Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2006-жылдын 8-декабры №205
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды
жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо
киргизүү тууралу
2006-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалымат-
тар базаларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 4,
129-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
1. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-статья менен толукталсын:
"12-1-статья. Мамлекеттик келишим боюнча иштерди аткарууда
түзүлгөн ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар
базасына карата мүлктүк укуктар
ЭЭМ үчүн программага же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаж-
дыктары үчүн мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн ма-
алыматтар базасына карата мүлктүк укук, эгерде мамлекеттик контракта
бул укук мамлекеттик заказчынын атынан иш жүргүзгөн Кыргыз Республика-
сына таандык деп белгиленбесе, аткаруучуга (жалдануучуга) таандык бо-
лот.
Эгерде ЭЭМ үчүн программаларга же маалыматтар базасына болгон
мүлктүк укуктар ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык мамлекеттик за-
казчыга таандык болбосо, укук ээси Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
муктаждыктары үчүн тапшырылуучу товарларды даярдоодо же жалдама ишти
аткарууда мамлекеттик заказчынын талабы боюнча ЭЭМ үчүн программаларды
же маалыматтар базасын пайдалануу укугун ал көрсөткөн жак же жактар ме-
нен келишим түзүүгө милдеттүү.
ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасынын укук ээси болбогон
авторго сыйакы ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык мүлктүк укук ал-
ган жакка төлөнүп берилет. Сыйакы төлөөнүн тартиби жана өлчөмү автор
менен укук ээсинин ортосундагы келишимде белгиленет.".
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын минист-
рликтеринин жана башка мамлекеттик органдарынын ченемдик укуктук акты-
лары ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүктөрүндө колдонулат.
3-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Мыйзам ал күчүнө кирген күндөн кийин келип чыккан укуктук ма-
милелерге карата колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев