Кыргыз Республикасынын2009-жылдын 29-декабрындагы N 318
Мыйзамына ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары2008-жылдын 25-апрели № 70 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу 1-берене. "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" КыргызРеспубликасынын
Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку КењешининЖарчысы, 1998-ж., № 4, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоокиргизилсин: 1. 8-статьянын 2-бөлүгүнүн "а" пунктчасынын биринчи абзацындагы"бирок он сегиз жаш курагынан ашпаган" деген сөздөр алып салынсын. 2. 9-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жана пособиелер"деген сөздөр алып салынсын. 3. 18-статьянын 3-бөлүгүнүн "г" пунктчасындагы "он сегиз жашкатолгонго чейин" деген сөздөр "алар окуусун бүтүргөнгө чейин" деген сөз-дөр менен алмашылсын; "окуусунун түрүнө карабастан" деген сөздөр "билималуунун күндүзгү түрүндө" деген сөздөр менен; "алар жыйырма бир жашкачыкканга чейин" деген сөздөр "алар окуусун бүтүргөнгө чейин, бирок жый-ырма уч жаш куракка чыккандан ашпаганга чейин" деген сөздөр менен алма-шылсын; 4. 22-статьяда: 1-бөлүгүндө: - "б" пунктчасындагы "он сегиз жашка толгондо" деген сөздөр "окуу-сун бүтүргөндө" деген сөздөр менен алмашылсын; - "в" пунктчасындагы "жыйырма бир жашка" жана "толгондо" дегенсөздөр тийиштүүлүгүнө жараша "бирок жыйырма уч жаш курагынан ашпаган"жана "окуусун бүтүргөндө" деген сөздөр менен алмашылсын; - статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын: "Бийик тоолуу шартта жашаган жана бийик тоолуу жана алыскы аймак-тардын Тизмесине кирбеген аймактарга туруктуу жашоо үчүн көчүп барганкары-картањ жарандарга жана баатыр энелерге ай сайынкы социалдык жөлөк-пул төлөө токтотулбайт. Ай сайынкы социалдык жөлөкпул райондук коэффие-центти эсепке албастан төлөнөт.". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөнкийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев 2008-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган