Редакцияот 08.06.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2012-жылдын 8-июну № 85

Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6, 7-пункттарына, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө" Жобого, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Жобого ылайык, Жукеш уулу Максатбектин, Р.И.Жееналиеванын аларды өз каалоолору боюнча комиссиянын курамынан жана резервинен чыгаруу тууралуу арыздарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан комиссиянын мүчөсү Жукеш уулу Максатбек чыгарылсын.

2. Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан "Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы" саясий партиясынан Жееналиева Роза Ибраимовна чыгарылсын.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов