Загрузка документа…
КР САЧКӨМнин 2025-жылдын 29-майы № 05/2-17/117 буйругунун редакциясына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2023-жылдын 9-ноябры № 397-ни
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары каражаттары департаментинин жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары жөнүндө
Жарандарга жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары каражаттары департаментинин жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары тиркемеге ылайык бекитилсин:
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмү, ушул буйрук кол коюлган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык, расмий жарыялоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары каражаттары департаменти:
– ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, аны жарыялоонун булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
– ушул буйруктун көчүрмөсүн күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберсин.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр | А.С. Джаныбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинекараштуу Ветеринардык дары каражаттары
департаментинин жеке жана юридикалык жактаргамамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн
стандарттары
| 1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
| |
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
| Жеке жана юридикалык жактардын табыштамалары боюнча ветеринардык дары-дармек каражаттарынын жана тоют кошулмаларынын натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна экспертиза жүргүзүү – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 5-главанын 38-пункту |
2
| Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
| Ветеринардык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын, анын ичинде диагностикалык, дезинфекциялоочу, дератизациялоочу, дезакарициддик каражаттарды (мындан ары - ветеринардык багыттагы каражаттар) жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган (мындан ары-Департамент) |
3
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар
| Кызмат көрсөтүү үчүн кайрылган юридикалык жана жеке жактар: ветеринардык практика менен алектенген ветеринардык адистер, фермерлер, жаныбарлардын, канаттуулардын, балыктардын ээлери, ошондой эле ветеринардык дары каражаттарын өндүрүүчүлөр (өндүрүүчүлөр), тоюттарды жана тоют кошумчаларын ташып келүүчүлөр |
4
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | –“Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы №116 токтому менен бекитилген Ветеринардык дары каражаттары департаментинин жобосу; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: – 2013-жылдын 5-августундагы № 444 “Ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу”; – 2014-жылдын 22-майындагы №268 “Тоюттарды жана Тоют кошулмаларын коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламентти бекитүү тууралуу; |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Сыноо протоколун берүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
| Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: – белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген имаратта; – жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга тоскоолдуксуз кируүсү (ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр), анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн (мындан ары - ДМЧА), кармагыч, пандустар менен жабдылган имарат, жайлар; – кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүү үчүн жерлер, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга кошулууга мүмкүн болбосо - короо ичиндеги), жылуусу, суу түтүктөрү жана телефон болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алууга чектелген убакыт – 20 мүнөт. Ветеринардык экспертиза жүргүзүүгө чектелген убакыт – 4 ай. Акыркы жыйынтык берүүгө чектелген убакыт – 20 мүнөт |
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | |
8 | Керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндөгү маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: Ветеринардык дары-дармек каражаттарын жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча департаменти: 720040, Бишкек ш. Киев, 96 “А”; иш графиги: 9-00дөн 18-00гө чейин, дем алыш күндөрү – ишемби, жекшемби. Түшкү тыныгуу 12:30дан 13:30га чейин; Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg); – агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан: (https://agro.gov.kg/ ); – жазуу жүзүндөгү суроо-талап боюнча (жазуу жүзүндөгү кайрылууга жооп); – оозеки түрдө (телефон боюнча, жеке сүйлөшүүдө); – E-mail аркылуу (өтүнмө ээсинин документтеринин экспертизасын жөнөтүү); – факс аркылуу маалымдоо (мисалы, төлөм үчүн заказ-дүмүрчөктү жөнөтүү). Жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты акысыз алуу үчүн кайрылган ар бир адамга кепилденет; Экспертиза үчүн анкетанын үлгүлөрү жана документтерди даярдоонун тиешелүү жол-жоболору - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин сайтында (https://agro.gov.kg/ ); |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: – Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg); – ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү, маалымат сайттары); – агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайты: (https://agro.gov.kg/ ); – маалымат такталары, брошюралар, буклеттер; – жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; – аккредитациялоо жана шайкештикти баалоо боюнча органдардын компетенциясын тастыктоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасы; Даректери, телефон номерлери, электрондук почтанын даректери жана иштөө режимдери, мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге Департменттин тактасында, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жайгаштырылат (https://agro.gov.kg/ ); |
| Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | |
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана Департаменттин кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалымат тактача илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдж) болот. Керектөөчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак-ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү, коюлган маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга билүү, анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар үчүн (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада берилет |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Ветеринардык дары каражаттарын экспертизадан өткөрүү үчүн төмөндөгүлөрдү тапшыруу зарыл: – белгиленген формадагы арыз; – белгиленген формадагы сунуштама кат фирмалык бланкта; – өндүрүүчү-өлкөдө жана башка өлкөлөрдө ветеринардык дары каражатын каттоо жөнүндө тастыктама (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмө); – ветеринардык дары каражатына, субстанцияга жана кошумча затка карата шайкештик тастыктамасы; – GMР тастыктамасы же сапат менеджментинин системасы боюнча башка тастыктамалар (эгер ал өндүрүүчүдө бар болсо); – сапатты контролдоо үчүн колдонулуучу ченемдик документ; – ветеринардык дары каражатынын туруктуулугун изилдөө боюнча аналитикалык документтер; – тажрыйбалык-өндүрүштүк же технологиялык регламент (ата-мекендик өндүрүүчүлөр үчүн); – маркировкасы бар стандарттык таңгактын үлгүсү; – препаратка жана/же товардык белгиге патенттик коргоо бар болгондо – ветеринардык дары каражатынын патенттик тазалыгын күбөлөндүрүүчү патенттин көчүрмөсү же патенттик формуляр же бул дары каражаты патенттик тазалыкты текшерүүгө жатпай тургандыгы жөнүндө маалымкат; – товардык белгинин катталышын күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү; – колдонуу боюнча нускама, төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен: – фирма-өндүрүүчү жөнүндө маалыматтар; – дары каражатынын аталышы; – курамы; – фармакотерапевттик тобу; – көрсөтмөлөр жана каршы көрсөтмөлөр; – зыяндуу таасирлер; – колдонуу ыкмасы; – сактоо шарттары; – акыркы жолу препаратты бергенден жаныбарды сойгонго чейинки мезгилдин аралыгын көрсөтүү менен маалыматтар; – микроорганизмдердин (вирустардын, бактериялардын, грибоктордун ж.б.) штаммдарынын касиеттерин, алардын культивациялоо методдорун баяндоо, биологиялык каражаттын иммуногендүүлүгүн, анын авируленттүлүгүн, зыянсыздыгын, натыйжалуулугун изилдөө, мал чарбачылыгынын продукциясын колдонуу мөөнөтү жана тартиби; – ветеринардык практикада колдонуунун натыйжалуулугу жана коопсуздугу боюнча эксперименттик маалыматтар; – шайкештик тастыктамасы менен 3 эселенген талдоо үчүн үлгүлөр; –референс-стандарттар, ветеринардык дары каражаттарынын жана кошулмаларынын стандарт үлгүлөрү өндүрүүчүнүн шайкештик тастыктамасы менен; – өзгөчө реактивдер (зарыл болсо). Тоют кошулмаларын экспертизадан өткөрүү үчүн төмөндөгүлөрдү тапшыруу зарыл: – белгиленген формадагы арыз; табыштамачынын аты-жөнү, дареги, турган жери; продукциянын чыгарылышы тууралуу документтер, мамлекеттик каттоонун объектисинин касиетин мүнөздөгөн сүрөттөө; – продукциянын чет өлкөлөрдө катталганы жана колдонулушу тууралуу маалымат; – аккредиттелген сыноо лабораториясында жүргүзүлгөн жаңы түрүнүн үлгүсүн изилдөөнүн (сыноонун) натыйжалары; – тоютту же тоют кошумчасын колдонуу боюнча нускаманы; – коопсуздукту жана сапатты контролдоо методу боюнча ченемдик документтерди. |
13
| Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөөнүн негизинде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин буйругу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал кызмат көрсөтүү жерлеринде маалымат такталарына жана агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат |
14
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: – кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; – жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, мүлк жана башка ынанымы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; – жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; – кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; – мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; – аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; – жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
| Электрондук кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык, электрондук форматта электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы – portal.tunduk.kg аркылуу кызматты алууга суроо-талапты (арызды) кабыл алуу бөлүгүндө көрсөтүлөт. Эскертүү: электрондук арыз жөнөтүү үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg порталында каттоодон өтүшү керек Онлайн интерактивдүүлүк этабы – 3 веб-баракчада электрондук түрдө арызды толтуруу жана кагазга басып чыгарбастан мамлекеттик органдын кароосуна кабыл алуу функциясы бар |
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | |
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет: – кызмат көрсөтүү үчүн кайрылган адамдын аны алууга укугу же башка жактын атынан иш алып барууга ыйгарым укугу жок болсо; – керектөөчү ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди толук бербегенде; – продукциянын курамында Кыргыз Республикасында пайдаланууга тыюу салынган заттарды жана материалдарды колдонуу; – берилген документтерде чындыкка дал келбеген маалыматтардын болушу; – мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы төлөнбөгөндө. |
17
| Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен Департаментке, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар Департменттин, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси Департаменттин, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес каралып туруусу керек |
18
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес каралып туруусу керек |