Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 100 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 28-декабры №215 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЙИК ТООЛУУ ЖАНА АЛЫСКЫ ЗОНАЛАРДАГЫ КАЛКТУУ КОНУШТАРЫНДА ТУРУКТУУ ЖАШАП ЖАТЫШКАН ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК ИШ ЖҮРГҮЗГӨН ЮРИДИКАЛЫК ЖАНА ЖЕКЕ АДАМДАРГА МАМЛЕКЕТТИК КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ ЖӨНҮНДӨ (КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги №148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)1-статья. Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу алыскы жана жетүүгө
кыйын болгон зоналардагы калктуу конуштарында туруктуу ашап жатышкан
жана экономикалык иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке адамдарга берилүүчүкредит бирликтеринин, банктардын жана микрофинансылык уюмдардын кредит-
тери боюнча пайыздык ставкалар райондук коэффициентке пропорционалдуу
төмөндөтүлөт, ал эми кредиттерди төлөө мөөнөттөрү калктуу конуштунрайондук коэффициентине пропорционалдуу көбөйтүлөт.Кредиттик бирликтерге, банктарга жана микрофинансылык уюмдарга карата
Талаптар менен критерийлер, ошондой эле аларга пайыздык ставкалардын
айырмасы боюнча мамлекеттик компенсация берүүнүн тартиби Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
(КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги №148 Мыйзамына ылайык)2-статья. Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу алыскы жана жетүүгө
кыйын болгон
зоналардагы калктуу конуштарында туруктуу жашап жатышкан жанаэкономикалык иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке адамдарга берилүүчүкредит бирликтеринин, банктардын жана микрофинансылык уюмдардын кредит-
тери боюнча пайыздык ставкалар менен ушул Мыйзамга ылайык белгиле-нүүчү пайыздык ставканын ортосундагы айырма жыл сайын республи-калык бюджеттин эсебинен жабылып турат. ( КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги №148 Мыйзамына ылайык)3-статья. (КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 148 Мыйзамына ылайык
алынып салынды)
4-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнөкирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев