Редакцияот 24.11.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2012-жылдын 24-ноябры № 146

Ош облусунун Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жана курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 19-беренесинин 2, 4, 16-бөлүктөрүнө, 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - БШК) 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө» Жобого ылайык, К.С.Султанованын, О.А.Оморовдун, А.К.Сакееванын, М.О.Өмүралиевдин, К.Д.Жээналиевдин, М.А.Тажибаевдин арыздарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жана курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «Улуу биримдик» Улуттук-демократиялык партиясы» саясий партиясынан - Султанова Канайым Сайдуллаевна; «Кыргызстан коммунисттер партиясы» саясий партиясынан - Оморов Өмүрбек Аманбаевич; «Эл үчүн» саясий партиясынан - Сакеева Айнагүл Караевна; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан - Өмүралиев Маматмуса Орозович  чыгарылсын;

- комиссиянын резервинен «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан - Жээналиев Калыбек Дүйшоевич; «Ата Мекен» саясий социалисттик партиясынан - Тажибаев Маматжан Акматович чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан - Маметов Таалайбек Сулайманович; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан - Мааткеримов Зайналабүдүн, Керимов Отабек Тохтасинович, Тохтахунова Алима Джумабаевна киргизилсин.

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана БШКнын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо БШКнын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов