Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-декабры № 158
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 10-январындагы № 4, 2014 жылдын 15 майындагы № 72 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 10-январындагы № 4 токтомуна ылайык бул токтомдун шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүүдөгү, аларды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 16-майындагы № 72 токтомуна ылайык бул токтомдун шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүүдөгү, аларды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 30-июнундагы № 67 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 29-августундагы № 128 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 17-февралындагы № 37 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 4-октябрындагы № 144 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы № 204 Жарлыгы менен дайындалган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына бирдиктүү шайлоо округу боюнча 23 саясий партиядан 1776 талапкер көрсөтүлгөн жана катталган.
Добуш берүүгө 123467 шайлоочу катышкан, бул Бишкек шаарынын шайлоочуларынын жалпы санынын 35,85% түзөт.
Шайлоонун жыйынтыгы боюнча, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасын аныктоо тууралу Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 11-декабрындагы протоколуна, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1-беренесине ылайык депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы, "РЕСПУБЛИКА", "Ата-Мекен" жана "Замандаш-Современник" саясий партияларынын талапкерлеринин тизмеси киргизилген.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (мындан ары - АПЖ) "Демократия жана граждандык коом үчүн коалициясы" Коомдук бирикмесинин даттануусу боюнча 2012-жылдын 25-ноябрындагы № 33 чечими менен №№ 1321, 1323, 1324 шайлоо участкаларына жеринде барып добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнүн тартибинин бузулушун белгилеп, аталган шайлоо участкаларындагы көчмө үкөктөр менен добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) 2012-жылдын 26-ноябрындагы № 149 "Бишкек шаарында добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүдө участкалык шайлоо комиссияларынын (мындан ары - УШК) мүчөлөрү кетирген бузуулар жөнүндө" токтому менен Бишкек АШКнын чечими негиздүү деп табылган, Бишкек шаарынын №№ 1321, 1323, 1324 шайлоо участкаларында добуш берүүчү жайдан тышкары көчмө үкөктөр боюнча добуш берүү жараксыз деп таанылган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2012-жылдын 29-ноябрындагы чечими менен "Ата-Мекен" саясий партиясынын Бишкек АШКнын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын жогорудагы чечимдерин жокко чыгаруу, шайлоо бюллетендерин анык деп табуу жана № 1323 шайлоо участогунда добуш берүүнүн жалпы жыйынтыгына кошуу талабы канааттандырылган эмес.
Бардыгы болуп Бишкек АШКга 334 даттануу, арыз жана акты түшкөн. 2012-жылдын 25-ноябрында добуш берүүнүн жүрүшүндө шайлоо мыйзамынын бузулушу тууралу партиялардан, КЭУдан жана байкоочулардан 83 арыз, 18 даттануу, 233 акты түшүп, алар боюнча Бишкек АШК тарабынан 2012-жылдын 8-декабрында тийиштүү №№ 1, 2, 3, 4 чечимдери кабыл алынган.
Бишкек АШКсы 2012-жылдын 26-27-ноябрында №№ 1012, 1017, 1149, 1236, 1241, 1305, 1308, 1309, 1311, 1318, 1339, 1340, 1342, 1346 шайлоо участкаларында шайкеш келбегендиктерге, УШК мүчөлөрү протоколдорду түзүүдө кетирген каталарга байланыштуу аталган участкаларда добуштарды кайрадан саноо жөнүндө чечим кабыл алып, алар боюнча тийиштүү актыларды түзүп, 2012-жылдын 8-декабрында № 5 чечимин кабыл алган.
Бардыгы болуп Борбордук шайлоо комиссиясына №№ 1210, 1306, 1227, 1340 шайлоо участкалары боюнча "РЕСПУБЛИКА" саясий партиясынан "Таза Шайлоо" Ассоциациясынан жана "Демократия жана граждандык коом үчүн" Коомдук бирикмесинен 6 даттануу, ошондой эле Кыргызстандын Жогорку Кеңешиндеги "Ар-Намыс", "Ата-Мекен" жана Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы депутаттык фракцияларынан 2 кайрылуу түшкөн. Мындан тышкары Бишкек АШКсы өз демилгеси менен жыйналышында № 1017 шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп табуу маселесин караган.
Борбордук шайлоо комиссиясына УШКнын аракетине карата түшкөн даттануулар жана арыздар конкреттүү фактылар менен жана далилдер менен такталбаган, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарында белгиленген даттануулардын тартибин сактабоо менен берилген (маалымкат тиркелет).
№ 1339 УШКда добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралу протоколдо шайкеш келбегендиктерге байланыштуу шайлоо бюллетендерин кайрадан саноонун негизинде, ошондой эле УШК мүчөлөрү шайлоочулардын добуштарын саноо жана добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө процессинде кетирген шайлоо мыйзамынын бузулушуна байланыштуу Бишкек АШКнын 2012-жылдын 7-декабрындагы № 50 чечими менен № 1339 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылган.
Бишкек шаарынын шайлоо участкаларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралу протоколдордун, 2012-жылдын 8-декабрындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдун жана жыйынды таблицанын, 2012-жылдын 11-декабрындагы "Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө" протоколдун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Мыйзамдын 6-беренесине, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 24, 26-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 38-беренесине, 40-беренесинин 4-бөлүгүнө, 43, 51, 56-1 беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын 2012-жылдын 25-ноябрында шайлоо өттү деп таанылсын.
2. 2012-жылдын 8-декабрындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол жана жыйынды таблица, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө 2012-жылдын 11-декабрындагы протокол (1, 2, 3-тиркеме) бекитилсин.
3. Төмөндөгү депутаттыкка талапкерлер XXVI чакырылган Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланды деп эсептелсин (4-тиркеме).
Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылсын.
4. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына түшкөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо мыйзамынын бузулушу жөнүндө даттануулар жана арыздар тууралу маалымат эске алынсын (5-тиркеме).
5. Бул токтом, добуш берүүнүн жыйынтыктары, жыйынды таблица жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|