Загрузка документа…
Бишкек шаары 2007-жылдын 25-июну № 91
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө", "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу
(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-декабрындагы № 273, 2009-жылдын 17-июлундагы № 224, 2010-жылдын 10-февралындагы № 27, 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексинин, 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 134 конституциялык Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49, 2024-жылдын 26-февралындагы № 57, 2025-жылдын 28-апрелиндеги N 85 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-статья.
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготту)
2-статья.
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготту)
3-статья.
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготту)
4-статья.
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготту)
5-статья.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 134 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6-статья.
(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7-статья.
(КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги N 85 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8-статья.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 26-февралындагы № 57 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9-статья.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10-статья.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
11-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Ушул Мыйзамдын сот арачыларына тийиштиги бар жоболору, "Кыргыз Республикасынын сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонууга киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет. Курамында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун беш судьясынан турган соттук коллегиясы тарабынан көзөмөл тартибинде каралуучу ушул Мыйзамдын жазык иштери боюнча жоболору 2008-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилет. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15-статьясынын 2-пунктун (бир түзүмдүү соттор боюнча) ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үч айдын ичинде сунуштарды киргизүү Кыргыз Республикасынын Президентинен суранылсын. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө: ушул Мыйзамдан келип чыккан жоболорду жүзөгө ашыруу, анын ичинде ушул Мыйзамда киргизилген кылмыш-жазалардын түрлөрүн уюштуруу жана аткаруу, анын ичинде өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны аткарууну 2008-жылдын 1-январынан кечиктирбестен аткаруу боюнча зарыл чараларды көрсүн; үч айлык мөөнөттө жазык-аткаруу инспекцияларынын болгон штаттык саны менен кошо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүп берүү жана аларды материалдык-техникалык жактан чыңдоо боюнча зарыл чараларды көрсүн, өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин; 2010-жылга чейин "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 13-декабрындагы N 143 Мыйзамынын 4-статьясын аткарууну камсыз кылсын. Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-декабрындагы № 273 Мыйзамына ылайык, 6-бөлүктүн колдонулушу жокко чыгарылсын жана 2007-жылдын 3-июлунан тартып күчүн жоготту деп табылды. Өлүм жазасына соттолгон адамдарга карата соттун чечими өлүм жазасы түрүндөгү жазаны өмүр бою эркиндигинен ажыратуу менен алмаштыруу бөлүгүндө өзгөртүлүүгө тийиштиги белгиленсин. Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды кармоо үчүн Кыргыз Республикасында өзгөчө режимдеги түзөтүү колониясы түзүлгөнгө чейин өлүм жазасы өмүр бою эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган адамдар, ошондой эле өмүр бою эркиндигинен ажыратылгандар тергөө изоляторлорунда жана түзөтүү колонияларынын камералык типтеги жайларында жаза өтөөрү белгиленсин. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып биринчи, апелляциялык, кассациялык сотторго жана көзөмөлгө алуу инстанцияларына келип түшкөн жана каралып жаткан иштер ушул Мыйзамда киргизилген өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго ылайык каралууга жатарлыгы белгиленсин. Ушул Мыйзамдын түзөтүү жумуштары, эркиндигин чектөө түрүндөгү жазалар жөнүндө жоболору аларды аткаруу үчүн зарыл шарттардын түзүлүшүнө жараша, бирок 2008-жылдын 1-январынан кечиктирилбестен колдонууга киргизилет. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-декабрындагы № 273 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
|