Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-январы № 4 Нарын облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө |
(КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 11-июнундагы № 108, 2014-жылдын 5-августундагы № 101 токтомдорунун редакцияларына ылайык) КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 11-июнундагы № 108 токтомуна ылайык бул токтомдун токтомдун шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүүдөгү, аларды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 5-августундагы № 101 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы № 204 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусундагы Нарын районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2012-жылдын 25-ноябрында өткөрүлдү. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы №154 токтомуна, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарын, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесиндеги 4-бөлүктү, 62-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Нарын районунун Жан-Булак айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын. 2. Нарын районунун Жан-Булак айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор бекитилсин. 3. Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын. 4. Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор бекитилсин. 5. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына төмөнкү талапкерлер тиркемеге ылайык шайланган депутаттар деп эсептелсин. Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин. 6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн. |
Төрага | Т. Абдраимов |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 10-декабрындагы № 4 токтомунун тиркемеси |
Нарын облусундагы Нарын районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын
ТИЗМЕСИ
Жан-Булак айылдык кеңеши
1. Акунов Раис 299
2. Эшимбеков Аляскар Салбарович 280
3. Өмүрбеков Эркинбек 261
4. Дүйшөналиев Сагынбек 251
5. Токтогулов Бекулу Бейшеналиевич 234
6. Атырова Кыял Чоноевна 233
7. Абдраев Рысбек Макенович 193
8. Калиев Нурбек Асаналиевич 193
9. Ташболотов Алтынбек Апсалиевич 181
10. Эшимбеков Айбек Аскерович 181
11. Кадыров Эмилбек Сейдилдаевич 175
Чет-Нура айылдык кеңеши
1. Мамыров Тазабек Зарлыкович 183
2. Сатыбеков Темирлан Сатыбекович 173
3. Култаева Кенжекан Эсенгуловна 167
4. Садыбакасов Эсенбек 157
5. Баяманов Токтоналы Орозакунович 156
6. Жакыпов Жолдошбек Шайлооевич 143
7. Чолоев Жыргалбек Акунович 134
8. Нурбаев Алтынбек Туйбасович 128
9. Сыдыкбеков Талантбек Акматалиевич 125
10. Абдыгазиев Адилет Исраилович 76
11. Асанбек уулу Адилет 67