Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 7-августундагы № 116 Мыйзамы менен кабыл алынган |
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ТАРТИП УСТАВЫ
(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 21-июнундагы № 108, 2005-жылдын 3-январындагы № 2, 2007-жылдын 4-июнундагы № 78, 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 203, 2020-жылдын 29-июлундагы № 100, 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Устав аскердик тартиптин маңызын, аны сактоо боюнча аскер кызматчыларынын милдеттерин, сыйлоонун жана тартиптик жаза-чаралардын түрлөрүн, аларды колдонуу боюнча командирлердин (зардалдардын) укуктарын, ошондой эле сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды берүү жана кароо тартибин аныктайт.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер бөлүктөрүнүн, штабдарынын, башкармаларынын, мекемелеринин, ишканаларынын, уюмдарынын жана аскердик билим берүү мекемелеринин бардык аскер кызматчылары өздөрүнүн аскердик наамына, кызматтык абалына жана сиңирген эмгегине карабастан ушул Уставдын талаптарын бекем жетекчиликке алууга тийиш.
Уставдын күчү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн жана Мыйзам менен аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына жайылтылат.
Мындан тышкары, Тартип уставынын жоболору аскердик кийим формасын кийип жүрүүгө укугу бар запастагы же отставкадагы аскер кызматчыларына алар аскердик кийим формасын кийип жүргөндө жайылтылат.
(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 3-январындагы № 2, 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 203, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-Глава. Жалпы жоболор
1. Аскердик тартип - бардык аскер кызматчылары тарабынан мыйзамдарда, аскердик уставдарда жана командирлердин (зардалдардын) буйруктарында белгиленген ирээттүүлүктүн жана эрежелердин бекем жана так сакталышы болуп саналат.
2. Аскердик тартип - ар бир аскер кызматчысы тарабынан өз Мекенин коргоодо аскердик милдетин жана жеке жоопкерчилигин түшүнө билгендигине, анын өз элине жана ата-журтуна чексиз берилгендигине негизделет.
Ынандыруу аскер кызматчыларын жогорку тартиптүүлүккө тарбиялоонун негизги усулу болуп саналат. Бирок ынандыруу өзүнүн аскердик милдетин аткарууга ак ниеттик менен мамиле кылбагандарга мажбурлоо чараларын колдонууну жокко чыгарбайт.
3. Аскердик тартип ар бир аскер кызматчысын:
- аскердик антына бек турууга, Кыргыз Республикасынын, ошондой эле аймагында өзү аскердик кызматын өтөп жаткан мамлекеттин Конституциясын жана мыйзамдарын так сактоого;
- өзүнүн аскердик парзын билгичтик жана эр жүрөктүүлүк менен аткарууга, аскердик ишти ак ниеттик менен үйрөнүүгө, аскердик жана мамлекеттик мүлктү сактоого;
- аскердик кызматтын кыйынчылыктарын туруктуулук менен көтөрө билүүгө, аскердик милдетти аткаруу үчүн өз өмүрүн аянбоого;
- кыраакы болууга, аскердик жана мамлекеттик сырды бекем сактоого;
- аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин аскердик уставдарда аныкталган эрежелерин сактоого, аскердик жолдоштукту чыңдоого;
- командирлерге (зардалдарга) жана бири-бирине урмат көрсөтүүгө, аскердик учурашуу жана аскердик кичи пейилдик эрежелерин сактоого;
- коомдук жайларда өзүн татыктуу алып жүрүүгө, татыксыз жорук-жосундарга жол бербөөгө жана башкаларды андай жорук-жосундардан оолактатууга жана граждандардын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоого көмөк көрсөтүүгө милдеттендирет.
4. Аскердик бекем тартип:
- аскер кызматчыларын моралдык-психологиялык жана жогорку күжүрмөндүүлүк сапаттарга жана командирлерге (зардалдарга) аң-сезимдүүлүк менен мойун суна билүүгө тарбиялоо;
- өз милдеттеринин жана аскердик уставдардын талаптарынын аткарылышы үчүн ар бир аскер кызматчысынын жекече жоопкерчилиги;
- аскер бөлүгүндө (кичи бөлүгүндө) ички тартипти кармап туруу;
- бардык аскер кызматчылары тарабынан күндөлүк тартипти бек сактоо;
- аскердик даярдыкты так уюштуруу жана ага өздүк составды толук камтуу;
- командирлердин (зардалдардын) кол алдындагыларга күн сайын талап коюусу жана алардын аткаруучулук тартибине контроль жүргүзүү, таасири өңдүү чаралардын билгичтик менен айкалыштырылышы жана туура колдонулушу менен жетишилет.
5. Аскердик бөлүктөгү (кичи бөлүгүндөгү) тартиптин абалы үчүн анын командири жана орун басарлары жооп берет, алар дайыма аскердик бекем тартипти сактоого, карамагындагылардан анын сакталышын талап кылууга, татыктууларды сыйлоого, татыксыздардан катуу, бирок адилет талап кылууга тийиш.
6. Аскердик бекем тартипти сактоо максатында аскер бөлүктөрүндө (кичи бөлүгүндө) командир (зардар) төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- карамагындагылардын жеке сапаттарын иликтөөгө, алардын ортосундагы өз ара мамилелердин аскердик уставдарда аныкталган эрежелерин сактоого, аскердик коллективди баш коштурууга, ар түрдүү улуттагы аскер кызматчыларынын ортосунда достукту чыңдоого;
- аскердик тартиптин абалын жана өздүк составдын моралдык-психологиялык абалын билүүгө, аскердик тартипти чыңдоонун талаптарын, милдеттерин жана ыкмаларын өзүнө баш ийген командирлер (зардалдар) жана аскердик бөлүктүн (кичи бөлүгүнүн) коомдук уюмдары бирдей түшүнүүсүнө жетишүүгө;
- аскердик тартипти чыңдоо жана өздүк составдын моралдык-психологиялык абалын жогорулатуу боюнча баш ийген командирлердин (зардалдардын) ишине жетекчилик кылууга, аларды сыйлоону жана тартиптик жаза тарттырууну колдонуу практикасына үйрөтүүгө;
- кызмат өтөөнүн эрежелерин бузуу байкалары менен дароо четтетүүгө жана аскердик бөлүктүн (кичи бөлүгүнүн) аскердик жөндөмүнө зыян келтирүүчү ар кандай аракеттерге чечкиндүү бөгөт коюуга, укуктук пропаганданы уюштурууга жана укук бузууларды жана окуяларды алдын алуу боюнча иш жүргүзүүгө;
- кол алдындагыларды аскердик тартиптин талаптарын кынтыксыз аткаруу жана жогорку аткаруучулук духунда тарбиялоого, алардагы өз кадыр-баркын, аскердик ар-намысты жана аскердик милдетти түшүнө билүү сезимин колдоого, аскер бөлүктөрүндө (кичи бөлүктөрүндө) аскердик тартиптин бузулушуна, өзгөчө аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелерде уставдык эрежелердин бузулушуна, социалдык адилетсиздик фактыларына келишпестик менен мамиле жасоого, мында коомдук уюмдарга таянууга жана маалымдуулукту кеңири пайдаланууга;
- аскердик тартиптин абалына жана өзүнө баш ийген аскер кызматчыларынын моралдык-психологиялык абалына системалуу түрдө талдоо жасоого, бул туурасында жогору турган командирге (зардарга) өз учурунда жана объективдүү баяндама жасоого, ал эми кылмыштар жана жорук-жосундар туурасында токтоосуз билдирүүгө.
Аскер кызматчыларынын инсандык, улуттук ар-намысына урмат көрсөтүү, аскер кызматчыларын социалдык жана укуктук жактан коргоо туурасында камкордук көрүү - командирдин (зардардын) эң маанилүү милдети. Аскердик тартиптин бузулушуна, кылмыштарды жана (же) укук бузууларды, ошондой эле окуяларды жаап-жашырууга жол берген командир (зардар) жоопкерчиликке тартылат.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7. Командир (зардар) карамагындагыларга жакын болууга, алардын муктаждыктарын жана мүдөөлөрүн билүүгө, аны канааттандырууга умтулууга, карамагындагылардын жеке кадыр-баркын кетирүүгө жана оройлукка жол бербөөгө, аларга мыйзамдарды, уставдарды жана буйруктарды так сактоонун үлгүсү катары кызмат кылууга, адептик тазалыктын, ак ниеттиктин, жупунулуктун жана адилеттүүлүктүн үлгүсү болууга тийиш.
Ар бир аскер кызматчысы өзүнүн укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары корголуп жаткандыгына ишенүүгө, өзүнүн инсандык кол тийгистиги, анын ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоо жөнүндө командирдин (зардардын) камкордугун сезүүгө тийиш.
8. Аскердик тартипти сактоо боюнча командирдин (зардардын) иши аскер бөлүгүндөгү укук тартибин бузуунун саны боюнча эмес, алар тарабынан мыйзамдардын жана аскердик уставдардын так сакталышы боюнча, өзүнүн тартиптик бийлигин толук пайдалануусу жана тартипке келтирүү жана аскердик тартипти бузууларды өз учурунда алдын алуу максатында өз милдеттерин аткаруусу боюнча аныкталат.
Аскердик тартипти бузган бир дагы адам жоопкерчиликтен кутулууга жана бир дагы жазыксыз адам жазаланууга тийиш эмес.
Уставдык ирээттүүлүктү, тартипти жана аскердик тартиптин талаптарын сактоо үчүн зарыл шарттарды камсыз кылбаган, аларды калыбына келтирүү үчүн чара көрбөгөн командир (зардар) бул үчүн жоопкерчилик тартат.
Кол алдындагылар жасаган кылмыштар жана (же) укук бузуулар, окуялар жана тартиптик жоруктар командирдин (зардардын) ишинин тикеден-тике натыйжасы болуп саналбаса, ал мындай аракеттер үчүн жоопкерчилик тартпайт.
Ар бир аскер кызматчысы ирээттүүлүктү жана тартипти калыбына келтирүүдө командирге (зардарга) көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. Командирге (зардарга) көмөк көрсөтүүдөн четтегендиги үчүн аскер кызматчысы жоопкерчилик тартат.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
9. Командирдин (зардардын) буйрук берүү укугу жана кол алдындагылардын кың этпестен мойун сунуу милдети жеке башкаруунун негизги принциптеринен болуп саналат.
Кол алдындагылар ачык түрдө моюн сунбаган же каршылык көрсөткөн учурда командир (зардар) ирээттүүлүктү жана тартипти калыбына келтирүү үчүн күнөөлүнү мыйзамдарда жана аскердик уставдарда белгиленген бардык мажбурлоо чараларын көрүүгө милдеттүү. Мында курал-жарак согуштук кырдаалда гана колдонулууга тийиш, ал эми тынчтык мезгилинде - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ички кызмат Уставынын талаптарына ылайык, эч кандай кечиктирүүгө болбой турган бөтөнчө бир учурларда гана колдонулат.
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10. Түздөн-түз зардалдар жана "Өзгөчө учурларда тартиптик жаза берүү" (3-глава) бөлүмүндө көрсөтүлгөн зардалдар гана сыйлоо жана тартиптик жаза тарттыруу чараларын колдоно алышат.
Кенже зардалдарга берилген тартиптик бийлик, бардык учурда улук зардалдарга да таандык.
11. Кызматтары ушул Уставда айтылбаган командирлер (зардалдар), өздөрүнүн карамагындагы аскер кызматчыларына карата, ээлеген кызматы боюнча каралган аскердик наамына ылайык төмөндөгүдөй тартиптик бийликтен пайдаланышат:
а) кенже сержант, сержант - отделениенин командиринин бийлигинен;
б) улук сержант - взводдун командиринин орун басары бийлигинен;
в) старшина, прапорщик, улук прапорщик - ротанын старшинасы бийлигинен;
г) кенже лейтенант, лейтенант жана улук лейтенант - взводдун командири бийлигинен;
д) капитан - ротанын командири бийлигинен;
е) майор, подполковник - батальондун командири бийлигинен;
ж) полковник - полктун командири бийлигинен;
з) генерал-майор - бирикменин командири бийлигинен;
Штаттарда эки аскердик наам каралган кызматты ээлеген командирлер (зардалдар), улук аскердик наамына ылайык тартиптик бийликтен пайдаланышат.
Эгерде буйрукта бул туурасында жарыяланса, командир (зардар) убактылуу аткарган кызматы боюнча тартиптик бийликтен пайдаланат.
12. Подразделениелердин, аскердик бөлүктөрдүн жана бирикмелердин командирлеринин орун басарлары өздөрүнүн кол алдындагыларга карата алардын тикеден-тике зардалдарына берилген укуктардан бир баскыч төмөн турган тартиптик бийликтен пайдаланышат.
13. Полктун (бригаданын) командиринин орун басарынан тартып андан төмөн турган офицерлер кичи бөлүктөр же командалар менен алардын зардалдары катары командировкада болгон учурда, ошондой эле аскердик бөлүктүн командиринин буйругунда аныкталган өз алдынча милдетти өздөрүнүн бөлүгү жайгашкан аймактан тышкары жерде аткарган учурда ээлеген кызматтарынан бир баскыч жогору болгон тартиптик бийликтен пайдаланышат.
Жогоруда көрсөтүлгөн учурларда командалардын зардалдары болуп дайындалган аскер кызматчылары төмөндөгүдөй тартиптик бийликтен пайдаланышат: сержанттар жана старшиналар - ротанын старшинасы бийлигинен; старшина, прапорщик деген аскердик наамы барлар - взводдун командири бийлигинен; взводдордун командирлеринин кызматын ээлеген прапорщиктер - ротанын командиринин бийлигинен.
14. Кесиптик билим берүүчү аскердик билим берүү мекемелериндеги курсанттардын кичи бөлүктөрүнүн командирлери болгон - офицерлер өздөрүнө баш ийгендерге карата өздөрү ээлеген кызматтан бир баскыч жогору турган тартиптик бийликтен пайдаланышат.
15. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын башкы башкармалыктарынын жана башкармалыктарынын зардалдары жана аларга теңештирилгендер аскер кызматчыларына карата бирикменин командиринин тартиптик бийлигине ээ.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16. Аскер кызматчылары аскердик кызмат өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин орун басарлары мындай мамлекеттик органдардын жетекчилерине караганда бир баскычка төмөн тартиптик бийликке ээ.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17. Аскер кызматчылары аскердик кызмат өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери аскер кызматчыларына карата ушул Уставдын толук көлөмүндө тартиптик бийликке ээ.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-Глава. Сыйлоо
18. Сыйлоо - аскер кызматчыларын тарбиялоонун жана аскердик тартипти чыңдоонун маанилүү каражаты болуп саналат.
Ар бир командир (зардал) ушул Уставда өзүнө берилген укуктардын чегинде өзүнө баш ийген аскер кызматчыларын эрдиги, жөндүү демилгеси, ынтаасы жана кызматта айырмалангандыгы үчүн сыйлоого милдеттүү.
Командир (зардал) өзүнө берилген укуктар жетишсиз деп эсептеген учурда, ал айырмаланган аскер кызматчыларын улук командирдин (зардалдын) бийлигинде сыйлоо жөнүндө өтүнүч менен кайрыла алат.
19. Аскердик милдетин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн, бирикмелерге, бөлүктөргө, кичи бөлүктөргө үлгүлүү жетекчилик кылгандыгы, мамлекеттин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн алдында сиңирген эң көрүнүктүү эмгеги үчүн, аскердик даярдыктагы жогорку көрсөткүчтөрү үчүн, курал-жарактардын жана аскердик техниканын жаңы үлгүлөрүн эң мыкты өздөштүргөндүгү үчүн полктун (бригаданын) командиринен, аларга теңештирилгендерден тартып жогорку зардалдар, өзүнчө турган батальондордун командирлери, ошондой эле 11-пунктка ылайык батальондун командиринин тартиптик бийлигинен пайдаланган өзүнчө турган аскердик бөлүктөрдүн командирлери, өздөрүнө баш ийген аскер кызматчыларын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого сунуш кылган өтүнүч менен кайрылууга укуктуу.
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Солдаттарга, сержанттарга жана старшиналарга карата колдонулуучу сыйлыктар
20. Солдаттарга, сержанттарга жана старшиналарга карата төмөндөгүдөй сыйлыктар колдонулат:
а) мурда берилген тартиптик жазаны алып салуу;
б) алкыш жарыялоо;
в) аскердик бөлүктүн аймагынан 1 суткага чейин бир жолу кезексиз бошотууга уруксат берүү;
г) аскер кызматчысы аскердик милдетин үлгүлүү аткаргандыгы жөнүндө жана алган сыйлыктары жөнүндө аскер кызматчысынын ата-энесине же мурдагы иштеген (окуган) жерине билдирүү;
д) грамоталар, баалуу белектер же акча менен сыйлоо;
е) аскер кызматчысынын аскердик бөлүктүн жайылган Күжүрмөн Туусунун алдында тартылган сүрөтү менен сыйлоо;
ж) солдаттарга ефрейтор деген аскердик наамды берүү;
з) сержанттарга жана старшиналарга ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган аскердик наамынан бир баскычка жогору турган кезектеги аскердик наамды берүү;
и) отличниктин төш белгиси менен сыйлоо;
к) солдаттардын, сержанттардын жана старшиналардын фамилияларын аскер бөлүгүнүн Ардак китебине жазып коюу (1-тиркеме);
л) мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына - өргүү өткөрүүчү жерине келүү үчүн зарыл болгон убакытты кошпогондо 10 суткага чейинки кыска мөөнөттүү өргүү берүү;
м) ведомстволук сыйлыктар (медаль) менен сыйлоо.
(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 21-июнундагы № 108 Мыйзамынын, 2005-жылдын 3-январындагы № 2 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
21. Солдат, сержант курамдарынын кызматтарына контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жатышкан аскер кызматчыларына 20-пунктта көрсөтүлгөн, "в", "г", "е" жана "л" пунктчаларынан башка, сыйлыктар колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Өздөрүнө баш ийген солдаттарга, сержанттарга жана старшиналарга карата сыйлыктарды колдонуу боюнча командирлердин (зардалдардын) укуктары
22. Отделениенин командири жана взводдун командиринин орун басары төмөндөгүлөргө укуктуу:
а) мурда өзү берген тартиптик жазаны алып коюуга;
б) алкыш жарыялоого;
в) мөөнөттүү кызматтагы солдаттарды аскер бөлүгүнүн командири белгилеген күндөрдө жана сааттарда аскер бөлүгүнүн аймагынан бир жолу кезексиз бошонууга уруксат берүүгө.
23. Ротанын старшинасы, взводдун командири төмөндөгүлөргө укуктуу:
а) мурда өзү берген тартиптик жазаны алып коюуга;
б) алкыш жарыялоого;
в) мөөнөттүү кызматтагы солдаттарды, сержанттарды жана старшиналарды аскер бөлүгүнүн аймагынан 1 суткага чейин бир жолу кезексиз бошонууга уруксат берүүгө.
24. Ротанын командири төмөндөгүлөргө укуктуу:
а) мурда өзү берген тартиптик жазаны алып коюуга;
б) алкыш жарыялоого;
в) мөөнөттүү кызматтагы солдаттарды, сержанттарды жана старшиналарды аскер бөлүгүнүн аймагынан 1 суткага чейин бир жолу кезексиз бошонууга уруксат берүүгө;
г) мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчысы аскердик милдетин үлгүлүү аткарып жаткандыгы жөнүндө жана алган сыйлыктары жөнүндө анын ата-энесине же мурда иштеген (окуган) жерине билдирүүгө;
д) (КР 2002-жылдын 21-июнундагы № 108 Мыйзамына ылайык алынып салынган)
25. Батальондун командири төмөндөгүлөргө укуктуу:
а) мурда өзү берген тартиптик жазаны алып коюуга;
б) алкыш жарыялоого;
в) мөөнөттүү кызматтагы солдаттарды, сержанттарды жана старшиналарды аскер бөлүгүнүн аймагынан 1 суткага чейин бир жолу кезексиз бошонууга уруксат берүүгө;
г) мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчысы аскердик милдетин үлгүлүү аткарып жаткандыгы жөнүндө жана алган сыйлыктары жөнүндө анын ата-энесине же мурда иштеген (окуган) жерине билдирүүгө;
д) грамоталар менен сыйлоого;
е) (КР 2002-жылдын 21-июнундагы № 108 Мыйзамына ылайык алынып салынган)
Өзүнчө турган батальондун командири, ошондой эле 11-пунктка ылайык батальондун командиринин тартиптик бийлигинен пайдаланган өзүнчө турган аскер бөлүгүнүн командири, мындан тышкары 26-пункттун "д" - "л" пунктчаларында көрсөтүлгөн сыйлыктарды колдонууга укуктуу.
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
26. Полктун (бригаданын) командири төмөндөгүлөргө укуктуу:
а) мурда өзү берген тартиптик жазаны алып коюуга;
б) алкыш жарыялоого;
в) мөөнөттүү кызматтагы солдаттарды, сержанттарды жана старшиналарды аскер бөлүгүнүн аймагынан 1 суткага чейин бир жолу кезексиз бошонууга уруксат берүүгө;
г) мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчысы аскердик милдетин үлгүлүү аткарып жаткандыгы жөнүндө жана алган сыйлыктары жөнүндө анын ата-энесине же мурда иштеген (окуган) жерине билдирүүгө;
д) грамоталар, баалуу белектер же акча менен сыйлоого;
е) аскер кызматчысын аскер бөлүгүнүн Күжүрмөн Туусунун алдында тартылган сүрөтү менен сыйлоого;
ж) ефрейтор деген аскердик наамды ыйгарууга;
з) сержанттарга ээлеген штаттык кызматында улук сержантты кошконго, каралган аскердик наамынан бир баскычка жогору турган кезектеги, аскердик наамды ыйгарууга;
и) отличниктин төш белгиси менен сыйлоого;
к) солдаттардын, сержанттардын жана старшиналардын фамилияларын аскердик бөлүктүн Ардак китебине жазып коюуга;
л) мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына - 10 суткага чейинки мөөнөткө кыска мөөнөттүү өргүү берүүгө.
(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 21-июнундагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
27. Бирикменин командири өзүнө баш ийген солдаттарга, сержанттарга жана старшиналарга карата ушул Уставдагы 20-пунктунун "м" пунктчасынан башка сыйлык чараларын толук көлөмүндө колдонуу укугунан пайдаланат.
(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 3-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Прапорщиктерге карата колдонулуучу сыйлыктар
28. Прапорщиктерге карата төмөндөгүдөй сыйлыктар колдонулат:
а) мурда берилген тартиптик жазаны алып коюу;
б) алкыш жарыялоо;
в) грамоталар, баалуу белектер же акча менен сыйлоо;
г) прапорщиктердин фамилиясын аскер бөлүгүнүн Ардак китебине жазып коюу;
д) прапорщиктерге улук прапорщик деген аскердик наамды мөөнөтүнөн мурда ыйгаруу;
е) ведомстволук сыйлыктар (медаль) жана аскердик төш белгилер менен сыйлоо.
(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 3-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Өздөрүнө баш ийген прапорщиктерди сыйлоо боюнча командирлердин (зардалдардын) укуктары
29. Взводдун командири, ротанын командири жана батальондун командири төмөндөгүлөргө укуктуу:
а) мурда өзү берген тартиптик жазаны алып коюуга;
б) алкыш жарыялоого.
30. Өзүнчө турган батальондун командири, ошондой эле 11-пунктка ылайык батальондун командиринин тартиптик бийлигинен пайдаланган өзүнчө турган аскер бөлүгүнүн командири, полктун (бригаданын) командири, дивизиянын командири, мындан тышкары 28-пункттун "в" жана "г" пунктчаларында көрсөтүлгөн сыйлыктарды колдонууга укуктуу.
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
31. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Офицерлерге карата колдонулуучу сыйлыктар
32. Офицерлерге карата төмөндөгүдөй сыйлыктар колдонулат:
а) мурда берилген тартиптик жазаны алып коюу;
б) алкыш жарыялоо;
в) ведомстволук сыйлыктар, баалуу (анын ичинде энчилүү) белектер менен же акчалай сыйлоо;
г) офицерлердин фамилиясын аскер бөлүгүнүн Ардак китебине жазып коюу;
д) кезектеги аскердик наамды мөөнөтүнөн мурда ыйгаруу;
е) ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган аскердик наамдан бир баскычка жогору турган майорго чейинки кезектеги аскердик наамды ыйгаруу;
ж) атылуучу жеке курал менен сыйлоо.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
33. Кесиптик билим берүүчү аскердик билим берүү мекемелеринде 32-пунктта колдонулган сыйлыктардан тышкары, ошондой эле кесиптик билим берүүчү аскердик билим берүү мекемесин аяктаган жана аны бүтүргөндө артыкчылык дипломун алган курсанттардын фамилияларын Ардак тактага жазуу колдонулат.
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Өздөрүнө баш ийген офицерлерди сыйлоо боюнча командирлердин (зардалдардын) укуктары
34. Ротанын командири жана батальондун командири төмөндөгүлөргө укуктуу:
а) мурда өзү берген тартиптик жазаны алып коюуга;
б) алкыш жарыялоого.
Өзүнчө турган батальондун командири, ошондой эле 11-пунктка ылайык батальондун командиринин тартиптик бийлигинен пайдаланган өзүнчө турган аскер бөлүгүнүн командири, мындан тышкары 35-пункттун "в" пунктчасында көрсөтүлгөн сыйлыктарды колдонууга укуктуу.
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
35. Полктун (бригаданын) командири, бирикменин командири төмөндөгүлөргө укуктуу:
а) мурда өзү берген тартиптик жазаны алып коюуга;
б) алкыш жарыялоого;
в) грамоталар, баалуу (анын ичинде жеке) белектер же акча менен сыйлоого;
г) офицерлердин фамилиясын аскер бөлүгүнүн Ардак китебине жазууга.
36. Аскер кызматчылары кызмат өтөп жаткан мамлекеттик органдардын жетекчилери офицерлерге карата ушул Уставдын 32-пунктунда саналып өткөн сыйлоо чараларын толук көлөмүндө, ысымы жазылган ок атуучу курал менен сыйлоону албаганда, колдонуу укугунан пайдаланат.
(Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 203, 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Сыйлыктарды колдонуу тартиби
37. Командирлер (зардалдар) жеке аскер кызматчысына карата, ошондой эле подразделениенин, аскер бөлүгүнүн бүтүндөй өздүк составына карата сыйлыктарды колдоно алышат.
Бир жолку айырмалангандыгы үчүн аскер кызматчысына бир гана сыйлык жарыяланышы мүмкүн.
Сыйлыктын түрүн аныктоодо аскер кызматчысынын сиңирген эмгегинин же айырмалануусунун мүнөзү, ошондой эле кызматка карата анын мурдагы мамилеси эске алынат.
38. Тартиптик жаза берилген аскер кызматчысы, аны алып коюу менен сыйланат. Тартиптик жазаны алып коюу укугу бул жазаны берген командирге (зардалга), ошондой эле андан кем эмес тартиптик бийликке ээ болгон тикеден-тике зардалдарга таандык.
Бир мезгилде аскер кызматчысынан бир гана тартиптик жаза алынып коюлушу мүмкүн.
Командир (зардал) тартиптик жаза өзүнүн тарбиялык ишин аткарып жана аскер кызматчысы аскердик милдетин үлгүлүү аткаруу менен өзүнүн жүрүш-турушун оңдогондон кийин гана тартиптик жазаны алып коюуга укуктуу.
39. Тартиптик жазаларды алып салуу - кызмат ордун (аскердик наамын) төмөндөтүү төмөнкүдөй учурларда жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
- мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларынан - кызмат орду (аскердик наамы) төмөндөтүлгөн күндөн тартып үч айдан эрте эмес, солдат жана сержант курамдарынын кызмат орундарындагы контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынан - кызмат ордунан төмөндөтүлгөн күндөн тартып алты айдан эрте эмес;
- прапорщиктерден жана офицерлерден - кызмат ордунан төмөндөтүлгөн күндөн тартып бир жылдан эрте эмес.
Тартиптик жаза - кызмат ордунан төмөндөтүү - аскер кызматчысынан анын мурдагы кызмат ордун ошол убакта калыбына келтирбестен эле алып салынышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
40. Сыйлоонун - алкыш жарыялоо түрү - жеке аскер кызматчысына карата, ошондой эле кичи бөлүгүнүн, аскер бөлүгүнүн бүтүндөй өздүк составына карата колдонулат.
41. Сыйлоонун - аскер бөлүгүнүн аймагынан кезексиз бир жолу бошотуу түрү - мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына, кесиптик билим берүүчү аскердик билим берүү мекемелеринин 1 жана 2-курсттарынын курсанттарына карата колдонулат жана аскер кызматчыларынын кызыкчылыгын эске алуу менен аскер бөлүгүнүн командири белгилеген күндөрдө жана сааттарда жүргүзүлөт.
Мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларын 1 суткага чейин сыйлоо катары бошотуу эреже катары, ишемби жана майрам алдындагы күндөрдө жүргүзүлөт, мында аскер бөлүгүнүн аймагынан тышкары жерде маданий-эс алуу мекемелеринин, массалык эс алуучу жайлардын, турмуш-тиричилик жана бош убакытты өткөрүүгө мүмкүндүк берген башка шарттардын болушу эске алынат.
42. Аскер кызматчысы өзүнүн аскердик милдетин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн алган сыйлыктары жөнүндө ата-энесине же мурда иштеген (окуган) жерине билдирүү түрү - мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына карата колдонулат, мында аскер кызматчысынын ата-энесине же мурда иштеген (окуган) жерине аскер кызматчысы өзүнүн аскердик милдетин үлгүлүү аткарып жаткандыгы жөнүндө жана алган сыйлыктары жөнүндө мактоо барагы жөнөтүлөт.
43. Сыйлыктын - грамоталар, баалуу белектер же акча менен сыйлоо түрү - бардык аскер кызматчыларына карата колдонулат, кээде алкыш жарыялоо менен бир учурда колдонулушу да мүмкүн, мында грамота менен жеке аскер кызматчылары, ошондой эле подразделениенин, аскер бөлүгүнүн бүтүндөй өздүк составы, эреже катары окуу мезгилинин (окуу жылынын) аягында, запаска (отставкага) бошогондо, ошондой эле мелдештин (атаандашуунун) жыйынтыгын чыгарууда колдонулат.
44. Сыйлыктын - аскер кызматчысын аскер бөлүгүнүн Күжүрмөн Туусунун алдында тартылган сүрөтү менен сыйлоо түрү - мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына карата колдонулат.
Бул сыйлык колдонулган ар бир аскер кызматчысына сүрөтүнүн артына: кимге жана эмне үчүн тапшырылгандыгы жазылган эки сүрөтү (аскер кызматылары баш кийимчен, куралы менен тартылат) тапшырылат.
45. Сыйлыктын - ефрейтор деген аскер наамын ыйгаруу, аскер наамын мөөнөтүнөн мурда ыйгаруу жана майорго чейинкисин кошкондо ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган аскердик наамдан бир баскыч жогорку наамды ыйгаруу түрү - мамлекетти коргоодо, күжүрмөн кезмет өтөөдө же аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда моралдык бийик күжүрмөн сапаттарды көрсөткөн, аскердик даярдыкта жана аскердик тартипти чыңдоодо эң мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен аскер кызматчыларына карата колдонулат.
46. Отличниктин төш белгиси менен окутуунун бир жолку мезгилинин ичинде отличник болуп саналган солдаттар, сержанттар жана старшиналар сыйланат, ал эми кесиптик билим берүүчү аскердик билим берүү мекемелеринин курсанттары - окуу жылынын ичинде отличниктер болуп саналган учурда сыйланышат.
47. Сыйлыктын - аскер бөлүгүнүн Ардак китебине жазуу түрү - төмөндөгүлөргө карата колдонулат:
- аскердик даярдыкта эң мыкты көрсөткүчкө жетишкен, кызмат өтөөдө кынтыксыз тартиптүүлүк жана бийик аң-сезимдүүлүк көрсөткөн, аскердик кызматынын акыркы жылын өтөп жаткан мөөнөттүү кызматтагы солдаттарга, сержанттарга жана старшиналарга карата, - запаска бошоор алдында (кесиптик билим берүүчү аскердик билим берүү мекемелеринин курсанттары - окуусун аяктагандан кийин);
- солдат, сержант курамдарынын кызматтарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жатышкан аскер кызматчыларына, аял-аскер кызматчыларына, прапорщиктерге жана офицерлерге Куралдуу Күчтөрдө кынтыксыз кызмат өтөгөндүгү үчүн, ошондой эле өздөрүнүн аскердик милдетин аткарууда өзгөчө айырмаланган бардык аскер кызматчыларын, - алар аскер кызматын өтөгөн бүткүл мөөнөтүнүн ичинде.
Сыйлык жарыялоодо - аскер бөлүгүнүн Ардак китебине жазып коюуда - аскер кызматчысына аскер бөлүгүнүн командиринин колу коюлган мактоо грамотасы тапшырылат, ал эми мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчысынын фамилиясын аскер бөлүгүнүн Ардак китебине жазуу туурасында, мындан тышкары, анын ата-энесине же мурдагы иштеген (окуган) жерине билдирилет.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
48. Күжүрмөн даярдыкта жакшы жана мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына (кесиптик билим берүүчү аскердик билим берүү мекемелеринин курсанттарынан бөлөк) - кызматы боюнча тырышчаактыгы жана мыкты кызматы үчүн сыйлык тартибинде кыска мөөнөттүү өргүү берилет.
Кыска мөөнөттүү өргүү берүү жөнүндө аскердик бөлүк боюнча буйрук жарыяланат.
(КР 2002-жылдын 21-июнундагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
49. Мамлекеттин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн алдындагы аскердик эрдиги жана сиңирген эмгеги үчүн атылуучу жеке курал менен сыйлоо өзгөчө айырмаланган офицерлер үчүн ардактуу сыйлык болуп саналат.
Кылыч, тапанча же аңчылык куралы жеке курал болушу мүмкүн.
Тийиштүү жазуудан тышкары жеке куралда сыйланган адамдын аскердик наамы, фамилиясы жана аты-жөнү көрсөтүлөт. Жазуу куралдын өзүнө же куралга бекитилген темир пластинкага, кынына же кабына жазылат.
50. Сыйлык катардын алдында, аскер кызматчыларынын чогулушунда (кеңешмесинде), буйрукта же жекече жарыяланат.
Сыйлыктар жөнүндөгү буйруктарды жарыялоо, ошондой эле айырмаланган аскер кызматчыларына сыйлыктарды тапшыруу адатта салтанаттуу кырдаалда жүргүзүлөт.
Аскер кызматчыларын сыйлоо жөнүндө буйрукту жарыялоо менен бир эле мезгилде, эреже катары грамоталар, баалуу белектер же акча, аскер кызматчыларынын аскердик бөлүктүн Күжүрмөн Туусунун алдында тартылган сүрөттөрү, отличниктин төш белгилери тапшырылат, ошондой эле аскер кызматчылары аскердик милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы жөнүндө ата-энелерине же мурда иштеген (окуган) жерлерине билдирүүлөрдүн тексттери окулуп берилет.
51. Тийиштүү командир (зардал) тартиптик жазаны алып койгондон кийин же ага акыркы жаза берилген учурдан тартып бир жыл өткөндөн кийинки мезгилдин ичинде ал башка тартиптик жорукту (ушул Уставдын 39 жана 109-пункттарында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо) жасабаса, аскер кызматчысынын тартиптик жазасы жок деп эсептелет.
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-Глава. Тартиптик жаза
52. Аскердик тартипти же коомдук тартипти бузгандыгы үчүн аскер кызматчысы керт башы менен тартиптик жоопкерчилик тартат.
Аскер кызматчысы аскердик тартипти же коомдук тартипти бузган учурда командир (зардал) ага милдеттери жана аскердик парзы жөнүндө эскертүү менен чектелип, ал эми зарыл учурда тартиптик жаза тарттырышы мүмкүн. Мында ал берилген жаза тартипти чыңдоо жана аскер кызматчысын тарбиялоо чарасы катары жасалган тартиптик жоруктун оордуугуна жана командир (зардал) жүргүзгөн териштирүүнүн натыйжасында анык болгон күнөөнүн даражасына ылайык келүүгө тийиш.
Тартиптик жорук - укукка каршы, күнөөлүү аскер кызматчысынын өзүнө жүктөлгөн аскердик кызматынын милдеттерин аткарбоосу же талаптагыдай эмес аткаруусу ошого тете, эгерде жасалган жосун укук бузуунун же болбосо кылмыштын курамын түзбөсө, аскердик уставдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленген жүрүм-турум эрежелерин сактабоосу.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
53. Командирдин (зардалдын) чечими боюнча аскер кызматчыларынын аскердик тартипти же коомдук тартипти бузган аракеттерин коомдук айыптоо максатында солдаттардыкы - өздүк составдын чогулушунда; сержанттар менен старшиналардыкы - сержанттардын чогулушунда; прапорщиктердики - прапорщиктердин чогулушунда, аял-аскер кызматчыларыныкы - мыйзамсыз аракеттери талкууланып жаткан аял-аскер кызматчысынын аскердик наамынан (кызматынан) төмөн болбогон аскердик наамдагы (кызматтагы) аял-аскер кызматыларынын чогулуштарында; офицерлердики - офицердик чогулуштарда каралышы жана талкууланышы мүмкүн.
Мындан тышкары, офицерлердин жана прапорщиктердин мыйзамсыз аракеттери офицерлер менен прапорщиктердин жолдоштук абийир сотторунда каралышы мүмкүн. Офицерлер менен прапорщиктердин жорук-жосундарын жолдоштук абийир сотторунда кароо жөнүндө чечим сот түзүлгөн аскердик бөлүктөрдүн командирлери, ошондой эле алардын улук зардалдары тарабынан кабыл алынат.
Офицерлердин жана прапорщиктердин мыйзамсыз аракеттерин жолдоштук абийир сотторунда кароо менен бир эле мезгилде ушул эле мыйзамсыз аракеттер үчүн аларга тартиптик жаза берүү жөнүндө чечим кабыл алууга тыюу салынат.
Кызматын же аскердик наамын төмөндөтүү жөнүндө, кесиптик билим берүүчү аскердик билим берүү мекемесинен чыгаруу жана аскер кызматынан бошотуу жөнүндө жолдоштук абийир сотунун өтүнүчү боюнча чечим мындай укук берилген командир (зардал) тарабынан ага бул өтүнүч түшкөн учурдан тартып бир айлык мөөнөттө кабыл алынат.
Эскертүү. Мыйзамсыз аракеттер - аскер кызматчыларынын укук бузуу курамынын белгилерин камтыган аракеттери.
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июнундагы № 33-р (Жаран Бавабек уулу Замирбектин кызыкчылыгын көздөгөн Айнур Мукашевна Бекбоеванын кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставынын 53-беренесинин 2, 3 жана 4-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча) чечими
54. Кийинкиге калтырууга болбой турган чукул учурларда четтетүүгө негиз болгон шарттарды жойгонго чейинки бүткүл мезгил бою аскер кызматчылары кызмат ордунан четтетилиши мүмкүн.
Аскер кызматчылары аларды кызматка дайындоого укук берилген командирлер (начальниктер) тарабынан кызмат ордунан четтетилет, мында:
Генералдык штабдын начальниги - Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары өзүнчө бөлүмдөрдү кошуп алганда башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын начальниктерине чейинки аскер кызматчыларын кызмат ордунан убактылуу четтетүүгө укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басарлары (аларга теңдештирилген адамдар) өзүнчө бөлүмдөрдү кошуп алганда башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын начальниктерине чейинки аскер кызматчыларын (тейлеген багыттары боюнча) кызмат ордунан убактылуу четтетүүгө укуктуу.
Башкы башкармалыктын, башкармалыктын жана өзүнчө бөлүмдөрдүн начальниктери, аскерлер тобунун командачылары (аларга теңдештирилген адамдар) мекеменин начальнигинин орун басарларын кошуп алганда бирикмелердин, аскер бөлүктөрүнүн командирлеринин орун басарларына чейинки өздөрүнө баш ийген бирикмелердин, бөлүктөрдүн жана мекемелердин аскер кызматчыларын кызмат ордунан убактылуу четтетүүгө укуктуу.
Баш ийүүсүндөгү адамды кызмат ордунан четтеткен командир (начальник) кызматтан четтетүүгө алып келген себептерди жана кырдаалдарды толук баяндап, бул жөнүндө команда боюнча токтоосуз түрдө билдирүүгө милдеттүү.
Карамагындагы адамды негизсиз кызмат ордунан четтеткен командир (начальник) бул үчүн жоопкерчилик тартат, ал эми кызматтан четтетүү жөнүндө чечим аны кабыл алган командир (начальник) же анын улук начальниги тарабынан жокко чыгарылат.
Эскертүү. Кийинкиге калтырууга болбой турган чукул учурлар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- аскер кызматчысы жасалган кылмыштын жана (же) укук бузуунун изин жашырып коюшу мүмкүн болсо;
- курал-жарактын, ок-дарылардын, жарылуучу заттардын жана башка материалдык баалуулуктардын уурдалышы мүмкүн болсо;
- адамдардын курман болушу, согуштук техниканын бузулушу сыяктуу оор кесепеттерди алып келиши мүмкүн болсо, -
- аскер кызматчысына карата тергөө судьясы же сот тарабынан кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө токтом же аныктама чыгарылса;
- аскер кызматчысына карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоолдук жараткан башка бөгөт коюу чаралары колдонулса.
Кийинкиге калтырууга болбой турган учурлардын ушул тизмеси жетиштүү болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-июнундагы № 78, 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Солдаттарга, сержанттарга жана старшиналарга берилүүчү тартиптик жазалар
55. Солдаттарга төмөндөгүдөй жазалар берилиши мүмкүн:
а) сөгүш;
б) катуу сөгүш;
в) мөөнөттүү кызматтагы солдатты аскердик бөлүктүн аймагынан кезектеги бошонуудан ажыратуу;
г) мөөнөттүү кызматтагы солдатты 5 нарядга чейин - иштөөгө кезексиз нарядга дайындоо;
д) (КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
е) отличникти төш белгисинен ажыратуу.
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
56. Мөөнөттү кызматтагы сержанттар менен старшиналарга төмөндөгүдөй жаза берилиши мүмкүн:
а) сөгүш;
б) катуу сөгүш;
в) аскердик бөлүктүн аймагынан кезектеги бошотуудан ажыратуу;
г) (КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
д) отличниктин төш белгисинен ажыратуу;
е) кызматын төмөндөтүү;
ж) аскердик наамын бир баскычка төмөндөтүү;
з) төмөнкү кызматка которуу менен аскердик наамын бир баскычка төмөндөтүү.
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
57. Солдат, сержант курамдарынын кызматтарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жатышкан аскер кызматчыларына төмөндөгүдөй жазалар берилиши мүмкүн:
а) сөгүш;
б) катуу сөгүш;
в) (КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
г) отличниктин төш белгисинен ажыратуу;
д) кызматын төмөндөтүү;
е) мөөнөтүнөн мурда запаска бошотуу.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
58. Солдат, сержант жана старшина катары аскер кызматын өтөп жатышкан аял-аскер кызматчыларына 55-пункттун "в" жана "г" пунктчаларында көрсөтүлгөн жазалар берилбейт.
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Командирлердин (зардалдардын) өздөрүнө баш ийген солдаттарга, сержанттарга жана старшиналарга тартиптик жаза берүү укуктары
59. Отделениенин командири төмөндөгүлөргө укуктуу:
а) сөгүш жана катуу сөгүш берүүгө;
б) мөөнөттүү кызматтагы солдаттарды аскердик бөлүктүн аймагынан кезектеги бошонуудан ажыратууга;
в) мөөнөттүү кызматтагы солдаттарды 1 нарядга - иштөөгө кезексиз нарядга дайындоого.
60. Взводдун командиринин орун басары төмөндөгүлөргө укуктуу:
а) сөгүш жана катуу сөгүш берүүгө;
б) мөөнөттүү кызматтагы солдаттарды жана сержанттарды аскердик бөлүктүн аймагынан кезектеги бошонуудан ажыратууга;
в) мөөнөттүү кызматтагы солдаттарды 2 нарядга - иштөөгө кезексиз нарядга дайындоого.
61. Ротанын старшинасы төмөндөгүлөргө укуктуу:
а) сөгүш жана катуу сөгүш берүүгө;
б) мөөнөттүү кызматтагы солдаттарды, сержанттарды жана старшиналарды аскердик бөлүктүн аймагынан кезектеги бошонуудан ажыратууга;
в) мөөнөттүү кызматтагы солдаттарды 3 нарядга - иштөөгө кезексиз нарядга дайындоого.
62. Взводдун командири төмөндөгүлөргө укуктуу:
а) сөгүш жана катуу сөгүш берүүгө;
б) мөөнөттүү кызматтагы солдаттарды, сержанттарды жана старшиналарды аскердик бөлүктүн аймагынан кезектеги бошонуудан ажыратууга;
в) мөөнөттүү кызматтагы солдаттарды 4 нарядга - иштөөгө кезексиз нарядга дайындоого.
63. Ротанын командири төмөндөгүлөргө укуктуу:
а) сөгүш жана катуу сөгүш берүүгө;
б) мөөнөттүү кызматтагы солдаттарды, сержанттарды жана старшиналарды аскердик бөлүктүн аймагынан кезектеги бошонуудан ажыратууга;
в) мөөнөттүү кызматтагы солдаттарды 5 нарядга - иштөөгө кезексиз нарядга дайындоого;
г) (КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
64. Батальондун командири төмөндөгүлөргө укуктуу:
а) сөгүш жана катуу сөгүш берүүгө;
б) мөөнөттүү кызматтагы солдаттарды, сержанттарды жана старшиналарды аскердик бөлүктүн аймагынан кезектеги бошонуудан ажыратууга;
в) мөөнөттүү кызматтагы солдаттарды 5 нарядга - иштөөгө кезексиз нарядга дайындоого;
г) (КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Өзүнчө турган батальондун командири, ошондой эле 11-пунктка ылайык батальондун командиринин тартиптик бийлигинен пайдаланган өзүнчө турган аскер бөлүгүнүн командири мындан тышкары 65-пункттун "д" пунктчасында көрсөтүлгөн жазаны берүүгө укуктуу.
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
65. Полктун (бригаданын) командири төмөндөгүлөргө укуктуу:
а) сөгүш жана катуу сөгүш берүүгө;
б) мөөнөттүү кызматтагы солдаттарды, сержанттарды жана старшиналарды аскердик бөлүктүн аймагынан кезектеги бошотуудан ажыратууга;
в) мөөнөттүү кызматтагы солдаттарды 5 нарядга - иштөөгө кезексиз нарядга дайындоого;
г) (КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
д) отличниктин төш белгисинен ажыратууга;
е) сержанттар менен старшиналарды кызматынан төмөндөтүүгө;
ж) сержанттардын аскердик наамын бир баскычка төмөндөтүүгө, анын ичинде төмөнкү кызматка которуу менен төмөндөтүүгө;
з) солдат, сержант курамдарынын кызматтарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жатышкан аскер кызматчыларын жана аял-аскер кызматчыларын мөөнөтүнөн мурда запаска бошотууга.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
66. Бирикменин командири өзүнө баш ийген солдаттарга, сержанттарга жана старшиналарга карата ушул Уставдын толук көлөмүндө тартиптик жаза берүү укугунан пайдаланат.
Прапорщиктерге берилүүчү тартиптик жазалар
67. Прапорщиктерге төмөндөгүдөй жазалар берилиши мүмкүн:
а) сөгүш;
б) катуу сөгүш;
в) (КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
г) кызматына толук ылайык келбестиги туурасында эскертүү;
д) кызматын төмөндөтүү;
е) мөөнөтүнөн мурда запаска бошотуу.
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
68. (КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Өздөрүнө баш ийген прапорщиктерге тартиптик жаза берүүгө командирлердин (зардалдардын) укуктары
69. Взводдун командири жана ротанын командири сөгүш жана катуу сөгүш берүүгө укуктуу.
70. Батальондун командири төмөндөгүлөргө укуктуу:
а) сөгүш жана катуу сөгүш берүүгө;
б) (КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Өзүнчө турган батальондун командири, ошондой эле 11-пунктка ылайык батальондун командиринин тартиптик бийлигинен пайдаланган өзүнчө турган аскер бөлүгүнүн командири, мындан тышкары прапорщиктерге кызматына толук ылайык келбестиги жөнүндө эскертүүгө укуктуу.
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
71. Полктун (бригаданын) командири төмөндөгүлөргө укуктуу:
а) сөгүш жана катуу сөгүш берүүгө;
б) (КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
в) кызматына толук ылайык келбестиги тууралу эскертүүгө.
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
72. Бирикменин командири төмөндөгүлөргө укуктуу:
а) сөгүш жана катуу сөгүш берүүгө;
б) (КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
в) кызматына толук ылайык келбестиги тууралу эскертүүгө;
г) кызматын төмөндөтүүгө.
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
73. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Офицерлерге берилүүчү тартиптик жазалар
74. Офицерлерге төмөндөгүдөй жазалар берилиши мүмкүн:
а) сөгүш;
б) катуу сөгүш;
в) кызматына толук ылайык келбестиги жөнүндө эскертүү;
г) кызматынан төмөндөтүү;
д) полктордун (бригаданын) командирлеринин орун басарларынан тартып аларга тең келген жана төмөн турган офицерлерди мөөнөтүнөн мурда запаска бошотуу.
75. Жогорку офицерлерге төмөндөгүдөй жазалар берилиши мүмкүн:
а) сөгүш;
б) катуу сөгүш;
в) кызматына толук ылайык келбестиги жөнүндө эскертүү;
г) кызматынан төмөндөтүү.
Командирлердин (зардалдардын) өздөрүнө баш ийген офицерлерге тартиптик жаза берүү укугу
76. Ротанын командири жана батальондун командири сөгүш жана катуу сөгүш жарыялоого укуктуу.
Өзүнчө турган батальондун командири, ошондой эле 11-пунктка ылайык батальондун командиринин тартиптик бийлигинен пайдаланган өзүнчө турган аскер бөлүгүнүн командири, мындан тышкары офицерлерди кызматына толук ылайык келбестиги жөнүндө эскертүүгө укуктуу.
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
77. Полктун (бригаданын) командири жана бирикменин командири төмөндөгүлөргө укуктуу:
а) сөгүш жана катуу сөгүш жарыялоого;
б) кызматына толук ылайык келбестиги жөнүндө эскертүүгө.
78. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Өзгөчө учурларда тартиптик жаза берүү
79. Гарнизондордун зардалдары жана гарнизондордун аскер коменданттары төмөндөгү учурларда гарнизондун аскер кызматчыларына же гарнизонго убактылуу токтогондорго тартиптик жаза берүү укугуна ээ:
а) жасалган тартиптик жорук гарнизондук же кароол кызматын өтөө эрежелерин бузууга тиешелүү болгон учурда;
б) аскердик бөлүктүн аймагынан тышкары жерде аскердик тартипти же коомдук тартипти бузууга жол берилгенде;
в) тартиптик жорук отпускада, командировкада жүргөн учурда же гарнизондун гауптвахтасында болгон учурда жасалса.
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
80. 82-пунктта көрсөтүлгөн учурларда тартиптик жорукка жол берген аскер кызматчыларына карата зардалдар төмөнкүдөй тартиптик укуктарды пайдаланышат:
- гарнизондун начальниги - аларга негизги штаттык кызматы боюнча берилген бийлигинен;
- гарнизондун аскер коменданты жана жол катнашындагы бардык наамдагы аскер коменданттары - ээлеген негизги штаттык кызматы боюнча каралган аскердик наамына ылайык ага берилген укуктардан бир баскыч жогору бийликтен;
- гарнизондун штаттан тышкаркы аскер коменданты - ага ээлеген негизги штаттык кызматы боюнча каралган аскер наамга ылайык берилген укуктардан бир баскыч жогору бийликтен.
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
81. 79 жана 80-пункттарга ылайык жаза берген зардалдар бул туурасында тартиптик жорук жасаган аскер кызматчылары кызмат өтөп жаткан аскердик бөлүктөрдүн командирлерине билдиришет жана өргүү билетине, иш сапар күбөлүгүнө же жазма буйрукка тийиштүү белги коёт.
Аскер кызматчысы туруктуу кызмат өтөгөн жерине келгенден кийин өзүнө салынган тартиптик жаза жөнүндө өзүнүн тикеден-тике начальнигине билдирүүгө милдеттүү.
Өзүнө берилген жаза туурасында билдирбеген аскер кызматчысы бул үчүн тартиптик жоопкерчиликке тартылат.
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
82. Запастагы же отставкадагы аскер кызматчылары аскердик форма кийип жүргөн учурда аскердик ар-намысты булгап жана аскердик наамдын кадырын кетирип, аскердик, коомдук тартипти бузуп же башка тартиптик жоруктарды жасаган учурда, төмөндөгүдөй тартиптик жазалар колдонулушу мүмкүн:
а) сөгүш жана катуу сөгүш.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
83. Запастагы жана отставкадагы аскер кызматчыларына тартиптик жаза берүү укугу төмөнкүлөргө таандык:
а) кенже офицерлер курамын кошо алганда, аскер кызматчыларынын категориясына - гарнизондордун зардалдарына, аскер коменданттарына жана батальондун же полктун (бригаданын) командиринин бийлигине ээ райондук (шаардык) аскер комиссарларына;
б) улук офицерлерге - дивизиянын, бирикменин командиринин бийлигине ээ командирлерге, коргоо министринин орун басарларына;
в) жогорку офицерлерге-коргоо министрине.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
84. Запастагы же отставкадагы аскер кызматчылары аскердик ар-намысты булгаган жана аскердик наамдын кадырын кетирген укук бузууларды жасаган учурда Коргоо министринин бийлиги менен аскердик форма кийип жүрүү укугунан ажыратылышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
85. Бири-бирине баш ийбеген аскер кызматчылары кызматтык өз ара мамилелери командир (зардал) тарабынан аныкталбаган кызматты биргелешип өтөгөн учурда, алардын кызматы боюнча улуусу, ал эми кызматтары бирдей болгон учурда аскердик наамы боюнча улуусу зардал болуп саналат жана ээлеген кызматы боюнча ээлеген тартиптик бийликтен пайдаланат.
86. Улуусунун көзүнчө кенжеси аскердик тартипти же аскердик учурашуу эрежелерин бузгандыгы үчүн улуусу кенжесине эскертүү кылууга милдеттүү, эгерде эскертүү таасир бербесе, аскердик уставдарда белгиленген башка чараларды колдоно алат.
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
87. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Тартиптик жаза берүү тартиби
88. Аскердик тартипти же коомдук тартипти бузган аскер кызматчысына ушул Уставда аныкталган тартиптик жазалар колдонулушу мүмкүн жана аскер кызматчысынын аскердик наамына жана күнөөлүүнү тартиптик жоопкерчиликке тартуу туурасында чечим кабыл алган командирдин (зардалдын) тартиптик бийлигине ылайык келет.
89. Өзүнө баш ийген аскер кызматчысына тартиптик жаза берүү жөнүндө чечим кылардан мурда командир (зардал) териштирүү жүргүзөт. Териштирүү күнөөлүүлөрдү табуу жана тартиптик жорукка жол берүүгө көмөк көрсөткөн себептерди жана шарттарды табуу максатында жүргүзүлөт.
Териштирүүнүн жүрүшүндө командир (зардал): тартиптик жорукка жол берилгендиги аныкпы; кайсыл жерде, качан, кандай жагдайда жана кандай максат менен жасалды; муну эмнеден билүүгө болот; конкреттүү бирөөлөрдүн аракетиндеги (аракетсиздигиндеги) күнөөнүн бар же жок экендигин жана бир нече адам жасаган жосунда ар биринин күнөөсүнүн деңгээлин; жасалган тартиптик жоруктун кесепети канчалык экендигин; күнөөлүү адамдын жоопкерчилигин жеңилдеткен жана оорлоткон жагдайларды; тартиптик жорук жасоого көмөк көрсөткөн себептерди жана шарттарды аныктайт.
Эгерде териштирүүнүн жүрүшүндө аскер кызматчысынын аракетинде кылмыштын жана (же) укук бузуунун курамынын белгилери камтылгандыгы аныкталса, анда аскер бөлүгүнүн командири аскер прокуроруна билдирет жана ага токтоосуз колдогу материалдарын жиберет.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
90. Күнөөнү жана тартиптик жаза чараларын аныктоодо: тартиптик жоруктун мүнөзү, ал жасалган жагдай, анын кесепеттери, күнөөлүүнүн мурдагы жүрүш-турушу, ошондой эле анын аскердик кызматынын узактыгы жана кызмат тартибин билүү деңгээли көңүлгө алынат. Биринчи тартиптик жорук үчүн аскер кызматчысы кечирим берүү менен жазаланат, тартип бузуу кайталанган учурда - андан катураак эскертилет, ал эми муну менен чектелбесе, эч кандай кечирим берилбейт.
Тартиптик жорук аскердик кезмет (аскердик кызмат) өтөө учурунда жана башка кызматтык милдеттерди аткарууда, мас абалында же тартипти одоно бузуу менен жасалса, катураак тартиптик жаза колдонулат.
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
91. Тартиптик жорук жасаган аскер кызматчысына тартиптик жаза берүү бир суткадан кийин, жасалган тартиптик жоругу жөнүндө командирге (зардалга) белгилүү болгон күндөн же кызматтык иликтөө (териштирүү) бүткөн күндөн тартып 30 суткадан кечиктирилбестен жүргүзүлөт. Тартиптик жаза берүүдө командир (зардал) баш ийүүчүнүн жеке беделин түшүрбөөгө жана оройлукка жол бербөөгө тийиш.
Командирдин (зардалдын) өзүнө баш ийген аскер кызматчысына эскертүүсү же кызмат боюнча кемчиликтерин катуу көрсөтүүсү тартиптик жаза болуп саналбайт.
Өзүн күнөөлүү эмес деп эсептеген аскер кызматчысы тийиштүү тартиптик жаза берүү жөнүндө чечим билдирилген күндөн тартып 10 сутканын ичинде даттанууга укуктуу.
Тартиптик жаза берүү жөнүндө буйрук (рапорт, кызматтык карточка) ал чыккан күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде, буйруктун (рапорттун же кызматтык карточканын) арткы бетине кол койдуруу менен аскер кызматчысына билдирилет. Аскер кызматчысы көрсөтүлгөн буйрук (рапорт, кызматтык карточкадагы жазуу менен - тийиштүү графада) менен таанышуудан баш тарткан учурда, тартиптик жаза берген командир (зардал) жана кадр иштери боюнча кызмат адамы тарабынан күбөлөндүрүлгөн таанышуудан баш тартуу тууралуу белги коюлат.
Ушул Уставдын 108-пунктунда каралган тартиптик жаза берүү жөнүндө буйрук ушул пункттун төртүнчү абзацына ылайык, аны менен таанышкан күндөн тартып 10 сутканын ичинде сотко даттанылышы мүмкүн.
Аскер кызматчысы/бошотулган аскер кызматчысы жазуу жүзүндө кайрылган учурда, ушул пункттун төртүнчү абзацында каралган актылардын көчүрмөлөрү көрсөтүлгөн кайрылуу катталган күндөн тартып 3 күндүн ичинде берилет. Көчүрмө актынын номерин жана датасын, тартиптик жазаны берүүнүн негизин, ошондой эле акты менен таанышуу датасын камтышы керек.
(КР 2020-жылдын 29-июлундагы № 100, 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
92. Суткалык наряддын курамына кирген (аскердик кезмет өтөгөн) аскер кызматчысына кызмат өтөгөн учурда жол берген жорук-жосундары үчүн тартиптик жаза колдонуу наряддан (аскердик кезметтен) келгенден кийин же аны башка аскер кызматчысы менен алмаштыргандан кийин, бирок бир суткадан кийин жүргүзүлөт.
93. Мас абалындагы аскер кызматчысына тартиптик жаза берүү, ошондой эле андан кандайдыр бир түшүнүк алуу ал соолукканга чейин калтырыла турат. Мындай учурларда зарылчылыгы болсо ал гауптвахтага же убактылуу кармалгандардын камерасына бир суткага чейин камалашы мүмкүн, ушундан кийин анын жоопкерчилиги жөнүндө чечим кабыл алынат.
94. Бир эле тартиптик жоругу үчүн бир нече тартиптик жаза колдонууга же бир жазаны экинчиси менен бириктирүүгө, түздөн-түз күнөөлүүлөрдү жазалоонун ордуна бөлүкчөнүн бүткүл өздүк курамына жаза берүүгө тыюу салынат.
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
95. Эгерде командир (зардал) өзүнө баш ийген аскер кызматчысы жасаган тартиптик жоруктун оордугуна байланыштуу өзүнө берилген тартиптик бийликти жетишсиз деп эсептесе, күнөөлүүгө улук командирдин (зардалдын) бийлиги менен жаза берүү жөнүндө өтүнүч менен кайрыла алат.
Өзүнө берилген тартиптик бийликтин чегинен чыгып кеткен командир (зардал) бул үчүн жоопкерчилик тартат.
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
96. Улук командир (зардал) кенже командир (зардал) өзүнө берилген бийликтин чегинен чыгып кетпесе, анын берген жазасы катуулугуна байланыштуу, бул тартиптик жазаны алып салууга же азайтуута укуксуз.
Улук командир (зардал) кенже командирдин (зардалдын) берген жазасы жол берилген тартиптик жоруктун оордугуна ылайык келбейт, деп тапса аны алып салууга жана катуураак жаза берүүгө укуктуу.
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
97. Жасаган кылмышы жана (же) укук бузгандыгы үчүн, ошондой эле мамлекетке келтирген материалдык зыяны үчүн тартиптик жаза тарткан аскер кызматчысы жазык жана (же) материалдык жоопкерчиликтен бошотулбайт.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Тартиптик жазаларды аткаруу тартиби
98. Тартиптик жаза эреже катары дароо жана айрым бир учурларда берилген күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен аткарылат. Бир айлык мөөнөт өтүп кеткенден кийин жаза аткарылбайт, бирок кызматтык карточкада ал туурасындагы жазуу сакталып калат.
Мындай болгон учурда күнөөсү менен берилген жаза аткарылбай калган адам жоопкерчилик тартат.
99. Берилген тартиптик жазаны аткаруу, анын үстүнөн даттануу түшкөн учурда токтотулбастан аны алып салуу жөнүндө улуу командирдин (зардалдын) буйругу болгондон кийин гана токтотулат.
100. Эгерде аны колдонуу тартиби ушул Уставда көрсөтүлбөсө, берилген тартиптик жаза жөнүндө: солдаттарга - жекече же катардын алдында; сержанттар менен старшиналарга - жекече, кеңешмеде же сержанттар менен старшиналардын катарынын алдында; прапорщиктерге - жекече, прапорщиктердин кеңешмесинде, ошондой эле прапорщиктер менен офицерлердин кеңешмесинде; офицерлерге - жекече, предписаниеде же кеңешмеде (улуу офицерлерге - улуу офицерлердин катышуусунда, жогорку офицерлерге - жогорку офицерлердин катышуусунда) жарыяланат. Мындан тышкары, тартиптик жаза буйрукта жарыяланышы мүмкүн.
Командирлерге (зардалдарга) аларга баш ийгендердин катышуусунда тартиптик жаза жарыялоого тыюу салынат.
Аскер кызматчысына тартиптик жаза жарыялоодо жазага кириптер кылган себептер жана аскердик тартипти же коомдук тартипти бузуу эмнеге тургандыгы көрсөтүлөт.
101. Сөгүш алгачкы тартиптик жаза болуп саналат жана аскер кызматчысына ушул Уставдын 100-пунктунда көрсөтүлгөн тартипте жарыяланат.
Катуу сөгүш катардын алдында, кеңешмеде же буйрукта гана жарыяланат.
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
102. Аскердик бөлүктүн аймагынан кезектеги бошонуудан ажыратуу мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына кызматтык зарылчылыксыз 7 сутканын ичинде аскердик бөлүктүн аймагынан чыгууга, анын ичинде аскер шаарчасынан тышкары жерде жайгашкан маданий-оюн-зоок мекемелерине жана эс алуу жайларына коллективдүү (кичи бөлүгүнүн курамында) барууларга кошулууга тыюу салына тургандыгын билдирет.
103. Тартиптик жаза-ишке кезексиз нарядга чегүү - ротанын (команданын) старшинасы же взводдун командиринин орун басары тарабынан жүргүзүлөт.
Иштөөгө кезексиз нарядга чегилген мөөнөттүү кызматтагы солдаттар ошондой эле кесиптик билим берүүчү аскердик билим берүү мекемелеринин 1 жана 2-курсттарынын курсанттары (мөөнөттүү аскер кызматын өтөп бүткөн аскер кызматчыларын кошпогондо) машыгуудан бош убактысында, жуманын каалаган күнүндө өзүнүн кичи бөлүгүндө же аскердик бөлүгүндө иш аткарууга тартылат. Бир нарядды иш аткаруунун узактыгы суткасына төрт сааттан ашпоого тийиш. Иш уктоого чейин аткарылат.
104. Аскер кызматчыларын гауптвахтада кармоо менен камакка алуу соттун чечими менен колдонулат.
Аскер кызматчыларын гауптвахтада кармоо менен камакка алууну аткаруунун тартиби 4-тиркемеде баяндалган.
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
105. Отличниктин төш белгисинен ажыратуу тиешелүү тартиптик бийлиги бар командирдин (зардалдын) жазуу жүзүндөгү буйругу менен жарыяланат жана: солдаттарга карата - аскердик бөлүктүн катарынын алдында, сержанттар менен старшиналарга карата сержанттар менен старшиналардын катарынын алдында аткарылат.
106. Кызматына толук ылайык келбей тургандыгы жөнүндө эскертүү-тартиптик жазасы - прапорщик же офицер ээлеген штаттык кызматын аткарган мезгилдин ичинде бир жолу колдонулат.
Эгерде ушул жаза берилгенден кийин бир жылдын ичинде прапорщик же офицер аскердик милдетин үлгүлүү аткаруу менен өз жүрүш-турушун оңдобосо жана берилген жаза өзүнүн тарбиялык ролун ойнобосо, анда аскер кызматчысы кызматы жагынан белгиленген тартипте төмөндөтүлөт же аскердик кызматтан мөөнөтүнөн мурда запаска бошотулат.
107. Сержанттар менен старшиналардын аскердик наамын төмөндөтүү, анын ичинде аларды төмөнкү кызматка которуу менен төмөндөтүү-тартиптик жазасы - мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына карата колдонулат жана тийиштүү тартиптик бийлиги бар командирдин (зардалдын) буйругунда жарыяланат.
Аскердик наамын бир баскычка төмөндөтүү менен - тартиптик жаза берилген аскер кызматчысына жазаны жарыялоодо тийиштүү айырмачылык белгилерин алмаштыруу убактысы аныкталат. Погонун жулууга, жамалган белгилерин кесүүгө жана аскер кызматчысынын беделин кетирген башка аракеттерге тыюу салынат.
108. Аскер кызматчыларын аскердик кызматтан мөөнөтүнөн мурда запаска бошотуу алар кызматына ылайык келбегенде жана аскер кызматчысынын ар-намысын жана кадыр-баркын булгаган учурларда, ошондой эле эгерде аскер кызматчысы аскердик кызматты өтөөнүн тартиби жөнүндө жоболорго ылайык анын белгиленген талаптарына жооп бере албай калганда жүзөгө ашырылат.
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-Глава. Сыйлыктардын жана тартиптик жазалардын эсеби
109. Тикеден-тике зардалдар сыйлыктар жана тартиптик жазалар жөнүндө команда боюнча төмөнкүдөй баяндама жасоого тийиш:
а) мөөнөттүү кызматтагы солдаттарга, сержанттарга жана старшиналарга - роталардын командирлерине жана аларга ылайык келгендер күн сайын;
б) солдат, сержант курамдарынын кызматтарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жатышкан аскер кызматчыларына, аял-аскер кызматчыларына, прапорщиктерге, офицерлерге (жогорку офицерлерден башкасына) - аскердик бөлүктөрдүн командирлерине жума сайын;
в) аскердик бөлүктөрдүн командирлерине, ошондой эле жогорку офицерлерге - жогору турган штабта ай сайын.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
110. Сыйлыктардын жана тартиптик жазалардын эсеби бардык кичи бөлүктөрдө жана аскердик бөлүктөрдө жүргүзүлөт.
111. Ушул Уставда каралган бардык сыйлыктар жана тартиптик жазалар, анын ичинде командир (зардал) кичи бөлүгүнүн (команданын), аскердик бөлүктүн бүткүл өздүк составына жарыялаган сыйлыктар 7 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен кызматтык карточкага (2-тиркеме) түшүрүлөт.
Аскер кызматчысынан тартиптик жаза алынып салынганда, кызматтык карточканын "жазалар" деген бөлүмүнө белги коюлуп, жаза качан жана ким тарабынан алынгандыгы көрсөтүлөт.
Эгерде ушул Уставдын 39 жана 106-пункттарында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, аскер кызматчысына салынган тартиптик жаза бир жыл өткөндө алынып салынбаса жана ал ушул мезгилдин ичинде башка тартиптик жорук жасабаса, анда "Жазалар" деген бөлүмдүн тийиштүү графасында мөөнөтү өткөндөн кийин жаза алынып салынгандыгы жөнүндө белги коюлат.
Кызматтык карточкалар төмөнкүчө жүргүзүлөт:
а) ротада - мөөнөттүү кызматтагы солдаттарга жана сержанттарга;
б) аскер бөлүгүнүн штабында - солдат, сержант курамдарынын кызматтарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жатышкан аскер кызматчыларына, аял-аскер кызматчыларына, ошондой эле прапорщиктер менен офицерлерге.
Аскер бөлүктөрүнүн жана бирикмелердин командирлерине, ошондой эле жогорку офицерлерге кызматтык карточкалар жогору турган штабда жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
112. Мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын, сержанттардын жана старшиналардын кызматтык карточкасына түшүрүлүүчү ар бир жолку жазуу ротанын (тийиштүү кичи бөлүгүнүн) командири тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Солдат, сержант курамдарынын кызматтарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жатышкан аскер кызматчыларынын, аял-аскер кызматчыларынын, ошондой эле прапорщиктер менен офицерлердин кызматтык карточкасына түшүрүлгөн ар бир жазуу бөлүктүн штабынын начальниги тарабынан, ал эми аскердик бөлүктөр менен бирикмелердин командирлерине жана жогорку офицерлерге - жогору турган штабдын начальниги тарабынан күбөлөндүрүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
113. Батальондордун, полктордун (бригадалардын) командирлери жана аларга ылайык келгендер сыйлыктардын жана берилген жазалардын колдонулушунун тууралыгын текшерүү максатында кызматтык карточкаларды мезгил-мезгили менен карап турууга милдеттүү. Ар бир аскер кызматчысы жылына бир жолу, ошондой эле жаңы кызмат ордуна көчүрүлгөн же которулган мезгилде кол коюп берип өзүнүн кызматтык карточкасы менен таанышууга тийиш.
Аскер кызматчысы көчүрүлгөн же которулган учурда кызматтык карточкасы жаңы кызмат өтөөчү жерине жөнөтүлөт.
5-Глава. Сунуштар, арыздар жана даттануулар жөнүндө
114. Аскердик мүлктүн уурдалышын же бүлүндүрүлүшүн, акча каражаттарынын мыйзамсыз чыгымдалышын, аскерлерди жабдуудагы кыянаттыктарды, курал-жарактар менен аскердик техниканы күтүүдөгү кемчиликтерди жана мамлекетке башка зыян келтирүү фактыларын байкаган аскер кызматчысы бул туурасында тикеден-тике начальнигине билдирүүгө милдеттүү, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерин кошкондо ага чейинки улук зардалдарга, аскердик юстиция органдарына жана башка мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарына бул кемчиликтерди четтетүү боюнча жазуу жүзүндөгү сунуштарын же арызын жөнөтө алат. Аскер кызматчысы ошондой эле мамлекеттик башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттерин сотко даттанып кайрылууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
115. Ар бир аскер кызматчысы командирлердин (зардалдардын) же башка аскер кызматчыларынын ага карата мыйзамсыз аракеттери жөнүндө, мыйзамдарда белгиленген укуктар менен артыкчылыктардын бузулгандыгы жөнүндө, ошондой эле тийиштүү азык-түлүк менен канааттандырбагандыгы жөнүндө арыз берүүгө укуктуу.
Арыз аракети даттанылып жаткан адамдын тикеден-тике начальнигине, ал эми даттанып жаткан адам өз укугу кимдин күнөөсү менен бузулгандыгын билбесе, анда даттануу команда боюнча берилет.
116. Даттанган аскер кызматчысы төмөндөгүлөргө укуктуу:
- даттанууну текшерген адамга далилдерин жекече баяндап берүүгө;
- даттануу боюнча текшерүүнүн материалдары менен таанышууга;
- кошумча материалдарды сунуш кылууга же даттанууну карап жаткан командир (зардал) же орган тарабынан ал материалдардын талап кылынышы жөнүндө өтүнүч билдирүүгө;
- зыяндын кайтарылышын мыйзамда белгиленген тартипте талап кылууга.
117. Аскер кызматчысы даттануусун жекече берүүгө же буга башка бирөөнү уполномочиелүү кылууга укуктуу. Топтошуп даттанууга тыюу салынат. Даттанган аскер кызматчысы буйруктарды жана өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулбайт.
Аскердик кезметте турганда, катарда турганда, (аскер кызматчыларын сураган учурда берилүүчү даттанууларды кошпогондо), кароолдо, ошондой эле башка суткалык нарядда турганда жана сабактарда жүргөндө даттанууну берүүгө тыюу салынат.
118. Аскер кызматчылары тарабынан даттануулардын берилишине тоскоолдук кылууга жана аларды бул үчүн жазалоого, куугунтуктоого же кызмат жагынан кемсинтүүгө тыюу салынат.
Бул жагынан күнөөлүү болгон командир (зардал), атайылап жалган арыз (даттануу) берген аскер кызматчысы сыяктуу эле мыйзамга ылайык жоопко тартылат.
119. Аскер кызматчыларын сурак кылууда даттануу сурак кылууну жүргүзүп жаткан адамга тикеден-тике оозеки түрүндө билдирилүүгө же жазуу жүзүндө берилиши мүмкүн.
Сурак кылууга кандайдыр бир себептер менен катышпай калган аскер кызматчылары даттанууларын тикеден-тике суроо жүргүзгөн командирдин (зардалдын) атына жазуу жүзүндө бере алышат.
120. Сунуш (арыз, даттануу) оозеки түрүндө баяндалууга же жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш. Жазуу жүзүндө берилген учурда ага аскер кызматчысынын фамилиясын, аты-жөнүн көрсөтүү менен колу коюлуп, ошондой эле анын жашаган же кызмат кылган (окуган) жери жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш. Бул маалыматтарды камтыбаган сунуштар (арыздар, даттануулар) анонимдүү деп табылат жана каралбайт.
121. Командир (зардал) түшкөн сунуштарга, арыздарга жана даттанууларга кунт коюп жана сергек мамиле жасоого тийиш. Ал сунуштардын, арыздар менен даттануулардын өз учурунда каралышы жана чара көрүлүшү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Эгерде сунуш (арыз, даттануу) туура деп табылса, командир (зардал) алынган сунушту (арызды, даттанууну) үч күндүк мөөнөттө карап чыгууга, сунушту аткаруу үчүн же арыз (даттануу) берген адамдын өтүнүчүн канааттандыруу үчүн дароо чара көрүүгө; аскер кызматчылардын жана башка граждандардын негиздүү даттанууларын пайда кылган себептерди табуу жана четтетүү боюнча чара көрүүгө, кичи бөлүктөрүндө иштин абалын иликтөө үчүн анда камтылган маалыматтарды толугураак пайдаланууга милдеттүү.
Эгерде сунушту (арызды, даттанууну) алган командир (зардал) арыз (даттануу) берген адамдын сунушун аткаруу же өтүнүчүн канааттандыруу үчүн жетиштүү укуктары болбосо, анда ал сунушун (арызын, даттануусун) беш күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен команда боюнча белгиленген тартипте жөнөтөт.
122. Аскер кызматчысынын сунушу (арызы, даттануусу) сунушту (арызды, даттанууну) карап чыгуу үчүн кайда жөнөтүү керек экендиги туурасында чечим кабыл алуу үчүн зарыл маалыматтарды камтыбаган учурларда же аны команда боюнча же тийиштүү мекемеге (аскер-окуу жайына) берүү үчүн кошумча маалыматтар же башка толтуруп жазуулар талап кылынган учурларда сунуш (арыз, даттануу) тийиштүү түшүндүрмөлөр менен аны берген аскер кызматчысына дароо кайтарылат.
Арыз же даттануу аракети ошол даттанууда көрсөтүлгөн адамдардын кароосуна жөнөтүлүшүнө тыюу салынат.
Сунушту (арызды, даттанууну) башка мекемеге (штабга, башкармага) жөнөтүү жөнүндө сунуш (арыз, даттануу) берген аскер кызматчысына милдеттүү түрдө эскертилет.
123. Эгерде анда коюлган бардык маселелер каралса, алар боюнча зарыл чаралар көрүлсө жана мыйзамга ылайык толук жооптор берилсе, сунуштар, арыздар жана даттануулар чечилди деп эсептелет.
Сунушта (арызда, даттанууда) баяндалган суроо-талаптарды канааттандыруудан баш тартуу, жазуу жүзүндө мыйзамга же аскердик уставдарга таянуу менен баш тартуунун жүйөлөрүн көрсөтүп, кабыл алынган чечимге ылайык даттануу тартибин түшүндүрүү менен сунуш (арыз, даттануу) берген аскер кызматчысына билдирилет.
124. Аскер кызматчыларынын сунуштары, арыздары жана даттануулары боюнча чечимдер:
- аскердик бөлүктөрдө - түшкөн күндөн тартып 7 күндөн кечиктирилбестен, токтоосуз каралат;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын башкармаларында - түшкөн күндөн тартып 15 күнгө чейинки мөөнөттө кабыл алынат.
Сунушту (арызды, даттанууну) чечүү үчүн атайын текшерүү жүргүзүү, кошумча материалдарды талап кылуу жана башка чараларды көрүү зарыл болгон учурларда, сунушту (арызды, даттанууну) чечүү мөөнөтү аскер бөлүгүнүн командири тарабынан тартиптен четтөө катары узартылышы, бирок бул туурасында сунуш (арыз, даттануу) берген аскер кызматчыга билдирүү менен 15 күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
125. Сунуштарды (арыздарды, даттанууларды) караган учурда командир (зардал) же аны кароого катышкан башка адам тарабынан аскер кызматчысынын макулдугусуз анын жеке турмушу жөнүндө маалыматтарды жарыялап жиберүүгө жол берилбейт.
126. Аскердик бөлүктөрдүн жана бирикмелердин командирлери кварталына бир жолудан кечиктирбестен сунуштар, арыздар жана даттануулар боюнча чечимдерди карап чыгуу жана кабыл алуу боюнча иштин абалын ички текшерүүдөн өткөрүүгө милдеттүү, бул үчүн комиссия дайындалат. Текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө акт түзүлөт.
127. Бардык сунуштар, арыздар жана даттануулар түшкөн күнү сунуштар, арыздар жана даттануулар китебине (3-тиркеме) жазылат, ал ар бир аскердик бөлүктө жүргүзүлөт жана сакталат.
Инспекция (текшерүү) жүргүзүү мезгилинде аскер кызматчыларын сурап чыгууда билдирилүүчү даттануулар сунуштар, арыздар жана даттануулар китебине жазылбайт.
128. Сунуштар, арыздар жана даттануулар китебине ар бир сунуш (арыз, даттануу) боюнча түшкөн чечимдер жазылат.
Сунуштар, арыздар жана даттануулар китеби кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын өз учурундалуулугун жана тууралыгын текшерүү үчүн: аскер бөлүгүнүн командирине - ай сайын, ал эми инспекциялоочуларга (текшерүүчүлөргө) аларды талабы боюнча берилет.
129. Сунуштар, арыздар жана даттануулар китебине номерлер коюлуп, көктөлүп жана чапталуу менен мастика мөөрү басылып жана аскер бөлүгүнүн командири тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
1-тиркеме 20-пунктка
АСКЕР БӨЛҮГҮНҮН АРДАК КИТЕБИ
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Ардак китеби бардык полктордо (бригадаларда), өзүнчө аскердик бөлүктөрдө жүргүзүлөт.
2. Ардак китебине ушул Уставдын талаптарына ылайык сыйлоо тартибинде солдаттардын, сержанттардын, прапорщиктердин жана офицерлердин аскер наамы, фамилиялары, аты-жөнү жазылат.
Ардак китебине жазуу" аскер бөлүгүнүн буйругу боюнча жүргүзүлөт. Ардак китебине аскер кызматчысынын сүрөтү жайгаштырылат жана анын жетишкендиктеринин же эрдигинин кыскача мазмуну баяндалат.
3. Ардак китеби өзүнүн маанисине ылайык келип жана аны менен бүткүл өздүк составдын таанышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылсын үчүн Ардак китебин сактоочу жер аскер бөлүгүнүн командири тарабынан аныкталат.
2-тиркеме 111-пунктка
Алдыңкы бети
КЫЗМАТТЫК КАРТОЧКА
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
_____________ аскер бөлүгүнүн _____________________ротасы (командасы)
1. Кызматы ____________________________________________________________
2. Аскердик наамы _____________________________________________________
3. Фамилиясы, аты-жөнү ________________________________________________
4. Кайсы жылдан бери аскердик кызматта ________________________________
Сыйлыктары
Эмне үчүн | Сыйлыктын түрү | Качан колдонулду (күнү жана буйруктун номери) | Ким тарабынан сыйланды |
Арткы бети
Жазалары
Эмне үчүн | Тартиптик жорук качан жасалды | Жазанын түрү | Качан колдонулду (күнү жана буйруктун номери) | Ким тарабынан берилди | Качан алынды (ким тарабынан же мөөнөтү бүткөндөн кийин) |
Таанышып чыккандыгы туурасында колу
Эскертүүлөр:
1. Аскер кызматчысына биринчи офицердик наамы прапорщик наамы, ошондой эле улук офицердин же жогорку офицердин биринчи наамы деген аскер наамдар ыйгарылганда ага жаңы кызматтык карточка ачылат.
Жаңы кызматтык карточкага аскер кызматчысына мурда берилген тартиптик жазалар киргизилбейт, жазасын алып коюу жөнүндө жазуудан тышкары алган сыйлыктары гана жазылат. Мурдагы кызматтык карточкасы жок кылынат.
2. Аскер кызматчыларына берилген жана аларды запаска же отставкага бошоткон күнгө чейин алынбаган тартиптик жазалар, эгерде бул мезгилдин ичинде бошотулган аскер кызматчысы жаңы жаза албаса, бошотулган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин өз күчүн жоготот.
3-тиркеме 127-пунктка
аскер бөлүгүнүн сунуштар, арыздар жана даттануулар КИТЕБИ
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
кк № | Түшкөн датасы (жылы, айы, күнү) | Сунуш, (арыз, даттануу) ээсинин фамилиясы аты-жөнү жана аскердик кызматка тиешелүүлүгү) | Сунуштун (арыздын, даттануунун) кыскача мазмуну | Аткаруу үчүн кимге жана качан берилди жана аткаруучунун колу | Аткаруу мөөнөтү | Качан жана кандай чечим кабыл алынды | Документтер тигилген иш |
4-тиркеме
Аскер кызматчыларынын одоно тартиптик жоруктарынын тизмеги жана камакка алууну аткаруу ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1. Аскер кызматчыларынын одоно тартиптик жоруктарына төмөнкүлөр кирет:
- өз алдынча кетүү;
- башка укук бузуу курамынын белгилери жок болгондо, аскер бөлүгүнөн бошонууга чыкканда, башка кызматка дайындалууда, которулууда, ошондой эле өргүүдөн, иш сапардан жана дарылоо мекемесинен кызматка жүйөлүү себептерсиз мөөнөтүндө келбей коюу;
- кызматка кечигүү же кызматтан өз алдынча кетүү, жүйөлүү себептерсиз кызматта үч сааттан ашык жок болуу;
- башка укук бузуу курамынын белгилери жок болгондо, күжүрмөн кезмет (күжүрмөн кызмат), гарнизондук, кароолдук, ички, чек аралык кызматтарды, коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча кызматтарды өтөө эрежелерин бузуу;
- башка укук бузуу курамынын белгилери жок болгондо, этиятсыздыктан аскердик мүлктү жок кылуу, жоготуу, зыян келтирүү же бузуу;
- алкоголдук, баңгилик же токсиндик мас абалында кызматтык милдетин аткаруу, ошондой эле коомдук жайларда (аскер кийими менен) жүрүү;
- иштөө жөндөмдүүлүгүн жоготууга алып келген коопсуздук талаптарын бузуу;
- башка укук бузуу курамынын белгилери жок болгондо, аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин уставдык эрежелерин бузуу;
- аскер кызматчынын өздүгүн ырастаган документти (кызматтык күбөлүктү, аскердик билетти), же номердүү металл мөөрлөрдү атайьш бузуу же этиятсыздыктан жоготуу;
- аскер кызматчысынын гарнизондун чегинен тышкары чыгуу тартибин бузуусу;
- кызматтан тышкаркы мезгилде коомдук жайларда жасалган тартиптик жоруктар.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2. Аскер кызматчысын гауптвахтада кармоо менен камакка алуу жөнүндө соттун чечимин аткаруу аскер бөлүгүнүн (мекеменин) командачылыгына жүктөлөт.
Камакта отурган убакыт аскер кызматынын мөөнөтүнө эсептелбейт.
3. Камакка алууга соттолгон бардык аскер кызматчыларынан камакка алууну аткарган адамдар тарабынан алардын курал-жарактары жана ок-дарылары, ал эми мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларынан андан тышкары тизим боюнча акчалары жана гауптвахтага ала кетүүгө болбой турган буюмдары алынып коюлат.
Камакка алынган аскер кызматчылары ордендерди, медалдарды жана ордендик ленталары менен планкаларды, ошондой эле төш белгилерди аскердик бөлүктүн штабына же гарнизондун аскердик комендатурасына сактоого тапшырышат.
Камакка алууга соттолгон аскер кызматчыларын гауптвахтага жөнөтүүдө контракт кызматындагы аскер кызматчылары катарга тизилүү үчүн кийилүүчү күнүмдүк формасын, ал эми мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчылары жумушчу формасын кийүүгө жана жылуу курткасын, же болбосо башка сырткы кийимин алууга тийиш. Андан тышкары, ар бир камакка алынуучунун сүлгүсү, жүз аарчысы, кошумча таза жакалары, жуунуп-тарануучу буюмдары жана кырынуу үчүн буюмдары болууга тийиш.
Камакка алынган солдатка, сержантка (курсантка) жана старшинага башка буюмдарды, ошондой эле тутандыруучу жана чегүүчү буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынат.
Камакка алууга соттолгон аскер кызматчыларынын бардыгы гауптвахтага жөнөтөөрдүн алдында медициналык кароодон, зарыл учурда санитардык тазалоодон (мончодо жуунуу) өтүшөт жана кызматтык кийимдери дезинфекцияланат, бул туурасында ден соолугунун абалы тууралуу тиешелүү медициналык маалымкат берилет.
4. Камакка алууну аткаруу милдети жүктөлгөн адамдар гауптвахтада бош орундардын бар экендиги жөнүндө алдын ала билүүгө жана, эгерде зарыл болсо, коштоп жүрүүчүлөрдү талап кылууга милдеттүү.
Камакка алууга соттолгон аскер кызматчылары гауптвахтага аскер бөлүгүнүн (мекеменин) өкүлүнүн коштоосунда, ал эми зарыл болгон учурда кайтаруу менен жөнөтүлөт.
5. Камакка алууга соттолгон аскер кызматчыларын гауптвахтага жөнөтүү, аларды кайтаруу (коштоонун), тапшыруу жана кабыл алуу, ал жерде кармоо жана камактан бошотуу тартиби Гарнизондук жана кароол кызматтарынын уставында баяндалган.