Загрузка документа…
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 28-июлундагы № 89 токтомуна ылайык күчүн жоготкон
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-октябры № 120
"Добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөөнүн, участкалык, аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун толтуруунун жана добуш берүүнүн натыйжасы тууралуу протоколго киргизилген маалыматтардын контролдук катышын текшерүүнүн тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36, 37-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөөнүн, участкалык, аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун толтуруунун жана добуш берүүнүн натыйжасы тууралуу протоколго киргизилген маалыматтардын контролдук катышын текшерүүнүн тартиби жөнүндө" Жобо бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 24-октябрындагы № 120 токтому менен бекитилген |
Добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөөнүн, участкалык, аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун толтуруунун жана добуш берүүнүн натыйжасы тууралу протоколго киргизилген маалыматтардын контролдук катышын текшерүүнүн
ТАРТИБИ
1. Шайлоочулардын добуштарын эсептөө участкалык шайлоо комиссияларынын жыйналышында анын мүчөлөрү тарабынан гана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдо жана анын чоңойтулган формасында (шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген орунга илинип коюлат) шайлоо бюллетендерин, шайлоо бюллетендеринин дүмүрчөктөрүн жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө боюнча аткарылуучу аракеттердин бардык натыйжалары жөнүндө ырааттуу жарыялоону жана тиешелүү түрдө жол-жоболоштуруу менен ачык жана айкын жүзөгө ашырылат ("Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР Мыйзамы, 36-берене).
2. Добуштарды эсептөө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө процессинде талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан фотосүрөткө, киного, видеого тартуулар жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
3. Шайлоочулардын добуштарын эсептөө шайлоочулардын добуш берүүсү өткөрүлгөн жайда добуш берүү аяктаары менен башталат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленгенге чейин үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз эсептөө жүргүзүлгөн орун ага участкалык шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү киргендей болуп жабдылууга тийиш. Мында эсептөө учурунда катышып олтурган бардык адамдар үчүн участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн аракеттеринин толук көрүнүп турушу камсыздалуусу зарыл.
4. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын албаганда, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө добуштарды эсептөө учурунда жазуу буюмдарын пайдаланууга тыюу салынат.
5. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясынын протоколунда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
а) нусканын номери;
б) шайлоо деңгээлинин белгилениши;
в) "Протокол "деген сөз;
г) шайлоо участкасынын номерин көрсөтүү менен шайлоо округунун жана комиссиянын аталышы;
д) протоколдордун саптары:
1-сап: Талапкерлердин фамилиясы, аты жана атасынын аты, шаарларда саясий партиялардын аталышы (шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн тартипте), "Бардыгына каршы" позициясына жана ар бир талапкерге (шайлоочулардын тизмесине) берген шайлоочулардын добуштарынын саны;
2-сап: шайлоо участкасында шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын саны;
3-сап: участкалык шайлоо комиссиясы алган шайлоо бюллетендеринин саны;
4-сап: жокко чыгарылган бюллетендердин саны;
5-сап: берилген шайлоо бюллетендеринин саны
(5 = 5а + 5б + 5в + 5г);
5а сабы: мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын саны;
5б сабы: добуш берүү жайында шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын саны;
5в сабы: добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү үчүн бюллетендерди алган шайлоочулардын (жарактуу көчмө үкөктөр боюнча) саны;
5г сабы: добуш берүү үчүн бюллетендерди жараксыз көчмө үкөктөрдөн алган шайлоочулардын саны;
6-сап: жараксыз көчмө үкөктөрдөн алынган бюллетендердин саны;
7-сап: жарактуу шайлоо бюллетендеринин саны;
8-сап: жараксыз шайлоо бюллетендеринин саны (жараксыз көчмө үкөктөрдөн алынган бюллетендер эсептелбейт, башкача айтканда, 6-сап эсептелбейт).
Саптарда көрсөтүлгөн сандар добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколго цифра жана сөз менен жазылат. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол шарик калемдери менен гана толтурулат.
6. Бардык жогору турган шайлоо комиссияларынын жыйынды таблицалары участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун саптарына шайкеш келиши керек.
7. Шайлоо бюллетендерин берүүгө жооптуу участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү пайдаланылбай калган бюллетендерди санап чыгышат, аларды оң жагынын астыңкы бурчун кесүү менен жокко чыгарышат (мында катталган талапкерлер, талапкерлердин тизмеси жөнүндө маалыматтардын оң жагында жайгашкан чакмактарга тийүүгө жол берилбейт) жана ведомость боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына беришет, ал жөнүндө акт түзүлөт. Ушундай эле жол менен пайдаланылбай, участкалык шайлоо комиссиясынын сейфинде калган шайлоо бюллетендери жокко чыгарылат. Жокко чыгарылган бардык шайлоо бюллетендери саналат жана пакетке таңгакталат, ал шайлоо комиссиясынын мөөрү жана анын мүчөлөрүнүн колтамгасы менен күбөлөндүрүлөт. Пакетке "жокко чыгарылган шайлоо бюллетендери" деген жазуу жазылат, анын саны жана шайлоо участкасынын номери көрсөтүлөт.
8. Пайдаланылбаган шайлоо бюллетендеринин жана шайлоочулар ката кетирүү менен толтурулган (бузулган) катары кайра кайтарган шайлоо бюллетендеринин сандарынын суммасы катары аныкталуучу бардык жокко чыгарылган бюллетендердин саны жарыя кылынат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун 4-сабына жана анын чоңойтулган формасына киргизилет.
9. Шайлоочуларды добуштарын түздөн-түз саноонун алдында, шайлоочуларды каттоодогу жооптуулар шайлоочулардын тизмесинин ар бир барагына төмөндөгү жыйынды маалыматтарды киргизүүгө милдеттүү:
а - добуш берүү үчүн жайда шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын саны (шайлоочулардын тизмесиндеги шайлоочулардын колтамгалары менен аныкталат);
б - мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын саны (шайлоочулардын тизмесиндеги тийиштүү белгилердин саны боюнча аныкталат жана мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын тизмеси боюнча текшерилет);
в - добуш берүү үчүн бюллетендерди добуш берүү жайынан тышкары жерде алган шайлоочулардын саны (шайлоочулардын тизмесиндеги тийиштүү белгилеринин саны боюнча аныкталат);
г - а, б, в суммасы катары аныкталат.
10. Ушул суммалык маалыматтарды киргизгенден кийин шайлоочулардын тизмесинин ар бир бетине участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү кол коет, ал ушуларды суммалайт жана участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына берет. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы тизменин акыркы бетине шайлоочулардын тизмесинин бардык беттери боюнча маалыматтардын суммасы катары аныкталуучу жыйынтык маалыматтарды киргизет, аларды өзүнүн колтамгасы жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрөт.
11. Шайлоочулардын тизмеси менен ишти жүргүзгөндөн кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы катышып олтургандарга алар менен карап көрүп таанышууну сунуш кылат, шайлоочулардын тизмесине киргизилген бардык маалыматтарды жарыя кылат жана аларды добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун тиешелүү саптарына жана анын чоңойтулган формасына киргизет.
Шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын саны шайлоо участкасында жарыя кылынат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун 2-сабына жана анын чоңойтулган формасына киргизилет.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун 3-сабына жана анын чоңойтулган формасына участкалык шайлоо комиссиясы алган шайлоо бюллетендеринин саны киргизилет.
Мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын саны (шайлоочулардын тизмесиндеги тиешелүү белгилердин саны боюнча белгиленет жана мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын тизмеси боюнча текшерилет) жарыя кылынат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун 5а сабына жана анын чоңойтулган формасына киргизилет.
Добуш берүү үчүн жайда шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын саны (шайлоочулардын тизмесиндеги шайлоочулардын колтамгаларынын саны боюнча белгиленет) жарыя кылынат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун 5б сабына жана анын чоңойтулган формасына киргизилет.
12. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдө камтылган шайлоо бюллетендерин эсептөөгө киришет. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнү өткөргөн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү пломбалардын жана мөөрлөрдүн сакталышын көрсөтөт, добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдү кезек-кезеги менен ачат, андан соң шайлоо бюллетендерин жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, эртең менен шайлоо үкөктөрүнө мөөр басып чаптоо учурунда катышып олтурган адамдардын колтамгалары бар контролдук барактарды алып чыгат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы контролдук барактарды көрсөтөт.
13. Добуш берүү үчүн ар бир көчмө үкөктү ачаар алдында добуш берүү үчүн ушул көчмө үкөктү пайдалануу менен добуш берген шайлоочулардын саны жарыя кылынат. Добуш берүү үчүн ар бир көчмө үкөктөгү шайлоо бюллетендерин эсептөө өз-өзүнчө жүргүзүлөт.
14. Эгерде добуш берүү үчүн көчмө үкөктө шайлоо бюллетендеринин саны алынган шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө белгини камтыган шайлоочулардын арыздарынын санына караганда көп экендиги белгиленсе, добуш берүү үчүн ушул көчмө үкөктө болгон бардык шайлоо бюллетендери участкалык шайлоо комиссиясынын чечими менен жараксыз деп табылат жана төмөнкү оң бурчун кесүү аркылуу жокко чыгарылат, бул жөнүндө өзүнчө акт түзүлөт, ал добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго тиркелет (башкача айтканда, ушул көчмө үкөк боюнча добуш берүү жараксыз болуп саналат жана бул көчмө үкөк андан ары жараксыз көчмө үкөк деп аталат). Түзүлгөн актыда ушул жараксыз көчмө үкөк боюнча добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнү жүргүзүүнү камсыз кылган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн фамилиялары жана инициалдары көрсөтүлөт. Ушул жараксыз шайлоо бюллетендери өзүнчө таңгакталат жана мөөр басып чапталат, мында пакетте шайлоо участкасынын номери көрсөтүлөт жана "добуш берүү үчүн көчмө үкөктөн алынган жараксыз шайлоо бюллетендери" деген жазуу, үкөктүн номери жана шайлоо бюллетендеринин саны жазылат.
Жайдан тышкары жерде добуш берүү үчүн бюллетендерди алган шайлоочулардын саны (шайлоочулардын тизмесиндеги тиешелүү белгилердин саны боюнча белгиленет) жарыя кылынат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун 5в сабына жана анын чоңойтулган формасына жазылат (жарактуу көчмө үкөктөр боюнча гана, башкача айтканда, алынып чыккан шайлоо бюллетендеринин саны шайлоо бюллетендерин алуу жөнүндө белгиси бар шайлоочулардын арыздарынын санынан ашпайт).
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун 5г сабына жана анын чоңойтулган формасына алынган шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө белгини камтыган шайлоочулардын арыздарынын санынан ашкан сандагы бюллетендер алынып чыккан көчмө үкөктөр боюнча добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде бюллетень алган шайлоочулардын саны жазылат (добуш берүү үчүн (жараксыз) көчмө үкөктө шайлоо бюллетендеринин саны шайлоо бюллетендерин алгандыгы жөнүндө белгиси бар шайлоочулардын арыздарынын санынан көп).
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун 5-сабына жана анын чоңойтулган формасына 5а, 5б, 5в, 5г саптарынын суммалык маалыматтары жазылат.
Андан соң шайлоочулардын тизмеси (тизмелери) сейфке салынат.
15. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун 6-сабына жана анын чоңойтулган формасына жараксыз көчмө үкөктөрдөн, башкача айтканда, алынып чыккан шайлоо бюллетендеринин саны алынган шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө белгини камтыган шайлоочулардын арыздарынын санынан көп болгон көчмө үкөктөрдөн алынып чыккан бюллетендердин саны жазылат.
16. Добуштарды эсептөөдө белгиленбеген формадагы шайлоо бюллетендери эсепке алынбайт. Мазмуну жана (же) формасы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бекиткен шайлоо бюллетенинин текстине жана формасына шайкеш келбеген шайлоо бюллетендери белгиленбеген формадагы шайлоо бюллетендери деп табылат.
17. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн туруктуу үкөктө камтылган шайлоо бюллетендерин эсептөө башталгандыгы жөнүндө жарыялайт. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы мөөрдүн (пломбанын) бузулбагандыгын көрсөтөт жана добуш берүү үчүн туруктуу үкөктү ачат. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоо бюллетендерин алып чыгат жана эртең менен шайлоо үкөктөрүн мөөр басып чаптоо учурунда катышып олтурган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, башка адамдардын колтамгалары бар контролдук баракты алып чыгат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы контролдук баракты көрсөтөт.
18. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуш берүү үчүн көчмө жана туруктуу үкөктөрдөн алынып чыккан шайлоо бюллетендерин ар бир талапкер, талапкерлердин тизмелери, "Бардыгына каршы" позициясы үчүн берилген добуштар боюнча сорттойт, ошол эле учурда белгиленбеген формадагы шайлоо бюллетендерин жана жараксыз шайлоо бюллетендерин бөлөт. Шайлоо бюллетендерин сорттоодо участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоо бюллетендеринде камтылган шайлоочулардын белгилерин жарыя кылат жана эсептөө учурунда көзү менен көрүп контролдоо үчүн шайлоо бюллетендерин катышып олтургандардын бардыгына берет.
19. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо учурунда шайлоо бюллетендерин талапкерлер боюнча сорттоо жүргүзүлбөйт.
20. Талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар сорттолгон шайлоо бюллетендери менен таанышууга укуктуу.
21. Андан соң белгиленген формадагы шайлоо бюллетендери боюнча шайлоочулардын добуштарын эсептөө ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча жана "Бардыгына каршы" позициясы боюнча жүргүзүлөт. Сорттолгон шайлоо бюллетендерин эсептөө үнүн чыгарып, аларды бир пачкадан башкасына эсептөө учурунда катышып олтурган адамдар шайлоо бюллетениндеги шайлоочунун белгисин уга жана көрө алгыдай түрдө которуу жолу менен жүргүзүлөт. Ар башка пачкалардагы шайлоо бюллетендерин бир эле учурда эсептөөгө жол берилбейт.
22. Шайлоо бюллетендеринде шайлоочулардын ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн жана "Бардыгына каршы" позициясы боюнча берилген тиешелүү белгилери (добуштары) боюнча аныкталуучу алынган маалыматтар добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган формасына жазылат.
23. Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоонун учурунда участкалык шайлоо комиссиясынын кеминде эки мүчөсү ар бир шайлоо бюллетени боюнча добуштарды эсептейт.
24. Жараксыз шайлоо бюллетендери өзүнчө эсептелет жана суммаланат.
25. Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген коргоочу белгилери коюлбаган, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлбөгөн жана башка белгиленген белгилерди камтыбаган шайлоо бюллетендери да жараксыздарга кирет. Талапкерлердин пайдасына белгилердин саны шайлоо округу боюнча мандаттардын санынан ашкан, ал эми пропорциялуу система боюнча шайлоодо - талапкерлердин тизмелеринин пайдасына белгилердин саны бир позициядан ашкан шайлоо бюллетендери жараксыз деп эсептелет.
26. Шайлоо бюллетенин жараксыз деп тапканда шектенүүлөр келип чыккан учурда участкалык шайлоо комиссиясы маселени добуш берүү менен чечет, мында шайлоо бюллетенинин арткы бетинде анын жараксыздыгынын себептери көрсөтүлөт жана бул жазуу участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын колтамгалары менен ырасталат, комиссиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Жараксыз шайлоо бюллетендеринин жалпы саны добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун жана анын чоңойтулган формасынын 8-сабына жазылат.
27. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жарактуу шайлоо бюллетендеринин санын эсептейт, жарыя кылат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун жана анын чоңойтулган формасынын 7-сабына жазат, ал шайлоочулардын белгилери боюнча аныкталат, ал боюнча шайлоочулардын эрк билдирүүсүн аныктоого болот.
28. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуштарды эсептөөдө катышып олтургандардын бардыгына участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн контролдугу астында көзү менен көрүп шайлоо бюллетендери менен таанышууну сунуш кылат. Добуштарды кайра эсептөөнү жүргүзүүгө талапкердин, саясий партиянын өкүлүнүн же байкоочунун талабы боюнча шайлоо бюллетендери талапкердин, саясий партиянын өкүлүнүн же байкоочунун түздөн-түз катышуусу жана алар тарабынан көзү менен көрүп контролдоо мүмкүнчүлүгүн берүү менен кайра эсептелет. Мында шайлоо бюллетендерин кайра эсептөө үнүн чыгаруу менен жүргүзүлөт.
29. Андан кийин добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго киргизилген маалыматтардын контролдук катышын текшерүү жүргүзүлөт. Контролдук катыштар Борбордук шайлоо комиссиясынын нускамасына ылайык текшерилет. Эгерде контролдук катыштар дал келбесе, участкалык шайлоо комиссиясы талапкердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн же байкоочулардын катышуусу менен добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун бардык же айрым саптары боюнча кайталап эсептөө жөнүндө чечим кабыл алат.
30. Добуштарды эсептөөнү жүргүзгөндөн кийин участкалык шайлоо комиссиясы милдеттүү тартипте жыйынтык жыйналышты өткөрөт, анда добуш берүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө учурундагы укук бузуулар жөнүндө келип түшкөн арыздар (даттануулар) каралат, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынат. Андан соң участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана келип түшкөн арыздар (даттануулар) боюнча участкалык шайлоо комиссиясы кабыл алган чечимдерге макул болгон арыз ээлери участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтык жыйналышынын протоколуна кол коет. Участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтык жыйналышынын протоколуна кол коюу учурунда протоколдун мазмунуна макул болбогон участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ага өзүнүн өзгөчө пикирин тиркөөгө укуктуу, ал жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат.
31. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол эки нускада толтурулат жана ага кол коюу датасын жана убактысын (саатын, мүнөтүн) коюу менен участкалык шайлоо комиссиясынын бардык катышып олтурган мүчөлөрү кол коет. Эгерде протоколго участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүгү кол койсо, ал жарактуу болуп саналат. Протоколго кол коюу учурунда протоколдун мазмунуна макул болбогон участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ага өзүнүн өзгөчө пикирин тиркөөгө укуктуу, ал жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат.
32. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун биринчи нускасы бардык тиркемелери менен бирге сейф-пакетке таңгакталат.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (же үчүнчү нускасы) тиркемелери менен башка сейф-пакетке таңгакталат.
Протоколдору бар эки сейф-пакет шайлоо документациясы, анын ичинде шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмелери, арыздар (даттануулар), алар боюнча кабыл алынган чечимдер, участкалык шайлоо комиссиясы түзгөн актылар менен бирге тез арада участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же мүчөлөрүнүн бири тарабынан талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин коштоосунда аймактык шайлоо комиссиясына жеткирилет жана акт боюнча өткөрүп берилет, анда сейф-пакеттердин идентификациялык номерлери сөзсүз көрсөтүлүүгө тийиш. Мөөр басып чапталган сейф-пакеттер участкалык комиссиянын төрагасынын, катчысынын, бардык мүчөлөрүнүн колтамгалары менен күбөлөндүрүлөт.
33. Участкалык шайлоо комиссиясынын протоколунун экинчи нускасы, ошондой эле мөөрү участкалык шайлоо комиссиясынын катчысында сакталат, ал ушулардын ишенимдүүлүгү жана комиссиянын иши аяктаганга чейин сакталышы үчүн мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликти тартат.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун чоңойтулган формасы жалпы таанышуу үчүн участкалык шайлоо комиссиясы белгилеген жерге илинет жана участкалык шайлоо комиссиясынын иши аяктаганга чейин сакталат. Протоколдордун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү саясий партиялардын өкүлдөрүнө жана байкоочуларга кол койдуруу менен берилет.
34. Протоколдун саптарынын контролдук катыштары:
3 = 4 + 5
5 = 5а + 5б + 5в + 5г
6 >= 5г
5 >= 5г + 7 + 8