу” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” буйругу;
9) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2022-жылдын 3-ноябрындагы № 172-Б “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 161-Б “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүү тууралуу” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” буйругу;
4. Ушул буйрук расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өзүнүн чечимдерин ушул буйрукка ылайык келтирүү сунушталсын.
6. Иш кагаздарын жүргүзүү жана аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмү ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бардык түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрүнө жана аймактык башкармалыктарына билдирсин.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору У.М. Аманбаевге жүктөлсүн.
Министрдин м.а., | Р.М.Суйналиев |