Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 26-апрели УӨ № 26
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы УӨ № 86 декретинин редакциясына ылайык)
Маданият маселелери боюнча мамлекеттик органдын ишин уюштурууну өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги болуп кайра түзүлсүн.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы УӨ № 86 декретинин редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн түзүмүнө, Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн курамына кирери;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Маданият мамлекеттик агенттигинин укугун мурастоочу болуп эсептелери белгиленсин.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы УӨ № 86 декрети-
нин редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги бир айлык мөөнөттө Министрликтин жобосунун, түзүмүнүн жана башкаруу схемасынын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте бекитүүгө киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары ушул Декретке каршы келбеген бөлүгүндө колдонулары белгиленсин.
5. Ушул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
6. Ушул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |