Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2023-жылдын 09-ноябрындагы № 176
Жумушчу кесиптердин, кызмат орундарынын жана тарифтик разряддардын жалпы республикалык классификаторун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (мындан ары – Министрлик) 2023-жылдын 26-майындагы № 81 буйругуна ылайык, буйрук кылам:
1. Жумушчулар кесиптеринин, кызмат орундарынын жана тарифтик разряддардын жалпы республикалык классификатору (мындын ары – Классификатор) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Активдүү чараларды өнүктүрүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын Эмгек бөлүмү:
- көрсөтүлгөн Классификаторду иш жүзүндө колдонууга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборуна (Кыргызстандарт) жиберсин;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсү эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, аны жарыялоо булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн ушул буйруктун көчүрмөсү күчүнө кирген күндөн тартып мамлекеттик жана расмий тилдеринде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Санариптик өнүктүрүү жана сатып алууну уюштуруу башкармалыгы ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Министрликтин расмий сайтына жарыяласын.
4. Чечимдердин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын Документтик камсыздоо жана административдик колдоо бөлүмү бул буйрукту аткаруучуларга жеткирсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Министрдин орун басары Ж.А. Полотовага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин mlsp.gov.kg расмий сайтында 2023-жылдын 09-ноябрында жарыяланды.
Министр | Г.М.Баатырова |