Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-июлу № 89
Кадамжай, Ала-Бука, Бакай-Ата, Алай, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын айыл өкмөт башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитүү жөнүндө
2012-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 8-июнундагы № 83 жана № 84 токтомдору менен дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык аймагынын, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ак-Там айылдык аймагынын, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шадыкан айылдык аймагынын, Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алай айылдык аймагынын жана Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү.
Кадамжай, Ала-Бука, Бакай-Ата, Алай, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө түшкөн протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 24-пункттарына, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 3-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобосунун 38-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык аймагынын, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ак-Там айылдык аймагынын, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шадыкан айылдык аймагынын, Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алай айылдык аймагынын жана Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын айыл өкмөт башчыларын шайлоо өттү деп эсептелинсин.
2. Кадамжай, Ала-Бука, Бакай-Ата, Алай, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын айыл өкмөт башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
3. Төмөнкү талапкерлер айыл өкмөт башчысы болуп шайланды деп эсептелинсин:
1) Майдан айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы - Ташов Асамидин Мамазаирович;
2) Ак-Там айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы - Балтаев Кенжекул Шабданович;
3) Шадыкан айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы - Ызабеков Медеркул Сагынбекович;
4) Жаңы-Алай айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы - Исмаилов Абдибап Эргешович;
5) Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы - Шаимкулов Исамидин Абдиваитович.
4. Шайланган айыл өкмөт башчыларына бекитилген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.
Төраганын ыйгарым укуктарын аткаруучу | А.Шайымкулова |