Редакцияот 29.12.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары2008-жылдын 29-декабры № 273                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ             "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине,          Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине,         Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик        жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу         кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана         жергиликтүү соттор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын        прокуратурасы жөнүндө", "Кылмыштарды жасоо жагынан шек         туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта          кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө", "Мунапыс       берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө",          "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик  кодексин       колдонууга киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын       Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз       Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор        киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына              өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө   2008-жылдын 14-ноябрында            Кыргыз Республикасынын Жогорку                                      Кењеши тарабынан кабыл алынган       1-берене.      "Кыргыз Республикасынын  Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республика-сынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрация-лык жоопкерчилик  жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-атка-руу кодексине,  "Кыргыз  Республикасынын  Жогорку соту жана жергиликтүүсоттор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө","Кыл-мыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдардыкамакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө", "Мунапыс берүүнүн жа-на ырайым  кылуунун жалпы принциптери жөнүндө","Кыргыз РеспубликасынынЖазык-процесстик кодексин  колдонууга  киргизүү  жөнүндө"  жана "КыргызРеспубликасынын Кылмыш-жаза  кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө":227} Кыр-гыз Республикасынын  мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүтууралу" Кыргыз    Республикасынын    Мыйзамына    ("Эркин-Тоо" гезити,2007-жылдын 3-июлу, № 47-48 (1656-1657) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана то-луктоо киргизилсин:     11-статьяда:     6-бөлүктүн колдонулушу жокко чыгарылсын жана 2007-жылдын 3-июлунантартып күчүн жоготту деп табылсын;     7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:     "Өлүм жазасына соттолгон адамдарга карата соттун чечими өлүм жаза-сы түрүндөгү жазаны өмүр бою эркиндигинен ажыратуу менен алмаштыруу бө-лүгүндө өзгөртүлүүгө тийиштиги белгиленсин.";     статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:     "Өмүр бою  эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды кармоо үчүнКыргыз Республикасында  өзгөчө  режимдеги  түзөтүү колониясы түзүлгөнгөчейин өлүм  жазасы өмүр бою эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган адам-дар, ошондой  эле өмүр бою эркиндигинен ажыратылгандар тергөө изолятор-лорунда жана  түзөтүү  колонияларынын камералык типтеги жайларында жазаөтөөрү белгиленсин.".       2-берене.      Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев