Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1999-жылдын 25-марты № 34
Туризм жөнүндө
(КР 2003-жылдын 21-октябрындагы № 218, 2013-жылдын 5-декабрындагы № 211, 2017-жылдын 10-майындагы № 79, 2024-жылдын 10-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I бөлүм. Жалпы жоболор
II бөлүм. Мамлекеттик органдардын, туристтик иш-аракеттердин субъектилеринин жана туристтердин укуктары жана
милдеттери
III бөлүм. Туризмдин экономикалык ишин уюштуруу жана каржылоо
IV бөлүм. Коопсуздукту камсыз кылуу жана камсыздандыруу
V бөлүм. Туристтик иш жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын курчаган жаратылыш чөйрөсүнө жана тарыхый-маданий мурас болуп саналган объектилерин коргоо
VI бөлүм. Корутунду жоболор
Ушул Мыйзам туризмдин жана бул чөйрөдөгү иш-аракеттердин укуктук, экономикалык, социалдык жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт, жарандардын эс алууга, бош убактысын өткөрүүгө жана ишкерликти өнүктүрүүгө укуктарын жүзөгө ашырууга багытталган.
I бөлүм Жалпы жоболор
1-статья. Негизи түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылды:
туризм - Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын (мындан ары - жарандар) убактылуу барган өлкөдө (жерде) акы төлөнүүчү иш жүргүзбөстөн, ден соолукту чыңдоо, таанышуу же кесиптик-ишкерлик, спорттук, диний жана башка максатта туруктуу жашаган жерине убактылуу кетүүсү (саякаттоосу);
турист - акы төлөнүүчү иш менен алектенүүгө укугу жок, ден соолукту чыңдоо, таанышуу, кесиптик-ишкердик, спорттук, диний жана башка максаттарда убактылуу башка өлкөгө (жерге) удаасы менен 6 айга чейинки же бир түндөн кем эмес мөөнөткө келген адам;
тур - туристтерди жайгаштыруу, ташуу, тамактандыруу боюнча кызматтардын комплекси, экскурсиялык кызмат, котормочу-гиддердин кызматы жана саякаттын максатына жараша көрсөтүлүүчү башка кызматтар;
туристтик ресурстар - туристтерге көрсөтүлүүчү объектилерди камтыган, табигый, тарыхый, социалдык-маданий объектилер, ошондой эле туристтердин руханий керектөөлөрүн канааттандырууга, алардын дене тарбиясын жана ден соолугун калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү башка объектилер;
туристтик ишмердүүлүк - туроператордук жана турагенттик ишмердүүлүк, ошондой эле саякатты уюштуруу боюнча башка ишмердүүлүк;
ички туризм - Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган адамдардын Кыргыз Республикасынын ичиндеги саякаттары же жүрүштөрү;
чыгуу туризми - Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган адамдардын башка өлкөгө болгон саякаттары же жүрүштөрү;
кирүү туризми - Кыргыз Республикасында туруктуу жашабаган адамдардын Кыргыз Республикасынын чегинде саякаттары же жүрүштөрү;
социалдык туризм - мамлекет тарабынан социалдык муктаждыктарга бөлүнгөн каражаттардан субсидиялануучу саякаттар же жүрүштөр;
өз алдынча туризм - туристтер жүрүштөрдүн активдүү ыкмаларын колдонуу менен өз алдынча уюштуруучу саякат же жүрүштөр;
туристтик продукт - жарандарга (туристтерге) көрсөтүлүүчү кызматтардын жыйындысы;
туристтик өндүрүмдү жылдыруу - туристтик өндүрүмдү ишке ашырууга (жарнама, атайын көргөзмөлөргө, жарманкелерге катышуу, туристтик өндүрүмдү сатуу боюнча туристтик маалымат борборлорун уюштуруу, каталогдорду, китепче-баракчаларды чыгаруу жана башкалар) багытталган чаралардын жыйындысы;
туристтик кызмат көрсөтүү - жолдомо боюнча же мыйзамда уруксат берилген акы төлөөнүн ар кандай башка түрү менен туристтик индустриянын ишканасы тарабынан туристке көрсөтүлүүчү, туристтердин керектөөлөрүн канааттандыруу жана аларды тейлөө менен тике же кыйыр байланышы бар материалдык эмес товардык продукция;
экскурсиялык ишмердүүлүк - жаратылыш, тарых жана маданият эстеликтери, музейлер жана башкалар менен тааныштыруу максатында күн мурунтан түзүлгөн маршруттар боюнча адис-экскурсоводдун коштоосунда 24 саатка чейинки мөөнөттө саякаттарды уюштуруу боюнча ишмердүүлүк;
туристтик иштердин субъектилери - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган, менчигинин формасы ар кандай ишканалар, мекемелер, уюмдар, жеке жактар;
туристтик индустрия - мейманканалардын жана туристтерди жайгаштыруучу башка каражаттардын, транспорт каражаттарынын, коомдук тамактануу объектилеринин, оюн-зоок объектилеринин жана каражаттарынын, тааныштыруучу, ишкерлик кылуучу, ден соолукту чыңдоочу, спорттук жана башка багыттагы объектилердин, туроператордук жана турагенттик ишмердүүлүктү жүргүзгөн уюмдардын, ошондой эле экскурсиялык кызмат жана котормочу-гиддердин кызматын көрсөтүүчү уюмдардын жыйындысы;
туроператордук ишмердүүлүк - юридикалык жак же жеке ишкер (мындан ары - туроператор) тарабынан жүргүзүлүүчү туристтик өндүрүмдү түзүү, алдыга жылдыруу жана сатуу боюнча ишмердүүлүк;
турагенттик ишмердүүлүк - юридикалык жак же жеке ишкер (мындан ары - турагент) тарабынан жүргүзүлүүчү туристтик өндүрүмдү алдыга жылдыруу жана сатуу боюнча ишмердүүлүк;
туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - туризм чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
котормочу-гиддин кызматы - туристтерди убактылуу барган өлкөдөгү (жердеги) туристтик ресурстар менен тааныштыруу боюнча кесиптик даярдыгы бар жеке адамдын ишмердүүлүгү;
туристтик жолдомо - туристтик продуктуну берүү фактысын ырастаган документ;
келишим (контракт) - туристтик ишмердүүлүктүн субъектилери менен туристтердин ортосундагы макулдашууну ырастаган, туристтик кызматтын предметин, анын наркын, аткарылуу мөөнөтүн жана тартибин, анын шарттарынын бузулушу үчүн тараптардын материалдык жоопкерчилигинин конкреттүү өлчөмүн макулдашууну тастыктоочу документи.
туристтик ишмердүүлүктүн субъекттеринин жана туристтик ресурстардын бирдиктүү мамлекеттик реестри - Кыргыз Республикасынын туристтик ишмердүүлүктүн субъекттери жана туристтик ресурстары жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтык ресурс;
туруктуу туризм - туризмдин түрү, мында айлана-чөйрөнүн ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу камсыз кылынат, кабыл алуучу коомдоштуктардын социалдык-маданий өзгөчөлүктөрү колдоого алынат, узак мөөнөттүү экономикалык процесстердин натыйжалуулугу жана жашоого ылайыктуулугу камсыз кылынат, ал эми туризмди өнүктүрүүдөн алынган каражаттардын бир бөлүгү туристтик ресурстарды калыбына келтирүүгө жана туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү технологияларын өркүндөтүүгө багытталат;
туризмди туруктуу өнүктүрүү - узак мөөнөттүү мезгилге багытталган туризмди өнүктүрүү, мында өнүгүүнүн экономикалык, экологиялык, социалдык жана маданий максаттарын ишке ашырууда тең салмактуулукка жетишилет, туристтик ресурстарды сарамжалдуу пайдалануунун жана ар тараптуу өнөктөштүктүн негизинде бардык кызыкдар тараптардын кызыкчылыктары эске алынат;
маркетингдик ишмердүүлүк - Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлүүчү туристтик өндүрүмдөргө жана кызмат көрсөтүүлөргө көңүл бурдуруу үчүн атайын иш-чараларды уюштурууга багытталган ишмердүүлүк
(КР 2003-жылдын 21-октябрындагы № 218, 2013-жылдын 5-декабрындагы № 211, 2024-жылдын 10-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья. Кыргыз Республикасынын туризм жөнүндө мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын туризм жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана ушул Мыйзамдын негизинде кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актылардан турат.
(КР 2013-жылдын 5-декабрындагы № 211 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
II бөлүм. Мамлекеттик органдардын, туристик иш-аракеттердин субъектилеринин жана туристтердин укуктары жана милдеттери
3-статья. Туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат
Туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат төмөндөгүлөрдү карайт:
- өлкөнүн экономикасынын артыкчылык кылган тармагы катары туризмди өнүктүрүүнү жана туризм жагынан иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү;
- жарандардын эс алуу, эркин жүрүү укуктарын жана саякат жасоо учурундагы башка укуктарын камсыз кылууну;
- туризм чөйрөсүндө каржылык жана валюталык мамилелерди жөнгө салууну;
- туризмди өнүктүрүүнүн келечектүү мамлекеттик программаларын каржылоону;
- туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, жеке менчик туристтик уюмдардын жана туристтик индустриянын объектилеринин ишин координациялоону;
- туризм чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салган укуктук базаны иштеп чыгууну жана өркүндөтүүнү;
- эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана адистерди кесиптик даярдоого көмөк көрсөтүүнү;
- туризм чөйрөсүндө илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүнү;
- туруктуу туризмди өнүктүрүүнү;
- туристтердин коопсуздугун камсыз кылууну;
- маркетингдик иш-чараларды өткөрүүнү, өлкөнүн оң имиджин түзүүнү;
- туристтик инфратүзүмдү өнүктүрүүнү;
- эл аралык стандарттарга ылайык туризмди туруктуу өнүктүрүүнү;
- туризм анын ичинде жер чөйрөсүндө мамлекеттик менчик ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну;
- туризмдин айрым аймактарына, түрлөрүнө жана борборлоруна дифференцияланган мамилени колдонууну.
(КР 2003-жылдын 21-октябрындагы № 218, 2013-жылдын 5-декабрындагы № 211, 2024-жылдын 10-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-статья. Туристтик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салуу
Туристтик ишмердүүлүктүн субъектилери менен туристтердин ортосундагы өз ара мамилелер туристтик саякаттын предметин, көрсөтүлүүчү кызматтардын санын жана сапатын, алардын наркын, аткаруу мөөнөтүн жана тартибин, анын шарттарын бузгандыгы үчүн тараптардын материалдык жоопкерчилигинин конкреттүү өлчөмүн өзүнө камтыган келишимдердин (контракттардын) негизинде түзүлөт.
Туристтердин укуктарын кыскан жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жагынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдерге жана эрежелерге каршы келген келишимдин шарттары жараксыз деп табылат.
Эгерде туристтердин укуктарын кыскан келишимди (контрактты) аткаруунун натыйжасында туристтер зыян тартса, анда туристтик иш жүргүзгөн субъектилер аны толук көлөмүндө өндүрүп беришет.
Туристтик ишмердүүлүк жүргүзгөн субъектилер туристтердин макулдугусуз аларга акы төлөнүүчү кошумча кызмат көрсөтүүгө укуксуз. Туристтер өздөрүнүн макулдугусуз көрсөтүлгөн кошумча кызмат үчүн төлөгөн суммасын кайтарып берүүнү туристтик ишмердүүлүк жүргүзгөн субъектилерден талап кылууга же туристтик ишмердүүлүк жүргүзгөн субъектке зыянды төлөп бербестен келишимди (контракты) бузууга укуктуу. Форс-мажордук жагдайлардан улам баа кымбаттаган учурда, пикир келишпестиктер тараптардын ортосунда макулдашууга жетишүү жолу менен же соттук тартипте чечилет.
Туристтерди жайгаштыруу каражаттарын классификациялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипке ылайык ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.
(КР 2024-жылдын 10-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
41-статья. Туристтик ресурстардын жана туристтик ишмердүүлүктүн субъекттеринин бирдиктүү мамлекеттик реестри
Туристтик ресурстардын жана туристтик ишмердүүлүктүн субъекттеринин бирдиктүү мамлекеттик реестри төмөнкүлөрдөн турат:
- Кыргыз Республикасынын туристтик ресурстарынын реестринен;
- туристтик ишмердүүлүктүн субъекттеринин реестринен.
Туристтик ресурстардын реестри жаратылышты коргоо мыйзамдарында каралган айлана-чөйрөгө жол берилген таасирди эске алуу менен туристтик ресурстардын статусу, алардын географиялык абалы, чектери, коргоо режими жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
Туристтик ишмердүүлүктүн субъекттеринин реестри Кыргыз Республикасында туристтик кызмат көрсөтүүчү адамдар - туристтик кызмат көрсөтүүчүлөр жөнүндө маалыматты камтыйт. Туристтик ишмердүүлүктүн субъекттерин реестрге киргизүүнү кабарлоо тартибинде ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырылат.
Туристтик ресурстардын жана туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн субъекттеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР 2024-жылдын 10-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-статья. Туристтик иш жүргүзгөн субъектилердин укуктары жана милдеттери
Туристтик иш жүргүзгөн субъектилердин укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
Туристтик иш жүргүзгөн субъект төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- түзүлгөн келишимге (контрактка) ылайык туристтик кызмат көрсөтүүгө;
- түзүлгөн келишимдин (контракттын) шартына ылайык туристтин өмүрүнүн, ден соолугунун коопсуздук чараларын жана мүлкүнүн сакталышын камсыз кылууга;
- туристтерди алар келген өлкөдөгү мыйзамдар жана эрежелер менен тааныштырууга;
- туристке турду уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө толук жана анык маалымат берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана турист менен түзүлгөн келишимге (контрактка) ылайык чет өлкөлүк туристтердин өз учурунда катталышын жана Кыргыз Республикасынан жөнөп кетишин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары болгон туристтердин убактылуу болгон өлкөдөн (жерден) өз учурунда кайтып келүүсүн камсыз кылууга.
Туристтик иш жүргүзгөн субъект турду уюштурууда жана жүзөгө ашырууда милдеттенмелерин аткарбаган учурда өз аракети үчүн, ошондой эле туристтерди жайгаштыруу, тамактандыруу, транспорт менен тейлөө кызматтарын жана саякаттоо программасына киргизилген жана жолдомодо көрсөтүлгөн башка кызматтарды көрсөтүүчү өздөрүнүн өнөктөрүнүн турду уюштуруу боюнча аракеттери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардардын алдында жооп тартат.
Туристтердин кетүү жана (же) кайтып келүү мөөнөттөрү бузулган учурда (форс-мажордук жагдайларды кошпогондо) туристтик иш жүргүзгөн субъект туристтин жолдомосунун узарган ар бир күнү үчүн анын наркынын үч проценти өлчөмүндө туристке (бирок жолдомонун жалпы наркынан ашпаган) айып төлөм төлөп берет. Туристтер менен туристтик иш жүргүзгөн субъектилердин ортосундагы келишимде айып төлөмдүн алда канча жогорку өлчөмү белгилениши мүмкүн.
6-статья. Туристтин укуктары жана милдеттери
Саякатка даярдык көрүүдө, анын жүрүшүндө, транзитти кошкондо турист төмөндөгүлөргө укуктуу:
- убактылуу барган өлкөгө (жерге) кирүү эрежелери жана ал жерде болуу эрежелери жөнүндө, жергиликтүү калктын каада-салттары жөнүндө, диний ырым-жырымдар, ыйык жерлери, тарых, маданият эстеликтери жана туристтерге көрсөтүлүүчү өзгөчө кайтаруудагы башка объектилер, курчаган жаратылыш чөйрөсүнүн абалы жөнүндө зарыл жана анык маалымат алууга;
- убактылуу болгон өлкөдө (жерде) кабыл алынган ченемдик укуктук актылар менен белгиленген чектөөчү чараларды эске алуу менен эркин саякаттоого, туристтик ресурстар менен эркин таанышууга;
- жеке коопсуздугун, өздөрүнүн керектөө укуктарын жана өз мүлкүнүн сакталышын камсыз кылууга, медициналык кечиктирилгис жардамды тоскоолсуз алууга;
- келишимдин (контракттын) шарттары аткарылбаган учурда тарткан чыгашасын өндүрүп алууга жана моралдык зыянды компенсациялоого;
- укуктук жана кечиктирилгис жардамдын ар кандай түрлөрүн алууда убактылуу болгон өлкөнүн (жердин) мамлекеттик бийлик органдарынын (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын) көмөк көрсөтүүсүнө;
- байланыш каражаттарынан тоскоолсуз пайдаланууга;
-келишимде (контракта) жана болуу программасында каралган туристтик кызматтарды толугу менен алууга;
- сантехникалык жасалгалардан, өзгөчө убактылуу жайгашкан жерде, тамактануу ишканаларында жана транспортто тийиштүү гигиена каражаттарын пайдаланууга, жугуштуу оорулардын, кокустуктардын алдын алуучу натыйжалуу чаралар жөнүндө маалымат алууга.
Транзитти кошкондо саякат учурунда туристтер төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- убактылуу болгон өлкөнүн (жердин) мыйзамдарын сактоо, анын саясий жана социалдык түзүлүшүн, каада-салттарын, үрп-адаттарын, жергиликтүү калктын диний көз караштарын урматтоого;
- курчаган жаратылыш чөйрөсүнө, тарых жана маданият эстеликтерине, ыйык жайларга жана өзгөчө кайтаруудагы объектилерге сарамжал мамиле кылууга;
- убактылуу болгон (транзит) өлкөгө (жерге) кирүү жана чыгуу эрежелерин сактоого;
- жеке коопсуздук эрежелерин сактоого.
7-статья. Туристтик ишти лицензиялоо
(КР 2003-жылдын 21-октябрындагы № 218 Мыйзамына ылайык алынып салынган)
III бөлүм. Туризмдин экономикалык ишин уюштуруу жана каржылоо
8-статья. Туризм чөйрөсүндөгү экономикалык иштер
Туризм чөйрөсүндөгү экономикалык ишмердүүлүк акчалай каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуудан жана туризмдин жаңы материалдык-техникалык базасын түзүүдөн, ошондой эле мамлекеттик бюджетте валюталык кирешелердин көбөйүүсүнөн, туристтик ишмердүүлүктүн субъекттеринин каражаттарын кооперациялоодон, калкты иш менен камсыз кылуудан жана анын ар кандай керектөөлөрүн канааттандырууну камсыз кылуудан турат.
Туристтик ишмердүүлүк жүргүзгөн субъектилердин негизги милдеттерине төмөндөгүлөр кирет:
- туристтик өндүрүмдү түзүү:
- туристтик кызмат көрсөтүү рыногун түзүү;
- туризмдин инфратүзүмүн жакшыртуу;
- туристтик кызмат көрсөтүү;
- ички, кирүүчү жана чыгуучу туризмди өнүктүрүү;
- туристтик долбоорлорду ишке ашырууда эл аралык аянтчаларды пайдалануу үчүн туризмди өнүктүрүү маселелери боюнча чет өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты өнүктүрүү.
Туристтик ишмердүүлүктү жүргүзүүнүн кирешеси төмөндөгүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- негизги ишмердүүлүктөн;
- туристтердин мейманканаларда, мотелдерде, кемпингдерде жана башкаларда жашоосунан;
- тамак-аш ишканаларынын туристтерди тейлөөсүнөн;
- туристтерди транспорттук тейлөөдөн;
- кошумча кызмат көрсөтүүлөрдөн жана ишмердүүлүктүн башка түрлөрүнөн.
Туристтик ишмердүүлүк жүргүзгөн субъектилердин пайдасынан (кирешесинен) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык алынат. Курчаган жаратылыш чөйрөсүн жана тарыхый-маданий мурастардын объектилерин коргоо максатында ушул субъектилер өз пайдасынын бир бөлүгүн максаттуу пайдалануу үчүн жергиликтүү бюджетке бериши мүмкүн.
(КР 2024-жылдын 10-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-статья. Туризмди каржылоо булактары
Туристтик иш-аракеттер төмөндөгүлөрдүн эсебинен ишке ашырылат:
- туристтик иш жүргүзгөн субъектилердин өз каржы ресурстарынан, жарандардын жана юридикалык жактардын акчалай аманаттарынан;
- ата мекендик инвестициялардан, кредиттерден, ссудалардан;
- ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана жарандардын акысыз жана кайрымдуулук кошумчаларынан, аманаттарынан;
- (5-абзац КР 2017-жылдын 10-майындагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- ссудалардан (облигациялык заемдордон), банктык жана бюджеттик кредиттерден;
- чет өлкөлүк инвестициялардан.
(КР 2017-жылдын 10-майындагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
IV бөлүм. Коопсуздукту камсыз кылуу жана камсыздандыруу
10-статья. Туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу
Коопсуздук деген түшүнүк туристтердин жеке коопсуздугун жана саякат учурунда алардын мүлкүнүн сакталышын камтыйт.
Туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган туроператорлорго, турагенттерге жана туристтерге алар убактылуу болушкан өлкөдөгү (жердеги) коопсуздукка коркунуч туурасында маалымдайт.
Мамлекеттик органдар уюштуруучулары болуп саналган маалымат каражаттары туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга туристтердин коопсуздугуна коркунуч келип жаткандыгы жөнүндө маалыматты токтоосуз жана акысыз түрдө жарыялоого мүмкүнчүлүк берет.
Туроператорлор жана турагенттер саякаттын өзгөчөлүктөрү жөнүндө жана саякат учурунда алар дуушар болушу мүмкүн болгон коркунучтар жөнүндө туристтерге толук маалыматтарды берүүгө жана туристтердин коопсуздугун камсыз кылууга багытталган эскертүү чараларын көрүүгө милдеттүү.
Туроператорлор жана турагенттер туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жана тиешелүү адамдарга саякат учурунда туристтер дуушар болгон өзгөчө окуялар жөнүндө, ошондой эле саякаттан кайтпай калган туристтер жөнүндө токтоосуз маалымат берүүгө милдеттүү.
Жугуштуу оорулардын деңгээли жогору болуп жаткан өлкөгө (жерге) саякат жасоого ниеттенген туристтер эл аралык медициналык талаптарга ылайык алдын алуу чараларын көрүүгө милдеттүү.
(КР 2013-жылдын 5-декабрындагы № 211 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде өзгөчө кырдаалга дуушар болгон учурда Кыргыз Республикасынын жарандары болушкан туристтердин кызыкчылыгын коргоо
Өзгөчө кырдаал пайда болгон учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, туристтик ишмердүүлүктүн субъектилери Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлердеги Кыргыз Республикасынын жарандары болушкан туристтердин кызыкчылыгын коргоо боюнча чараларды, анын ичинде алар убактылуу жүргөн өлкөдөн (жерден) туристтерди эвакуациялоо боюнча чараларды көрөт.
(КР 2024-жылдын 10-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-статья. Туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча адистеш тирилген кызматтар
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерде кырсыкка учураган туристтерге зарыл жардам көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган атайын кызматтар тарабынан ишке ашырылат.
(КР 2024-жылдын 10-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-статья. Туристтик иш-аракеттерди жүргүзүүдө камсыздандыруу
Туристтерди камсыздандыруу (медициналык же кырсыктан) милдеттүү болуп саналат жана мындай иш жүргүзүүгө укуктуу болгон улуттук камсыздандыруу компаниялары менен макулдашуунун негизинде туристтик иш жүргүзгөн субъектилер тарабынан ишке ашырылат.
Камсыздандыруу полисинде туристтерге медициналык жардам көрсөтүүгө акы төлөө жана тикеден-тике убактылуу жүргөн өлкөдө (жерде) камсыздандырууга туура келген учурда алардын тарткан чыгашасын өндүрүп берүү каралат.
V бөлүм. Туристтик иш жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын курчаган жаратылыш чөйрөсүнө жана тарыхый-маданий мурас болуп саналган объектиле рин коргоо
14-статья. Кыргыз Республикасынын курчаган жаратылыш чөйрөсүнө жана тарыхый-маданий мурас болуп саналган объектилерине келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик
Туристтик иш жүргүзгөн субъектилер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык туристтик максатта өздөштүрүү жана эксплуатациялоо шартында курчаган жаратылыш чөйрөсүнүн жана тарыхый-маданий мурас болуп саналган объектилердин жана менчиктин мамлекеттик жана жекече формаларындагы башка объектилердин сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
Туристтик иш жүргүзгөн субъектилер туристтик объектилерди долбоорлоодо, жайгаштырууда, курууда жана реконструкциялоодо экологиялык коопсуздук жана тарыхый-маданий эстеликтерди коргоо боюнча талаптарды аткарууга, курчаган жаратылыш чөйрөсүнө жана тарыхый-маданий мурас болуп саналган объектилерге туристтик объектилердин зыяндуу таасирин токтотуу боюнча чара көрүүгө, келтирилген зыянды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык компенсациялоого тийиш.
VI бөлүм. Корутунду жоболор
15-статья. Туризм тармагы үчүн кадрларды даярдоо
Туризм чөйрөсүндөгү адистерди кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн багыттарынын жана адистиктеринин мамлекеттик классификаторлору тарабынан белгиленген адистиктер боюнча жогорку кесиптик жана орто кесиптик окуу жайлар тарабынан, ошондой эле туристтик индустрияны өнүктүрүүнүн керектөөлөрүнө ылайык башка адистиктердин бүтүрүүчүлөрүн адистештирүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
Туризм тармагында иштеген кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана стажировкалоо туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аныктаган тартипте ишке ашырылат.
Туризм тармагында иштеген кызматкерлерди даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана стажировкалоо туризм чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органга каралган каражаттардын жана туристтик иш жүргүзгөн субъектилердин каражатынын эсебинен аткарылат.
(4-бөлүгү КР 2013-жылдын 5-декабрындагы № 211 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Туристтик иш жүргүзгөн субъектилер үчүн тейлөөчү персоналды даярдоо жана кайра даярдоо кадрларды кесиптик жактан даярдоочу окуу жайлары, ошондой эле жогорку кесиптик жана орто кесиптик окуу жайлардын кыска мөөнөттүү курстары тарабынан ишке ашырылат.
(КР 2003-жылдын 21-октябрындагы № 218, 2013-жылдын 5-декабрындагы № 211 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
16-статья. Туризм чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык
Туризм чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР 2013-жылдын 5-декабрындагы № 211 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-статья. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза, жарандык мыйзамдарында жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте белгиленет.
(КР 2024-жылдын 10-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши жөнүндө
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |