Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 172 «Достук» багбанчылык коомдук бирикмесинин участкасына айылдын статусун берүү жана аны Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Пригородный айылдык кеңешине кошуу жөнүндө» Мыйзамы
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Бишкек шаары2007-жылдын 19-ноябры № 172 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Дружба" багбанчылык коомдук бирикмесинин участкасына айылдын статусун берүү жана аны Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Пригородный айылдык округуна кошуу жөнүндө 2007-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-августундагы № 198 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 1-статья. "Дружба" багбанчылык коомдук бирикмесинин участкасына айылдын ста-тусу берилсин жана жањы уюшулган айыл "Достук" айылы деп аталсын. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-августундагы № 198 Мыйзамы-нын редакциясына ылайык) 2-статья. Достук айылы Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн райо-нунун Пригородный айылдык округунун курамына киргизилсин. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-августундагы № 198 Мыйзамы-нын редакциясына ылайык) 3-статья. Достук айылынын чегарасынын сүрөттөмөсү бекитилсин. 4-статья. Ушул Мыйзамды ишке ашырууга байланышкан бардык чыгымдар аймагында"Достук" айылы жайгашкан жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын бюд-жетинин эсебинен жүргүзүлөт. 5-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев