Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 22-ноябры № 145
Ош облусунун Араван аймактык шайлоо комиссиясынын, Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын резервдерине жана курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 19-беренесинин 2, 4-бөлүктөрүнө, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - БШК) 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө» Жобого ылайык, С.А.Турдукулованын, Т.Тавакиловдун, Г.Т.Адырбаеванын, С.Садыгалиевдин арыздарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Араван аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жана курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы» саясий партиясынан - Турдукулова Санабар Абдуганиевна; «Акыйкат республикалык партиясы» саясий партиясынан - Тавакилов Турдумамат чыгарылсын;
- комиссиянын резервинен «Ак шумкар» саясий партиясынан - Адырбаева Гүлмира Токтогазиевна чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден «Ар-Намыс» саясий партиясынан - Жороев Абдимуталиб; «Республика» саясий партиясынан - Раимбердиев Кеңеш Абдибаитович киргизилсин.
2. Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жана курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Эл үчүн» саясий партиясынан - Садыгалиев Саматбек чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден «Республика» саясий партиясынан - Жукеш уулу Максатбек киргизилсин.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана БШКнын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо БШКнын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |