Бишкек шаары, Јкмјт Ійі2007-жылдын 4-июну, №78 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Куралдуу Кічтјрінін Тартип уставына јзгјртіі киргизіі жјніндј 2007 - жылдын 23 - апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставыжөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен кабыл алынган КыргызРеспубликасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип
уставына («Эркинтоо» гезити,1998 — жылдьш 16 — сентябры, № 133-140) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 54 - пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «54. Кийинкиге калтыруута болбой турган чукул учурларда четтетүүгөнегиз болгон шарттарды жойгонго чейинки бүткүл мезгил бою аскеркызматчылары кызмат ордуиан четтетилиши мүмкүн. Аскер кызматчылары аларды кызматка дайындоого укук берилгенкомандирлер (начальниктер) тарабынан кызмат ордунан четтетилет, мында: Башкы штабдын начальниги — Кыргыз Республикасынын Коргоо министрининбиринчи орун басары өзүнчө бөлүмдөрдү кошуп алганда башкыбашкармалыктардын, башкармалыктардын начальниктерине чейинки аскеркызматчыларын кызмат ордунан убактылуу четтетүүтө укуктуу. Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басарлары (аларгатендештирилген адамдар) өзүнчө бөлүмдөрдү кошуп алганда башкыбашкармалыктардын, башкармалыктардын начальниктерине чейинки аскеркызматчыларын (тейлеген багыттары боюнча) кызмат ордунан убактылуучеттетүүгө укуктуу. Башкы башкармалыктын, башкармалыктын жана өзүнчө бөлүмдөрдүнначальниктери, аскерлер тобунун командачылары (аларга тендештирилгенадамдар) мекеменин начальнигинин орун басарларын кошуп алгандабирикмелердин, аскер бөлүктөрүттүн командирлеринин орун басарларыначсйинки өздөрүнө баш ийген бирикмелердин, бөлүктөрдүн жана мекемелердин аскер кызматчыларын кызмат ордунан убактылуу четтетүүгөукуктуу. Баш ийүүсүндөгү адамды кызмат ордунан четтеткен командир (начальник)кызматтан четтетүүгө алып келген себептерди жана кырдаалдарды толукбаяндап, бул жөнүндө команда боюнча токтоосуз түрдө билдирүүгө милдеттүү. Карамагындагы адамды негизсиз кызмат ордунан четтеткен командир(начальник) бул үчүн жоопкерчилик тартат, ал эми кызматтан четтетүүжөнүндө чечим аны кабыл алган командир (начальник) же анын улук начальнигитарабынан жокко чыгарылат. Эскертүү. Кийинкиге калтырууга болбой турган чукул учурлар болуптөменкүлөр эсептелет: — аскер кызматчысы жасалган кылмыштын изин жашырып коюшу мүмкүн болсо; — курал — жарактын, ок — дарылардын, жарылуучу заттардын жана башкаматериалдык баалуулуктардын уурдалышы мүмкүн болсо; — адамдардын курман болушу, согуштук техниканын бузулушу сыяктуу ооркесепеттерди алып келиши мүмкүн болсо; — аскер кызматчысына кылмыш иши козголгон болсо жана гергөө жіргүзүлүпжаткан болсо. Кийинкиге калтырууга болбой турган учурлардын ушул тизмеси жетиштүүболуп саналат.». 2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктукактыларын іч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 3-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев