Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-октябры № 144
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Бишкек, Токтогул, Аксы, Жалал-Абад, Лейлек, Сүлүктү, Баткен (шаардык), Нарын (шаардык), Ак-Талаа жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек, Токтогул, Аксы, Жалал-Абад, Лейлек, Сүлүктү, Баткен (шаардык), Нарын (шаардык), Ак-Талаа жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу токтомдорунун 1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттары боюнча бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп табылсын.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 4-октябрындагы № 144 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы |
Бишкек шаары | ||||
1 | Бишкек шаардык | Айсаев Насирдин Асанбекович ("Ата-Мекен" саясий социалисттик партиясы) | Өз арызы | № 158, 15.12.2012-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
2 | Ничке-Сай айылдык | Мамбетов Кантарбек Орманкулович | Өлгөндүгүнө байланыштуу | № 152, 15.12.2012-ж. |
Аксы району | ||||
3 | Авлетим айылдык | Атантаев Сардарбек Рахманбердиевич | Өлгөндүгүнө байланыштуу | № 71, 11.04.2016-ж. |
Жалал-Абад шаары | ||||
4 | Жалал-Абад шаардык | Осмонов Тамерлан Орунбекович ("Ата Журт" саясий партиясы) | Өз арызы | № 152, 15.12.2012-ж. |
Баткен облусу | ||||
Лейлек району | ||||
5 | Катран айылдык | Абалов Нургазы Куттузович | Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 151, 15.12.2012-ж. |
6 | Ниязалиева Ирсалат Сайфиевна | Башка жумушка дайындалган | ||
7 | Нурматов Сатыбалды Абдилатипович | Өз арызы | ||
Сүлүктү шаары | ||||
8 | Сүлүктү шаардык | Бакыбеков Равшан Салимбекович ("Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы) | Өлгөндүгүнө байланыштуу | № 151, 15.12.2012-ж. |
Баткен шаары | ||||
9 | Баткен шаардык | Султанов Мамасыдык Мамадиевич ("Республика" саясий партиясы) | Өз арызы | № 151, 15.12.2012-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
10 | Нарын шаардык | Сырдыбаева Сыяпат Саадабаевна ("Мекен Ынтымагы" саясий партиясы) | Өз арызы | № 154, 15.12.2012-ж. |
Ак-Талаа району | ||||
11 | Конорчок айылдык | Акиев Арстанбек | Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 69, 11.04.2016-ж. |
12 | Жерге-Тал айылдык | Учугенова Гульмайрам Асановна | Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | |
13 | Итикулов Ирбис Асанович | Айыл башчы болуп дайындалган | ||
Талас облусу | ||||
Кара-Буура району | ||||
14 | Бакыян айылдык | Асылбеков Нургазы Чолпонкулович | Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 53, 27.05.2015-ж. |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 4-октябрындагы № 144 токтомунун 1-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж. | Ээлеген кызматы, кызмат орду | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Бишкек шаары | ||||
1 | Бишкек шаардык | Сариев Чынгыз Акимович ("Ата-Мекен" саясий социалисттик партиясы) | Жеке ишкер | № 2, 22.09.2016-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
2 | Ничке-Сай айылдык | Үтүров Чолпонбек Зекирович | № 39 М.Жунусалиев атындагы орто мектеби, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары | № 4, 25.08.2016-ж. |
Аксы району | ||||
3 | Авлетим айылдык | Аликеев Каныбек Анарбекович | Авлетим токой чарбасы, Итагар токой бөлүмү, бөлүм башчы | № 12, 23.09.2016-ж. |
Жалал-Абад шаары | ||||
4 | Жалал-Абад шаардык | Зияйдинов Эрнист Эгенбердиевич ("Ата Журт" саясий партиясы) | Жалал-Абад шаардык мамлекеттик архиви, башчы | № 11, 27.09.2016-ж. |
Баткен облусу | ||||
Лейлек району | ||||
5 | Катран айылдык | Мусаев Сахидилла Жамалитдинович | Дыйкан чарба, дыйкан | № 25, 15.09.2016-ж. |
6 | Жалилов Абдиламит | Козу Баглан орто мектеби, мугалим |
| |
7 | Ташбекова Арзыгул | Үй бүлөлүк дарыгерлер тобу, мээрбан |
| |
Сүлүктү шаары | ||||
8 | Сүлүктү шаардык | Халжигитов Алмакмат Сарыбаевич ("Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы) | Сүлүктү шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борбору, жандандыруу бөлүмүнүн башчысы | № 5, 19.09.2016-ж. |
Баткен шаары | ||||
9 | Баткен шаардык | Шадыманов Адылбек Абдирашитович ("Республика" саясий партиясы) | Эл аралык Толеранттуулук үчүн фонду, инженер | № 2, 23.09.2016-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
10 | Нарын шаардык | Аракеев Туратбек Абдырахманович ("Мекен Ынтымагы" саясий партиясы) | "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын чыгыш филиалы, директордун орун басары | № 7, 14.09.2016-ж. |
Ак-Талаа району | ||||
11 | Конорчок айылдык | Курманбаев Акылбек Жээнбаевич | АРИСтин Ак-Талаа району боюнча эксперти | № 18, 16.09.2016-ж. |
12 | Жерге-Тал айылдык | Керимбаев Уланбек Болотбекович | Дыйкан чарба, дыйкан | |
13 | Шералы уулу Уланбек | Дыйкан чарба, дыйкан | ||
Талас облусу | ||||
Кара-Буура району | ||||
14 | Бакыян айылдык | Шакелова Динара Нармырзаевна | Байланыш бөлүмү, башчы | № 7, 27.09.2016-ж. |