КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 127 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары2008-жылдын 23-майы № 97 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу 2008-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2,79-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 16-статьяда: - биринчи бөлүгүнүн 7-пункту "жазык-аткаруу тутумунун органдары-нын" деген сөздөрдөн кийин "жана өздүк коопсуздук кызматынын" дегенсөздөр менен толукталсын; берене төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы бөлүк менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин өздүк коопсуздуккызматы ушул Мыйзамдын 7-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 1-3, 5, 7, 11,13 жана 16-пункттарында көрсөтүлгөн изин суутпай издөө иш-чараларынколдонууга укуктуу.". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев