Бишкек шаары2007-жылдын 19-ноябры № 172 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Дружба" багбанчылык коомдук бирикмесинин участкасына айылдын статусун берүү жана аны Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Пригородный айылдык округуна кошуу жөнүндө 2007-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-августундагы № 198
Мыйзамынын редакциясына ылайык) 1-статья. "Дружба" багбанчылык коомдук бирикмесинин участкасына айылдын ста-тусу берилсин жана жањы уюшулган айыл "Достук" айылы деп аталсын. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-августундагы № 198
Мыйзамы-нын редакциясына ылайык) 2-статья. Достук айылы Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн райо-нунун Пригородный айылдык округунун курамына киргизилсин. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-августундагы № 198
Мыйзамы-нын редакциясына ылайык) 3-статья. Достук айылынын чегарасынын сүрөттөмөсү бекитилсин. 4-статья. Ушул Мыйзамды ишке ашырууга байланышкан бардык чыгымдар аймагында"Достук" айылы жайгашкан жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын бюд-жетинин эсебинен жүргүзүлөт. 5-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев