Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 100 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 30-апрели № 148
"Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы калктуу конуштарда туруктуу жашап жатышкан жана экономикалык иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарындагы калктуу конуштарда туруктуу жашап жатышкан жана экономикалык иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., N 11, 983-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 1 жана 2-статьялардагы "жана алыскы" деген сөздөр ", алыскы жана жетүүгө кыйын болгон" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер" деген сөздөр "кредит бирликтеринин, банктардын жана микрофинансылык уюмдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Кредиттик бирликтерге, банктарга жана микрофинансылык уюмдарга карата талаптар менен критерийлер, ошондой эле аларга пайыздык ставкалардын айырмасы боюнча мамлекеттик компенсация берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
3. 3-статья күчүн жоготту деп табылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- "кредиттик бирликтерге, банктарга жана микрофинансылык уюмдарга карата талаптар менен критерийлерди, ошондой эле аларга пайыздык ставкалардын айырмасы боюнча мамлекеттик компенсация берүүнүн тартибин үч айлык мөөнөттүн ичинде иштеп чыксын;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |